Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 12-августундагы 

№ 2020-П-12\45-3-(НПА) 

токтому 

 

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 53-1, 53-2 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндо» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.  

 

2. Токтом расмий жарыялангандан күндөн кийин күчүнө кирет.   

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстан кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды, кепилдик фонддорду, кредиттик бюролорду, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын жана Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 12-августундагы 

№ 2020-П-12\45-3-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө»  

жобо 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, катышуучулардын атайын жөнгө салуу режимине катышуу тартиби жана аларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге колдонулат.  

Атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык операцияларга тиешелүү операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин аныктоо критерийлери:  

- операцияларды жүргүзүүдө жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо операциялар менен кызмат көрсөтүүлөр же технологияларды пайдалануу принципиалдуу жаңы болуп саналат; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр субъекттер тарабынан мурда пайдаланылган эмес же чектелген; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт (тике тыюу салынган эмес жана ошол эле учурда жөнгө салуу нормалары жок); 

- операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты колдо болгон окшош продукттарга салыштырмалуу керектөөчүлөр үчүн жакшыртылган болуп саналат. 

 

2. Инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режиминин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:  

- рыноктун катышуучулары үчүн укуктук жактан белгисиз жагдайды жана укуктук тобокелдиктерди азайтуу;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пилоттук пайдалануу үчүн алгылыктуу жана жеткиликтүү эрежелерди аныктоо;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү рынокко тандоону жана киргизүүнү тездетүү;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнүн натыйжасында келип чыккан жаңы коомдук мамилелер үчүн укуктук жана башка жөнгө салуу талаптарын иштеп чыгуу;  

- керектөөчүлөр үчүн банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана аларды ишке киргизүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу.  

3. Улуттук банк инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат, режимди ишке ашыруу процессин контролдойт.  

Атайын жөнгө салуу режими түзүлгөндүгү тууралуу маалымат Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында чектелген тизмедеги инновациялык банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензиянын негизинде, Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.  

4. Атайын жөнгө салуу режими ыктыярдуулук, ачыктык, теңдик, отчеттуулук принциптеринин жана атайын жөнгө салуу режиминин бардык катышуучуларына карата чектөөлөрдү киргизүүнүн негизинде түзүлөт. 

5. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары сакталышына Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

Ошондой эле атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) катары жоюлуу же банкроттук процессинде болбогон, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак болушу мүмкүн. 

 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

 

6. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 53-1-беренесине жана Улуттук банктын талаптарына ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операцияларды жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

Атайын жөнгө салуу режими Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды Улуттук банктын талаптарына ылайык, (аймагы, убактысы,операциялардын саны жана көлөмү жана колдонуучулар ж.б. боюнча) чектелген жана контролдонгон чөйрөдө сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берген эрежелер топтому;  

Тестирлөө атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына жана талаптарына ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү апробациялоо максатын көздөгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо/изилдөө, аларга мониторинг жана талдап-иликтөө жүргүзүү процесси; 

Билдирме ээси Улуттук банкка инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды жайылтуу жана алардын андан ары тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме менен кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак; 

Кошо билдирме берүүчү билдирме ээси менен кошо Улуттук банкка атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды тестирлөө жөнүндө билдирме менен кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак; 

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына ылайык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды тесттен өткөргөн Арыз ээси жана Кошо арыз берүүчү (эгер болсо). 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензия катышуучунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында иш (айрым банктык операцияларды) жүргүзүүгө укугун тастыктоочу документ (ушул Жобонун 5-тиркемеси). 

 

Техникалык тапшырма атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензияга тиркеме, лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анда уруксат берилген операциялар көрсөтүлгөн (ушул Жобонун 6-тиркемеси).  

Инновациялар жагындагы аныктамалар жана терминдер Кыргыз Республикасынын инновациялык иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныктамаларга жана терминдерге ылайык келет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тесттен өтүүчү операциянын, кызмат көрсөтүүнүн/технологиянын түрүнө жараша, негизги аныктамалар жана терминдер операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалыматта камтылышы мүмкүн.  

 

 

3-глава. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме берүү жана аны кароо 

 

7. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме (мындан ары Билдирме) Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү тарабынан Улуттук банкка берилет.  

