Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 27-мартындагы  

№ 2020-П-14\17-1-(ПC) токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) 

«Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 27-мартындагы 

№ 2020-П-14\17-1-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо Убактылуу администрацияны киргизүү жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында алар банк операцияларын жүргүзүүдө пайдаланган атайы терминдерди эске алуу менен коммерциялык банктарды, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды (мындан ары банктар), ошондой эле төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун реструктуризациялоо негиздери, тартиби жана жол-жобосу аныкталган. Мында кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата реструктуризациялоо жол-жоболору колдонулбайт.  

Бул жобонун талаптары кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна алардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат»; 

 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында (мындан ары мыйзам) чагылдырылган аныктамалар, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган:  

Убактылуу администрация Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан төмөнкүлөрдү контролдоо максатында таасир этүү чарасы катары киргизилет: 

активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, республиканын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле банкта айкын иш жагдайын аныктоо жана анын андан аркы ишин белгилөө үчүн банкты контролдоо; 

- төлөм системаларын пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун айкын иш жагдайын аныктоо жана анын андан аркы ишин белгилөө үчүн төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун контролдоо. 

Убактылуу администратор банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда Убактылуу администрация режимин жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банк тарабынан дайындалган Убактылуу администратор же Убактылуу администрациянын жетекчиси.  

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (филиалдын/туунду компаниянын) башкаруу органынын жана/же айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле Убактылуу администратор же Убактылуу администрация жетекчиси/мүчөсү мыйзамда жана ушул жободо аныкталган милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган же ага мүмкүнчүлүк бербеген банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка жактардын аракеттенүүсү же аракеттенбей коюулары.  

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (филиалдын/туунду компаниянын) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жана банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка жактардын Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттери боюнча түзүлгөн документ. 

Көзөмөл органы Улуттук банктын уюштуруу түзүмүндө каралган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Көзөмөл боюнча комитети) Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары - Төлөм системасы боюнча комитети). 

Банкты реструктуризациялоо аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарын коргоо, банк жана төлөм системалары үчүн маанилүү болуп саналган банк ишинин үзгүлтүксүздүгүн, ошондой эле банк жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата көрүлүүчү чаралар топтому.»; 

 

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Убактылуу администрация банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында, ошондой эле Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген негиздер орун алган шартта киргизилет.»; 

 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими Улуттук банк Башкармасы/ Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан көзөмөл органынын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алынат. 

Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими токтом менен таризделет жана эгерде токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.»; 

 

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан Директорлор кеңешинин, банктын кредиторлорунун жана акционерлеринин, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аткаруу органынын жана/же акционерлеринин (уюштуруучулары)/катышуучуларынын өтүнүч каты, ошондой эле укук коргоо, сот жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аларда Убактылуу администрация киргизүү үчүн негиздер көрсөтүлгөн кайрылуусу боюнча кабыл алынышы мүмкүн.»; 

 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Убактылуу администрацияны киргизүү ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн жактар тарабынан демилгеленсе, алар Улуттук банкка кайрылууда төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

- банк төлөө мөөнөтү келип жеткенден кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде кредитордук карызынын ордун жаппагандыгы жөнүндө же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Убактылуу администрацияны киргизүү үчүн башка негиздер бар экендиги жөнүндө өтүнүч кат;  

- төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында финансылык милдеттенмелерин аткарбагандыгы жана/же эсептешүү мөөнөтү келип жеткенден кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде милдеттенмелерин төлөөгө жөндөмсүз экендиги жөнүндө же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Убактылуу администрацияны киргизүү үчүн башка негиздер бар экендиги тууралуу өтүнүч кат;  

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларга таянуу жана тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация киргизүү зарылчылыгын негиздөө.  

Көзөмөл органы сунушталган документтерди 20 жумуш күнү ичинде карап чыгат жана Убактылуу администрацияны киргизүү зарылчылыгы негизделген шартта, сунушталган документтердин негизинде, чечим кабыл алуу үчүн өтүнүчтү Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин кароосуна сунуштайт.»; 

 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна Убактылуу администрация киргизүү өтүнүчүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- банк, филиалдар, сактык кассалары, туунду же караштуу компаниялар, банктык топтун түзүмү тууралуу маалымат (эгерде колдонууга жол берилсе) же төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору, туунду компаниялар жана караштуу уюмдар (эгерде колдонууга жол берилсе) жөнүндө маалыматтар;  

- Убактылуу администрация киргизүүнү негиздөө;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун финансылык абалы тууралуу маалымат (анын ичинде акыркы комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары);  

- Убактылуу администрацияны киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунуш, ал 6 (алты) айдан ашпоого тийиш;  

- талапкерлердин (Убактылуу администратор, Убактылуу администрациянын мүчөлөрү кызмат ордуна талапкерлер) Улуттук банктын талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Убактылуу администрациянын курамы жөнүндө сунуш;  

- негиздемелерди көрсөтүү менен банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ишине чектөөлөрдү киргизүү боюнча сунуш (эгер болсо/зарыл учурларда);  

- банктын банк-корреспонденттеринин тизмеси жана/же товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, төлөм уюмдарынын агенттеринин, төлөм системаларынын операторлорунун контрагенттеринин тизмеси;  

- башка маалымат.»; 

 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрация киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- ага карата Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун фирмалык (расмий) жана кыскартылган аталышы;  

- Убактылуу администрацияны киргизүүгө негиздеме (ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди кошо алганда);  

- Убактылуу администрация режими киргизилген күн жана убактысы;  

- Убактылуу администрация режими киргизилген мөөнөт;  

- банктын эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү (зарылчылыкка жараша) жүзөгө ашыруу тартибин кошо алганда, банктын иш ыргагы, же үчүнчү жактардын/төлөмдөрдүн процессингинин пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу эрежелерин жана жол-жоболорун кошо алганда, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун иш ыргагы;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ишине коюлган чектөөлөрдүн тизмеги (зарылчылыкка жараша);  

- дайындалган Убактылуу администратор, ошондой эле Убактылуу администрацияга ишке тартылган адамдар, анын ичинде Улуттук банктын кызматкерлери жөнүндө маалымат;  

- Убактылуу администрация милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон тапшырма же көрсөтмө (зарылчылыкка жараша);  

- Убактылуу администрациянын банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун документтерин, активдерин жана баалуулуктарын кабыл алуу мөөнөттөрү;  

- Убактылуу администрация дайындалгандыгы тууралуу банк-корреспонденттерге маалымдоо боюнча талаптар жана/же банктарга/бардык төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна маалымдоо жөнүндө талаптар;  

- Убактылуу администрациянын Улуттук банкка чыгашалар сметасын жана отчетторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү

Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо тууралуу токтомунда Убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка жоболор камтылышы мүмкүн.» 

