Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 18-мартындагы 

№2020-П-14/12-2-(ПС)  

токтому  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 18-мартындагы 

№2020-П-14/12-2-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелердин: 

- 1.2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кабыл алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу болгон шартта, акча которууларды алууда/жөнөтүүдө алар нак эмес ыкмада конвертацияланышы мүмкүн.»; 

 

- 1-глава төмөнкү мазмундагы 1.6-1-пункт менен толукталсын: 

«1.6-1. Улуттук банк акча которуу системаларынын банк-катышуучуларынын жана акча которуу системаларынын операторлорунун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салат жана жүзөгө ашырат. 

Улуттук банк акча которуу системалары боюнча ишке ашырылган которуулар жөнүндө маалыматтарды алуу максатында, акча которуу системаларынын банк-катышуучулары жана акча которуу системаларынын операторлору менен өз ара иш алып барууну камсыз кылат, ошондой эле катышуучуларга жана операторлорго акча которуулар боюнча, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча консультацияларды берет.»; 

 

- 3.1-пунктунун: 

он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- акча которуу системаларынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген системанын эрежелери;»; 

жыйырма биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Акча которуулар системасынын оператору 10 (он) календардык күндөн ашпаган мөөнөт ичинде түп нускасын кийин жөнөтүү менен сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди Улуттук банкка электрондук түрдө (сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн) берүүгө тийиш.»; 

 

- 3.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2. Акча которуу системалары боюнча кызматтарды сунуштаган оператор Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырууга тийиш. 

Эгерде оператор Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналса, Кыргыз Республикасынын банктары менен акча которуу системасында катышуу боюнча келишим түзүүдө банктар жана операторлор Кыргыз Республикасынын акча которуулар чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзам талаптарына таянууга тийиш.»; 

 

- 3-глава төмөнкү мазмундагы 3.2-1-пункт менен толукталсын: 

«3.2-1. Улуттук банк эл аралык акча которуу системасынын каттоодон өткөн операторун төмөнкү учурларда жокко чыгарат: 

- резидент эмес оператордун уруксат берүүчү документи, ал түзүлгөн өлкөнүн мындай ишти лицензиялаган/жөнгө салган ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, акча которуу системаларынын ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы/сертификаты/каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынса/жокко чыгарылса; 

- эл аралык акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч кат сунуштаган учурда. 

Улуттук банк эл аралык төлөм системаларынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизет жана эл аралык акча которуу системаларынын операторунун каттоодон өткөндүгү жокко чыгарылгандыгы жөнүндө маалыматты расмий интернет сайтта жайгаштырат.»; 

 

- 4.6-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) акча которуунун жыйынтыгында алуучуга төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасы жана валютасы жөнүндө;»; 

6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) алдамчылыкка баруу тобокелдиктери жөнүндө, анын ичинде квитанциянын көчүрмөсүн берүүгө жана үчүнчү жактарга акча которуунун реквизиттери (контролдук номери, алуучунун аты-жөнү, акча которуунун суммасы) жөнүндө маалымдоого тыюу салуу, өлкөдө которууну берүү шарттары жана которууну алуу пункту жөнүндө, ошондой эле жөнөтүүчү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.»; 

 

- 4.9-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.9. Оператор жана катышуучу ар бир акча которуу операциясы, эгерде бир нече которуу бир файлдар топтомуна бириктирилген учурда, файлдар топтому боюнча тиешелүү эсеп жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууну алган/демилгелеген жөнөтүүчү/алуучу тууралуу маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери), которуу максаты, сан жана жазуу түрүндө которуу суммасы жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын төлөм документтерин сактоо боюнча талаптарына ылайык башка маалыматтарды сактоого тийиш.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) чек ара аркылуу өтүүчү акча каражаттарын которууга тиешелүү жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу бардык маалыматтын өзүндө сакталышын камсыз кылууга (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери);»; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) акча каражаттарын которууга тиешелүү алуучу же жөнөтүүчү жөнүндө маалыматтар камтылбаган, чек ара аркылуу өтүүчү акча которууларды аныктоого, ошондой эле мындай которууларды аткаруу/четке кагуу/токтотуу үчүн тобокелдикти аныктоого багытталган жол-жоболорго ээ болууга.»; 

алтынчы абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 4.11-пунктундагы «он бешинен кечиктирбестен» сөздөрү «5 (бешинен) кечиктирбестен» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 6.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.2. Катышуучу акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматты жана документтерди Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда каралган төлөм документтерин сактоо мөөнөттөрүнө ылайык сактоого милдеттүү.  

Катышуучу акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматты өзүнүн автоматташтырылган банктык системасында сактоого тийиш.»; 

 

- 6.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.6. Оператор Улуттук банктын жана/же катышуучунун талабы боюнча ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, талап түшкөндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөт ичинде талап кылынган акча которуу операциясы, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууну демилгелеген же алган жөнөтүүчү жана/же алуучу тууралуу кеңири маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери), которуу максаты, сан жана жазуу түрүндө которуу суммасы жөнүндө кеңири маалыматтарды, акча каражаттарын жөнөтүүөлөп берүү боюнча бардык тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү (акча каражатын которууну жөнөтүүгө/алууга арыз жана кассалык ордер). 

Оператору акча каражаттары катышуучулардын кассасына түшкөн учурдан тартып аны алуучуга укук чегинде бергенге чейин өзүнүн катышуучуларынын иш-аракеттери үчүн жана акча которуунун аягына чыгышы үчүн жоопкерчилик тартат.». 

 

-  6-глава төмөнкү мазмундагы 6.7-пункт менен толукталсын: 

«6.7. Катышуучу жана оператор ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он бешинен) кечиктирбестен Улуттук банкка акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган бардык операциялар боюнча маалыматтарды 3-тиркемеге ылайык сунуштап турууга тийиш. Маалымат белгиленген мөөнөттө электрондук түрдө берилүүгө тийиш.»; 

 

 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

« 

 

Кыргыз Республикасында  

акча которуулар системаcына 

тиешелүү акча которууларды 

жүзөгө ашыруу  

боюнча эрежелерге карата  

3-тиркеме 

 

№* 

Акча которуу системасынын аталышы 

Которуу түрү (чыккан/кирген) 

Жөнөтүү күнү 

Валютасы 

Суммасы 

Жөнөтүү пункту (акча которуу жөнөтүлүүчү өлкө

Берүү күнү 

Валютасы 

Суммасы 

Берүү пункту 

(акча которуу берилген өлкө

өлкө 

шаар 

 

 

 

өлкө 

шаар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

*отчеттун сабынын катар номери 

».