Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 19-августундагы  

№ 2020-П-14\46-4-(ПC)  

токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системасынын операторлорун тааныштырсын. 

 

5.  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын«19» августундагы 

№ 2020-П-14/46-4-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» бул жободо (мындан ары Жобо) электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырышкан, коммерциялык банк болуп саналышпаган төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда (мындан ары төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоону уюштуруу боюнча минималдуу талаптар аныкталат. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлорунун ишине, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын сакталышы максатында ички контролдоонун уюштурулушуна көзөмөл жүргүзөт жана шектүү операциялардын белгилери камтылган төлөмдөр үчүнчү жактардын пайдасына өткөрүлгөндүгү аныкталган учурларда тиешелүү маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары финансылык чалгындоо органы) жөнөтөт. 

3. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырышкан, ошондой эле электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырышкан төлөм системасынын операторлору болуп саналышкан коммерциялык банктардын жана банк-өнөктөш болуп саналышкан электрондук акча агенттеринин (дистрибьюторлордун) иши Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо аркылуу жөнгө салынат.  

 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар  

4. Ушул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Бенефициардык ээси түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же кардарды контролдоого алган жеке адам (жеке адамдар же болбосо анын атынан же анын таламында операция жүргүзгөн (бүтүмгө келишкен) жеке адам. 

Верификация кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

Жогору тобокелдиктеги өлкөлөр акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар.  

Контролдоого алынып жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо төлөм уюмдарында ички контролдоону уюштуруу баскычы, анда контролдоого алынып жана ал боюнча финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон аныктамалар камтылат. 

Идентификация кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Кардар (кардар-төлөөчү, кардар-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу) төлөм уюмунун кардары катары товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун инфраструктурасынан/кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган төлөөчү/пайдалануучу, ошондой эле төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун тейлөөсүнө алынган же тейлөөгө алынып жаткан же болбосо төлөм уюму алар менен ишкердик мамиле түзгөн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу, агент, субагент, контрагент, төлөм системасынын катышуучусу же башка жеке адам же юридикалык жак (уюм) саналат.  

Төлөм төлөөчүнүн нак акча каражаттарын колдонуу менен акчалай милдеттенмелерин аткаруусу же нак эмес акча каражаттарын которуу процесси.  

Ички контролдоо программасы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында төлөм уюмдары колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары. 

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин басаңдатуу) ылайык тобокелдик жогорку деңгээлде орун алган болсо, төлөм уюмдары тарабынан аларга карата чаралардын өз алдынча күчөтүлүшү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чаралардын колдонулушу.  

Санкциялык тизмектер алардын террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги. 

Санкциялык тизмекте төмөнкүлөр камтылат: 

а) Кыргыз Республикасынын жыйынды санкциялык тизмеги; 

б) БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынды санкциялык тизмеги. 

Санкциялык тизмекти түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө» жободо каралган. 

Ички контролдоо кызматы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасынын жүзөгө ашырылышы үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкер/кызмат адамы же төлөм уюмунун түзүмдүк бөлүмү.  

 

3-глава. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иши  

 

5. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иши агенттик, субагенттик түйүндөрдү, электрондук акча агенттерин (дистрибьюторлорду) жана төлөм системасынын катышуучуларын эске алганда, төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш:  

1) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын ишке ашыруу;  

2) ички аудит кызматы (эгер болсо) /көз карандысыз аудитор тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү

3) ички контролдоо кызматын аныктоо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын жана ал убактылуу жок учурда/иштен бошогон шартта террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында аны алмаштырган кызмат адамын дайындоо (кадрлар резервин түзүү);  

4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программаларын ишке ашырууга катышкан агенттерди жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлерин окутуу. 

Эгерде төлөм уюмунун агенти катары коммерциялык банк же төлөм уюму саналса, төлөм уюму окутуудан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документтерди талап кылууга тийиш;  

5) агенттер, субагенттер, электрондук акча агенттери (дистрибьюторлор) жана төлөм системасынын катышуучулары менен түзүлгөн келишимде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча милдеттүү шарттар болууга тийиш.  

Келишим түзүү учурунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча талаптардын сакталышына агенттер, электрондук акча агенттери (дистрибьюторлор) жана төлөм системасынын катышуучулары үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жооптуу болуп саналат.  

6. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун коллегиалдуу аткаруу органы (мындан ары Башкарма) Директорлор кеңеши (эгер болсо) (мындан ары Директорлор кеңеши) менен биргеликте төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча шайкеш жана натыйжалуу ишинин камсыз кылынышына жооптуу болот.  