 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрацияны киргизүү, Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө токтому көзөмөл органы тарабынан, эгерде токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун башкаруу органына тааныштырылууга тийиш. 

Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомунун көчүрмөсү Директорлор кеңешинин төрагасына же банктын жетекчисине, аткаруу органынын жетекчисине же төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчисине көчүрмөнүн экинчи нускасына тапшырылган күндү жана убактысын көрсөтүп, кол койдуруу менен тапшырылат, ал ыйгарым укуктары токтогонго чейин Убактылуу администратордо сакталат. Банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору аны алгандыгын тастыктап кол койгон токтомдун экинчи нускасынын көчүрмөсүн Убактылуу администратор көзөмөл органына тапшырат.»; 

 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Убактылуу администрацияны киргизүү чечими кабыл алынган учурда, мындай чечим кабыл алынган учурдан кийинки 1 (бир) жумуш күнү ичинде көзөмөл органы:  

- банкта: эгерде токтомдо башкасы каралбаса, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдарга, бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигине (мындан ары Депозиттерди коргоо агенттиги), «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКка билдирүү кат жөнөтөт;  

- төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда: эгерде токтомдо башкасы каралбаса, банктарга, бардык төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна билдирүү кат жөнөтөт.  

Билдирүү катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- Убактылуу администрация киргизилген банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аталышы;  

- Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин тиешелүү токтому кабыл алынган күндү, анын номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө билдирүү;  

- Убактылуу администрацияны баштоо күнү жана убактысы;  

- Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт;  

- Убактылуу администратордун аты-жөнү;  

- Убактылуу администратордун кол тамгасынын үлгүсү.»; 

 

- 12-пункттагы «Улуттук банк Башкармасы» деген сөздөр «/ Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 17-пункттагы «Улуттук банк Башкармасы» деген сөздөр «/ Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Убактылуу администрациянын курамына мындай режим киргизилген банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдары жана аффилирленген жактары, ошондой эле таламдары каршы келген адамдар дайындалбайт. Бул талаптар Улуттук банктын кызматкерлерине да тиешелүү. Мында, Убактылуу администратордун каалоосу боюнча айрым ыйгарым укуктар банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдарына жүктөлүшү мүмкүн. Алар Убактылуу администратордун тиешелүү буйругу/буйруусу менен тариздетилүүгө тийиш.»; 

 

- 19-пункттагы «Убактылуу администрациясы» деген сөздөр «Банктын Убактылуу администрациясы» дегенге алмаштырылсын;  

 

- 21-пункттагы: 

«Улуттук банк Башкармасы» деген сөздөр «/ Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети» деген сөздөр менен толукталсын; 

бешинчи абзацындагы «тиешелүү мыйзам» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамында” дегенге алмаштырылсын;  

 

- 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Убактылуу администратордун кызматына көрсөтүлгөн талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) жогорку билими тууралуу дипломго ээ болуусу;  

2) финансы-банк системасында кеминде 5 (беш) жылдык, анын ичинде жетекчилик кызматтарда кеминде 2 (эки) жылдык эмгек стажы болууга (банктын Убактылуу администратору кызмат ордуна); 

2-1) финансы-банк системасында, анын ичинде төлөм системасында (төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда Убактылуу администрация үчүн) кеминде 5 (беш) жылдык эмгек стажы болууга, анын ичинде жетекчилик кызматтарда - кеминде 1 (бир) жылдык эмгек стажы болууга (төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Убактылуу администратору кызмат ордуна);  

3) Кыргыз Республикасынын банк ишин, анын ичинде банктык тобокелдиктерди жөнгө салган мыйзамдарды билүүсү (банктын Убактылуу администратору кызмат ордуна); 

3-1) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын, анын ичинде төлөм системасындагы тобокелдиктерди жөнгө салган мыйзамдарды билүүсүөлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Убактылуу администратору кызмат ордуна);  

4) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга; 

5) Убактылуу администрация киргизилген банктын карыз алуучулары, кредиторлору жана банк менен байланыштуу жактар, ошондой эле төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактары, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм уюмунун агенттери жана төлөм системаларынын операторунун контрагенттери менен таламдардын каршы келбеши.»; 

 

- 23-пункттагы «банктарда» деген сөз «/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 25, 26 жана 29-пункттардагы «Улуттук банк Башкармасынын» деген сөздөр «/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып:  

1) банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары токтотулуп, Убактылуу администрацияга өткөрүлүп берилет. Мында, эгерде алар Убактылуу администрация тарабынан бекитилбесе, башкаруу органынын бардык чечимдери укук чегинде кабыл алынбаган катары саналат. Убактылуу администрация башкаруу органынын бардык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат:  

- банктын өз ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алуу боюнча ыйгарым укугун эске албаганда, банктын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык;  

- төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өз ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алуу боюнча ыйгарым укугун эске албаганда, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык; 

2) банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан юридикалык жак катары Убактылуу администрация гана иш алып барууга укуктуу. Кимдир бирөөнүн банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан кандайдыр бир иш-аракеттери жараксыз катары эсептелинет;  

3) банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ишеним боюнча тескөөсүндө турган мүлктү эске албаганда, банктан/төлөм уюмунан/төлөм системаларынын операторунан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу убактылуу токтотулат;  

4) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү кошо алганда, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды, үстөк айыпты жана башка финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат;  

5) пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлер алдында бардык финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине ар кандай сый акыларды (белгиленген эмгек акыны кошпогондо, сый акылар, бонустар жана башка демилгелөөчү төлөөлөр) төлөө токтотулат;  

6) эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, бардык банктык операциялар жана төлөмдөр, бүтүмдөр жана башка иштер убактылуу токтотулат;  

7) банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору тарап катары иш алып барган жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот иши убактылуу токтотулат;  

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна карата кабыл алынган кандай болбосун мажбурлоо актыларын аткаруу иши убактылуу токтотулат.»; 

 

- 30-пункттагы «мыйзамга» деген сөз «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана бак иштери жөнүндө» мыйзамына» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдары банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жайларына тоскоолдуксуз кирүү, активдери жана документтери менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.»; 