8. Билдирменин курамына төмөнкүлөр кирет: 

- уставдык капиталдын жарыяланган суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктоону алуу үчүн реквизиттери менен Билдирме ээсинин/Кошо билдирме берүүчүнүн уюштуруучу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары; 

- Билдирме ээсинин/Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) юридикалык жана айкын дареги тууралуу маалыматтар; 

- билдирме ээсинин акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчеттору;  

- ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча Билдирме берүүчүнүн бланкында таризделген, ушул Жобого ылайык ага тиркелген документтердин тизмеги, байланыштуу адамдар жана алардын Билдирмеге тиешелүү маселелер боюнча өз ара иш алып баруу үчүн электрондук дареги камтылган, жетекчинин колу коюлган жана Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, атайын жөнгө салуу режимин түзүү өтүнүчү менен берилген арыз, же болбосо, анын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген электрондук формасы; 

- ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык, жетекчинин колу коюлган жана Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Билдирме ээси тестирлөөнү сунуштаган операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымкат, же болбосо, анын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген электрондук формасы;  

-  жетекчинин колу коюлган жана Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн атайын жөнгө салуу режиминин шарттары боюнча сунуштарды камтыган маалымкат, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген электрондук формасы; 

- тесттен өткөрүүдө Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) ортосунда функцияларды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды камтыган маалымкат (Кошо билдирме берүүчү катышкан учурда). 

Уюштуруу документтерин, даректери жана бухгалтердик/финансылык отчеттуулук жөнүндө маалыматтарды берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт.  

 

9. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары боюнча сунуштарды камтыган маалымкатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- тесттен өткөрүлүүчү инновациялык банктык операция жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат, тестирлөөнүн жүрүшүндө белгилениши мүмкүн болгон чектөөлөрдүн тизмеси жана мүнөздөмөсү;  

- тестирлөөнүн узактыгы (12 айдан көп эмес); 

- тестирлөөнүн ийгилигине баа берилүүчү критерийлердин жана алардын көрсөткүчтөрүнүн тизмеси;  

- тестирлөөнү токтотуу тартиби (мисалы, кардарларды тейлөө тартиби же келишимди токтотуу, каражаттарды кайтарып берүү жана башка аракеттер); 

- Билдирме ээсинин жана Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) атайын жөнгө салуу режими үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды сактоо, ошондой эле аларды бузуу фактылары жөнүндө билдирүү милдеттенмеси.  

10. Билдирме ушул Жобонун 8, 9-пункттарында көрсөтүлгөн документтер алынган учурдан тартып 30 (отуз) жумуш күнү ичинде Улуттук банк тарабынан каралат.  

Улуттук банктын документтерди кароо мөөнөтүнө, эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) (эгер болсо) документтерди жеткире иштеп чыгууга кетирген убактысы кирбейт.  

Мында Улуттук банкка документтин түп нускасы жана/же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилүүгө тийиш. Чет өлкөлүк уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш. Чет тилде берилген документтер тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилдерге котормону камтууга тийиш.  

Эгерде Улуттук банк тарабынан алынган документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. 

11.  Улуттук банк билдирмени кароонун жүрүшүндө

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайыктыгын аныктайт; 

- Билдирменин ушул Жободо белгиленген талаптарга туура келишин текшерет; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын учурдагы талаптарынын алкагында Билдирме ээсинин инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына экспертиза жүргүзөт.  

12. Эгерде Билдирмени кароонун жүрүшүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жоболору кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тоскоолдук жаратпай тургандыгы аныкталса, анда Билдирме ээсине тиешелүү (Кошо билдирме берүүчүгө) түшүндүрмө жөнөтүлөт.  

13.  Билдирмени кароо учурунда Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык, Билдирмедеги маалымат толук жана анык болушу үчүн, маалыматты берүү мөөнөтүн белгилөө менен Билдирме ээсинен (Кошо билдирме берүүчүдөн) кошумча маалыматты талап кылат. 

14. Эгерде Билдирмени кароонун жыйынтыгы боюнча Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги, же болбосо төмөнкүлөр аныкталса, анда анын дарегине атайын жөнгө салуу режимин түзүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн кат жөнөтүлөт:  

- тобокелдиктерге баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, технологияларды киргизүүнүн керектөөчүлөрдүн таламдарына каршы келиши; 

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) финансылык абалынын канааттандырарлык эместиги; 

- такталбаган маалыматтар камтылган документтер берилсе; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сунушталган же пайдаланылган окшош банктык операция же кызмат көрсөтүү болгон учурда;  

- соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же болбосо анын жетекчисине же уюштуруучусуна (акционерине, катышуучусуна) иштин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салынса; 

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында тизмеси Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда катталган аффилирленген жактар, же болбосо оффшордук аймакта жашаган же анда катталган юридикалык жактардын акционери (катышуучусу) болуп саналган жеке адамдар болсо.  

 

4-глава. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү 

 

15. Комитет Билдирменин курамына киргизилген, каралып чыккан документтердин негизинде, төмөнкү чечимдерди кабыл алат:  

- атайын жөнгө салуу режимин түзүү же түзүүдөн баш тартуу жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин параметрлерин аныктоо жөнүндө

- тестирлөө учурунда катышуучулардын кызмат көрсөтүү шарттары жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым талаптарын аткаруудан толук/жарым-жартылай бошотулушу тууралуу; 

- атайын жөнгө салуу режиминин аракетин токтотуу шарттарын белгилөө тууралуу; 

- атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдү аныктоо жөнүндө

- тестирлөө ийгиликтүү өткөрүлгөн учурда, мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин лицензиянын мөөнөтүн узартуу жөнүндө

16. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү менен (эгер болсо) Билдирме боюнча өз ара иш алып барат.  

17. Комитеттин чечиминде атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо/колдонуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка жоболор да камтылышы мүмкүн. 

18. Ушул Жобонун 15-пунктунда каралган чечимдер Комитеттин токтому түрүндө кабыл алынат жана чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банк тарабынан Билдирме ээсине жана Кошо билдирме берүүчүгө (эгер болсо) кат жүзүндө маалымдалат. 

Атайын жөнгө салуу режимине катышуу укугуна лицензия Комитет Билдирме ээсине лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Билдирме ээсине берилет. 

 

5-глава. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары 

 

19. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызмат көрсөтүүлөргө карата төмөнкүдөй чектөөлөр белгилениши мүмкүн: 

- тестирлөөнүн алкагында кызмат көрсөтүлгөн кардарлардын (жеке адамдардын, юридикалык жактардын, юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкерлердин) саны боюнча;  

- тестирлөө алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан белгилүү бир убакыт ичинде ишке ашырылуучу операциялардын саны боюнча; 

- тестирлөө алкагында кызмат көрсөтүү орду (орундары) боюнча; 

- тестирлөө алкагында кызмат көрсөтүүдө атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун кардарлар алдындагы милдеттенмелеринин (лимиттери) көлөмү боюнча;  

- тестирлөө алкагында төлөм инструменттеринин же түзүлгөн келишимдердин саны боюнча;  

- тестирлөө алкагында ага/аларга кызмат көрсөтүү учурунда бир кардар жана/же байланыштуу кардарлар тобу тарабынан аткарылган операциялардын максималдуу көлөмүнө

- белгиленген мезгил ичинде (күн, жума, ай, чейрек, жыл ичинде) тестирлөө алкагында кызмат көрсөтүү учурунда жүргүзүлүүчү операциялардын максималдуу көлөмүнө (лимитине); 

-  тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияга жана кызмат көрсөтүүгө карата башка чектөөлөр, алар банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү коштоочу тобокелдиктердин негизинде, Комитеттин чечими менен аныкталат.  

20. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун төмөнкүдөй милдеттенмелери белгилениши мүмкүн: 

- тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу кошумча отчеттору;  

- Улуттук банктын өкүлдөрүнө жер-жерлерде мезгилдүү текшерүүлөргө, максаттуу текшерүүлөргө катышууга мүмкүндүк берүү, ошондой эле тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоого байланыштуу маалыматты алуу үчүн, атайын жөнгө салуу режимине катышуучунун маалымат системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;  

- керектөөчүлөргө банктык операция жана кызмат көрсөтүү тесттик режимде сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүү

- банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча бардык финансылык милдеттенмелердин ордун милдеттүү түрдө жабуу; 

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка милдеттенмелер.  

