Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 25-мартындагы  

№ 2020-П-19\16-5-(НПА) токтом 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 

27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.  

 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

4. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Мамлекеттер аралык банкты, Евразия өнүктүрүү банкын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондусун, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигин, «Борбордук депозитарий» ЖАКты жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 25-мартындагы 

2020-П-19\16-5-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

токтомдун 1-пунктундагы «айкын убакыт ыргагында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү» деген сөздөр «Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген нускоонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоо»; 

- 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.4. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө саясатында жана «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жободо чагылдырылган.»; 

- 1.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.5. Системанын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтары «Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (ГСРРВ) электрондук билдирүүлөрдүн форматтары жана аларды толтуруу эрежелери» документинде (мындан ары Форматтарды толтуруу эрежелери) аныкталган.»; 

- 1.8-пунктундагы «электрондук цифралык кол тамганы» деген сөздөр «электрондук кол тамганы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.1. Катышуучу-төлөөчү төлөөчү кардардан баштапкы төлөм документтерин эки нускада кабыл алат. Баштапкы төлөм документинин бир нускасы катышуучу-төлөөчүдө калат. Баштапкы төлөм документинин экинчи нускасы аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө белгиси менен төлөөчү кардарга кайтарылып берилет.  

Эгерде, катышуучу-төлөөчү менен төлөөчү кардардын ортосунда баштапкы төлөм документтери электрондук формада алмашылса, катышуучу-төлөөчү менен төлөөчү кардар ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына, ошондой эле катышуучу-төлөөчүнүн ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык, катышуучу-төлөөчү электрондук документти алгандыгын төлөөчү кардарга тастыктайт.  

Төлөөчү кардар аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө катышуучу-төлөөчүнүн белгиси коюлган баштапкы төлөм документинин тиешелүү нускасын алган учурдан тартып, ал төлөм төлөөчү кардар үчүн кардар төлөөчүнүн эсебинен каражаттар алынып салынган учурдан тартып бул төлөм ал үчүн акыркы болуп саналат.»; 

- 3.1-пунктундагы 3.1.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.1.1. ЭТДны иштеп чыгуу ГСРРВнын иш регламентине ылайык жүзөгө ашырылат жана ал төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүштүрүлгөн:  

Мезгил аралыгы  

Мезгил узактыгы  

Күндүн башталышы  

8:30-8:40  

Бизнес үчүн ачык 

8:40-9:00  

Эл аралык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системалары (VISA, MasterCard) боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө  

9:00-17:00  

ГСРРВда ЭТДны жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу  

9:00-17:20  

ГСРРВ катышуучуларынын акча каражаттарынын резервин Пакеттик клиринг системасындагы дебеттик таза позицияга берүүсү  

8:45-13:30  

Дебеттик таза позицияга резерв түзүү жана аны Пакеттик клиринг системасына берүү  

13:30-13:50  

Пакеттик клиринг системасынын клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө  

13:50-14:20  

Баштапкы өчүрүү (эсептешүү мезгил аралыгы)  

16:30  

Жыйынтыгында өчүрүү  

17:00  

Эсептешүүлөрдү аяктоо  

17:20  

 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 96-беренесине таянуу менен иштебеген майрам күнүнөн мурдагы иш күнүнүн узактыгы боюнча айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иш регламенти бир саатка кыскартылат жана төмөнкүдөй убакыт аралыктары белгиленет: 

 

Мезгил аралыгы  

Мезгил узактыгы  

Баштапкы өчүрүү (эсептешүү мезгил аралыгы)  

15:30 

Жыйынтыгында өчүрүү  

16:00 

Эсептешүүлөрдү аяктоо  

16:20 

»; 

- 3.1-пунктунун 3.1.5-пунктчасында тырмакчанын ичиндеги «Катышуучунун системасындагы» деген сөздөр «системасындагы» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.2. ГСРРВ системасында күндүн ачылышы 

ГСРРВ системасында күндүн ачылышы «Күндүн башталышы» жана «Бизнес үчүн ачык» деген эки мезгилди кезеги менен аткаруу аркылуу жүргүзүлөт. ГСРРВ оператору күндүн башталышында системаны даярдоо иштерин жүргүзөт (параметрлерди орнотуу, аларды ишке багыттоо жана системаны ишти баштоого даярдоо).  

«Күндүн башталышы» мезгилинде билдирүүлөрдүн кезеги башталат, Улуттук банктын төлөмдөрү иштелип чыгат, катышуучулардын төлөмдөрү «WAITING» (Күтүү) статусуна которулат. «Күндүн башталышы» мезгилин аткаргандан кийин ГСРРВ оператору биллинг (ГСРРВ кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр) чогултуу ишин жүзөгө ашырат. 

«Бизнес үчүн ачык» мезгили аткарылгандан кийин система төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн (кардардын МТ 103 жана банктар аралык МТ 202) кабыл алат.»; 

- 3.3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.4-пунктунун 3.4.3-пунктчасындагы «электрондук цифралык кол тамга» деген сөздөр «электрондук кол тамга» деген сөздөргө, «ЭЦК» аббревиатурасы «ЭК» аббревиатурасына алмаштырылсын; 

- 3.5.1, 3.5.2, 3.7.2 жана 3.8.1-пунктчаларында «ЭЦК» аббревиатурасы «ЭК» аббревиатурасына алмаштырылсын; 

- 3.8-пункту төмөнкү мазмундагы 3.8.5-пунктчасы менен толукталсын: 

«3.8.5. Эл аралык төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн системалары (VISA, MasterCard) боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө кол коюлган келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде, ошондой эле Улуттук банктын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.»; 

3.9-пунктунун: 

- 3.9.2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.9.2. ГСРРВда акыркы өчүрүү мезгили башталган учурда, банктар аралык төлөмдөрдүн киргизилишине тыюу салынат, мында ошол учурда төлөмдөрдүн кезегинде турган бардык кардарлардын төлөмү жана банктар аралык төлөмдөр системада кабыл алынбайт, же тиешелүү өчүрүү мезгилдери келип жетиши үчүн, ГСРРВ оператору тарабынан кол менен аткаруу режиминде алынып салынат.  

Акыркы өчүрүү менен эсептешүүлөрдүн аяктоосунун аралыгында системага транзакцияларды Улуттук банк гана киргизүүгө укуктуу.»;  

- 3.9.5-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.9.6-пунктчасындагы «төлөмдөрдү» деген сөз «билдирүүлөрдү» деген сөзгө алмаштырылсын; 

1-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” нускоого карата  

1-тиркеме  

 

ГСРРВ системасында электрондук төлөмдөрдү иштеп чыгууда филиалдын Банктык идентификациялык кодун пайдалануу 

ТАРТИБИ 

»; 

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоого карата  

2-тиркеме  

Катышуучунун статусуна ылайык төлөмдөрдү иштеп чыгуу ЭРЕЖЕЛЕРИ  

Катышуучунун статусу айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын оператору тарабынан Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин лицензияны кайтарып алуу, Убактылуу администрацияны, тике банктык көзөмөл киргизүү, банкроттук ж.б. жөнүндө токтому менен кабыл алынган чечимдеринин негизинде белгиленет.  

Системада катышуучулардын төмөнкүдөй статустары аныкталган:  

1. Системанын катышуучуларына тиешелүү статустар:  

АСТIVЕ катышуучу активдүү, дебеттик сыяктуу эле, кредиттик төлөмдөр да өткөрүлүшү мүмкүн;  

ВLОСKЕD INСОМING катышуучуга кредиттик төлөмдөрдү (эсепти толуктоого) аткарууга, анын ичинде тутумдаш системалар үчүн акча каражаттарынын камын (резервин) белгилөөгө тыюу салынган;  

ВLОСКЕD OUТGОING катышуучуга дебеттик төлөмдөрдү өткөрүүгө (эсептен алып салууга), анын ичинде тутумдаш системалар үчүн акча каражаттарынын камын (резервин) белгилөөгө тыюу салынган;  

ВLОСКЕD АLL катышуучуга дебеттик сыяктуу эле, кредиттик төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салынган.  

DISABLED катышуучу төлөмдөрдү өткөрө албайт. 

 

2. Системанын катышуучусунун эсептерине тиешелүү статустар:  

АСТIVЕ катышуучунун эсеби активдүү, катышуучунун дарегине жана катышуучунун атынан төлөмдөр жүргүзүлүшү мүмкүн;  

АРРROVЕ катышуучунун эсебиндеги кандай болбосун өзгөртүүлөр тастыктоону күтүү абалында турат;  

REMOVED катышуучунун эсеби системадан алынып салынган.  

 

3. Төлөмдөргө тиешелүү төлөмдөрдүн жана камдардын статустары (кардарлардыкы - МТ 103 жана банктар аралык - МТ 202):  

СОМРLЕТЕ төлөм ийгиликтүү жүргүзүлгөн жана акыркы болуп саналат;  

ENTER бул аралык статус, ага төлөмдөр ГСРРВ системасында түзүлгөндөн кийин эле дароо өтөт; 

САNСЕLLED төлөм пайдалануучу же система тарабынан жокко чыгарылган;  

АРРRОVЕ төлөм же акча каражаттарынын камы тастыктоону күтүү абалында турат;  

RЕРАIR төлөм же акча каражаттарынын камы кошумча оңдоолорду киргизүүнү күтүү абалында турат;  

РЕNDING жүргүзүү үчүн жетиштүү өлчөмдөгү каражаттардын же акча каражаттарынын камы жок болгон учурда, төлөм кезекке жайгаштырылат;  

WAITING катышуучу тарабынан «Күндүн башталышы» мезгилинен тартып бирок «Бизнес үчүн ачык» мезгилине чейин жөнөтүлгөн төлөмдөргө WAITING статусу берилет; 

DЕFFЕRЕD төлөм күндөлүк операциялык күн ичинде келечекте эсептөө убактысы менен төлөмдөр кезегине жайгаштырылган;  

FUTURЕ төлөм бир нече келерки операциялык күн ичинде келечекте эсептөө күнү менен төлөмдөр кезегине жайгаштырылган.».