 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Убактылуу администрация киргизилген учурда банктын (Башкарманын мүчөлөрү)/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (аткаруу органынын мүчөлөрү) жетекчилиги Убактылуу администрацияга аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө, үчүнчү жактардын ошол жайга аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана Убактылуу администрациянын документтеринин коопсуз сакталышын, ошондой эле Убактылуу администрация өз ишин аткаруусу үчүн зарыл жабдуу жана техника менен камсыз кылууга милдеттүү»;  

 

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Эгерде Убактылуу администрация коопсуз иш алып баруусу жана/же кызматтык маалыматтарды коргоо же болбосо келип чыккан жагдайлар өзгөчө иш шартын жана техникалык жактан жабдууну талап кылбаса, Убактылуу администрация өз ишин жүргүзүп жаткан мезгил ичинде банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна тиешелүү кызматтык жайларды, байланыш каражаттарын, автоунаа транспортторун жана башка техникалык каражаттарды банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аткаруу органы үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда пайдалана алат.»; 

 

- 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Эгерде Улуттук банк Башкармасы/ Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан башкасы белгиленбесе, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу максатында, өз компетенциясынын жана Убактылуу администрацияны жүргүзүүнүн максаттуу багытынын алкагында зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчилерине жана кызматкерлерине ыйгарышы мүмкүн. Мындан тышкары Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн адистерди ишке тартууга укуктуу. Бул жөнүндө маалымат Убактылуу администратордун Улуттук банкка сунушталуучу отчетунда чагылдырылууга тийиш.»; 

 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Дайындалгандан кийин Убактылуу администратор тез арада төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- банкта Убактылуу администрация киргизилген учурда, банктын филиалдарына, туунду компанияларына жана өкүлчүлүктөрүнө, банктык топко, чет өлкө банкына (Убактылуу администрация киргизилген банктын филиалына) маалымдайт,  

- төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация киргизилген учурда, банктарга, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун туунду компанияларына, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун караштуу компанияларына (эгерде колдонууга жол берилсе) Убактылуу администрация киргизилгендиги тууралуу маалымдайт жана Убактылуу администратордун кол тамга үлгүсү чагылдырылган билдирүү катты жөнөтөт;  

- инвентаризация жүргүзүү үчүн комиссия түзүү, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдардын/туунду компаниялардын) жайларына кирүү укугуна ээ адамдар үчүн өзгөчө өткөрмө режимин киргизүү, анын ичинде автоматташтырылган жана маалымат системаларынан виртуалдуу пайдалануу жөнүндө буйрукту, ошондой эле Убактылуу администратордун каалоосу боюнча Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка буйруктарды жана буйрууларды чыгарат.»; 

 

- 36-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Дайындалгандан кийин Убактылуу администратор тез арада банк-корреспонденттерге/банктарга, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга жана төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун агенттерине Убактылуу администрация режими киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт (SWIFT системасынын каналдары, факс боюнча, башка жеткиликтүү жана алгылыктуу байланыш каналдары аркылуу) жана төмөнкүлөр камтылган билдирүү кат жөнөтөт:»; 

экинчи абзацтагы «Улуттук банк Башкармасынын» деген сөздөр «/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Убактылуу администрациянын негизги милдетинен болуп банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда Убактылуу администрация режимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу саналат.»; 

 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Убактылуу администрациянын милдеттерине алардын негизинде Убактылуу администрация киргизилип жаткан максаттарга жана негиздерге жараша төмөнкүлөр кирет:  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын көрүү;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылуу;  

- финансылык отчет менен банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда орун алган айкын иш жагдайын салыштырып текшерүү;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун чыгашаларын мүмкүн болушунча кыскартуу;  

- зарыл учурларда, укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу аракеттерин Улуттук банкка макулдашуу;  

- катышуучулардын банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун финансылык абалын жакшыртуу үчүн айкын мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун андан аркы иши боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо;  

- Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон шартта, банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды көрүү;  

- Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу максатында, башка чараларды көрүү.»; 

 

- 40-пункттагы «Улуттук банк Башкармасына» деген сөздөр «/ Көзөмөл боюнча комитетине/Төлөм системасы боюнча комитетине» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 42-пункттагы «Улуттук банк Башкармасы» деген сөздөр «/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында филиалдарын жана туунду компанияларды кошо алганда, банктын же төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторуна (күндөлүк, ар айлык, чейректик, жылдык жана башка отчеттор жана маалыматтар) Улуттук банктын талаптарына ылайык Убактылуу администратор (Убактылуу администрациянын филиалдагы/туунду компаниядагы өкүлү) жана башкы бухгалтер кол коюшат. 

Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору отчетторду мамлекеттик органдарга (салык, статистика жана башка органдарга) берет.»; 

 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Убактылуу администратор төмөнкүлөргө укуктуу:  

- банктын филиалдарына, ошондой эле анын туунду компанияларынын башкаруу органдарына, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүктөрүнө жана/же филиалдарына Убактылуу администрациянын өкүлү катары дайындоого же дайындоо үчүн адистерди тартууга (болгон болсо);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акционерлер жыйынын чакырууга;  

- зарылчылыкка жараша банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жайларын мөөр басып бекитүүгө;  

- банктын филиалдарын, туунду компанияларын, өкүлчүлүктөрүн, аманат кассаларын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн, же төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүктөрүн жана/же филиалдарын (болгон шартта) жабууга (ишин токтотууга);  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан кайсы болбосун документтерге жана келишимдерге кол коюуга;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан нааразычылыктарды билдирүүгө жана доо талаптарын коюуга;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ишине көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө келишим түзүүгө;  

- Убактылуу администратор өкүлдөрү жана банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарга жана буйрууларга кол коюуга;  

- ишке кабыл алуу, кызматка дайындоо, иштен бошотуу же кызматынан убактылуу четтетүү, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө буйруктарды/буйрууларды чыгарууга (милдеттүү түрдө эмгек мыйзамынын талаптарын сактоо менен);  

- эмгек мыйзамдарына ылайык, банктын (башкы мекеменин, бөлүмдөрдүн, филиалдардын ж.б.)/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун, анын ичинде анын өкүлчүлүктөрүнүн жана/же филиалдарынын штаттык тизимин карап чыгууга;  

- банкка Убактылуу администрация режимин киргизүүгө себеп болгон жана/же банкта көйгөй жараткан иш-аракеттери үчүн банк жетекчилерин жана катышуучуларын, ошондой эле банк менен байланыштуу башка жактарды көзөмөл органына маалымдоо менен жоопкерчиликке тартуу (анын ичинде тиешелүү укук коргоо органдарына жана сот органдарына кайрылуу менен да);  

- банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна Убактылуу администрация киргизилген мезгил ичинде бардык соттордо доочу же жоопкер катары банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан өкүл катары иш алып барууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди аткарууга.»; 

 

- 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин уруксатынын негизинде Убактылуу администратор төмөнкүлөр боюнча суммаларды жарым-жартылай же толугу менен төлөшү мүмкүн: 

- төлөөлөр боюнча тиешелүү негиздеме берүү жана төлөөлөрдүн банктын финансылык абалына жана ликвиддүүлүк көрсөткүчүнө таасири жөнүндө маалыматты сунуштоо менен Убактылуу администратордун маалыматынын негизинде банк менен байланыштуу болбогон жактардын аманаттары боюнча; 

- төлөөлөр боюнча тиешелүү негиздеме берүү жана төлөөлөрдүн төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун финансылык абалына таасири жөнүндө маалыматты сунуштоо менен Убактылуу администратор тарабынан сунушталган маалыматтын негизинде төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун банктар, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, агенттер жана контрагенттер алдында карызы боюнча.»; 

 

- 46-пункт төмөнкү абзацтар менен толукталсын: 

«Эгерде Убактылуу администрация төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору төлөөгө жөндөмсүз жана банкрот катары таанылууга тийиш деген тыянакка келсе, Убактылуу администрация төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун административдик жана чарба чыгашаларына байланыштуу кандай болбосун төлөөлөрдү токтотууга милдеттүү.  

Убактылуу администрация карыздардын биринчи кезекте, толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга, коммуналдык ишканаларга жана бюджеттик уюмдарга, ошондой эле башка товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга төлөнүшүн камсыз кылууга тийиш.»; 

 

- 47-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна Убактылуу администрация режими киргизилген күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун учурдагы финансылык абалы жана ишине баа берүү жөнүндө отчетту даярдап, Улуттук банк Башкармасына/Көзөмөл боюнча комитетине/Төлөм системасы боюнча комитетине сунуштоого милдеттүү. Отчет тышкы аудиторду ишке тартуу менен түзүлүшү мүмкүн, анын кызмат көрсөтүүсү үчүн нарк Убактылуу администрация боюнча чыгашаларга кошулат. Убактылуу администратордун отчетунда алар банкты жоюуда, төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору банкроттукка учураган шартта сатып өткөрүлүшү мүмкүн болгон активдердин наркына баа берүүлөр, милдеттенмелердин жана калган капиталдык ресурстардын толук көлөмү, ошондой эле тиешелүү негиздеме берүү менен төмөнкүдөй сунуш-көрсөтмөлөрдүн бири камтылууга тийиш: 

- көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өз алдынча ишин калыбына келтирүү;  

- банктын лицензиясын кайтарып алуу жана сот тарабынан таанылгандан кийин банкты мажбурлап жоюуну баштоо;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун лицензиясын кайтарып алуу; 

- банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.»; 

 

- 48-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет Убактылуу администратордун отчетун жана сунуштарын карап көрүп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:  

- көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өз алдынча ишин калыбына келтирүү жөнүндө;  

- мыйзам талаптарына ылайык, банктын операторунун лицензиясын кайтарып алуу жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун лицензиясын кайтарып алуу; 

- банкты реструктуризациялоону баштоо сунушун колдоо тууралуу.  

Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, Убактылуу администратор Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун андан аркы ишине тиешелүү иш-чаралар планын даярдап, аны Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин кароосуна сунуштайт.»; 

 

- 61-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61. Улуттук банк реструктуризациялоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан учурда Убактылуу администратор Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка банкты реструктуризациялоо боюнча жаңы/жеткире иштелип чыккан чаралары менен же болбосо банкты жоюу жөнүндө сунушу менен өтүнүч сунуштоого тийиш.»;  

 

- 73-пункттагы «мыйзам» деген сөз «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 13-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Убактылуу администратордун банктын филиалындагы/туунду компаниясындагы, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүндөгү жана/же филиалындагы өкүлү»; 

 

- 91-пункттагы «мыйзамдарга» деген сөз «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 99-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«99. Көмөк көрсөтүү максатында Убактылуу администратор өз өкүлү катары адистерди ишке тартышы мүмкүн. Убактылуу администратордун өкүлдөрүнүн саны банктын филиалдарынын, туунду компанияларынын, аманат кассаларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн санына, ошондой эле иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша Убактылуу администратор тарабынан аныкталат. Убактылуу администратордун өкүлүнүн эмгек акысы жана жоопкерчилиги Убактылуу администратор менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленет.»; 

 

- 100-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«100. Убактылуу администратор тарабынан ишке тартылган адис Убактылуу администратордун өкүлүнүн милдетин аткаруу үчүн финансы-банк системасында/төлөм системасында кеминде 2 (эки) жылдык иш тажрыйбасы, ошондой эле банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору менен байланышы болбоого же таламдардын каршы келип калышына жол бербөөгө тийиш.»; 

 

- 102-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«102. Убактылуу администратордун өкүлү буйруктун көчүрмөсүн банктын филиалынын/туунду компаниясынын/аманат кассасынын жетекчисине, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүнүн жана/же филиалынын жетекчисине тапшырат, ал көчүрмөнүн экинчи нускасына кол коюп, көчүрмөнү алган күндү жана убакытты көрсөтүүгө тийиш, ал Убактылуу администратордун өкүлүндө анын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин сакталат.»; 

 

- 105-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«105. Убактылуу администратор банктын филиалына (туунду компаниясына), аманат кассасына жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун филиалына жана/же өкүлчүлүгүнө Убактылуу администрациянын өкүлүн дайындоосуз, баардык бүтүмдөрдү Убактылуу администратор менен макулдашуу аркылуу жүзөгө ашыруу шартында ыйгарым укуктарды/функцияларды банктын филиалынын (туунду компаниясынын), аманат кассаларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчисине, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун филиалынын жана/же өкүлчүлүгүнүн жетекчисине өткөрүп бериши мүмкүн.»; 

 

- 106-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Убактылуу администрациянын ишине байланыштуу чыгашалар Убактылуу администрация режими киргизилген банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсебинен ишке ашырылат.»; 

 

- 107-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«107. Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегине төлөө банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Эгерде Убактылуу администрация режими киргизилген банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегине төлөө үчүн ликвиддүү каражаттары жок болсо, Убактылуу администратордун өтүнүчү жана Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгашалар Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Ал чыгашалар андан ары Убактылуу администратор дайындалган банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун сарптоолоруна кирет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгегине төлөө Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.  

