Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 26-февралындагы 

№ 2020-П-12/8-7-(НПА) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы №67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы №32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмесин, «Ислам финансы ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

  

   

Төрага  

 

Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 26-февралындагы 

№ 2020-П-12/8-7-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун экинчи абзацындагы «Корпоративдик башкаруу боюнча комитет» деген сөздөр «, мындай комитет жок учурда Аудит боюнча комитет» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 19-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Анын негизги милдети, биринчи кезекте, акционерлерден башка кызыкдар тараптардын (кызматкерлер, кардарлар, анын ичинде инвестициялык эсеп ээлери жана башка аманатчылар, сунуштоочулар) кызыкчылыгын коргоо болуп саналган Корпоративдик башкаруу боюнча комитети банкты тескөө саясатынын колдонууга киргизилгендигине жана сакталгандыгына мониторинг жүргүзөт жана баалайт, ошондой эле инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиянын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзөт.»; 

- 23-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 37-пункту «Корпоративдик башкаруу боюнча комитет» деген сөздөрдөн кийин  

«, мындай комитет жок учурда Аудит боюнча комитет» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 46-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Ислам терезесине» ээ, анда ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдердин үлүшү баланстын валютасынын 50% ашпаган банкта Шариат кеңешинин иши, ал ушул жобонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын Шариат кеңешинин түзүлүшү жана иши боюнча бөлүгүнүн талаптарына жооп берген шартта, банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык жөнгө салынышы мүмкүн.»; 

- 47-пунктунун биринчи пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Шариат кеңишинин ишинин уюштурулушун кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин. Мында Шариат кеңешинин катышуусунда отурумдар жыл ичинде кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендиги, ал эми отурумда Шариат кеңешинин 2/3 мүчөсү катышкан учурда, Шариат кеңеши күн тартибинде каралган маселелерди кароо жана чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ экендиги аныкталуусу зарыл;»; 

- 60-пунктунун: 

биринчи пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) банктын башкаруу органынын жана Шариат кеңешинин түзүмү (курамы, квалификациясы, билими жана иш тажрыйбасы, ыйгарым укуктары, милдеттери, тескөөгө алган иш чөйрөсү, иш регламенти жана комитеттерде мүчөлүгү, анын ичинде комитеттин өткөрүлүүчү отурумдарынын саны жөнүндө маалыматты ж.б.);»; 

төмөнкү мазмундагы 7- жана 8-пунктчалар менен толукталсын: 

«7) алардын иштеген мезгил аралыгын көрсөтүү менен акыркы 5 (беш) жыл ичинде Шариат кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жана алмаштыруу жөнүндө маалымат; 

8) Шариат кеңешинин Шариат стандарттарынын сакталышы жөнүндө корутундусу. Бул корутунду банктын финансылык отчеттуулугунун курамында көрсөтүлүшү мүмкүн жана төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: 

- банкка жана анын кардарларына финансылык кесепетин тийгизбеген (жоготуулар) Шариат стандарттары сакталбаган учурлар (жол-жобого тиешелүү кемчиликтер). Мындай маалымат боюнча чечмелөөлөрдө Шариат стандарттары сакталбаган учурларда аларды четтетүү боюнча көрүлгөн иш-чаралар жана мындай жагдайлардын кайталап орун алышына жол берилбеши үчүн контролдук чаралар тууралуу маалымат; 

- андан улам банк жана анын кардарлары финансылык жоготууларга дуушарланган Шариат стандарттары сакталбаган учурлар. Мындай маалымат боюнча чечмелөөлөрдө Шариат стандарттарына ылайык келбеген кирешелер (эгерде бар болсо), Шариат стандарттарына дал келбеген кирешелер жана чыгашалар кандайча чагылдырылгандыгы жөнүндө маалымат жана тиешелүү корректировкалоолор камтылууга тийиш; 

- Шариат стандарттарын сактоо боюнча жоопкерчилиги жөнүндө өтүнүч каты. 

Банкка акыркы 12 ай ичинде банк Шариат стандарттарын сактагандыгы боюнча Шариат кеңеши тарабынан чыгарылган чечимдерди, протоколдорду, ошондой эле ошол кабыл алынган чечимдер, протоколдор боюнча негиздемелерди жана Шариат кеңешинин чечимдерди кабыл алуу процессин чечмелеп берүү сунушталат. Чечимдер, протоколдор жана алардын негиздемелери жалпыга маалым терминдерди пайдалануу менен так, жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жана формада берилүүгө тийиш.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудит боюнча Комитетке карата негизги талаптардын: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Бул негизги талаптар коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарга, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары банктар) таркатылат.»; 

- 6.2-пункттагы «Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин» деген сөздөр «(банкта мындай комитет бар учурда)» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктундагы «коммерциялык банктар,» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктар,» деген сөздөр менен толукталсын. 

- пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

««Ислам терезесине» ээ банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) отчет беришет.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

««Ислам терезесине» ээ банктын финансылык отчету ушул Жобонун 11-главасына ылайык сунушталат.»; 

- 68, 69, 70-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«68. «Ислам терезесине» ээ банктын финансылык отчету ушул Жободо каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык сунушталат. 

69. «Ислам терезесине» ээ банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылган эсепке алуу саясатында банктын «ислам терезеси» боюнча отчетту түзүү тартибине карата талаптар камтылууга тийиш. Мында, банктын эсепке алуу саясаты банктын жана анын «ислам терезесинин» чарба ишинин өзүнчө эсепке алынышын, анын ичинде капиталдын эсепке алынышын жана пайданын жана чыгымдын эсепке алынышын камсыз кылууга тийиш. 

70. «Ислам терезесине» ээ банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) маалыматты банктын финансылык отчетуна карата тиркеме түрүндө түзүүгө жана сунуштоого тийиш, анда төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) «ислам терезесинин» абалы жөнүндө отчет; 

2) «ислам терезесинин» чогуу алгандагы кирешеси жөнүндө отчет; 

3) «ислам терезесинин» акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет; 

4) ушул Жобонун 7-главасына ылайык кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет; 

5) ушул Жобонун 8-главасына ылайык Шариат кеңешинин корутундусу; 

6) ушул Жобонун 9-главасына ылайык эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр.».