Коллегиалдуу орган төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун, агенттердин, электрондук акча агенттеринин (дистрибьюторлордун) шектүү операциялардын белгилери камтылган операцияларды жүргүзүүгө катышууларына жол берилбешине да жооптуу.  

7. Директорлор кеңеши (эгер болсо) төмөнкүлөр үчүн да жоопкерчиликтүү болот: 

- ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын бекитүү, ошондой эле анын ишке ашырылышын контролдоо; 

- ички контролдоо кызматынын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын иш натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды аныктоо;  

- ички контролдоо кызматынын кызматкерлерин жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу;  

- ички контролдоо кызматынын/террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын отчетун/отчетторун кароо;  

- ички аудит кызматынын (эгер болсо)/ (көз карандысыз аудиттин) отчетун/сунуш-көрсөтмөлөрүн кароо;  

- аудитордук жана инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын отчетунда көрсөтүлгөн, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чараларды аныктоо, ошондой эле алардын ишке ашырылышын контролдоо.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун тескөө түзүмүндө Директорлор кеңеши жок учурда ушул пунктта каралган Директорлор кеңешинин функциясы анын Башкармасына жүктөлөт.  

8. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү болот:  

- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын аткарылышына контролдукту камсыз кылуу;  

- кызматкерлерди террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча окутууну камсыз кылуу; 

- ички чараларда, жол-жоболордо жана ички контролдоо системасында орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чаралардын ишке ашырылышын, ошондой эле көз карандысыз аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасынын төлөмдөрдү кабыл алууга жана өткөрүүгө (анын ичинде кардарларды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо) тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын камсыз кылуу. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасы шектүү операциялардын белгилери камтылган операциялардын алардын программалык камсыздоолору аркылуу жүргүзүлүшү тобокелдигин кыскартуучу чараларды көрүүсү зарыл.  

 

4-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын колдонуу  

 

9. Төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарына ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана колдонууга тийиш, анда кеминде төмөнкү негизги жол-жоболор камтылат:  

1) кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарын белгилөөгө жана жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүгө багытталган ички контролдоону уюштуруу;  

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү процессине тартылган адамдар жана түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда өз ара иш алып баруу жана отчет берүү

3) ушул Жобонун 7-главасына ылайык тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү, тескөө, аларды төмөндөтүү жана документтештирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;  

4) кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо;  

- кардар менен ишкер мамиле түзүүнүн максаты жана болжолдонуп жаткан мүнөзү боюнча маалыматтарды алуу; 

- бенефициардык ээсин индентификациялоо жана аны верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана алгылыктуу чараларды кабыл алуу; 

- төлөм уюумунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында колдонулушу тобокелдигине көбүрөөк дуушарланган бардык кызмат көрсөтүүлөр боюнча операцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды аныктоо;  

- кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документтерде каттоо;  

- кардардын ишине жана анын финансылык абалына тиешелүү маалыматтардын, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу жана жаңылап туруу; 

- кардар-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен ишкер мамилени жөнгө салган бүтүндөй мезгил ичинде аны талаптагыдай текшерүүдөн туруктуу негизде өткөрүп туруу жана кардар тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциялардын (төлөмдөрдүн) анын иши, финансылык абалы жана каражат табуу булактары, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча тобокелдиктердин мүнөзү тууралуу колдо болгон маалыматтарга шайкеш келишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

5) кардардын-төлөөчүнүн ишинен контролдоого алынууга жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон, анын ичинен финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды, кардардын анын негиздүүлүгүн тастыктоосу же мындай операцияларды жүзөгө ашырууда шектенүүлөрдү четке кагуусу үчүн аныктоо;  

6) кардарды тейлөөдөн жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодон баш тартуу жана ишкер мамилелерди токтотуу тартибин жана алар үчүн негиздерди белгилөө

7) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.

Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу төлөм уюуму тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат; 

8) тобокелдиктер жогорку деңгээлде орун алган өлкөлөргө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык чараларды колдонуу; 

9) финансылык чалгындоо органына тиешелүү маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү өз учурунда сунуштап туруу; 

10) операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтардын жана документтердин, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу; 

11) маалыматтардын купуялуулугун жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу;  

12) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын аткарылышын, төлөм уюмунун иши, анын ичинде кардарлардын операциялары тууралуу так жана толук маалыматтын оперативдүү негизде берилишин камсыз кылган маалыматтык жана автоматташтырылган механизмдерди төлөм системасында колдонууга киргизүү

13) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын төлөм уюму тарабынан так сакталышын туруктуу камсыз кылуу үчүн контролдоо жана мониторинг жүргүзүп туруу ишин жөнгө салуу; 

14) аткарган иш багыты олуттуу тобокелдикке дуушар болушу мүмкүн болгон төлөм уюмунун кызматкерлерин (кассирлер, инкассаторлор, ИТ-адистер, төлөм уюмунун башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдоо, төлөм уюмунун тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык иши боюнча нускоолорунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатын ишке ашыруу функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу; 

15) ички контролдоо кызматынын квалификациясын жогорулатууну жана кесипкөй кайра даярдыктан өтүшүн, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлерин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутулушун камсыз кылуу. 

16) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу.  

Ички контролдоо программасы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иш өзгөчөлүктөрүн, аппараттык-программалык комплексин, штаттык тизимин, кардардык базасын жана тобокелдик деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат.  

10. Төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, чет өлкөлөрдө жайгашкан агенттер тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Ички контролдоо программасын ишке ашыруу боюнча тиешелүү чаралардын так сакталышын жана колдонулушун камсыз кылууга тийиш.

 

5-глава. Ички контролдоо кызматына карата талаптар  

 

11. Төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле башка ички уюштуруу иш-чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында ички контролдоо кызматын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын ишке ашырууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдү түзүшөт жана/же кызмат адамын аныкташат. Ички контролдоо кызматы төлөм уюмунун иш өзгөчөлүктөрүн, аппараттык-программалык комплексин, штаттык тизимин, кардардык базасын жана тобокелдик деңгээлин эске алуу менен түзүлөт.  

12. Эгерде төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун штаттык тизими: 

- үч адамдан ашпаса, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору анын функциясын иштеп жаткан штаттык кызматкерге жүктөөгө милдеттүү;  

- үч адамдан ашык болсо, төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда ички контролдоо кызматынын функциясын аткарган өзүнчө штаттык бирдик/түзүмдүк бөлүм болууга тийиш.  

13. Ички контролдоо кызматынын жетекчиси (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында кызмат адамы) Директорлор кеңешине (эгер болсо), же төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасынын төрагасына (Директорлор кеңеши жок учурда) отчет берип турат. 

14. Ички контролдоо кызматынын милдеттери: 

1) төлөм уюмунун жана анын кызматкерлеринин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу кылмыш (мыйзамсыз) жосундарга катышуу тобокелдигин азайтуу үчүн тиешелүү чараларды кабыл алуу;  

2) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу;  

3) төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо системасын түзүү, анын персоналына/түзүмдүк бөлүмдөрүнө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана көмөктөшүү

4) финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында каралган милдеттердин жана функциялардын аткарылышына көмөктөшүү.  

15. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо кызматы төмөнкү функцияларды аткарат: 

- тиешелүү ички контролдоо программасын иштеп чыгат жана Директорлор кеңешине (эгер болсо), Башкармага бекитүүгө сунуштайт жана бул программа менен аны ишке ашырууга катышкан бардык кызматкерлерди тааныштырат;  

- ички контролдоо программасынын ишке ашырылышын камсыз кылат жана төлөм уюмунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички ченемдик документтеринин ушул программага ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзөт;  

- маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилишин камсыз кылат; 

- операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп таануу жана алар боюнча маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү чечимин кабыл алып, төлөм уюмунун Башкармасына ал тууралуу маалымдайт; 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтөт жана маалыматтарды берип турат; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясат талаптарын ишке ашырууга катышкан төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун персоналы/түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн окутууларды уюштуруп, аларга бул багытта кеп-кеңештерди берет; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо саясатынын ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө отчетту төлөм уюмунун ички документтеринде аныкталган тартипте, зарылчылыкка жараша бирок, чейрек ичинде кеминде бир жолу Директорлор кеңешинин (эгер болсо), Башкарманын кароосуна сунуштап турат;  

- террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигине, анын ичинде ишкер мамилелерди түптөөдө жана жаңы төлөм продукттарын колдонууга киргизүүдө келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берет. 

