Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 09-апрелиндеги  

№ 2020-П-14\21-1-(ПС) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы №2020-П-12/13-1-(БС)  

«COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-12/13-1-(БС) «COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- төмөнкү мазмундагы 8-1 жана 8-2-пунктулар менен толукталсын: 

"8-1. Коммерциялык банктар, кардардын (пенсионер, мамлекеттик жөлөк пул алуучу) эсеби кайсы банкта ачылганына карабастан, "Элкарт" банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасы аркылуу банкоматтардан, нак акча каражатын берүү пункттарынан, POS-терминалдардан жана башка аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алууда кардардан, анын ичинде "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн агенттик келишимдин алкагында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн ар бир транзакция үчүн комиссияларды албасын. 

8-2. «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын «Элкарт» улуттук карттары боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн процессинги үчүн коммерциялык банктардан комиссияларды албасын». 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомун, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын, Кыргыз Республиканын Социалдык фондун, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

4. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага  

Т. Абдыгулов