Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 24-мартындагы 

№2020-П-12/15-7-(НПА) токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө  

 

COVID-19 пандемиясынан (мындан ары коронавирус инфекциясы) улам жаралган жагдайга байланыштуу жана республиканын банк жана финансы системаларында туруктуулукту сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68 - беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин төмөнкүлөр токтотулсун: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорунун аракети: 

- 2019 - жылдын 30 - октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобо тууралуу»; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорунун күчүнө кириши: 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин коммерциялык банктар үчүн: 

- 2020-жылдын 1-апрелинен тартып ликвиддүүлүк (К3.1) ченеминин мааниси (көрсөткүчү) 30 пайыздан төмөн эмес деңгээлде белгиленсин; 

- 2020-жылдын 30-мартынан тартып кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк (К3.2) жана дароо ликвиддүүлүк (К3.3) ченемдерин (көрсөткүчтөрүн) сактоо токтотулсун. Ошол эле учурда ликвиддүүлүк (К3.2, К3.3) ченемдери жөнүндө маалыматтар банктар тарабынан Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында жана белгиленген формага ылайык, күнүмдүк негизде жана жума сайын берилет; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун 4.3-пунктунун 6-пунтчасында көрсөтүлгөн кредиттер боюнча кредиттик тобокелдик деңгээли 100 % өлчөмүндө белгиленсин. 

3. Банктар жана банк эмес финансы-кредиттик уюмдар коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү  жагдайынан улам 270 күн жана андан көп күнгө мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыкса, пайыздык кирешелерди чегербөө статусу берилген кредиттер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн эсептелген пайыздык төлөмдөрдүн суммасына 100 пайыз өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүгө тийиш. 

Мында, банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдар өзүнүн ички документтерине ылайык кредит сапатына жана ордун жабуу мөөнөтүнө жараша 270 күн ичинде өздүк негизде кредиттер боюнча эсептелген пайыздар суммасына потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүгө укуктуу.   

4. Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү жагдайынан улам мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан учурда, ошондой эле алардын ишкердик иши аталган жагдайдан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу болгон карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүү жыйынтыгы боюнча банк жана банк эмес финансы-кредит уюму карыз алуучунун акча агымынын жана финансылык абалынын өзгөрүүсүнө байланыштуу кредиттер боюнча классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу.   

Мында, ушул кредиттер боюнча төлөө мониторинги жүргүзүлүп, ал эми башка мониторинг түрлөрүн банктын башка мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өткөрүү зарыл. 

5.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат.   

6. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.   

7. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага  

Т. Абдыгулов