16. Ички контролдоо кызматы өз функцияларын аткаруу учурунда төмөнкүлөргө укуктуу: 

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жетекчилеринен жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен зарыл болгон документтерди, анын ичинде жетекчилик жана анын бөлүмдөрү тарабынан түзүлгөн келишимдерди, чыгарылган буйруктарды, башка тескөөчү документтерди, бухгалтердик жана акчалай эсептешүү документтерин алууга; 

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун маалымат системасынан, кардарлар жана бенефициардык ээлеринин төлөм уюму тарабынан түзүлгөн маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;  

- кардар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгынын негиздүүлүгүн тастыктоо же мындай шектенүүнү четке кагуу үчүн кардар жана бенефициардык ээси жана/же операциялар (бүтүмдөр) боюнча кошумча маалыматтардын берилишин демилгелөөгө

- алынган документтерден, анын ичинде электрондук документтерден көчүрмө чыгарып алууга; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө» жобого ылайык операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана операцияларга (бүтүмдөргө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюуга убактылуу көрсөтмөлөрдү берүүгө

- зарылчылык келип чыккан шартта төлөм системасынын Директорлор кеңешине (эгер болсо) кайрылууга. 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктарды ага баш ийген кызматкерлерге өткөрүп берүүгө укуктуу. Мында бул жагдай террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын өз функцияларын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт. 

17. Ички контролдоо кызматы өз функцияларын аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана аларга кайтарылып берилишин камсыз кылууга; 

- өз милдетин аткарууда алынган маалыматтардын купуялуулугун так сактап, маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилгендигин ачыкка чыгарбоого; 

- операциялардын (бүтүмдөрдүн) шектүү катары таанылгандыгы жана алар тууралуу билдирменин финансылык чалгындоо органына маалымдалгандыгы тууралуу банк Башкармасына билдирүүгө

18. Ички контролдоо кызматы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын ишке ашырууда төмөнкүлөрдөн тышкары, ушул жобого ылайык анын компетенциясына кирген ишти айкалыштыра алат: 

- ички аудит кызматынын кызматкеринин (болгон шартта); 

- операциялык ишти жүзөгө ашырган кызматкердин; 

- ишти аткарууда анын көз карандысыздыгы камсыз кылынбаган кызматкердин. 

19. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы: 

- жогорку билимге ээ болууга;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарды билүүгө

- төлөм продукттар, операциялар, кызмат көрсөтүүлөр, кардарлардын операциялары жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө талаптарды аткаруу боюнча агенттик жана субагенттик тармактарды эске алуу менен төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишине мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер боюнча так түшүнүгү болууга; 

- соттолбогон; 

- улуттук жана эл аралык изделип жаткан адамдардын тизмесинде жана террористтик жана экстремисттик ишке катышуусу, массалык жок кылуу куралын таркатуу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жөнүндө маалымат болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде болбоого тийиш. 

20. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын ишке ашырууга тартылган кызматкерлерин туруктуу негизде окутуудан өткөрүлүп турушун камсыз кылууга тийиш. Ички контролдоо кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  

25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Ички контролдук программасына карата жалпы талаптар жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу кошумча кесиптик билим алууга (квалификацияны жогорулатууга жана кесиптик кайра даярдыктан өтүүгө) тийиш. 

21. Ички контролдоо кызматынын, Башкарманын жана Директорлор кеңешинин (болгон шартта) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерден улам аныкталат. 

22. Ички контролдоо кызматынын Директорлор кеңешинин (болгон шартта), Башкарманын кароосуна сунушталуучу кат жүзүндөгү отчетунда кеминде отчеттук мезгил ичинде алынган, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта башка мезгил аралыгы үчүн алынган төмөнкүдөй аналитикалык маалыматтар камтылышы зарыл: 

1) кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана иликтөөгө алып, анын абалы менен таанышуу, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоо боюнча талаптардын аткарылышына контролдоонун жыйынтыгы; 

2) шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери байкалган, төмөнкү маалыматтарды камтыган операцияларды аныктоо максатында, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун кардарларынын операцияларына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы: 

- кардарлар пайдасына (кардарлардын колдонулуп жаткан эсептери) акча каражаттарынын жылышынын олуттуу динамикасы; 

- өтө ири суммада ишке ашырылган операциялар; 

- кардарлардын кадимки ишине таандык чектүү белгиленген өлчөмдөн ашкан суммадагы ишке ашырылган операциялары; 

- жаңы кардарларды (төлөм системасынын катышуучуларын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларды, агенттерди/субагенттерди) туташтыруу; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүү тууралуу; 

4) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюу тууралуу ырааттуу негиздемелери менен маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү жана андан ары мыйзамдарга ылайык иш алып баруу жөнүндө

5) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын ишке ашыруу боюнча чаралардын, төлөм уюмунун агенттери жана субагенттери тарабынан так аткарылышы жөнүндө

6) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынан жана ички ченемдик документтеринин төлөм уюмунун саясатына ылайык аткарылышына, бузууга жол берилишине жана ал боюнча кабыл алынган чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө

7) Ички контролдоо кызматынын Директорлор кеңешине (болгон шартта), Башкармага сунушталган мурдагы отчетторунда белгиленген бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча иш натыйжасы жөнүндө маалыматтар. 

23. Ички контролдоо кызматынын кат жүзүндөгү отчетун кароого алуунун жыйынтыгы боюнча Директорлор кеңеши (болгон шартта) же Башкарма отчетто белгиленген бузууга жол берүүлөрдү четтетүү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын бузууларга жол бербөө боюнча чараларды көрүү үчүн контролдоону белгилейт. 

 

6-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү 

 

24. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна баа берүү көз карандысыз аудитор (ички/тышкы аудитор) тарабынан жылына кеминде бир жолу операцияларды ишке ашырууда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктин деңгээлине жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иш көрсөткүчүнүн динамикасына жараша жүзөгө ашырылат.  

25. Ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна аудит жана баа берүү өзүндө кеминде төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жол-жоболорун жана бул багытта ишти уюштурууну кошо алганда, ички контролдоо системасынын натыйжалуу уюштурулушуна баа берүү

- төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда орун алган тобокелдик деңгээлин аныктоо методологиясына баа берүү

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине дуушар болуусуна жана аларды тескөө жагында колдонулган чараларга баа берүү

- колдонулган/колдонулуп жаткан программалык камсыздоону жана процесстерди автоматташтыруу кошо алганда, ички контролдоо кызматынын ишине, анын ичинде алардын төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишинин жол-жоболоруна шайкеш келишине баа берүү (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча колдонулган программалардын аныктыгын текшерүү үчүн тесттик төлөмдөрдүн жүргүзүлүшүн, такталбаган маалыматтардын киргизилишин, кардарлардын кайрылуусун ж.б.у.с. пайдаланууга); 

- ички контролдоо кызматы, Улуттук банк же финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча банк жетекчилиги, Башкармасы жана Директорлор кеңеши (болгон шартта) тарабынан көрүлгөн чараларга баа берүү;  

- контролдоого алынып, ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана билдирүүлөрдү түзүү натыйжалуулугу деңгээлине карата колдонулган программалык камсыздоолорго баа берүүнү кошо алганда, ички контролдоого баяндама-баа берүү

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан даярдалып, жетекчиликке/Башкармага жана/же Директорлор кеңешинин (болгон шартта) кароосуна сунушталуучу отчеттордун шайкештигин текшерүү

- кызматкерлерди окутуу боюнча жол-жобонун сакталышын текшерүү

26. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору көз карандысыз аудитти сапаттуу жана ар тараптан жүргүзүү максатында тиешелүү бөлүмдөр менен талкулоону жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көрүлүп жаткан ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системаларына тиешелүү маалыматтарды алуу үчүн тиешелүү бөлүмдөр менен талкуулап, маалыматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.  

27. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкү маалымат менен чектелип калбастан, сунуш-көрсөтмөлөр иштелип чыгат жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү жыйынтыгы боюнча отчет даярдалат: 

1) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө

2) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишинин ички контролдоо программаларынын жана башка ички документтердин талаптарын бузууга жол берүүлөр жөнүндө

3) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү жөнүндө

4) аныкталган бузууга жол берүүлөрдү четтетүү жана аларды алдын алуу үчүн зарыл болгон чаралар жөнүндө

28. Аудитордун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуугуна баа берүү жыйынтыгы боюнча отчету, аныкталган бузууга жол берүүлөр жана мындан ары аларга жол бербөө үчүн чара көрүү максатында отчетко кол койгондон кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде жетекчиге/Башкармага жана Директорлор кеңешинин (болгон шартта) кароосуна сунушталат. Аудитордун отчету ошондой эле таанышып чыгуу үчүн террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамына берилет. 

