Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 16-апрелиндеги 

№ 2020-П-12\23-1-(БС) токтому 

 

Банктын финансылык отчетуна аудит жүргүзүү, бекитүү,  

сунуштоо жана жарыялоо мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №57 «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө», 2020-жылдын 24-мартындагы №56 «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө», 2020-жылдын 24-мартындагы №55 «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө», 2020-жылдын 14-апрелиндеги №71 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», 2020-жылдын 14-апрелиндеги №72 «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» жарлыктарынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 68 жана 127-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Банктын жылдык финансылык отчетуна тышкы аудит жүргүзүү, бекитүү жана сунуштоо боюнча төмөнкү мөөнөттөр белгиленсин: 

- банктын жылдык финансылык отчетуна тышкы аудит жүргүзүү жана акционерлердин жалпы жыйыны менен бекитүү мөөнөтү - 2020-жылдын 1-сентябрынан кеч эмес; 

- Улуттук банкка акционерлердин жалпы жыйынында бекитилген финансылык отчет менен чогуу аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, банктын жетекчилигине аудитордун жазган катын берүү мөөнөтү - 2020-жылдын 15-сентябрынан кеч эмес; 

- банктын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган отчет) аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо мөөнөтү - 2020-жылдын 1-октябрынан кеч эмес. 

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобонун  

2 жана 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн 2 жана 3-түзүмү менен банктык топтор (резидент эместер) үчүн ушул жобонун 84 жана 91-пунктуларында каралган мөөнөттөр колдонулат.  

 

2. Финансылык отчетторду жарыялоо боюнча төмөнкү мөөнөттөр белгиленсин: 

- банктын чейрек сайын берилүүчү финансылык отчетун (чейрек сайын берилүүчү финансылык абал, жыйынды киреше, акча каражаттарынын жылышы жана өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө), ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобонун 31-1-пунктунда камтылган маалыматтарды банктын расмий интернет-сайтына жарыялоо мөөнөтү-отчеттук чейректен кийинки айдын 30-күнүнөн кеч эмес, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилде жарыялоо мөөнөтү - отчеттук чейректен кийинки акыркы айдын 30-күнүнөн кеч эмес;  

- ай сайын берилүүчү финансылык абал жана жыйынды киреше жөнүндө отчетторду (ай сайын берилүүчү финансылык отчет) банктын расмий интернет-сайтына жарыялоо мөөнөтү - кийинки айдын 30-күнүнөн кеч эмес.  

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобонун 27-пунктуна ылайык, ай сайын жана чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттор, жалпыга маалымдоо каражаттарында же/жана банктын расмий интернет-сайтында жарыялангандан кийин  

3 (үч) жумуш күнү ичинде электрондук түрдө Улуттук банкка берилет, кийин кагаз түрүндө сунушталат.  

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2020-жылдын  

31-декабрына чейин колдонулат.  

 

4. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага 

Т. Абдыгулов