Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 24-мартындагы 

№ 2020-П-09\15-9-(НПА) токтому 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин жеңилдетүү максатында коммерциялык банктарга кредит берүүсү жөнүндө»  

убактылуу жобону бекитүү тууралуу 



Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 53 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин жеңилдетүү максатында коммерциялык банктарга кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 24-мартындагы 

№ 2020-П-09\15-9-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 



«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин жеңилдетүү максатында коммерциялык банктарга кредит берүүсү жөнүндө»
УБАКТЫЛУУ ЖОБО

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

 

1. Бул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин жеңилдетүү максатында коммерциялык банктарга кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жободо (мындан ары - Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан Улуттук банктын лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкына (мындан ары банк) кредит берүүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган

2. Кредит банкка улуттук валютада мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздоо шарттарында сунушталат.  

3. Кредит банкка, тышкы терс таасирлерден жана Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын таасиринен улам, банк тутумунун бүтүндүгүн коргоо жана туруктуулугун камсыздоо, системада тобокелдиктерге жол бербөө жана аманатчылардын таламын коргоо максатында сунушталат.  

Кредит банкка Улуттук банктын милдеттүү камдык талаптарынын сакталышын, экономикалык жана башка ченемдеринин аткарылышын, аманатчылар алдында милдеттенмелердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу максатында сунушталат. 

4. Кредит банктардын суроо-талабы боюнча Улуттук банк тарабынан берилет. 

Банк кредит алуу үчүн ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 2020-жылдын 30-июнуна чейин Улуттук банкка кайрылса болот.  

5. Сунуштоо мөөнөтү жана кредит боюнча шарттар Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат. Кредит боюнча пайыздык чен билдирме сунушталган күнгө карата Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүндө белгиленет. 

6. Банк мындай кредитти ушул Убактылуу жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде 5 (беш) жолуга чейин талап кылууга укуктуу. 

Банк ушул Убактылуу жобо боюнча мурда кредит алып, ал боюнча күрөө ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде таризделбесе, кредитти талап кылууга укугу жок.  

7. Кредит, банк билдирме сунуштаган күнү ушул Убактылуу жобонун 13-пунктуна ылайык сунушталат. Мында күрөө кредит берилген күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде таризделет.  

8. Банк күрөөнүн болушу жана өз убагында таризделиши, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өтүшү үчүн жоопкерчилик тартат.  

9. Эгерде күрөө өз убагында таризделбесе жана ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органдарда катталбаса, Улуттук банк банктын корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте кредиттин негизги суммасынан 0,1% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм алууга жана сунушталган кредиттин негизги суммасын же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу.  

10. Банк Улуттук банктан алынган кредитти валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталар рыногунда операцияларды жүргүзүүгө пайдаланууга укугу жок. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул Убактылуу жобонун 3-пунктунда каралган максаттарда гана пайдаланууга тийиш.  

Эгерде банк кредитти ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланса, Улуттук банк банктын корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте кредиттин негизги суммасынан 1,0 % өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм алууга жана сунушталган кредиттин негизги суммасын же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу. 

11. Банктын аткаруу органынын жетекчиси күрөөнүн ушул Убактылуу жобонун 7-пунктуна ылайык өз убагында таризделиши жана катталышы, ошондой эле Убактылуу жобонун 10-пунктунун талабынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.  

Убактылуу жобонун 7 жана 10-пункттарынын талаптары бузулган учурда Улуттук банк, Убактылуу жобонун 9 жана 10-пункттарында каралган чаралардан тышкары, банктын аткаруу органынын жетекчисине карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

 

2-глава. Кредитти алуу шарттары жана тартиби 

 

12. Кредит алуу үчүн банк төмөнкү шарттарга жооп берүүгө тийиш: 

- Улуттук банкта күрөөлүк камсыздоо үчүн чет өлкө валютасындагы депозит эсептерин ачуу жана тейлөө жөнүндө кол коюлган макулдашуусу болууга (эгерде күрөөлүк камсыздоо катары акча каражаттарына карата талап кылуу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы болсо); 

- убактылуу администрация, жоюу режими киргизилбеген болушу керек. 

13. Кредит алуу үчүн банк жумуш күнү ичинде саат 9:00дөн 14:00гө чейин Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

- банктын кредит алууга билдирмеси белгиленген форма боюнча толтурулган документ түрүндө (1-тиркеме); 

- кол коюлган жана банктын мөөрү менен тастыкталган Кредиттик келишимдин бир нускасы (2-тиркеме); 

- банктын тиешелүү башкаруу органдарынын (банктын уставына ылайык) кредит алуу зарылчылыгы жөнүндө жана кредиттин өлчөмүн, ошондой эле күрөө көлөмүн жана түрүн көрсөтүү менен талап кылынган кредитти камсыздоого күрөөнү сунуштоо жөнүндө чечимдери; 

- менчик укугун жана/же күрөө коюучунун күрөө предметине талап кылуу укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү

- күрөө предметинин өзгөчөлүгү жана ага баа берүүнү камтыган документтер; 

- күрөө ыйгарым укуктуу органдарда ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө таризделе тургандыгы жана каттала тургандыгы жөнүндө жана банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлган милдеттенме (3-тиркеме). 

14. Кредит алууга сунушталган билдирме кайтарылгыс болуп саналат.  

15. Ушул Убактылуу жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаган учурда банктар кредит алууга билдирме сунуштай албайт.  

16. Билдирменин ар бир бети кредиттик ресурстарды алууга билдирмеге банктын атынан кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюулуп, банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Билдирмеде милдеттүү түрдө билдирме сунушталган күн, кредит суммасы, пайыздык чен, күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган күрөө суммасы, белгиленген формага ылайык күрөө предмети тууралуу кеңири маалымат камтылууга тийиш. 

17. Ушул Убактылуу жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн билдирме жана документтер, чапталган конвертте документ түрүндө Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын биринчи кабатындагы ящикке салынууга тийиш. Банк билдирмени сунуштоо фактысын билдирме сунушталган күндү жана убакытты көрсөтүү менен тиешелүү журналда каттоого тийиш.  

18. Банк ушул Убактылуу жобонун 12-пунктунун талаптарына жооп бербесе, ошондой эле сунушталган күрөөлүк камсыздоо Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе, ал талап кылынган кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Улуттук банк билдирмени алгандан кийинки 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө кредитти сунуштоодон баш тартуу себебин көрсөтүү менен банкка кат жүзүндө билдирет.  

19. Туура эмес толтурулган же таризделген, ошондой эле билдирмелерди кабыл алуу убактысын бузуу менен сунушталган билдирмелер анык эмес катары таанылат.  

20. Кредит, банк билдирме сунуштаган күнү кредиттик келишимге кол коюлгандан кийин Улуттук банк банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу берилет.  

 

3-глава. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө 

 

21. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө билдирме сунушталган күнгө карата Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүндө белгиленет. Кредит суммасына пайыздар төмөнкү формула боюнча жыл ичиндеги 365 календардык күнгө жараша кредит айкын пайдаланылган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча эсептелет: 

  

P = (C x I x T) / 365 / 100, мында: 

  

Р кредит боюнча пайыздар суммасы; 

С кредиттин суммасы (сом); 

I пайыздык чен (% жылдык); 

Т кредитти пайдалануу мөөнөтү

 

22. Банк берилген кредитти пайдаланган мөөнөт ичиндеги календардык күндөрдүн айкын санын эсептөөдө ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөрү камтылат.  

 

4-глава. Кредитти камсыздоо 

 

23. Банктын кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кредит боюнча күрөөлүк камсыздоо катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн: 

1) Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы; 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары баалуу кагаздар); 

3) Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (керектөө максаттарына берилген кредиттерден тышкары). Мында алар боюнча талап кылуу укугу күрөөгө сунушталган кредиттер, кредиттик каражаттарды алууга билдирме сунушталган учурга карата банктын өздүк каражаттарынын эсебинен улуттук валютада же чет өлкө валютасында берилүүгө, кеминде 120% күрөө менен камсыздалууга, классификацияланбаган активдер категориясына кирүүгө (байкоого алынган активдерди эске албаганда) жана реструктуризацияланбаган болууга тийиш; 

4) Бишкек шаарында жайгашкан банктын кыймылсыз мүлкү (имарат). 

Кыймылсыз мүлктүн наркы (имарат) банк тарабынан кредит алууга чейинки 12 ай ичинде жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоо жыйынтыгынын (болгон болсо) жана анын баланстык наркынын ичинен эӊ эле төмөн катары аныкталат. 

24. Жетиштүүлүк көлөмүнө (пайыздык түрдө) жана күрөөнүн башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алуу менен белгиленет.  

Күрөө жөнүндө келишимдер, Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы №50/1 токтому менен бекитилген «Ликвиддүүлүктү колдоо үчүн кредит жөнүндө» жобонун 3-5-тиркемелери жана Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттарында кредиттик аукциондорду жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун бөлүгү болуп саналган Кредиттик аукцион жөнүндө башкы макулдашууга карата 6-тиркеме сыяктуу түзүлөт.  

27. Кредитти камсыздоо катары сунушталган күрөөнү Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга күрөөгө же кайра күрөөгө сунуштоого жол берилбейт.  

26. Күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда ал банкка кредит берүүдөн баш үчүн Улуттук банкка негиз болуп саналат. 

27. Эгерде банк кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же талапка ылайык аткарбаса, ошондой эле кредиттик келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде каралган башка учурларда, Улуттук банк күрөө жөнүндө келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, соттон тышкаркы тартипте күрөөнүн эсебинен өндүрүү жана аны соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүү аркылуу күрөөнүн эсебинен толук көлөмдө өз талаптарын канааттандырууга укуктуу.  

28. Банк кредит боюнча өз милдеттенмелерин жана ал боюнча эсептелген пайыздарды өз убагында жана толук көлөмдө аткарган учурда Улуттук банк күрөөнү 5 (беш) жумуш күнү ичинде бошотот. 

 

5-глава. Кредиттин ордун жабуу мөөнөтү  

 

29. Банк тарабынан кредиттин негизги суммасынын орду кредиттин мөөнөтү аяктаган күнү операциялык күндүн акырына чейин өз корреспонденттик эсептен Улуттук банктын тиешелүү эсебине улуттук валютада акча каражаттарын которуу жолу аркылуу жабылат. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө банк тарабынан ай сайын кредиттик келишимге ылайык жүргүзүлөт.  

30. Эгерде кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам, жумуш эмес же дем алыш күндөрүнө туура келсе, анда кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар кийинки жумуш күнү төлөнөт. 

31. Кредиттин ордун жабуу күнүндө негизги сумма жана/же кредит боюнча чегерилген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, мында жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт.  

32. Банк кредиттин ордун жабуу күнүнө чейин 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка алдын ала билдирүү аркылуу кредиттик келишимде каралган пайыздарды жана негизги карызды мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай же толук көлөмдө ордун жабууга укуктуу. 

33. Банк кредит жана чегерилген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган учурда күрөөнү бошотуп алуу Убактылуу жобонун 28-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат. 

34. Кредиттин мөөнөтү өтүп кеткен учурда төлөм кийинкиге жылдырылбайт. Банктын кредит боюнча жоопкерчилиги ушул Убактылуу жободо жана кредиттик келишимде каралат. 

35. Улуттук банк банкка берилген кредиттин мөөнөтү өтүп кеткен учурда Убактылуу жобого ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: 

-  банктын корреспонденттик эсебинен улуттук валютада акча каражаттарын кредиттин негизги суммасына, чегерилген пайыздарга жана айыптык санкцияларга барабар өлчөмдө кредиттин ордун жабуу эсебине акцептсиз тартипте алууга; 

- Убактылуу жобого, кредиттик келишимге жана күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүү эсебинен кредиттин, ал боюнча чегерилген пайыздардын, туумдун жана айыптык төлөмдүн ордун жабууга. 

 

 

6-глава. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер  

 

36. Банк күрөө жөнүндө келишимдин болушу, өз убагында таризделиши жана анын ыйгарым укуктуу органдарда Убактылуу жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде катталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

37. Банк Убактылуу жобонун жана кол коюлган келишимдердин, ошондой эле аларга карата кошумча макулдашуулардын бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

38. Банк кредиттин негизги суммасынын жана/же кредит боюнча чегерилген пайыздардын өз убагында жана толук төлөнүшү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

39. Банк тарабынан кредит боюнча карыз жана ал боюнча пайыздар белгиленген мөөнөт ичинде төлөнбөсө, өндүрүү Улуттук банк тарабынан банкка кошумча билдирүүсүз банктын корреспонденттик эсебинен каражаттарды акцептсиз тартипте алуу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. 

40. Эгерде кредиттин негизги суммасынын, ал боюнча чегерилген пайыздардын жана кредиттик келишимден улам келип чыккан башка төлөмдөрдүн ордун жабуу боюнча кайсы болбосун төлөм толук көлөмдө жана/же тиешелүү мөөнөттө жүзөгө ашырылбаса, мындай карыз мөөнөтү өтүп кеткен катары саналып, банкка карата кредиттик келишимде каралган айыптык санкциялар колдонулат. 

41. Банк Улуттук банктын талабы боюнча кредиттик каражаттардын колдонулушу тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди аталган банк тарабынан белгиленген мөөнөттө жана формада сунуштайт. 

 

 

  

  

1-тиркеме 

 

 

КРЕДИТ АЛУУГА БИЛДИРМЕ 

20__ -жылдын «____» ___________№ _________  

 

 

 

Карыз алуучу_________________________________________________________________   

(карыз алуучу банктын аталышы)   

 

1. Банк ушул аркылуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин жеңилдетүү максатында коммерциялык банктарга кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жобонун (мындан ары - Убактылуу жобо) алкагында  

____________________________________________________________ сом суммасында  

(сумма сан жана жазуу түрүндө)  

кредит алуу билдирмесин жөнөтөт. 

2. Кредит боюнча чен жылдык ________ %   

 

3. Кредитти камсыздоо үчүн төмөнкүдөй түрдө күрөө сунушталат:  

____________ сом суммасында баалуу кагаздар, 

(сумма сан жана жазуу түрүндө)  

анын ичинде:   

№ 

Каттоо номери 

Чыгарылган күнү  

Ордун жабуу күнү 

Саны  

даана  

Баалуу кагаздар 

номиналы, сом 

Номиналдык нарк, сом 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чет өлкө валютасы:  

Валютанын түрү 

Сумма 

 

 

 

Кредит портфели:  

 

Кредит портфелинин жалпы номиналдык наркы _____________  

 

Күрөөгө берилүүчү кредиттердин саны ____________________  

 

Банктын Бишкек ш. жайгашкан кыймылсыз мүлкү (имараты): 

 

___________________________________________________________ 

 

4. Банк күрөөнүн болушу жана анын өз убагында берилиши, таризделиши, ошондой эле Кредиттик келишимди жана Күрөө жөнүндө келишимди берүү, анын Убактылуу жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде катталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

5. Банк күрөө жөнүндө келишим өз убагында таризделбеген жана Убактылуу жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде катталбаган учурда, банктын корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасынан 0,1% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз тартипте алууга макул болот. 

6. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары рыногун кошо алганда, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууга укугу жок. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды Убактылуу жобонун 3-пунктунда каралган максаттарга гана пайдаланууга тийиш.  

7. Банктын аткаруу органынын жетекчиси күрөөнүн өз убагында таризделиши үчүн жоопкерчилик тартат. Улуттук банк Убактылуу жобонун 7 жана 10-пункттары бузулган учурда банктын аткаруу органынын жетекчисине таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

 

(Карыз алуучу банктын аталышы)  

 

 

Кызмат орду  

 

Аты-жөнү_____________________ Кол тамгасы____________ М.О___________ 

 

 

 

2-тиркеме 

 

 

 

КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ № ________ 

20__ ж «___» ___________№ ___________ 

 

 

 

 

Бишкек ш 

  

2020 -жылдын «___» _______ 

  

_____________________________атынан __________________ негизинде иш алып барган, мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир тараптан, _____________________________атынан __________________ негизинде иш алып барган, мындан ары “Банк” деп аталуучу _________________________ экинчи тараптан, мындан ары “Тараптар” деп аталуучулар төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди (мындан ары-Келишим) түзүштү:  

 

1. Кредиттик келишим предмети 

 

1.1. Улуттук банк, Улуттук банк Башкармасынын 20___ жылдын «___» _______ №______ токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин жеңилдетүү максатында коммерциялык банктарга кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жобонун негизинде жана ушул Кредиттик келишимге ылайык, Банкка _________ (суммасы жазуу менен) сом суммасында, ушул Кредиттик келишимде жана Убактылуу жободо каралган шарттарда кредит берет.  

1.2. Кредит экономиканы колдоо, банк тутумунун бүтүндүгүн коргоо жана туруктуулугун камсыз кылуу, тышкы таасирлерден жана COVID-19 пандемиясынын Кыргыз Республикасындагы таасиринен улам системалуу тобокелдиктерге жол бербөө жана аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо максатында берилет.  

Кредит Банкка милдеттүү камдык талаптардын сакталышын, банктар тарабынан Улуттук банктын экономикалык жана башка ченемдеринин аткарылышын, аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу максатында берилет.  

1.3. Банк Улуттук банктан алынган кредитти мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары рыногун кошо алганда, валюта рыногундагы жана баалуу кагаздар рыногундагы операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууга укугу жок.  

 

2. Кредит берүү шарттары 

 

2.1.  Банк кредит алуу үчүн Убактылуу жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн, кредит берилген күнгө карата талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.  

2.2. Кредит ________жылдын «___»______ тартып ________жылдын «____»________ чейинки мөөнөттө берилет.  

2.3. Кредит боюнча акча каражаттары Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген күн кредит берилген күн болуп саналат.  

2.4.  Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы эсебине билдирме берилген жана Улуттук банк менен Банктын ортосунда тиешелүү Кредиттик келишим түзүлгөн күнү акча каражаттары чегерилет.  

2.5.  Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен ушул кредиттик келишимдин 2.2-пунктунда көрсөтүлгөн, бүтүндөй мөөнөт ичинде жылдык __________пайыз (жазуу жүзүндө) өлчөмүндө берилет. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө Банк тарабынан ай сайын, кредит төлөө боюнча бекитилген графикке ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) жүргүзүлөт, ал ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Пайыздарды эсептөө ушул Кредиттик келишимдин 2.7- пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.  

2.6. Пайыздар кредит берилген күндөн тартып (ушул күн кошо эсепке алынат), кредит төлөнө турган күнгө (бул күн кошулбайт) чейин жылына 365 күн жана ай ичиндеги айкын күн эсебинде, кредит боюнча карыздын калдыгына чегерилет.  

2.7. Кредиттин суммасына пайыздарды эсептөө жылына 365 күндүн санына жана ай ичиндеги күндөрдүн санына жараша, кредит колдонулган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздарды эсептөөнүн төмөнкү формуласы боюнча эсептелет:  

  

P = (C x I x T) / 365 / 100, мында: 

 

Р кредит боюнча пайыздар суммасы; 

С кредиттин суммасы (сом); 

I пайыздык чен ( % жылдык); 

Т кредитти пайдалануу мөөнөтү

 

2.8. Кредит боюнча карыздын негизги суммасын жана кредитти пайдалангандыгы үчүн чегерилген пайыздарды төлөө ушул Кредиттик келишимге жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, карызды төлөө графигине (ушул Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) ылайык жүргүзүлөт.  

2.9. Эгерде кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө майрам күндөргө, иштебеген же дем алыш күндөргө туура келип калса, кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.    

2.10. Кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын банк Улуттук банктагы тиешелүү эсепке (негизги карыз боюнча сумма №____ эсепке, пайыздык төлөмдөр боюнча сумма № ____________эсепке) чегерет. 

2.11. Тараптар Убактылуу жобонун жана ушул Кредиттик келишимдин бардык талаптарынын аткарыла тургандыгына гарантия беришет.  

 

3. Кредитти төлөө шарттары 

 

3.1. Кредиттин негизги суммасы Банк тарабынан операциялык күндүн акырына чейин акча каражаттарынын суммасын улуттук валютадагы өз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктагы тиешелүү эсепке кредиттин мөөнөтү бүткөн күнү чегерүү аркылуу төлөнөт. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ушул Кредиттик келишимдин 2.5, 2.8, 2.9 жана 2.10-пункттарына ылайык ай сайын жүргүзүлөт.  