 

7-глава. Кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма жана контролдоого алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо  

 

29. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кеминде төмөнкү жол-жоболордун аткарылышын камтыган тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонууга милдеттүү

1) иш процессинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге мамлекеттик деңгээлде баа берүү жыйынтыгын жана жогору/төмөн тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен аларды аныктоо, документтерде каттоо, туруктуу негизде жаңылоо; 

2) аныкталган тобокелдиктер боюнча маалыматтарды Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо органына жыл сайын сунуштоо; 

3) ички контролдоонун таасири күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларды, ошондой эле тобокелдиктерди тескөөгө алуу жана басаңдатуу жол-жоболорун иштеп чыгып, колдонуу; 

4) тобокелдиктердин критерийлерин эске алуу менен кардарларын классификациялоо. 

30. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кайсы болбосун төмөнкү учурлардын биринде талаптагыдай текшерүү жүргүзүүгө тийиш: 

1) төлөм системасынын катышуучусу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу/агент/субагент/электрондук акча агенти (дистрибьютер) /контрагент менен ишкердик мамилелерди түзүүдө

2) төлөмдү, анын ичинде 70 000 сомго барабар же андан ашкан суммага бир нече өз ара байланыштуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө

3) алардын тизмеги жана түрлөрү финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилген, 70 000 сомго барабар болгон же андан ашкан суммага бир жолку башка электрондук акча которууларды жүргүзүүдө

4) ошол эле учурда төлөм уюмунун агенти болуп саналган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларда ачылган анын өздүк эсебине мурда төлөнгөн аванстык акча каражаттардын/алдын ала төлөмдүн же алардын бөлүгүнүн эсебинен Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жободо белгиленген тартипте агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кардарга кайтарылуучу акча каражаттарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо

5) террористтик ишти каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруу жагында шектенүү жаралса, кардардын макамына (туруктуу же бир жолку) же кайсы болбосун алып салууларга же операциянын (бүтүмдүн) чектүү суммасына көз карандысыз; 

6) кардар/агент/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар тууралуу буга чейин алынган маалыматтардын анык эместиги же жетишсиздиги фактылары аныкталган учурда. 

Кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү жөнүндө» жободо бекитилген формалар боюнча анкеталарды толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. 

31. Электрондук капчыктардын ээлерин талаптагыдай текшерүү Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банк-эмитент/банктын агенти-электрондук акчанын эмитенти тарабынан жүзөгө ашырылат. Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын операторлору жана электрондук акчанын агенттери (дистрибьютерлер) маалымат системасында электрондук капчык ээлеринин идентификациялык маалыматтарынын болушун камсыз кылат. 

32. Төлөм уюму/төлөм системаларынын операторлору кардарды талаптагыдай текшерүүдө тобокелдикти аныктоого багыттаган ыкмаларды колдонуу менен текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш. 

33. Төлөм уюму/төлөм системасынын операторлору тобокелдик критерийлерин (жогорку жана төмөн) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн эң оболу, төлөмдөрдү өткөрүү көлөмүн жана ыкмасын, төлөмдөрдү кабыл алуу түйүндөрүнүн (агенттин/субагенттин) жайгашкан жерин, кардар кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун иш багытын жана түрүн, ошондой эле ал жүргүзгөн операцияларды, сунуштаган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү жана түпкү алуучуну эске алышы зарыл. Жогору жана төмөн тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат. 

34. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кардардын террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) мүмкүндүгү жагында тобокелдик деңгээлине баа берет жана ал кардар анкетасында чагылдырылат. 

35. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле шектенүүнү жараткан операциялар тобокелдигине дуушарланышы ыктымал болгон операцияларга өзгөчө көңүл буруп, аларга талаптагыдай контролдоону жүзөгө ашырууга тийиш. 

36. Олуттуу тобокелдик орун алгандыгы белгиленген шартта төлөм уюму кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш: 

1) колдо болгон ишенимдүү маалымат булактарынан, ошондой эле кардарга байланыштуу тобокелдикке баа берүүдө алынган маалыматтар боюнча кардарга тиешелүү тастыкталган кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди топтоо; 

2) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин кылмыштуу ишке тартылып кетиши тобокелдигин тереңден иликтеп көрүү үчүн алар тууралуу кошумча маалыматтарды топтоо; 

3) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин идентификациялык маалыматтарын туруктуу негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңыртып туруу; 

4) ишкердик иштин максатын жана мүнөзүн, пландаштырылган же ишке ашырылган төлөмдөрдүн себептерин же экономикалык маани-маңызын чечмелеген кошумча маалыматтарды кардар-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочудан талап кылуу; 

5) Башкармадан кардар менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга уруксат алуу; 

6) шектүү төлөмдөрдүн белгилерин аныктоо максатында, маалыматтык автоматташтырылган системалары сыяктуу эле, кол эмгеги аркылуу төлөмдөргө күндөлүк мониторинг жүргүзүү аркылуу ишкердик мамилеге таасирдүү мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторинг жыйынтыгы менен террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамын жана Башкарманы тааныштыруу. 