21. Эгерде банктык операция жана кызмат көрсөтүү лицензия алынган учурдан тартып 6 (алты) ай ичинде, ошондой эле техникалык шарттарга байланыштуу тесттен өткөрүлбөсө, анда лицензиянын аракети токтотулат. Лицензиянын аракети токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банк тарабынан жөнөтүлөт.  

22. Билдирме ээси лицензиялануучу башка ишти жүзөгө ашырган учурда, Комитет атайын жөнгө салуу режимин ишке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин, Улуттук банк мамлекеттик органдардын дарегине тиешелүү маалыматты жөнөтө алат. Тестирлөө тууралуу маалымат Билдирме ээсинин жана Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарына да жөнөтүлөт. Улуттук банк Билдирме ээсинин жана Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарынан маалыматтарды талап кылууга, ошондой эле алар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка негизде өз ара аракеттенүүгө укуктуу.  

23. Тестирлөөнүн узактыгы 12 айга чейин болушу мүмкүн.  

24. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу лицензияда көрсөтүлгөн тестирлөөнүн аяктоо күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, тестирлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен Улуттук банкка кайрыла алат. Анда узартуунун себеби көрсөтүлөт жана ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык отчет кошо тиркелет. Мындай арыз 15 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө каралат.  

Тестирлөөнүн мөөнөтү узартылган учурда, Комитеттин кошумча чечими чыгарылат, мында тестирлөөнү аяктоонун жаңы күнү белгиленет. Ал эми тестирлөөнү узартуу мөөнөтү 6 (алты) айдан ашпоого тийиш. Комитеттин кошумча чечими 2 (эки) жолудан ашык кабыл алынышына жол берилбейт. Комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн тестирлөө мөөнөтүн узартуу шарттары ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсү зарыл.  

25. Комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн тестирлөө шарттары ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.  

 

6-глава. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу жана токтотуу 

 

26. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу лицензияда көрсөтүлгөн күндөн тартып, тестирлөөнү баштоого укуктуу. 

27. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан аталган режимдин шарттарында каралган кызмат көрсөтүү жана/же технологияларды сунуштоо шарттары сакталбагандыгы аныкталган учурда, атайын жөнгө салуу режимине катышууга берилген лицензиянын аракетин убактылуу токтотууга укуктуу: 

28. Ушул Жобонун 27-пунктунда каралган жагдай орун алган учурда, Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусуна лицензиянын аракети кемчиликтер четтетилгенге чейин убактылуу токтотулгандыгы тууралуу тиешелүү билдирүү жөнөтөт.  

29. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун дарегине тестирлөө токтотулгандыгы тууралуу чечимди жөнөтөт жана токтотуунун себебин көрсөтүү менен төмөнкү учурларда лицензияны кайтарып алат:  

- жөнгө салуунун өзгөчө режимин колдонууга билдирмеде анык эмес маалыматтар берилгендиги аныкталса; 

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан аталган режимдин шарттарында каралган кызмат көрсөтүү жана/же технологияларды сунуштоо шарттары системалуу түрдө (тестирлөө учурунда эки жана андан көп жолу) сакталбагандыгы аныкталса;  

- лицензияда көрсөтүлгөн тестирлөөнүн мөөнөтү бүтсө

- ушул Жобонун 21 жана 24-пункттарына ылайык мөөнөтү аяктаса;  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунан тестирлөөнү аяктоо мөөнөтүн жана себебин көрсөтүү менен, токтотуу жана атайын жөнгө салуу режиминен чыгуу тууралуу талап түшсө;  

30. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөө токтотулган учурда, тестирлөө алкагында ишке ашырылган операцияларды токтотууга жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна берилген лицензияны Улуттук банктын тиешелүү чечимин/билдирүүсүн алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде тапшырууга, ошондой эле атайын жөнгө салуу режиминин шарттарына ылайык, тестирлөөдөн чыгууда каралган чараларды көрүүгө милдеттүү.  

 

7-глава. Тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгаруу 

 

31. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу лицензиянын мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 күндөн кечиктирбестен, Улуттук банкка тестирлөөнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту (мындан ары - Отчет) жөнөтөт, анда төмөнкүлөр камтылат: 

- атайын жөнгө салуу режиминин шарттарында көрсөтүлгөн натыйжага баа берүү критерийлерине ылайык, тестирлөөнүн жүрүшүндө жетишилген сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр жана алардын айырмасынын себептери жөнүндө маалымат;  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн жүрүшүндө дуушар болгон проблемалар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат; 

- керектөөчүлөр тарабынан кызмат көрсөтүүнүн талап кылынышына баа берүү

- ченемдик укуктук актылардын мындан ары кызмат көрсөтүүгө тоскоолдук жаратуучу жоболорун көрсөтүү

- керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу даттануу фактылары жөнүндө маалымат; 

- тестирлөөнүн жүрүшүндө орун алган тобокелдиктер жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат; 

- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык толтурулган форма. 

32. Комитет Отчетту алгандан кийин 25 календарлык күн ичинде Отчет менен, ошондой эле Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн корутундусу менен таанышып чыгат. 

33. Эгерде атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжасында аталган режимдин шарттарында көрсөтүлгөн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча критерийлерге жетише албаса, анда Комитет Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн корутундусунун негизинде, тестирлөөгө катышууга тиешелүү баасын берет.  

Мында атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу Улуттук банкка пландаштырылган көрсөткүчтөрдөн айырманын себеби тууралуу жазуу жүзүндө маалымат берет.  

34. Эгерде атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжасында аталган режимдин шарттарында көрсөтүлгөн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча критерийлерге жетише алса, анда Комитет Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн корутундусунун негизинде, тестирлөөгө ийгиликтүү өткөн катары баа берет.  

35. Тестирлөө ийгиликсиз катары таанылган учурда, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна аталган режимдин алкагында тестирлөөдөн өткөн инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары сунуштоого тыюу салынат. Лицензиянын атайын жөнгө салуу режимине катышуу аракети токтотулат.  

36. Тестирлөө ийгиликтүү өткөн катары таанылган учурда, Комитет Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө тестирлөөдөн өткөн кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого тоскоолдуктарга жол бербеген Улуттук банктын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу сунуш-көрсөтмөсүн берет. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо лицензиянын мөөнөтүн узартуунун негизинде, мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин улантылышы мүмкүн. Атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн узартылган учурда, Комитет тарабынан аталган режимдин шартттарында кызмат көрсөтүүлөрдү улантуу үчүн кошумча шарттар белгилениши мүмкүн.  

 

8-глава. Атайын жөнгө салуу режиминин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу  

 

37. Атайын жөнгө салуу режиминин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк расмий интенет-сайтында атайын жөнгө салуу режимдеринин реестрин түзөт. 

38. Атайын жөнгө салуу режимдеринин реестринде аталган режимдин катышуучулары тууралуу төмөнкү маалымат камтылат:  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун/катышуучуларынын аталышы; 

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун каттоо номери жана лицензиясынын реквизиттери; 

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун/катышуучуларынын интернет-сайты (эгер болсо) жана анын байланыш маалыматтары (анын ичинде электрондук дареги); 

- атайын жөнгө салуу режими бекитилген күнү

- атайын жөнгө салуу режиминде көрсөтүлгөн тестирлөөнүн башталган күнү

- атайын жөнгө салуу режиминде көрсөтүлгөн тестирлөөнүн аяктаган күнү  

(ошондой эле тестирлөө узартылган учурда, тестирлөө мезгилинин узартылгандыгын көрсөтүү). 

39. Ушул Жобонун 38-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат атайын жөнгө салуу режимине катышууга лицензия берүү жөнүндө чечим бекитилгенден кийинки 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын реестрине киргизилет.  

 

9-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби  

 

40. Ушул Жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобого ылайык даттанууга жол берилет.  

41. Улуттук банктын ушул Жобонун алкагында кабыл алынган актылары (Комитеттин, Улуттук банк Башкармасынын токтомдорун жана лицензияны кошпогондо) мөөр менен күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Ушул Жобого ылайык кабыл алынган чечимдер Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн кат жөнөтүүсү аркылуу тиешелүү жактарга (билдирүү ээлерине) тааныштырылат.  