3.2. Төлөө күнү кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар Банк тарабынан толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт.  

3.3. Банк Убактылуу жободо жана Кредиттик келишимде каралган, негизги карызды жана пайыздарды төлөө пландаштырылып жаткан күнгө чейин 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө Улуттук банкка билдирүү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп төлөөгө же толугу менен төлөөгө укуктуу.  

3.4. Банк кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарга тиешелүү милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткарган шартта, Улуттук банк күрөөлүк камсыздоону 5 (беш) жумуш күнү ичинде бошотуп берет.  

3.5. Эгерде  Банк кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөгө тиешелүү милдеттенмелерин Кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттө аткара албаса, анда Банк милдеттенмелерин аткарбаган учурдан тартып өзүнүн Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздардын, туумдун ордун жабуу үчүн зарыл болгон суммадагы каражатты акцептциз тартипте эсептен алып салууга Улуттук банкка укук берет.  

3.6. Эгерде Банк кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар жана туум боюнча милдеттенмелеринин ордун Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинде акча каражатынын жетишсиздигинен улам төлөй албаса, анда Банк анын кредит боюнча аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун кийинкиге калтыруусуз, камсыздоого сунушталган күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүү аркылуу жабуу боюнча Улуттук банктын укугуна макул болот. Мында Улуттук банк Банкка кредит боюнча өз милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттө аткарбагандыгы жана күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүү жол-жобосу тууралуу кат жүзүндө маалымдайт.  

3.7.  Өндүрүлгөн күрөөнүн эсебинен Банктын кредиттин негизги суммасы жана ага чегерилген пайыздар жана туумдар боюнча Улуттук банк алдындагы карызынын орду жабылууга тийиш.  

3.8.  Улуттук банктын Банкка карата утурлама талаптарын чегерүү аркылуу алынган сумма жетишсиз болгон учурда Улуттук банк жетпеген сумманы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Банктын кайсы болбосун башка мүлкүнөн алууга укуктуу.  

3.9.  Улуттук банктын бардык талаптарын канааттандыруудан кийинки калган сумма Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебине чегерилет.  

 

4. Күрөө 

 

4.1. Банктын ушул Кредиттик келишим боюнча алган кредит боюнча карызынын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды, айыптык төлөм түрүндөгү үстөк айыпты, туумду жана ушул Кредиттик келишим боюнча башка төлөөлөрүн кайтарып берүүгө тиешелүү өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо болуп, Банкка таандык болгон күрөө саналат. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин камсыздоо үчүн Улуттук банкка күрөөгө берилген, Банкка таандык болгон күрөөлүк камсыздоонун белгилүү бир тизмеси Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн, Күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.  

4.2.  Күрөө жөнүндө келишимдерди тариздөө жана аларды ыйгарым укуктуу органдарда каттоо ушул Кредиттик келишимдин 2.2 жана 2.3-пункттарына ылайык, кредит берилген күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат.  

 

5. Тараптардын укуктары жана жоопкерчиликтери 

 

5.1. Банк Убактылуу жобого жана ушул Кредиттик келишимге ылайык кредит милдеттенмелери боюнча толук жоопкерчиликтүү болот.  

5.2.  Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздардын ордун жабуу үчүн ушул Келишим шарттарынан улам келип чыккан кайсы болбосун төлөм толук көлөмдө жана тиешелүү мөөнөттө ишке ашырылбаса, бул карыз төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн катары эсептелет жана ага төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн карыздын суммасынын 0,01% өлчөмүндө туум чегерилет. Туум төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн карыз келип чыккан күндөн тартып, ал толугу менен төлөнүп бүткөнгө чейин ар бир төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн, төлөнбөгөн суммага чегерилет.  

5.4. Улуттук банк Убактылуу жобонун жана ушул Кредиттик келишимдин талаптарын бузууга жол берүүсүнөн улам Банкка келтирилген зыян үчүн жооп бербейт.  

5.5. Банк Улуттук банктын талабы боюнча кредиттин пайдаланылышы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген форматта жана мөөнөттө берүүгө тийиш.  

5.6. Эгерде күрөө ушул Убактылуу жобонун 4.2-пунктунда белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдарда өз убагында таризделбесе жана катталбаса, Улуттук банк Банктын корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептциз тартипте эсептен алып салууга жана берилген кредиттин же анын бөлүгүнүн негизги суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.  