Улуттук банктын эсебинен Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегине төлөө үчүн сарпталган чыгашалар Убактылуу администрация ишин токтоткон учурда банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору тарабынан, ал эми банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында белгиленген тартипте, кредиторлордун талаптарын канааттандыруу кезектүүлүгүнө ылайык төлөнөт.»; 

 

- 108 жана 110-пункттардагы «Улуттук банк Башкармасынын», «Улуттук банк Башкармасы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 112-пунктунун онунчу абзацындагы «банктын» деген сөз «/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 113 жана 115-пункттардагы«Улуттук банк Башкармасына», «Улуттук банк Башкармасы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 15-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Убактылуу администрациянын банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрүн, ачкычтарын жана документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү»; 

 

- 116-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«116. Убактылуу администрация банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна келгенден кийин банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчиси банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарды), ошондой эле төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарды) өткөрүп берет, ал эми Убактылуу администратор кабыл алып, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрлөрүн жана ачкычтарын каттоо журналына кол коет. 

Убактылуу администратордун банктын филиалындагы/туунду компаниясындагы өкүлү филиалдын/туунду компаниянын жетекчисинен банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарды) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен өткөрүп алат.  

Убактылуу администратордун төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүндөгү жана/же филиалындагы өкүлү туунду компаниянын жетекчисинен төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарды) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен өткөрүп алат.»; 

 

- 117-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«117. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администраторго өткөрүп беришет.  

Документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомунда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылып, тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет.  

Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун филиалынын/туунду компаниясынын жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администратордун өкүлүнө өткөрүп берет.»; 

 

- 118-пункттагы «банктын» деген сөз «/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 119-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«119. Убактылуу администратор Убактылуу администрация чарасы киргизилген күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү ишке ашырууга милдеттүү:  

- банктын башкы офисиндеги, филиалдарындагы, түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү бардык материалдык баалуулуктарды (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.), анын ичинде банкка тиешелүү болбогон жана анда күрөөдө, ишенимдүү башкарууда турган мүлктү инвентаризациялоого (мындан ары текст боюнча инвентаризациялоо), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн бардык материалдык баалуулуктарын (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.) инвентаризациялоо. Инвентаризациялоо мөөнөтү Убактылуу администратордун буйругу менен филиалдардын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн санына, аткарыла турган иш көлөмүнө жараша белгиленет, бирок ал Убактылуу администрация киргизилгенден кийин 30 (отуз) календардык күндөн ашпоого тийиш; 

- банктын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кассаларындагы, банкоматтардагы, терминалдардагы жана касса түйүнүнөн тышкары операциялык кассалардагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө (мындан ары текст боюнча - ревизия жүргүзүү), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кассаларындагы, төлөм терминалдарындагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө. Ревизия Убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ишке ашырылууга тийиш; 

- Убактылуу администрация башталган күнгө карата бардык банк-корреспонденттердин эсептери боюнча тастыктама алуу менен банк-корреспонденттердеги эсептерди такташтырууга; 

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун коммерциялык банктарда ачылган эсептерин такташтырууга жана Убактылуу администрация башталган күнгө карата коммерциялык банктагы эсептери боюнча тастыктаманы алууга.  

Мындан тышкары Убактылуу администратор:  

1) банкта төмөнкүлөрдү такташтырууга тийиш:  

- рыноктук же корректировкаланган нарк боюнча эсепке алынган баалуу кагаздарды;  

- кредиттерди, Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жана «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жоболорго ылайык, кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды корректировкалоону;  

- баалоо наркы боюнча таанылган башка активдерди; 

2) банкта такташтыруунун натыйжасында, айрым статьялар боюнча корректировкалоолорду эске алуу менен баланстык отчетту түзөт.  

3) төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда такташтыруунун натыйжасында, баланстык отчетту түзөт.»; 

 

- 121-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчиси (башкы бухгалтери же болбосо башка кызматкери) ревизия жана/же инвентаризация жүргүзүүдөн же болбосо ревизия жана/же инвентаризация боюнча комиссияда катышуудан баш тартса, Убактылуу администратор Убактылуу администрация жүргүзүүгө каршы аракеттер көрүлгөндүгү тууралуу акт түзөт.»; 

 

- 17-главанын аталышындагы «банктын» деген сөз «/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 122-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«122. Убактылуу администратор банкта Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Убактылуу администратордун жана банктын эсептешүү документтерине кол коюу укугу берилген башка адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде тариздетилген карточкаларды (2 (эки) нускада) Улуттук банкка берет.  

Областтарда филиалы/туунду компаниясы бар банктын Убактылуу администрация боюнча өкүлү Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына Убактылуу администратордун өкүлүнүн жана ал мындай укук чегерген башка адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделген карточкаларды (эки нускада) берүүгө тийиш.  

Төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып 2 (эки) жумуш күнү ичинде Убактылуу администратор аларда төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептери ачылган коммерциялык банктарга талапка ылайык тариздетилген, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептешүү документтерине кол коюу укугу (2 нускада), анын ичинде алар боюнча операциялар аралыктан/дистанциондук тейлөө аркылуу ишке ашырылган төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун банктык эсептеринен пайдалануу укугу берилген Убактылуу администратордун жана башка адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен карточкаларды сунуштайт.»; 

 

- 123-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«123. Банктын жана анын филиалдарынын/туунду компанияларынын, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана анын өкүлчүлүктөрүнүн/филиалдарынын Убактылуу администрация киргизилген жана Убактылуу администратор дайындалган учурга карата банктын төлөм документтерине кол коюу укугуна ээ кызматкерлеринин кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар анык эмес болуп саналат. Мындай карточкалар тиешелүүлүгүнө жараша Улуттук банкта же областтык башкармалыктарда сакталууга тийиш.  

Төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана анын өкүлчүлүгүнүн/филиалынын Убактылуу администрация киргизилген жана Убактылуу администратор дайындалган учурга карата төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун төлөм документтерине кол коюу укугуна ээ кызматкерлеринин кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар анык эмес болуп саналат. Мындай карточкалар, аларда төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептери ачылган коммерциялык банкта сакталууга тийиш.»; 

 

- 124-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«124. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептешүү документтерине биринчи кол коюу укугу Убактылуу администраторго, ал эми банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун филиалынын/туунду компаниясынын эсептешүү документтерине кол коюу укугу Убактылуу администратордун өкүлүнө тиешелүү.  