 

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

1-тиркеме  

 

 

 

АРЫЗ  

Сизден ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүүгө,  

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

төмөнкү банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү тестирлөөгө  

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ берилген арызды кароону өтүнөм. 

(пландаштырылган банктык операция жана кызмат көрсөтүү жөнүндө кыскача маалымат) 

 

1. Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: 

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

Башкаруу боюнча аткаруу органынын курамы (жетекчинин, финансылык директордун, башкы бухгалтердин, техникалык директордун же болбосо алардын милдетин аткаруучу адамдардын аты-жөнү

2. Ушул билдирмеге тиешелүү кошумча маалыматты алуу үчүн байланышуучу адам: (аты-жөнү, кызмат орду, телефон, байланышуучу адамдын электрондук почтасынын дареги). 

3. Кошо билдирме берүүчүнүн бар экендиги тууралуу маалымат: (Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) толук аталышы жана юридикалык дареги. 

4. Билдирмеге төмөнкүлөр тиркелет: 

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

 

Уюмдун жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү 

20___-ж. «_____» ______________________  

 

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

2-тиркеме  

 

БИЛДИРМЕГЕ ТИРКЕЛГЕН ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА АНЫН ТОЛТУРУЛГАН ФОРМАСЫ  

 

Бул билдирмеге төмөнкү документтер тиркелет: 

1. Тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктоо алуу үчүн Билдирме ээсинин реквизиттери менен уюштуруу документтеринин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же электрондук формасы. 

2. Тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктоо алуу үчүн Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) реквизиттери менен уюштуруу документтеринин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же электрондук формасы. 

3. Билдирме ээсинин жана Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) акыркы отчеттук мезгил үчүн күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету (эгерде билдирме отчеттук жыл бүткөндөн кийин 6 ай ичинде берилсе - отчеттук жыл, эгерде, 6 айдан кийин берилсе отчеттук жылдан кийинки биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчет).  

4. Билдирме ээсинин төмөнкү пункттар боюнча толтурулган билдирмесинин формасы: 

-  атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн Билдирме ээси тууралуу маалымат; 

- атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) тууралуу маалымат; 

- банктык операция жана кызмат көрсөтүү тууралуу толук маалымат, анын ичинде графикалык сүрөттөлүшү

- пландаштырылган банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоо бизнес-процесси; 

- банктык операция жана кызмат көрсөтүү рынокто жаңы продукт экендигин жана аны сунуштоодон күтүлүп жаткан алгылыктуу социалдык жана экономикалык натыйжалар жөнүндө чагылдыруу;  

- мындай банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны (эгер болсо) же болбосо андай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү

-  Билдирме ээсинин банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү сунуштап баштоого техникалык жактан даярдыгы тууралуу маалымат берүү;  

- сунушталган банктык операция жана кызмат көрсөтүү ишке ашырылуучу технологияны чагылдыруу; 

- банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон, анын ичинде маалымат коопсуздугу боюнча тобокелдиктер; 

- көрсөтүлгөн тобокелдиктерди, анын ичинде маалымат коопсуздугу боюнча тобокелдиктерди азайтууга багытталган чаралар тууралуу маалымат; 

- атайын жөнгө салуу режимин түзүүсүз банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тоскоолдук жараткан ченемдик актылардын жоболорун же башка жагдайларды көрсөтүү

- тестирлөөнүн жүрүшүндө белгилениши мүмкүн болгон чектөөлөрдүн тизмеги; 

- тестирлөөнүн узактыгы; 

- тестирлөөнүн натыйжалуулугуна баа берилиши мүмкүн болгон критерийлердин тизмеги; 

- Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) ортосунда функцияларды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды камтыган маалымат. 

