Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 24-мартындагы 

№2020-П-09/15-4-(НПА) токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө   

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 53 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-мартындагы № 10/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-мартындагы № 10/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 24-мартындагы 

№2020-П-09/15-4-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-мартындагы № 10/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктундагы «, чейректин акыркы иш күнүнөн башка,» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-тиркемесинин: 

2.4-пунктундагы «, чейректин акыркы иш күнүнөн башка» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-мартындагы № 10/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобонун: 

- 4-пунктундагы «, чейректин акыркы иш күнүнөн башка,» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-тиркемесинин: 

2.4-пунктундагы «, чейректин акыркы жумуш күнүнөн башка» деген сөздөр алынып салынсын.