Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 12-августундагы 

№ 2020-П-12\45-4-(НПА) 

токтому 

  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында лицензия маселелери боюнча  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

17-январындагы № 2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

-  8-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«4) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензияларды берүү, кайтарып алуу, аракетин убактылуу токтотуу жана токтотуу тууралуу чечимдерди кароо жана кабыл алуу.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» токтомуна тɵмɵнкүдөй ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

- 2.2-пунктунун: 

«с» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«с) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензияларды берүү, кайтарып алуу, аракетин убактылуу токтотуу жана токтотуу тууралуу чечимдерди кароо жана кабыл алуу»; 

төмөнкү мазмундагы «т» пунктчасы менен толукталсын: 

«т) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке өткөрүлүп берилген башка маселелер.». 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

  

4. Юридика башкармалыгы:  

токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстан кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды, кепилдик фонддорун, кредиттик бюролорду, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын жана Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов