Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 18-мартындагы 

№2020-П-14/12-3-(ПС) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү  

сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын  

ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобонун  

7-1 жана 62-пунктуларына өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомун, «КG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, ««Альянс» алмашуу бюролору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 18-мартындагы 

№2020-П-14/12-3-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү  

сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктундагы «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын;  

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет: 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды ишке ашыруу; 

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн банктык эсепти ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук капчыктардан пайдаланууга бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу коддорун чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- кардар жөнүндө маалыматтардын коопсуздугу жана купуялуулук шарттары сакталган учурда, обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн чыгарылган коддорду берүү

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн кредиттерди тариздөөгө бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- кредиттердин ордун жабуу; 

- банктык эсепти толуктоо; 

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу; 

- банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү

- бюджетке төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары), анын ичинде мобилдик тиркемелерди жана QR-коддорду пайдалануу аркылуу ишке ашырылган төлөмдөрдү кабыл алуу. 

Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамына ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүнүн түрлөрү боюнча маалыматтарды банкка электрондук формада өткөрүп берүүгө жол берилет».; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет: 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү

- кредиттердин ордун жабуу; 

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу; 

- банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү

- бюджетке төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары), анын ичинде мобилдик тиркемелерди жана QR-коддорду пайдалануу аркылуу ишке ашырылган төлөмдөрдү кабыл алуу.»; 

- 6-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6-1. Банк электрондук акчаны жайылтуу жана орун жабуу үчүн чекене агентти ишке тартууда, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо белгиленген Улуттук банктын талаптарын сактоого тийиш. Ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаган шартта, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»;  

- 7-1-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:  

«- идентификацияланбаган электрондук капчыктардан электрондук акчанын ордун жабуу.»;  

Жобо төмөнкү мазмундагы 9-2-пункт менен толукталсын: 

«9-2. Бланк документти белгилүү бир форма боюнча түзүү үчүн каралган, тиешелүү текст басылган жана банктын аталышы көрсөтүлгөн барак/же электрондук форма (формуляр), анын атайын бөлүнгөн жерлери (банктык эсепти/электрондук капчыктарды ачууга, банктык төлөм карттарын чыгарууга, обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга ж.б.) кол менен толтурулат жана ал кардардын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.»;  

- 12-пунктундагы «Гарантиялык» деген сөз «(камсыздандыруу)» деген сөз менен толукталсын; 

- 20-пунктунун: 

5-пунктчасындагы «коопсуздук» деген сөз «техникалык жактан бекемделиши» деген сөздөр менен толукталсын; 

- пункт төмөнкү мазмундагы 11 жана 12-пунктчалар менен толукталсын:  

«11) эгерде банк кардарды талапка ылайык текшерүү жөнүндө мындай функцияларын чекене кызмат көрсөтүүчү агентке өткөрүп берсе, анда кардарды талапка ылайык текшерүү жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык сактоо тууралуу талаптар; 

12) эгерде банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  

25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык, кардарды талапка ылайык текшерүү жөнүндө мындай функцияларын чекене кызмат көрсөтүүчү агентке өткөрүп берсе, анда кардар жана бенефициар ээси жөнүндө зарыл маалыматты, кардардын жана бенефициар ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле кардарды талапка ылайык текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн берүү мөөнөттөрү

Бул Жобонун 20-пунктунун 11 жана 12-пунктчалары банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүн ишке ашырган агенттерге таркатылбайт.»; 

- 25- пункт төмөнкү мазмундагы 2-1-пунктча менен толукталсын: 

«2-1) «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 6-пунктунда көрсөтүлгөн банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүн көрсөтүүдөн тышкары, кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча талаптар банктар тарабынан сакталган шартта, төмөнкү кошумча кызматтарды көрсөтө алат:  

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн банктык эсепти ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук капчыктардан пайдаланууга бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу коддорун чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу; 

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн кредиттерди тариздөөгө бланктарды берүү жана кабыл алуу.»; 

- 31-пунктундагы «(камдык)» деген сөзү «(камсыздандыруу)» дегенге алмаштырылсын; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Банк анын чекене кызмат көрсөтүүчү агенти тарабынан ишке ашырылган иштер үчүн Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчилик тартат.»; 

- 34-1-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «ишкердик ишти жүзөгө ашырууга патенттин (анын ичинде электрондук) болушун; 

- банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агентти милдеттүү түрдө окутуу жана ага тастыктоочу документтерди (окутуудан өткөндүгү/аяктагандыгы жөнүндө кат/сертификат) берүүнү

- соода-тейлөө ишканаларында агенттер үчүн белгиленген лимиттерге жараша сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнө жана келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге жараша коопсуздукту камсыздоо жана техникалык жактан бекемдөө боюнча тиешелүү чараларды караштырууну; 

- эгерде агент кызмат көрсөтүүлөрдү нак эмес формада гана сунуштаса, техникалык жактан жабдуу жана коопсуздук чараларын көрүү талап кылынбайт.»; 

- 39-пунктундагы «гарантиялык» деген сөз «(камсыздандыруу)» деген сөз менен толукталсын;  

- 46-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«46. Төлөмдөрдү кабыл алуу ыкмалары жана шарттары, аларды өткөрүү мөөнөттөрүн сактоо, ошондой эле төлөөчүнү идентификациялоо жана верификациялоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк менен чекене кызмат көрсөтүүчү агент ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат.»; 

- 59-пунктундагы «операциялар коопсуздугун» деген сөздөрдөн кийин «жана аларды андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн жеке маалыматтарды сунуштоо боюнча купуялуулукту» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 62-пункту төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: 

«8) автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы аркылуу кызмат көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык акча каражаттарын жөнөтүүчү-кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча ички контролдоо жол-жоболорунда/программаларында белгиленген тобокелдикти аныктоого багытталган ыкмага ылайык чара көрүүгө тийиш.»; 

- 64-пунктунун төртүнчү абзацындагы «баркоддорду» деген сөзү «жана/же QR-коддорду» деген сөздөр менен толукталсын.