Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 22-апрелиндеги  

№ 2020-П-33\24-2-(НФКУ) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо компанияларын, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага  

Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын «22»_апрелиндеги 

№ 2020-П-33/24-2-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 15-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «жана мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барышкан» жана «кагаз бетине чыгарылган жана» деген сөздөр алынып салынсын; 

экинчи абзацындагы «жана акча каражаттарын тарткан» жана «кагазга чыгарылган түрүндө жана» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 16-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 18-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эскертүү: 0-0,05% чегинде белгиленген лимиттерден ашыруу айыптык төлөм салууга алып келбейт.»; 

 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

Микрокаржылоо компаниялары 

тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоого карата 

1-тиркеме 

 

 

Ачык валюта позициялары тууралуу күн сайын сунушталуучу отчет 

 

FIELD 

FIELD NAME 

TYPE 

WIDTH 

DEC 

Комментарий 

 

 

 

 

Отчеттук күн (дата) 

 

 

 

 

БФКУнун шарттуу коду 

 

 

 

 

Баланстык эсеп 

 

 

 

 

Валютанын тамга түрүндөгү коду 

 

 

 

 

Күндүн аягына карата активдүү калдык (сом)  

 

 

 

 

Күндүн аягына карата пассивдүү калдык (сом) 

 

 

 

 

Күндүн аягына карата активдүү калдык (номинал) 

 

 

 

 

Күндүн аягына карата пассивдүү калдык (номинал) 

 

 

 

 

Валютанын эсептик курсу 

Total 

 

 

 

 

 

 

Маалымат базасы VALХХXDD деп аталышы керек 

Биринчи үч белги ХХX мекеменин номери 

Төртүнчү жана бешинчи белги DD иштеп чыгуу күнү 

FIELD мамыча 

FIELD NAME мамычанын аталышы 

TYPE маалыматтын тиби 

WIDTH белгилердин саны 

DEC чекиттен кийинки белгилердин саны 

Total жыйынтыгында 

Отчет dbf. форматында сунушталууга тийиш 

»; 

 

- 2-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 15-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «отчеттук жумадан кийинки алгачкы эле жумуш күнү саат 9.00гө чейин» сөздөрү «күн сайын саат 9.00гө чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын, «кагаз бетине чыгарылган жана» деген сөздөр алынып салынсын; 

экинчи абзацындагы «отчеттук жумадан кийинки алгачкы эле жумуш күнү саат 9.00гө чейин» сөздөрү «күн сайын саат 9.00гө чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын, «кагазга чыгарылган түрүндө жана» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- Нускоого карата тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Кредиттик союздар тарабынан 

ачык валюта позицияларынын 

лимиттеринин сакталышы 

тартиби жөнүндө нускоого карата 

тиркеме 

 

Ачык валюта позициялары тууралуу күн сайын сунушталуучу отчет 

 

FIELD 

FIELD NAME 

TYPE 

WIDTH 

DEC 

Комментарий 

 

 

 

 

Отчеттук күн (дата) 

 

 

 

 

БФКУнун шарттуу коду 

 

 

 

 

Баланстык эсеп 

 

 

 

 

Валютанын тамга түрүндөгү коду 

 

 

 

 

Күндүн аягына карата активдүү калдык (сом)  

 

 

 

 

Күндүн аягына карата пассивдүү калдык (сом)  

 

 

 

 

Күндүн аягына карата активдүү калдык (номинал) 

 

 

 

 

Күндүн аягына карата пассивдүү калдык (номинал) 

 

 

 

 

Валютанын эсептик курсу 

Total 

 

 

 

 

 

 

Маалымат базасы VALХХXDD деп аталышы керек 

Биринчи үч белги ХХX мекеменин номери 

Төртүнчү жана бешинчи белги DD иштеп чыгуу күнү 

FIELD мамыча 

FIELD NAME мамычанын аталышы 

TYPE маалыматтын тиби 

WIDTH белгилердин саны 

DEC чекиттен кийинки белгилердин саны 

Total жыйынтыгында 

Отчет dbf. форматында сунушталууга тийиш 

».