Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 25-мартындагы  

№ 2020-П-12\16-3-(НПА) токтом 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибин» бекитүү жөнүндө токтомуна. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 25-мартындагы 

№ 2020-П-12\16-3-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик 

укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 4-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо мыйзамдарда белгиленген үлгүдөгү (баалуу кагаз) кош кампа күбөлүгүнүн жана/же анын айрым бөлүктөрүнүн (кампа күбөлүгү же күрөө күбөлүгү (варрант)) кармоочуларына берилген кредиттер. Берилген кредиттин мөөнөтү кош кампа күбөлүктөрү чыгарылган (берилген) товарлар кампасындагы продукциянын сактоо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.»; 

- 25-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банкка зарыл болгон, анын ичинде карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн башка документтерди (контрактылар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.).»; 

- 30-пунктунун 4-пунктчасынын жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эгерде 100 000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк карыз алуучунун гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул кредит боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана карыз алуучу кредитти кайтарбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш.  

Эгерде кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаз кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампада сактоо боюнча кызмат көрсөткөн баалуу кагаздын эмитентине (товар кампасы) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары банк тарабынан эске алынышы зарыл;» 

- 63-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо берилсе, банк эң аз дегенде чейрек сайын айыл чарба продукциясына болгон баанын сезондук өзгөрүүсүнө көз салууга, күрөө менен камсыз кылынган продукцияга (товарга) баалардын өзгөрүүсүнүн тийгизген таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 4.3-пунктунун 4.3.2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге таандык бардык мүнөздөмөлөргө ээ болгон;  

- контракттык каржылоонун (мисалы, каржыланган контракт боюнча талап кылуу укугу, дебитордук карыздар ж.б.) жана кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон активдер;». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин: 

- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Фондулук биржалардын, анын ичинде эл аралык биржалардын листингине кирген, өнүккөн өлкөлөрдүн баалуу кагаздар фондулук рыногунда жүгүртүлгөн жогорку рейтингге ээ жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды, ошондой эле кош кампа күбөлүгүнүн бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаздарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын эмитенттери-резидент эместери тарабынан чыгарылган жана жеке адамдардын ээлигинде турган жана/же жогорку рейтингге ээ болбогон депозитарийлерде сакталган жөнөкөй жана которулма векселдерди кошуу менен документтик, документтик эмес баалуу кагаздар»; 

- 14-пунктунун: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар күрөөлүк мүлк катары кабыл алына турган болсо, күрөө жөнүндө келишим түзүүдө күрөөлүк мүлктүн курамын жана накта формасын күрөө коюучу төмөнкү шарттарда гана өзгөртө алары көрсөтүлүүгө тийиш:»; 

- «б» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар менен гана камсыздалышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш, мында Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалар эске алынбайт.»; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Эгерде, күрөөгө сунушталып жаткан жүгүртүүдөгү товарлар, баалуу металлдар, ошондой эле кош кампа күбөлүгүн берүү менен товар кампасында сактоого алынган товарлар сатып алуу-сатуу предметинен болуп саналса (күрөө коюучунун өзү өндүрбөсө), товарларды сатып алууга контрактылардын (сатып алуу-сатуу келишимдери) жана башка документтердин (коштомо кагаздар, инвойстор, сертификаттар, төлөм документтери, индоссамент), же болбосо күрөө коюучунун менчик укугун тастыктаган башка документтердин болушу зарыл.».