Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 23-мартындагы  

№ 2020-П-12/14-1-(БС) токтому 

 

 

 

COVID-19 коронавирусу жайылышына байланыштуу  

Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал киргизүүдө  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын,  

банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштөө тартиби жана алардын ишин жөнгө салуу жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү COVID-19 коронавирусу жайылышынан улам, Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Жугуштуу оорулар эпидемиясына байланыштуу өзгөчө абалдын орун алышы шарттарында калкка массалык жугуу коркунучу келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын ишиндеги тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чаралар, персоналга массалык жугуу коркунучу орун алганга чейин, орун алганда жана/же орун алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын маанилүү бизнес-процесстеринин ишин камсыз кылуу үчүн колдонулган жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылган иш-чаралар топтомун жүзөгө ашыруу ыкмалары бекитилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Гарантиялык фонд» ААКты, кредиттик бюролорду, төлөм уюмдарын, төлөм системаларынын операторлорун, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага                                                                                                Т. Абдыгулов