Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 29-апрелиндеги 

№ 2020-П-12\25-6-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын  

ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө  

 

 

 

COVID-19 пандемиясынан улам түптөлгөн жагдайга байланыштуу өлкөнүн банк жана финансы системасында туруктуулукту камсыз кылуу жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым талаптарын жеңилдетүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин: 

1) банктар кредит берүү учурунда ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүүбөлүк) фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документти же Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо каралган, мамлекеттик каттоодон өтүүсүз (патент) ишкердик иш менен алектенүү фактысын тастыктаган документтин көчүрмөсүн карыз алуучудан талап кылбоого укуктуу;  

2) банктар Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоодо каралган, салык төлөөчүнүн эсеп ачууда салык кызматы органынын салык каттоосунан өткөндүгү тууралуу маалым катынын жеке ишкерлер тарабынан берилишин талап кылбоого укуктуу; 

3) ишкердик субъектилердин экономикалык ишин жандандыруунун алкагында чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген күрөөсүз кредиттерди берүү программасына катышкан банктар, Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоодо каралган, салык төлөөчүнүн кредит алуу максаты үчүн эсеп ачууда салык кызматы органынын салык каттоосунан өткөндүгү тууралуу маалым катынын юридикалык жактар жана жеке ишкерлер (резиденттер) тарабынан банкка берилишин талап кылбоого укуктуу;  

4) банктар: 

а) кредиттерге жеринде барып мониторинг жүргүзүүгө тийиш:  

- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан кредиттер үчүн кеминде жарым жылда бир жолу;  

- суммасы 1 000 000 сомдон ашкан кредиттер үчүн кеминде жылына бир жолу.  

Керектөө кредиттери боюнча кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөлөрдү болжолдогон төлөм мониторинги жүргүзүлөт; 

б) карыз алуулардын кыймылдуу мүлкүнө мониторинг жүргүзбөөгө укуктуу, мындай талап Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо белгиленген. 

в) кредит боюнча пландаштырылып жаткан ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун чогуу алгандагы орточо айлык кирешесине катышы төмөнкүнү түзгөн учурда гана карыз алуучуга улуттук валютада керектөө кредитин берүүгө укуктуу:  

- 40% көп эмес, эгерде чогуу алгандагы орточо айлык кирешеси 500 эсептик көрсөткүчтөн азды түзсө

- 50 % көп эмес, эгерде чогуу алгандагы орточо айлык кирешеси 500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтү түзсө;  

- 60 % көп эмес, эгерде чогуу алгандагы орточо айлык кирешеси 2000ден ашык эсептик көрсөткүчтү түзсө.  

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат.  

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага  

 

Т. Абдыгулов