Банктын төлөм документтерине экинчи кол коюу укугу, банктын башкы бухгалтерине же болбосо Убактылуу администратордун өкүлүнө/Убактылуу администрациянын курамына кирген, бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык башкы бухгалтердин милдеттерин аткарган адамга, ал эми банктын филиалынын/туунду компаниясынын эсептешүү документтерине филиалдын/туунду компаниянын башкы бухгалтерине же Убактылуу администрациянын өкүлүнүн сунушу боюнча филиалдын/туунду компаниянын башкы бухгалтеринин милдеттерин аткарган, Убактылуу администратор ыйгарым укук чегерген башка адамга таандык.  

Төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун төлөм документтерине экинчи кол коюу укугу төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкы бухгалтерине же болбосо Убактылуу администратордун өкүлүнө/Убактылуу администрациянын курамына кирген, бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык башкы бухгалтердин милдеттерин аткарган адамга, ал эми төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун туунду компаниясынын эсептешүү документтеринде (болгон учурда) өкүлчүлүктүн/филиалдын башкы бухгалтерине же Убактылуу администрациянын өкүлүнүн сунушу боюнча туунду компаниянын башкы бухгалтеринин милдеттерин аткарган, Убактылуу администратор ыйгарым укук чегерген башка адамга таандык.  

Убактылуу администратор банктын филиалынын жетекчисинин филиалдын эсептешүү документтерине биринчи кол коюу ыйгарым укуктарын жана милдеттерин калтыруу чечимин кабыл алууга укуктуу.  

Убактылуу администратор төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүнүн/филиалынын жетекчисинин өкүлчүлүктүн/филиалдын эсептешүү документтерине биринчи кол коюу ыйгарым укуктарын жана милдеттерин калтыруу чечимин кабыл алууга укуктуу.»; 

 

- 125-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«125. Банктын жана анын филиалдарынын төлөм документтери, Улуттук банктын эсептешүү операцияларын жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдөрү, банктар аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелер, үчүнчү жактардын пайдасына төлөм системалары боюнча банк-корреспонденттер тарабынан ушул жобонун 124-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен аткарууга кабыл алынат. 

Төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана анын өкүлчүлүктөрүнүн/филиалдарынын төлөм документтери анда төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептери ачылган коммерциялык банк тарабынан ушул жобонун 124-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен аткарууга кабыл алынат.»;  

 

- 128-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкаруу органдары жана/же айрым кызматкерлери жана банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору менен байланыштуу башка адамдар тарабынан Убактылуу администрация милдеттерин жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлсө, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт түзөт (ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык).»; 

 

- 130-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«130. Банктын филиалында/туунду компаниясында жана төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүндө/филиалында Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт Убактылуу администратордун өкүлү тарабынан түзүлөт жана кол коюлат. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү Убактылуу администраторго жөнөтүлөт.»; 

 

- 131-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«131. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт ал түзүлгөн күндү, кириш номерин, каттоодон өткөргөн жакты көрсөтүү менен банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда милдеттүү түрдө кирген корреспонденция катары каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.»; 

 

- 132-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«132. Убактылуу администратор мыйзам актыларына ылайык, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкаруу органдары жана/же айрым кызматкерлери жана банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору менен байланыштуу башка адамдар тарабынан Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү фактылары жөнүндө арыз менен укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.»; 

 

- 133-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«133. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын) башкаруу органдары, төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (филиалдарында/өкүлчүлүктөрдө) жана/же алардын айрым кызмат адамдары жана кызматкерлери жана банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору менен байланыштуу башка адамдар Убактылуу администраторго (анын өкүлдөрүнө) каршы аракеттерди көрсө, ал мыйзам актыларына ылайык банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна жана/же алардын айрым кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын көрүү үчүн негиз болуп саналат.»; 

 

- 134-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«134. Убактылуу администрация мөөнөтү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга ылайык, Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими менен алты айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.»; 

 

- 135-пунктунун: 

биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Көзөмөл органы Убактылуу администрацияны узартуу чечими кабыл алынган күнү билдирүү кат даярдап, аны белгиленген тартипте банктар аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча кызматтарды сунуштаган уюмдарга, төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна тааныштырат.»; 

экинчи сүйлөмүндөгү «Улуттук банк Башкармасынын» деген сөздөр «/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 137 жана 138-пункттардагы «Улуттук банк Башкармасынын» деген сөздөр «/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 139-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«139. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдарынын Убактылуу администрация жүргүзүү мезгил аралыгында токтотулган ыйгарым укуктары, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кызматтарынан бошотулбаган болсо жана Улуттук банк тарабынан банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамын алмаштыруу талап кылынбаса, Убактылуу администратордун иши токтогондон кийин калыбына келтирилет.»; 

 

- 140-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«140. Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары калыбына келтирилгенден кийин банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарын), бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык макулдашылган мөөнөттө өткөрүп берет, ал эми банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчиси аларды кабыл алат. 

Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарын), бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделет.»; 

 

- 141-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору Убактылуу администрация токтотулган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде алардын эсептешүү эсептери ачылган коммерциялык банктарга төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептешүү документтерине кол коюу укугуна ээ кызмат адамдарынын, ошондой эле башка адамдардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлгөн тиешелүү түрдө таризделген карточкаларды (эки нускада) берүүгө тийиш.»; 

 

- 145-пункттагы «банктар аралык эсептешүү жана төлөмдөрдү жүргүзүү системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган» деген сөздөр «банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1-тиркеме 

 

Банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн) Убактылуу администрация башталган жана токтотулган учурда милдеттүү түрдө кабыл алынып/өткөрүлүп берилүүчү документтеринин минималдуу тизмеги 

 

1. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктүн) уюштуруу документтери.  

2. Банк (филиал/туунду компания), төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (филиал/өкүлчүлүк) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайра каттоодон өткөндүгү) жөнүндө күбөлүк. 

3. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун банк операцияларын ишке ашырууга, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашырууга лицензиялары, башка лицензиялары жана уруксат берүүлөр. 

4. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктүн) штаттык тизими, кызмат ордун, алар иштеген түзүмдүк бөлүмдү, эмгек акысын, бош кызмат орундар тизмегин көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жана төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктүн) кызматкерлеринин тизмегин, ошондой эле банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлеринин өздүк иши жана эмгек китепчелери. Жеке курам жана негизги иш боюнча бардык буйруктар.  

