Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 29-июнундагы №2020-П-33/38-4-(НФКУ) токтому  

 

 

 

 

 

 

 

 

СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар тууралуу 

 

 

Көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелери боюнча кызматтык милдеттерин аткарган учурда Улуттук банктын кызматкерлери арасында СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

27-июлундагы №40/4 токтому менен бекитилген «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобонун 13 жана 29- пунктуларын аткаруу, анын ичинде алмашуу бюролорун лицензиялоо боюнча маселелерди карап чыгуунун алкагында алмашуу бюролору орун алган жайлардын жогоруда аталган жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү убактылуу токтотулсун. 

2. Коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун ишине, анын ичинде үчүнчү жактардын суроо-талабы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү убактылуу токтотулсун. 

3. Өлкөдө кырдаал туруктуу абалга келген учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялоо жана жол-жобо иш-чараларын толуктоо максатында, алмашуу бюролору орун алган жайларга тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү демилгелениши мүмкүн. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

5. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы, 1-Банктык көзөмөл башкармалыгы, 2-Банктык көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролору ассоциациясын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, Кыргыз Республикасынын алмашуу жана кредит бюролорун, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов