Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 8-июлундагы  

2020-П-12\39-1-(НПА)  

токтому  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдорунун лицензиялоо бөлүгүнө  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» (кошо тиркелет); 

2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 8-июлундагы  

2020-П-12\39-1-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдорунун лицензиялоо бөлүгүнө  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобонун: 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши милдеттүү түрдө болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүсү зарыл. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 66-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«66. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союзда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (жыл) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүсү зарыл. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу жүзөгө ашырган МФКда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүсү зарыл. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо):  

- 87-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«87. Банктар Улуттук банктан башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү болжолдогон шартта кошумча төмөнкүдөй документтер сунушталат: 

1) Директорлор кеңешинин болжолдонгон операцияларга ар тараптуу талдап-иликтөө жүргүзүлгөндүгү жана алардын банк ишине таасири жөнүндө, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан жаңы операциялар менен коштолушу мүмкүн болгон тобокелдиктер идентификациялангандыгы жөнүндө өтүнүч каты; 

2) бизнес-план; 

3) баалуу металлдарды талапка ылайык сактоо жана ташып жеткирүү шарттарын камсыз кылуу үчүн банк тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарды берүү (мында, банк башка эмитенттердин жеке белгиси көрсөтүлбөгөн (нак эмес түрдө) баалуу металлдары менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган учурлар эске алынбайт); 

4) камсыздандыруу шарттары тууралуу маалымат, анын ичинде банк аны менен камсыздандыруу келишимин түзүүгө ниеттенип жаткан компания жана анын финансылык абалы жөнүндө маалымат (мында, банк башка эмитенттердин жеке белгиси көрсөтүлбөгөн (нак эмес түрдө) баалуу металлдары менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган учурлар эске алынбайт).»;  

- 90-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

115-пунктунун 1-абзацы төмөнкү мазмундагы бешинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Улуттук банк, эгерде сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын граждандык же жазык мыйзамдары боюнча укук коргоо органдарынын же сот органдарынын кароосунда турган акцияларды өткөрүп берүүгө (сатып алуу-сатуу жана башка бүтүмдөр, менчик укугун өткөрүп берүү, эсептешүүлөр) байланыштуу талаш маселелер бар экендиги тууралуу маалымат болгон учурда, өтүнүч катты кароону убактылуу токтотууга укуктуу. Териштирүүлөр аяктагандан кийин, кызыкдар тарап бул фактыны тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү, ал эми өтүнүч катты кароо мөөнөтү алар берилген күндөн тартып кайра башталат.»;  

- 120-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Акцияларга менчик укугу өткөндөн кийин өтүнүч ээси 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин же анын негизинде менчик укугу өткөн башка документтин көчүрмөсүн жана акциялар үчүн төлөө фактысын тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш.»; 

- 125-2-пункту төмөнкү мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Эгерде жогоруда аталган жактар банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 0,01 пайызынан жогору өлчөмдө банк акцияларын сатып алса, анда алар акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин же анын негизинде менчик укугу өткөн башка документтин көчүрмөсүн жана акциялар үчүн төлөө фактысын тастыктаган документтерди кошумча сунуштоого тийиш.»; 

131-пунктунун 1-абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: 

« Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бош турган кызмат ордуна талапкерди сунуштоо мүмкүн эместигин негиздөө менен берилген банктын өтүнүчүнүн негизинде, бир жолу узартылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу/баш тартуу жөнүндө чечимди Улуттук банк Башкармасынын банктарды көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү кабыл алат.»; 

- 134-пунктунун 7-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мында Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү, анын ичинде Директорлор кеңешинин төрагасы, акыркы он жыл ичинде банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарында 2 (эки) жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш. Бул эмгек стажын эсептөөдө, ага макулдашуудан баш тартылган же макулдашуу жол-жобосу бүтпөгөн Директорлор кеңешинин мүчөсү катары иштеген стажы эске алынбайт. Эгерде, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн акыркы он жыл ичинде банк жана/же финансы системаларында жетектөөчү кызмат орундарындагы эмгек стажы 2 (эки) жылдан аз болсо, Улуттук банк анын курамы жогоруда белгиленген талапка ылайык келтирилгенге чейин банктын Директорлор кеңешинин бул талапка жооп бербеген мүчөлөрүн макулдашууну токтотууга укуктуу. Бул учурда, банк Улуттук банктан тиешелүү катты алган күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде Директорлор кеңешинин курамын талапка ылайык келтирүүгө тийиш. Эгерде банк белгиленген мөөнөттө ушул талапка жооп берген Директорлор кеңешинин курамын түзбөсө, анда Улуттук банк, банк жана/же финансы системасындагы жетектөөчү кызматтарда тиешелүү эмгек стажынын жоктугуна байланыштуу, макулдашуу жол-жобосу бүтпөгөн Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүн макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат..»;  

135-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган аудит боюнча стандарттары боюнча билиминин болушу, жана аталган багыттар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын\лицензиясын алган билим берүү мекемелеринен алынган, окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттары жана башка документтери болуусу зарыл;  

- 141-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«141. Ислам банкынын жана «ислам терезесине» ээ банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрү жалпы жыйында банктын уюштуруучулары (акционерлери) тарабынан кумулятивдик добуш берүү ыкмасында 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат.»; 

- 142-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

«Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.»; 

- 144-пунктунун экинчи пунктчасынын «г» абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

«Башкарманын мүчөсү болуп саналбаган жана банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистештирилген багыттарын гана (киберкоопсуздук жана маалымат технологиялары, коопсуздукту камсыз кылуу, юридикалык колдоо маселелерин) тескөөгө алган башкаруучу директор банк жана/же финансы системаларында эки жылдан кем эмес жана/же жогоруда аталган маселелер боюнча иш алып барган уюмдарда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу зарыл»; 

- 145-пункттун үчүнчү абзацындагы «(экзамен/тест тапшыруу)» деген сөздөр алынып салынсын;  

- 150-пункттун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин; 

«Мында, эгерде талапкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүүсү банк/финансы-кредит уюму үчүн олуттуу финансылык чыгымды/кирешенин алынбай калышын, олуттуу тобокелдиктерди шарттабаса, системалуу жана узакка созулган мүнөзгө ээ болбосо, ошондой эле Улуттук банктын баа берүүсү боюнча анчалык олуттуу болбосо, ушул пункттун 5 "в" жана 6-пунктчаларындагы негиздер макулдашылууга тийиш болгон кызмат ордуна талапкерге карата колдонулбашы мүмкүн.»;  

-151-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Талапкерди төмөнкү пункттарда берилген фактылардын орун алышы шартында, ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына макулдашууга болбойт: 

- Жобонун 150-пунктунун 2-пунктчасында жана 119-пунктунун 2 "б" пунктчасында - соттолгондугу алынып салынган же тындырылган күндөн тартып 7 (жети) жыл бою; 

- 150-пунктунун 3 жана 5 "а" пунктчаларында жана 119-пунктунун 6-пунктчасында - бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 (жети) жыл бою; 

- 119-пунктунун 4-пунктчасында - тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жыл бою; 

- 150-пунктунун 5 "б" пунктчасында жана 119-пунктунун 5-пунктчасында - бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жыл бою; 

ушул Жобонун 150-пунктунун 5 «в» пунктчасында - эгерде талапкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банктын текшерүү жөнүндө отчетунда камтылса - текшерүү жөнүндө отчет катталган күндөн тартып 1 (бир) жыл бою; Эгерде талапкер Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин жазма буйругунда, токтомунда, Башкармасынын токтомунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жооптуу адам (жооптуу адамдардын бири) катары белгиленсе бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жыл бою; 

- ушул Жобонун 150-пунктунун 6-пунктчасында бузууга жол берүү фактысы аныкталган учурдан тартып 1 (бир) жыл бою. Эгерде жөнгө салуу органдарынын текшерүүсүнүн натыйжасында талапкерге карата жоопкерчилик чаралары колдонулса - тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жыл бою. 

- ушул жобонун 119-пунктунун 7, 8-пунктчаларында - бузууга жол берүү фактысы аныкталган учурдан тартып 1 (бир) жыл бою. 

158-пункту төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банктын туунду банктарындагы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашууда бул кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банктын кызматкерлери болуп саналса, 21-тиркеменин формасы боюнча анкетаны сунуштоо менен чектелет жана алар ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер түшпөгөн жана талапкер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул Жободо белгиленген мөөнөттө талапкерге макулдук берилгендиги жөнүндө кат жөнөтөт.»; 

159-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) алгылыксыз жана/же кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырууга катыштыгы бар адамдардан жана ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына макулдашуу жол-жобосунан акыркы жолу өткөндө макулдашуудан баш тартылган адамдардан.»;  

- 166-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«166. Талапкерлерди макулдашуу үчүн документтерди сунуштаган күндөн тартып отуз иш күнү ичинде макулдашуу тууралуу чечим кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды же документтерди алуу зарыл болсо Улуттук банк талапкердин документтерин кароо мөөнөтүн жыйырма иш күнгө чейин созууга укугу бар. 

Талапкерлерди кызмат ордуна макулдашуу тууралуу чечим: 

- Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү (Улуттук банктын кызматкери болуп саналган жана Улуттук банктын туунду банкынын Директорлор кеңешине шайланган талапкерлерден тышкары), Аудит боюнча комитеттин, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы, башкарманын төрагасы, банктын кредиттик ишине жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген башкарманын төрагасынын орун басары/башкарманын мүчөсү (эгерде, башкаруучу директор банктын кредиттик ишине жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген башкарманын төрагасынын орун басарынын алдында болбосо), ички аудит кызматынын жетекчиси, банктын башкы бухгалтери боюнча Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат; 

- төраганын орун басары жана башка Башкарманын мүчөлөрү, башкаруучу директору, комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилери, тобокелдик-менеджменти жана "ислам терезесинин" жетекчиси боюнча, Улуттук банктын төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат; 

- ислам принциптери боюнча каржылоого, активдерди жана пассивдерди тескөөгө, банктын кредиттик иштерине жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Улуттук банктын кызматкери болуп саналган жана Улуттук банктын туунду банкынын Директорлор кеңешине шайланган Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлер боюнча Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан кабыл алынат. 

Банктын башка кызматтык адамдардын макулдашуу боюнча чечим Көзөмөл боюнча комитети, Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/ банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган Башкарманын мүчөсү же Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан, кызмат адамынын функционалдык милдеттерине жараша кабыл алынат. 

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын/башкы бухгалтерди макулдашуу жөнүндө чечим түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин/башкы бухгалтерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алган орган/кызмат адамы тарабынан кабыл алынат. 

187-пунктундагы «кагаз жүзүндө» деген сөздөр алынып салынсын; 

жобо төмөнкү мазмундагы 197-1-пункт менен толукталсын: 

«197-1. Банктарды кайра уюштурууда, кардарларга банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз сунушталышын камсыз кылуу максатында, кайра уюштурулуп жаткан банктардын иштеп жаткан филиалдары жаңы БИК (банктык идентификациялык код) боюнча филиалдарды мамлекеттик кайра каттоо мезгилинде өз ишин улантышы мүмкүн.  

Банк кайра уюштуруу жол-жобосу аяктаган күндөн (банкты (банктарды) кайра уюштуруу фактысын мамлекеттик каттоо) тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде бириктирүүдө жана бөлүүдө катышкан банктын (банктардын) филиалдарына, бириктирилген банктын филиалдарына, бөлүп алынган банктын филиалдарына БИК ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш. Жогоруда белгиленген өтүнүчтү кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк 2 (эки) жумуш күнү ичинде филиалдарга жаңы БИК ыйгарып, бул тууралуу төмөнкүлөргө билдирүү кат жөнөтөт: 

а) Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө

б) коммерциялык банктарга; 

в) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына. 

Кайра уюштурулган банк (банктар) кайра уюштуруу жол-жобосун аяктаган күндөн (банкты (банктарды) кайра уюштуруу фактысын мамлекеттик каттоо) тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде филиалдарды мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук алуу үчүн Улуттук банкка ушул Жободо каралган документтерди сунуштоого тийиш.»; 

- 208-пункттун үчүнчү абзацындагы расмий тилинде «милдеттүү (должные)» сөз «кызмат адамдары» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 227-пунктундагы «кагаз жүзүндө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 281-пунктундагы «2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1» деген сандар жана сөздөр «2019-жылдын 14-августундагы №2019-П-12/42-1-(НПА)» деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын; 

286-2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банк мобилдик кеңсенин ишин өз алдынча уюштурууга укуктуу. Мобилдик кеңсе уставга ылайык банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин негизинде ачылат (жабылат).»; 

- 369-пунку төмөнкү редакцияда берилсин: 

«369.  Банктын акционерлеринин биргелешкен жыйынында ыйгарым укук берилген уюштуруу тобу жыйын өткөрүлгөн күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде Улуттук банкка ушул жободо жана башка ченемдик актыларда каралган документтерди жөнөтөт. Буларга кошумча төмөнкү документтер сунушталат: 

а) кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон банктын акционерлеринин жалпы жыйынында бекитилген кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө келишим; 

б) анда кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө келишим жана өткөрүп берүү актысы бекитилген кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон банктын акционерлеринин жалпы жыйынында толтурулган протоколдор; 

в) кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон банктардын өткөрүп берүү актылары; 

г) кайра өзгөртүп түзүү чечими кабыл алынган күнгө карата банктардын бухгалтердик баланстары. 

д) кайра уюштурулган банк тарабынан кардарларга банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, үзгүлтүксүз сунушталышын, анын ичинде банктык төлөм карттарынын ишин камсыз кылуу жөнүндө маалымат. 

Жогоруда келтирилген документтер белгиленген мөөнөттө сунушталбаса, Улуттук банктын кайра уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечими күчүн жоготот.»; 

- 370-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

«Кайра уюштурулуп жаткан банкта Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын сакталышы жана банктардын такталган маалыматты сунуштоосу жагында инспектордук текшерүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банк юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоого макулдук берүү жөнүндө маселени кароону убактылуу токтотууга укуктуу.»; 

- 428-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Эгерде сотко чейинки аппеляциялык арыздын алкагында чечим жокко чыгарылса, анда арыз берүүчү Улуттук банкка мурда берилген документтерди кайрадан карап чыгуу үчүн арыз жөнөтүшү зарыл. Буга чейин берилген документтер ушул Жободо каралган мөөнөттөрдө кайрадан каралат жана аларды кароо мөөнөтү кайрадан кароо арызы берилген күндөн башталат.»; 

Жобонун 21-тиркемесинин: 

- 2.3-пунктундагы таблица төмөнкү редакцияда берилсин: « 

Ишке кабыл алынган жана иштен бошотулган күнү 

Уюмдун аталышы 

Уюмдун иш чөйрөсү 

Жайгашкан жери 

Телефон номери 

Кызмат орду, негизги милдеттери (негизги милдеттер банк ишине байланыштуу болбогон кызмат орундары үчүн көрсөтүлөт) 

Иштен бошонуу үчүн негиздер 

Эмгек китепчесинде жазуулар жок болсо, белгилөө зарыл 

  

  

  

  

  

  

  

  

»; 

2.5-пунктундагы таблица төмөнкү редакцияда берилсин: « 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду 

Юридикалык жактын ишинин түрү 

Карамагындагы акциялардын саны 

Капиталдагы үлүшү, сом түрүндө 

Юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү % түрүндө 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

Үлүштү сатып алган күнү/үлүштү берүү күнү/ишти токтотуу күнү 

 

 

 

 

 

 

 

»; 

Жобого карата 2.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.7. Кимдир бирөөлөр алдында ссудалык карыз (башка милдеттенмелери) бар болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз (чет өлкө жарандары үчүн тиешелүү валюта жана АКШ долларына карата валюта курсу же АКШ долларында көрсөтүлүүгө тийиш): 

 

Кредитордун аталышы  

  

  

Берилген күнү (жыл, ай)  

  

  

Зайымдын (кредиттин) суммасы, миң сом  

  

  

Пайыздык чен  

  

  

Зайымдын (кредиттин) багыты  

  

  

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы  

  

  

Төлөө мөөнөтү (жыл, ай)  

  

  

Зайым (кредит) боюнча карыздын калдыгы, миң сом түрүндө  

  

  

Зайым (кредит) үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы, миң сом түрүндө  

  

  

 

- 6-пункту төмөнку мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзац менен менен толукталсын: 

«Эскертүү

1) Анкетаны толтурган кызмат адамы анын ар бир бетине кол коюшу зарыл». 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Компания «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда, Компанияда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши милдеттүү түрдө болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүсү зарыл. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. 

Компанияда Шариат кеңеши жок болгон учурда, Компания кредиттик союздардын жана/же микрофинансылык уюмдардын ассоциациялары (бирикмелери) тарабынан түзүлгөн Шариат кеңешинин мүчөлөрү ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта, ошол Шариат кеңешинин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга укуктуу.».  

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө» жобонун: 

- 27-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктын, банктык топту жетектеген банктык холдингдик компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компаниянын мыйзамда каралган акционерлердин укуктарын ишке ашыруу тартиби, анын ичинде акционерлер жыйынында катышууга ишеним кат берүү тартиби, башкаруунун байкоо органдарына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алуу тартиби боюнча маселелерди жана акционерлердин жалпы жыйынын компетенциясына кирген башка маселелерди жөнгө салган, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички документтери болууга тийиш.». 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы №2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобонун: 

- 25-пункту төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банктын туунду гарантиялык фонддорунда Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлерди макулдашууда, бул кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банктын кызматкерлери болуп саналса, 2-тиркеменин формасы боюнча анкетаны сунуштоо менен чектелет жана алар ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер түшпөгөн жана талапкер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана ушул Жободо белгиленген мөөнөттө талапкерге макулдук берилгендиги жөнүндө катты гарантиялык фондго жөнөтөт.».