5. Жайгашкан ордун көрсөтүү менен филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана туунду компаниялардын (чет өлкөдөгүлөрдү кошо алганда) тизмеси.  

6. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын) жана төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктүн) Убактылуу администрация киргизилген/токтотулган күнгө карата бүтүндөй банк жана филиалдары боюнча бухгалтердик балансы, ошондой эле баланстык эсеп боюнча отчету.  

7. Эсеп номерин, ар бир иштин (юридикалык иштерде документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын саны чагылдырылган юридикалык иштин номерин көрсөтүү менен банк (филиалдын/туунду компаниянын) кардарларынын тизмеси.  

8. Эсеп номерин, ар бир иштин (юридикалык иштерде документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын саны чагылдырылган юридикалык иштин номерин көрсөтүү менен төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун агенттеринин, товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын тизмеси.  

9. Берилген гарантиялар, аккредитивтер жана банктын башка милдеттенмелери боюнча документтер. 

10. Чарба келишимдерин кошо алганда, банк (филиал/туунду компания), төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (филиал/өкүлчүлүктөрү) менен келишилген бардык бүтүмдөр боюнча келишимдер. 

11. Корреспонденттик мамилелерди түзүү тууралуу келишимдер, электрондук ачкычтарды кошо алганда, электрондук төлөмдөр жана кол тамга үлгүлөрүнүн шифрлери. 

12. Банк (филиал/туунду компания) тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттик жана башка таржымал, күрөөлүк мүлк жөнүндө документтер, банк тарабынан чыгарылган гарантиялык жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

13. Тышкы аудиторлор тарабынан банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.  

14. Ишеним каттарды эсепке алуу китеби, ошондой эле банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлерине, алардын филиалдарынын, туунду компанияларынын, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине жана үчүнчү жактарга берилген ишеним каттардын көчүрмөлөрү.  

15. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аткаруу органынын протоколдору жана чечимдери, тескөөчү документтер жана бул документтердин эсебин жүргүзүү китеби.  

16. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Директорлор кеңешинин отурумдарында жана менчик ээлеринин (акционерлеринин) жыйынында толтурулган протоколдор.  

17. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал/өкүлчүлүктөрдүн) чыгыш жана кириш корреспонденцияларын каттоо журналы. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Улуттук банк, банк кардарлары, уюмдар менен чыгыш жана кириш корреспонденциялары.  

18. Банк (филиал/туунду компания), төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (филиал/өкүлчүлүк) тарабынан түзүлгөн келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды каттоо журналы.  

19. Төлөм документтеринде биринчи жана экинчи кол коюуга, ошондой эле банк (филиал/туунду компания) жана төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (филиал/өкүлчүлүк) менен түзүлгөн кредиттик жана башка келишимдерге, эмгек келишимдерине жана контракттарга кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү.  

20. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын) жана төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал/өкүлчүлүктөрдүн) административдик-чарбалык чыгашаларынын сметасы. 

21. Суммасын көрсөтүү менен банкка (филиалга/туунду компанияга), төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна (филиалына/өкүлчүлүктөргө) карата соттук тартипте же соттон тышкары коюлган талаптардын, доолордун жана аткаруу барактарынын тизмеси, ошондой эле банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкаларга карата талаптары. 

22. Негизги каражаттардын, наркы төмөн, тез тосулуучу буюмдардын, башка активдердин, ошондой эле документтердин, архивдин инвентаризациялык описи (инвентаризациялоо аяктагандан кийин берилет).  

23. Банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору расмий түрдө талап жөнөтүүсү үчүн пайдаланган фирмалык бланктар (банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун фирмалык символикасын жана башка реквизиттерин камтыган документтердин башка формалары).  

24. Банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда өткөрүлгөн максаттуу жана комплекстүү текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.  

25. Убактылуу администратордун пикири боюнча банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал/өкүлчүлүктөрдүн) жетекчиси берүүгө тийиш деп эсептеген кандай болбосун башка документтер.  

26. Убактылуу администратор банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал/өкүлчүлүктөрдүн) жетекчисинен кошумча документтерди жана ушул тизмеде келтирилген документтердин аныктыгын тастыктаган документтерди талап кылууга укуктуу.»; 

 

- 2-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Убактылуу администратордун банкта аткарган иши жөнүндө отчетуна карата минималдуу талаптар»; 

 

- 2-тиркеменин 1-пунктунун жетинчи пунктчасынын: 

алтынчы абзацындагы «(туунду мекемелеринде)» деген сөздөр «(туунду компанияларында)» дегенге алмаштырылсын; 

тогузунчу абзацындагы «туунду мекеменин» деген сөздөр «туунду компаниянын» дегенге алмаштырылсын; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-1-тиркеме менен толукталсын: 

«2-1-тиркеме 

 

Убактылуу администратордун төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда аткарган иши жөнүндө отчетуна карата минималдуу талаптар  

 

1. Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бухгалтердик балансы;  

2) план чегинде төлөө графигине, келе жаткан айга төлөө графигине (жума боюнча) салыштырганда, отчеттук ай ичинде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, агенттер алдында карыз суммаларынын ордун айкын жабуу жөнүндө отчет;  

3) төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун келерки айга карата (жума боюнча) милдеттенмелерин төлөө боюнча болжолдоолор;  

4) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун алкагында берилүүгө тийиш болгон (талап боюнча) башка маалыматтар. 

Ар айлык отчетто төмөнкүлөр чагылдырылат: 

- Убактылуу администрация тарабынан төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун капиталын көбөйтүү үчүн көрүлүүчү чаралар;  

- Убактылуу администратордун төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун абалын чыңдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундусу. 

Ай сайын берилүүчү отчетто кыскача түшүндүрмө кат да камтылууга тийиш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана анын өкүлчүлүктөрүнүн/филиалдарынын түзүмү жана персоналынын саны өзгөргөндүгү, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлерин дайындоо жана иштен бошотуу, Убактылуу администрациянын өкүлдөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат; 

- отчеттук мезгил ичинде иштелип чыккан планга ылайык төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун финансылык абалын чыңдоо боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө маалымат, планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылбагандыгынын жана/же мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себебин түшүндүрүү;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктөрдүн) башкаруу органдарынын жана (же) айрым кызматкерлеринин Убактылуу администрация (анын өкүлдөрү) өз милдеттерин аткарып жаткан учурда аларга каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө маалыматтар. 