 

Уюмдун жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү  

20___-ж. «_____» ______________________  

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого 

3-тиркеме 

 

 

АТАЙЫН ЖӨНГӨ САЛУУ РЕЖИМИН ТҮЗҮҮГӨ БИЛДИРМЕНИН ФОРМАСЫ 

БИЛДИРМЕ ЭЭСИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ  

Уюмдун толук аталышы  

 

Уюмдун юридикалык жана айкын дареги 

 

Уюмдун ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө күбөлүктүн № 

 

Күбөлүктүн берилген күнү 

 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

 

Уюмдун веб-сайты (эгер болсо) 

 

 

 

 

 

 

Билдирме ээсинин байланыш адамынын аты-жөнү  

 

Билдирме ээсинин байланыш адамынын электрондук дареги  

 

Билдирме ээсинин байланыш адамынын телефону 

 

КОШО БИЛДИРМЕ БЕРҮҮЧҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ  

Уюмдун толук аталышы  

 

Уюмдун юридикалык жана айкын дареги 

 

Уюмдун ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө күбөлүктүн № 

 

Күбөлүктүн берилген күнү 

 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

 

Уюмдун веб-сайты (эгер болсо) 

 

 

 

 

 

 

 

 

АТАЙЫН ЖӨНГӨ САЛУУ РЕЖИМИН ТҮЗҮҮГӨ БИЛДИРМЕНИН ФОРМАСЫ 

 

СУНУШТАЛУУЧУ БАНКТЫК ОПЕРАЦИЯ ЖАНА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

 

 

Сунушталган банктык операция жана кызмат көрсөтүү жөнүндө толук маалымат  

Банктык операция жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат (зарылчылыгына жараша, кошумча маалымат өзүнчө документ түрүндө берилиши мүмкүн) 

Банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоо бизнес-процессин чагылдыруу; 

Бизнес-процессти чагылдыруу, ошондой эле анын маалымкатка тиркеме түрүндөгү графикалык сүрөттөлүшү тиркелет (зарылчылыгына жараша, кошумча маалымат өзүнчө документ түрүндө берилиши мүмкүн)  

Банктык операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн рынокто жаңы продукт экендиги тууралуу маалымдоо. Кандай алгылыктуу социалдык жана экономикалык натыйжаларды күтүүгө болот?  

Сунушталган банктык операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн же болбосо аларды сунуштоонун жаңы технологиясынын рынокто сунушталган башка банктык операциялардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн айырмасы. Сандык көрсөткүчтөрдү чагылдыруу менен (эгер болсо) кызмат көрсөтүүнүн оң натыйжаларын көрсөтүү (зарылчылыгына жараша, кошумча маалымат өзүнчө документ түрүндө берилиши мүмкүн).  

Бирдей банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү локалдык рыноктун чегинен тышкары (эгер болсо) сунуштоо тууралуу маалымдоо же болбосо мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү

Банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү локалдык рыноктун чегинен тышкары (эгер болсо) сунуштоо тажрыйбасы тууралуу кыскача маалымат же болбосо мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү (зарылчылыгына жараша, кошумча маалымат өзүнчө документ түрүндө берилиши мүмкүн). 

Сунушталган банктык операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн техникалык жактан даярдыгын жана ал ишке ашырылуучу технологияны чагылдыруу. 

Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чараларын эске алуу менен техникалык даярдык жана колдонулуучу технологияларды чагылдыруу (зарылчылыгына жараша, кошумча маалымат өзүнчө документ түрүндө берилиши мүмкүн). 

Сунушталган банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер.  

Тобокелдиктер тууралуу маалымат; төмөн, орто, жогору, кооптуу деңгээли; тобокелдикти азайтуу ыкмасы  

(ар бир тобокелдикти жогоруда келтирилген түзүм боюнча өзүнчө чагылдыруу, мында маалымат коопсуздугун камсыз кылуудагы тобокелдиктерди азайтуу же жоюу боюнча сунушталган чаралар толук чагылдырылууга тийиш) 

Атайын жөнгө салуу режимин түзүүсүз банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тоскоолдук жараткан ченемдик актылардын жоболору; 

 

 

Атайын жөнгө салуу режимин түзүүсүз банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тоскоолдук жараткан башка жагдайлар. 

Эгер болсо  

 

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

4-тиркеме 

 

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча долбоордун натыйжалуулугуна баа берүү үчүн индикаторлордун тизмеги:  

1. Жалпы индикаторлор: 

1.1. жеке адам кардарлардын саны; 

1.2. юридикалык жакты түзүүсүз ишкер кардарлардын саны; 

1.3. юридикалык жак болгон кардарлардын саны; 

1.4. активдүү кардарлардын (өткөн айда аз дегенде бир жолу кызмат көрсөтүүдөн пайдаланган кардарлардын) үлүшү

1.5. идентификациялоодон өткөн кардарлардын үлүшү

1.6. кардарлардын канааттануу деңгээли (канааттануу индексинин негизинде, айрым бөлүгүн тандоо менен, анкета/сурамжылоо жүргүзүү натыйжасы боюнча); 

1.7. кызмат көрсөтүүнүн баасынын рыноктогу ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөргө салыштырмалуу деңгээли. 