5.7. Эгерде Банк кредитти ушул Кредиттик келишимдин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга колдонгон болсо, Банктын корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептциз тартипте эсептен алып салууга жана берилген кредиттин же анын бөлүгүнүн негизги суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу. 

 

6. Өзгөчө шарттар 

 

6.1.  Ушул Кредиттик келишим Тараптарынын контролдоосуна мүмкүн болбогон жана алардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук жараткан жер титирөө жана башка табигый кырсыктар, мамлекеттик органдардын аракеттери жана чечимдери, согуштук аракеттер жана массалык баш аламандыктарды кошо алганда, өзгөчө жагдайлардын тике же кыйыр түрдө орун алышынан улам, күтүүсүз (форс-мажордук жагдай) жагдайлардын келип чыгышында бул милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү аталган форс-мажордук жагдайлардын орун алышына барабар мөөнөткө, бирок ушул Кредиттик келишимди же көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар орун алгандан кийин аткарылууга тийиш болгон бөлүгүнүн аткарылышына канчалык таасирин тийгизгендигине жараша жылдырылат. 

6.2. Ушул Кредиттик келишим Тараптары 2 (эки) жумуш күнү ичинде Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоол болгон форс-мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана кийин аяктагандыгы тууралуу бири-бирине оозеки же кат жүзүндө дароо билдирүүгө тийиш.  

 

6.3.  Тараптардын биринин ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин форс-мажордук жагдайлардын кесепетинен улам аткара албай калышы, ушул Келишим шарттарын бузган катары каралбайт, мында форс-мажордук жагдайлардын таасирине дуушар болгон Тарап анын кесепеттерин четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө жана мамлекеттик органга тиешелүү акт берүүгө тийиш.  

 

7. Талаш маселелерди чечүү  

 

7.1.  Ушул Кредиттик келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер өз ара алгылыктуу чечим кабыл алуу максатында Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.  

7.2. Жөнгө салууга мүмкүн болбогон талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.  

 

 

8. Башка шарттар 

 

8.1. Ушул Келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Убактылуу жобо аркылуу жөнгө салынат.  

 

8.2.  Кредиттик келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө кошумча келишим түзүү аркылуу киргизилет, ал ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

8.3.   Кредиттик келишим Тараптардын ар бири үчүн 1 (бирден), бирдей юридикалык күчкө ээ, орус тилинде 2 (эки) түп нускада түзүлгөн. 

 

 

9. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары 

 

 

 

УЛУТТУК БАНК: 

  

БАНК: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

  

____________________________ 

 

  

Бишкек ш __________________________ 

Бишкек ш, Чүй пр., 168 

  

Улуттук банктагы кор. эсеби 

  

  

№ _________________ 

  

  

Улуттук банктын БИК № ____________ 

  

  

ИНН № _______________________________ 

  

  

ОКПО № _____________________________ 

кызматы_______________________ 

  

МСИ коду: _____________________________ 

(кол тамгасы) ______________М.О. 

  

Кызматы ____________________________ 

  

  

(кол тамгасы) ______________М.О. 

 

  

 

  

 

 

3-тиркеме 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкында басылып чыгат) 

 

 

МИЛДЕТТЕНМЕ 

_____________________________________________ 

(коммерциялык банктын аталышы

 

 

20__ -ж "___" ____________________  

  

 

Ушул аркылуу____________________________________ (коммерциялык банктын толук аталышы) атынан _________ (көрсөтүлсүн) негизинде иш алып барган __________ (кызмат орду, аты-жөнү) 20___________ жылдын «__» _______ тартып «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин жеңилдетүү максатында коммерциялык банктарга кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жобонун (мындан ары-Убактылуу жобо) алкагында Банктын 2020-жылдын «___» _____ билдирмесинин негизинде талап кылынган кредит боюнча Күрөө жөнүндө келишимдерди тариздөө жана каттоо Убактылуу жободо жана кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырыла тургандыгы тууралуу милдеттенмени өзүнө алат.  

М.О. 

Аты-жөнү, кызмат орду, кол тамгасы