2. Убактылуу администрация киргизилген бүтүндөй мезгил үчүн отчетто төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Убактылуу администрация мезгили ичинде ишинин негизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүн мүнөздөгөн бардык маалыматтар, ошондой эле Убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу натыйжалары жөнүндө негиздүү корутунду (Убактылуу администрациянын натыйжасын болжолдоолор ж.б.) камтылууга тийиш.  

3. Убактылуу администрациянын отчетуна Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт ичиндеги буйруктардын жана буйруулардын көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.  

4. Отчетко Убактылуу администратор кол тамга коет.»; 

 

- 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-тиркеме 

 

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү АКТЫСЫ 

___________________________________________________________ 

  (коммерциялык банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аталышы 

___________________________________________________________ 

  (филиал, туунду компания, аманат кассасы, өкүлчүлүк)) 

___________________________________________________________ 

    (банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал, туунду компания, өкүлчүлүк, терминал, аманат кассасы) жайгашкан орду, дареги, телефону) 

__________________________________________________ 

 

 

_______________________ 

       (түзүлгөн жер) 

20__ жылдын «___» ______________  

  

Мен, Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү____________________________________  

      (аты-жөнү) төмөндө кол койгон адамдардын катышуусунда: 

1. _______________________________________________________ 

2. _______________________________________________________ 

3. _______________________________________________________ 

Банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан банкта Убактылуу администрацияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылынгандыгы тууралуу: 

_________________________________________________________ 

    ушул акт түзүлдү

_________________________________________________________ 

   (банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун имаратына кирүүгө тоскоолдук кылды, Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү талап кылган документтер сунушталган жок) 

____________________________________________________ 

   

Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерине/кызматкерлерине Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү тарабынан Убактылуу администрация режимин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилген. 

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлгөн: 

________________________________________________________ 

    (Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлүнүн аты-жөнү) (кол тамгасы) 

 

 

Таанышып чыктым: 

_____________________________________ (Банк/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкеринин аты-жөнү)  

____________________ (кызмат орду) 

______________________ (кол тамгасы) 

Актынын экинчи нускасын алдым ________________________ (банк/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкеринин аты-жөнү) ____________________ (кол тамгасы) 

 Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдары  

___________________________________________ (банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкеринин/кызматкерлеринин аты-жөнү) Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү актысынын мазмуну менен таанышуудан баш тартты. 

_________________________________________________________ 

  (Убактылуу администратор/анын өкүлүнүн аты-жөнү) (кол тамгасы)»; 

 

- 4-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4-тиркеме 

 

Убактылуу администрация режиминин жүрүшүндө Убактылуу администратор (анын өкүлдөрү) тарабынан айрым иш-чараларды жүргүзүүсү боюнча жол-жобо 

 

1. Убактылуу администратор банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна келгенден кийин кассадагы жана сактоо жайындагы акча каражаттардын калдыгын тактап, 3 (үч) нускада акт түзөт.  

2. Банктын/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна келгенден кийин алардын сактоо жайын жана кассасын, бардык сейфтерди, ачкыч менен бекиле турган бардык шкафтарды жаап, мөөр басып бекитет. 

3. Архивди кошо алганда, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык документтери сакталган жайды жаап, мөөр басып бекитет.  

4. Убактылуу администратор банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна келгенден кийин төмөнкүдөй буйруктарды чыгарат:  

1) Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын (аткаруу органынын) ишин токтотуу жана алардын ыйгарым укугунун Убактылуу администраторго өтүшү жөнүндө;  

2) төлөмдөрдү өткөрүү ыргагы жөнүндө;  

3) Убактылуу администраторго банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык чыккан документтерине кол коюу укугун өткөрүү жөнүндө;  

4) Убактылуу администратордун кат жүзүндөгү уруксатысыз кандайдыр бир материалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүүгө банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык кызматкерлерине тыюу салуу жана жеке жоопкерчилик тартуу жөнүндө.  

5. Мүлктүн, материалдык баалуулуктардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу максатында Убактылуу администратор банктан/төлөм уюмунан/төлөм системаларынын операторунан анын кат жүзүндөгү уруксатысыз мүлктөрдү жана документтерди алып чыгууга, ошондой эле кабыл алуу убактысынан тышкары адамдарды кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун көзөмөл кызматына эскерткен буйруктарды чыгарат.  

6. Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык кызматкерлеринин мүлктүн, материалдык баалуулуктардын, документтердин жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн административдик-материалдык жоопкерчилиги тууралуу буйрук чыгарат. 

7. Убактылуу администратор жумуш күнүнүн акырында, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун имаратын чаптап жабууга жооп бере турган комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянын курамына Убактылуу администратор (Убактылуу администратордун өкүлдөрү же/жана Убактылуу администрациянын мүчөлөрү) жана банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлери кирет.  

8. Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ар бир кызматкерине колдонуудагы эмгек мыйзамына ылайык иштен бошотулушу ыктымалдыгы тууралуу жеке эскертүүгө тийиш. 

9. Банктын убактылуу администратору Улуттук банктын коопсуздук кызматынан ачкычтарды, сейфтердин ачкычтарын жана электрондук документтерге цифралык кол тамганы түзгөн паролдорду, электрондук ачкычтарды автоматташтырылган системадан пайдалануу үчүн каралган паролдорду жаңыртып берүү өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

10. Зарылчылык келип чыккан учурда Убактылуу администратор Улуттук банкка тиешелүү техникалык каражаттардан пайдалануу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.  

11. Убактылуу администратор ушул жобонун 119-пунктундагы талаптарга ылайык банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда жүргүзүлүп жаткан инвентаризациянын жана ревизиянын жүрүшүндө Улуттук банкта колдонулган инвентаризация жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө тартибине таянуу менен иш алып барууга укуктуу.»; 

 

- 5-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Жоопкерчилик лимити, камсыздандырылууга тийиш болгон тобокелдиктер банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун иш көлөмүнө, операциялардын масштабына, филиалдар түйүнүнө, төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине, штаттык санына жана башка факторлорго жараша Улуттук банк тарабынан аныкталат.»; 

 

- 7-тиркеменин: 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Сиздин талапкерлигиңиз сунушталып жаткан позицияны көрсөтүңүз: 

________________________________________________________________________ 

(кызмат орду, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аталышы)»; 

 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Талапкер төмөнкү багыттарда билимге ээ экендиги жөнүндө маалымат:  

- банктык жана төлөм мыйзамдары_______________________________; 

- банктык тобокелдиктерди, анын ичинде төлөм системасындагы тобокелдиктерди жөнгө салуу________________________________________________________ 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары ____________________________.»