Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 23-сентябрындагы  

№ 2020-П-12/51-1-(НПА)  

токтому  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

  

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКты, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «БАКАЙ БАНК» ААКты, «Айыл Банк» ААКты, «РСК Банк» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

  

  

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 23-сентябрындагы  

№ 2020-П-12/51-1-(НПА) токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө» 

жобонун: 

- 2.3.1-главасынын: 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан акча каражатын, анын ичинде инвестиция тартуу инструменти катары колдонулат. Мындай бүтүмдү банктын кардарларынан акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонууга жол берилбейт.  

Бүтүмдө тараптар катары финансы-кредит уюмдары иш алып барган учурда товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү тараптардын бири үчүн акча каражаттарын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. 

Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан төмөнкү шарттардын бири сакталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жакты же жеке ишкерди (мындан ары юридикалык жак) каржылоо инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүнөн айырмаланган бүтүмдөрдүн жана келишимдердин түрүн колдонуу менен каржылоо сунуштоо максатка жетүүгө мүмкүндүк бербесе; 

- бүтүм ликвиддүүлүк менен камсыздоо мүмкүн эмес болгондугуна же ликвиддүү акча каражаттары тартыштыгынын ордун жабууга же кардарлардын чыгым тартуусуна бөгөт коюу максаттарына байланыштуу келишилсе; 

- бүтүмдүн максаты катары банк юридикалык жактан ислам каржылоо принциптери боюнча сунушталуучу кызматтарга толугу менен өтүү жөнүндө негиздүү чечимин алгандыктан, юридикалык жактын кредитин каржылоо саналса.»; 

7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Бүтүм келишилген учурга карата товар сатуучуда болууга, анын менчигинде турууга жана такталууга тийиш. Бул же товарды өзүнчө көрсөтүү, же болбосо товарды идентификациялоо документтеринин реквизиттерин (күбөлүктүн номери, коштомо кагаз ж.б.) көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат. Бүтүм келишилген жерде товар жок болсо, сатып алуучуга товардын өзгөчөлүктөрү же үлгүлөрү түрүндө маалыматты, ошондой эле сатып алуучу товарды жалган эмес, анык сатып алып жаткан учурдагыдай эле, товардын көлөмү жана ал жайгашкан орду тууралуу маалыматты кошумча сунуштоо зарыл.»;  

төмөнкү мазмундагы 10 жана 11-пункттар менен толукталсын: 

«10. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү ушул главанын талаптарын, ошондой эле төмөнкү талаптарды сактоо менен валюта тобокелдигин хеджирлөө инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- бүтүмдөр биржалык товар түрүндө келишилсе; 

- бир валютадагы товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү жана биринчи валютадан айырмаланган валютада кайтарым товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү өз ара байланыштуу болбосо. Тараптар ортосунда келишилген бир бүтүмдүн аткарылбашы экинчи бүтүмдү жокко чыгарбаса; 

- эки бүтүмдүн теӊ аткаруу мөөнөттөрү бири-бирине шайкеш келүүгө тийиш. 

11. Банктын Шариат кеӊеши товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүн колдонуу жагдайлары жана колдонуудагы чектөөлөр, ошондой эле колдонуу шарттары жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун: 

- 2.3.1-главасынын: 

2.3.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3.1.2. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан акча каражатын, анын ичинде инвестиция тартуу инструменти катары колдонулат. Мындай бүтүмдү банктын кардарларынан акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонууга жол берилбейт.  

Бүтүмдө тараптар катары финансы-кредит уюмдары иш алып барган учурда товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү тараптардын бири үчүн акча каражаттарын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. 

Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан төмөнкү шарттардын бири сакталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жакты же жеке ишкерди (мындан ары юридикалык жак) каржылоо инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүнөн айырмаланган бүтүмдөрдүн жана келишимдердин түрүн колдонуу менен каржылоо сунуштоо максатка жетүүгө мүмкүндүк бербесе; 

- бүтүм ликвиддүүлүк менен камсыздоо мүмкүн эмес болгондугуна же ликвиддүү акча каражаттары тартыштыгынын ордун жабууга же кардарлардын чыгым тартуусуна бөгөт коюу максаттарына байланыштуу келишилсе; 

- бүтүмдүн максаты катары банк юридикалык жактан ислам каржылоо принциптери боюнча сунушталуучу кызматтарга толугу менен өтүү жөнүндө негиздүү чечимин алгандыктан, юридикалык жактын кредитин каржылоо саналса.»; 

2.3.1.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3.1.7. Бүтүм келишилген учурга карата товар сатуучуда болууга, анын менчигинде турууга жана такталууга тийиш. Бул же товарды өзүнчө көрсөтүү, же болбосо товарды идентификациялоо документтеринин реквизиттерин (күбөлүктүн номери, коштомо кагаз ж.б.) көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат. Бүтүм келишилген жерде товар жок болсо, сатып алуучуга товардын өзгөчөлүктөрү же үлгүлөрү түрүндө маалыматты, ошондой эле сатып алуучу товарды жалган эмес, анык сатып алып жаткан учурдагыдай эле, товардын көлөмү жана ал жайгашкан орду тууралуу маалыматты кошумча сунуштоо зарыл.»;  

төмөнкү мазмундагы 2.3.1.10. жана 2.3.1.11-пункттар менен толукталсын: 

«2.3.1.10. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү ушул главанын талаптарын, ошондой эле төмөнкү талаптарды сактоо менен валюта тобокелдигин хеджирлөө инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- бүтүмдөр биржалык товар түрүндө келишилсе; 

- бир валютадагы товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү жана биринчи валютадан айырмаланган валютада кайтарым товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү өз ара байланыштуу болбосо. Тараптар ортосунда келишилген бир бүтүмдүн аткарылбашы экинчи бүтүмдү жокко чыгарбаса; 

- эки бүтүмдүн теӊ аткаруу мөөнөттөрү бири-бирине шайкеш келүүгө тийиш. 

2.3.1.11. Банктын Шариат кеӊеши товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүн колдонуу жагдайлары жана колдонуудагы чектөөлөр, ошондой эле колдонуу шарттары жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.».