2. төлөмдөр жана акча которуулар чөйрөсүндөгү долбоорлор үчүн индикаторлор: 

2.1. технологияны колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын көлөмү

2.2. бир төлөм инструментин колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын орточо көлөмү жалпы кардарлар базасы боюнча жана активдүү кардарлар арасында; 

2.3. бир төлөм инструментин колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын орточо саны (бир ай ичинде) жалпы кардарлар базасы боюнча жана активдүү кардарлар арасында; 

2.4. кардарларга сунушталган төлөм инструменттеринин саны; 

2.5. төлөөчү үчүн операциянын орточо наркы; 

2.6. алуучу үчүн операциянын орточо наркы; 

2.7. операциялардын көлөмүнүн орточо айлык өсүш арымы; 

2.8. төлөм өткөрүү операцияларынын көлөмүнүн нак акча каражатын чыгаруу операцияларына карата катышы; 

2.9. кардарлардын талаш жараткан операцияларынын үлүшү (операциялардын саны боюнча); 

2.10. кардарлардын талаш жараткан операцияларынын үлүшү (операциялардын көлөмү боюнча); 

2.11. кардарлардын талаш жараткан, компенсацияланган операцияларынын үлүшү (операциялардын саны боюнча); 

2.12. кардарлардын талаш жараткан, компенсацияланган операцияларынын үлүшү (операциялардын көлөмү боюнча). 

3. Кредит берүү чөйрөсүндөгү долбоорлор үчүн индикаторлор: 

3.1. берилген кредиттердин жалпы көлөмү (насыялар); 

3.2. берилген кредиттердин жалпы саны (насыялар);  

3.3. колдоого алынган кредиттин орточо көлөмү (насыя); 

3.4. кредит алууга берилген билдирмелердин колдоого алынган үлүшү (насыя); 

3.5. төлөм мөөнөтүн өткөрүп жиберген кардарлардын үлүшү

3.6. берилген кредиттер боюнча карыздын орточо өлчөмү (насыялар); 

3.7. берилген кредиттер боюнча карыздын жалпы көлөмү (насыялар); 

3.8. кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алуунун орточо убактысы (насыя). 

4. Комитет тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында белгиленген башка индикаторлор.  

 

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

5-тиркеме  

  

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

  

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна  

№ __ЛИЦЕНЗИЯ  

__________________________________________________________________  

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы)  

__________________________________________________________________  

(юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы)  

-ж. ___________________  

1.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул лицензиянын техникалык тапшырмасында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ.  

2.  Белгилүү бир операцияларды жүргүзүү укугуна берилген ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп техникалык тапшырма саналат.  

Лицензияга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Лицензияны колдонуу мөөнөтү ага кол коюлган күндөн тартып 12 ай.  

Бул жак атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөөнү жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын реестрине киргизилген (күнү, айы, жылы).  

Лицензия каттоодон өткөн (күнү, айы, жылы).  

  

Бланктын № ____________ сериясы ___________  

  

Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү   

 

___________________________ аты-жөнү, кол тамгасы  

Улуттук банктын мөөрү  

 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого  

6-тиркеме  

 

20__-ж. «__» _______  

№ ________________ лицензияга тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө укугуна берилген лицензияга  

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА  

__________________________________________________________________  

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы, мындан ары Катышуучу)  

 

1. Катышуучу атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөөгө укуктуу: 

- ….. 

- ….. 

2. Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү чектөөлөр алкагында тесттен өткөрүлөт:  

- …… 

- …… 

3. Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр тестирлөөдөн чыгарылган учурда, Катышуучу операцияларды аяктоого жана кардарлар алдындагы төмөнкү милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү:  

- …… 

- …… 

4. Ушул техникалык тапшырма лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

 

 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү   

 

___________________________ аты-жөнү, кол тамгасы  

Улуттук банктын мөөрү