Кардарга тобокелдиктин жогорку деңгээлин ыйгаруу төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө жана (же) төмөндөтүү үчүн кардарды талаптагыдай текшерүү максатында күчөтүлгөн чаралардын колдонулушуна алып келет. 

37. Тобокелдиктин төмөн деңгээли белгиленген учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот: 

1) ишкердик мамилелерди түптөө максатына жана болжолдонгон мүнөзүнө тиешелүү жалпы маалыматтарды алуу; 

2) ишкердик мамиле жөнгө салынгандан кийин да кардарды жана бенефициардык менчик ээсин верификациялоо; 

3) кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоочу маалыматтарды жаңылап туруу аралыгын кыскартуу; 

4) төлөм уюму тарабынан аныкталган лимиттин негизинде төлөмдөрдү текшерүүдөн өткөрүү автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардарлардын төлөмдөрүнө кыскартылган формада мониторинг жүргүзүү

38. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кеңири таанымал кызмат адамдарына, анын ичинде анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкердик өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөр) карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын колдонууга тийиш: 

1) кардар/агент/электрондук акчанын агенти (дистрибьютор) же бенефициардык менчик ээси кеңири таанымал кызмат адамы болуп санала тургандыгын аныктоо үчүн тобокелдиктерди тескөө системасын колдонуу; 

2) Башкарманын төрагасынан кеңири таанымал кызмат адамы менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга кат жүзүндө уруксат алуу; 

3) кеңири таанымал кызмат адамынын акча каражаттарынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо; 

4) ишкердик мамилелерге, анын ичинде кеңири таанымал кызмат адамы тарабынан ишке ашырылган операцияларга (бүтүмдөргө) жогору тобокелдиктерге ээ кардарлар үчүн белгиленген тартипте туруктуу негизде жана күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү

39. Эл аралык/чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүүдө төлөм уюму/төлөм системасынын оператору: 

1) автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалда/агенттин мобилдик тиркемесинде/веб кассада жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган башка түзүлүштөргө төмөнкү маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш: 

- жөнөтүүчү жеке адамдын аты-жөнүн; 

- эгерде төлөмдү ишке ашырууда эсеп колдонулса, жөнөтүүчүнүн эсеп номерин; 

- жөнөтүүчүнүн идентификациялык номери жана паспорттук маалыматтары; 

- алуучу жеке адамдын аты-жөнү

- эгерде төлөмдү ишке ашырууда эсеп колдонулса, алуучунун эсеп номери. Эсеп жок болгон учурда, төлөмгө көз салып туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган төлөмдүн уникалдуу номери/коду көрсөтүлөт; 

2) эгерде ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн коштомо маалымат жок болсо, төлөмдү ишке ашырбоо; 

3) төлөмдүн жөнөтүүчүсүн жана алуучусун Санкциялык тизмектерде жана алардын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) катышуусу тууралуу маалыматтар бар болгон адамдардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү

4) төлөмдү жөнөтүүчү жана (же) алуучу Санкциялык тизмектерде жана алар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар адамдардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде катталса, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык төлөмдү токтотуууга же үч саатка аны токтотуп туруп, бул тууралуу финансылык чалгындоо органына маалымдоо; 

5) шектүү төлөм аныкталган учурда беш саат ичинде төлөмгө тиешелүү шектүү операция жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү

Эгерде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору акча каражаттарын которууда ошол төлөм системасынын агенти катары иш алып барган жөнөтүүчү жана алуучу болуп саналбаса (башка төлөм системасынын агрегаторун/системасын колдонсо), агент ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын, анын ичинде төмөнкүлөрдү сактоого тийиш: 

1) ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу (аты-жөнү, туулган жылы жана күнү, үй дареги, паспорттогу же инсандыгын күбөлөндүргөн документтери маалыматтар ж.б.) чек ара аркылуу өтүүчү акча которуулар боюнча бардык коштомо маалыматтардын киргизилишин жана өзүндө сакталышын камсыз кылууга; 

2) чек ара аркылуу өтүүчү акча которууларга тиешелүү бардык коштомо маалыматтарды кеминде беш жыл сактоого; 

3) акча которууга тиешелүү алуучу же жөнөтүүчү тууралуу маалымат камтылбаган чек ара аркылуу өтүүчү которууларды аныктоо, ошондой эле мындай которууларды аткаруу/четке кагуу/токтотуу үчүн тобокелдикти аныктоого багытталган жол-жоболору болууга тийиш.  

40. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун төлөмдөрдүн иштелип чыгуусун камсыз кылган маалымат системасы Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө идентификациялык маалыматтарын текшерүү боюнча мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөмдүн жөнөтүүчүсүнүн жана алуучусунун идентификациялык маалыматтарына мониторинг жүргүзүү (дал келүүлөрдү аныктоо) боюнча программалык чечимдерге жана автоматташтырылган механизмдерге ээ болууга тийиш.  

41. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруу тууралуу тастыктаган критерийлердин жана белгилердин бар экендиги предметине кардарлардын ишин текшерүү тартибин аныктап алууга тийиш. Бул максаттарда төлөм уюму кардар-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен ишкердик мамилелерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт, анда төмөнкү иш-чаралар каралган: 

- кардардын иши төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда кардар, анын бизнеси жана аталган кардар боюнча тобокелдик деңгээли тууралуу маалыматка шайкеш келе тургандыгына ынануу үчүн кардардын пайдасына же кардар тарабынан ишке ашырылган төлөмдөрдү изилдөө

- зарыл болгон учурда кардардын пайдасына келип түшкөн акча каражаттарынын келип чыгуусун тактоо; 

- айкын же так экономикалык же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон бардык татаал же өзгөчө ири операцияларды талдап-иликтөө

- төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан алынган бардык маалыматты документте каттоо жана зарыл болгон учурда ошол маалыматтарды финансылык чалгындоо органына өткөрүп берүү

42. Контролдоого алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон төлөмдөргө төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет: 

- шектүү төлөмдөр; 

- жогору тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдөн жеке адам же юридикалык жак алардын тараптарынын бири болуп саналган төлөмдөр. Финансылык чалгындоо органына маалымдоого тийиш болгон, жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдөн жеке адамдар жана юридикалык жактар менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат; 

- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак тарабынан ишке ашырылган төлөмдөр; 

- тизмеги жана чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тобокелдиктерди улуттук баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын электрондук капчыктар жана лимиттер боюнча агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу белгиленген лимиттердин сакталышы бөлүгүндө белгиленген нак акча каражаттары менен төлөмдөр. 

 

8-глава. Ички контролдоону жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды каттоо, сактоо жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүү 

 

43. Кардардын ички контролдоону жүзөгө ашырууда алынган төлөмдөрү тууралуу маалыматтар анын террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катыштыгы бардыгын тастыктоо же аны четке кагуу үчүн жетиштүү болгон көлөмдө, документ жүзүндө милдеттүү түрдө катталууга тийиш. 

44. Кардардын төлөмдөрүн шектенүүнү жараткан белгилерге ээ операция катары аныктоого шектенүүлөрдү тастыктоо учурунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы төлөмдү шектүү деп таануу чечимин кабыл алып, шектүү төлөм тууралуу билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди сунуштоо тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жетекчиси мындан аркы иш-аракеттердин өз учурунда жүзөгө ашырылышы, анын ичинде максаттуу финансылык санкциялардын колдонулушу жана төлөм өткөрүүнү токтотуу жана/же кардар менен ишкердик мамилелерди жокко чыгаруу үчүн жоопкерчилик тартат. 

45. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардарларга террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүү тууралуу маалымдоого укугу жок. 

46. Текшерүү учурунда алынган кардар жана бенефициардык менчик ээси тууралуу маалыматтарды камтыган документтер жана маалыматтар, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операцияларына (төлөмдөрүнө) тиешелүү маалыматтар ушул Жобонун талабына ылайык, операция (төлөм)/террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) шектүү катары аныкталган учурдан тартып кеминде 5 (беш) жыл сакталууга тийиш. 

 

9-глава. Корутунду жоболор 

 

47. Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын же жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата башка чаралар (санкциялар) колдонууну токтотуу өлкө Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн тизмегинен чыгарылган шартта же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. 

48. Электрондук билдирүүнү түзүү жана финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүү АРМдин (операциялар (төлөмдөр) тууралуу билдирүүнү автоматтык режимде түзүүгө жана жөнөтүүгө өбөлгө түзгөн адистештирилген программалык камсыздоо) жардамы менен жүзөгө ашырылат.