Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 27-декабрындагы 

№ 2019-П-12/68-2-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна (кошо тиркелет) өзгөртүүлөр киргизилсин: 

-  2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 29-мартындагы №2019-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

3. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталды эске алуу менен суммардык капиталдын шайкештиги коэффициенти (К2.1) бардык коммерциялык банктар тарабынан 2020-жылдын 1-октябрынан тартып сакталышы белгиленсин. 

4. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 27-декабрындагы 

№ 2019-П-12/68-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча» нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Тобокелдик деңгээли боюнча баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин салмактанып алышына негизденген капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери:   

а) суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.1) 12% кем болбоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К2.1 = (ЧСК / (ЧРА + П * Кор)) *100%, мында: 

ЧСК  

– 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын жана Экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасы катары аныкталган, таза Суммардык капитал.  

ЧРА 

– 

потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган атайын камды кемитүү менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган, баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы. 

П 

– 

белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештик коэффициентине кайтарым сан 8,33 (100%:12%). 

Кор 

– 

операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталдын өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) токтому менен бекитилген, Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.  

 

б) Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.2) 6% кем болбоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.2 = (КПУ / ЧРА) *100%, мында: 

 

КПУ 

– 

Биринчи деңгээлдеги капитал, ушул Нускоонун 3.6-пунктуна ылайык аныкталат. 

 

в) Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.3) 4,5% кем болбоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К2.3 = (БКПУ / ЧРА) *100%, мында 

БКПУ Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) банктардын тобокелдиктерине жана системалуу маанилүүлүгүнө баа берүүлөрдүн негизинде капиталдын шайкештик коэффициентинин минималдуу өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу; 

- 2.3- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Левераж (К2.4) 6% кем болбоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.4 = (КПУ / (СА+ЗО) *100%, мында: 

 

СА 

– 

потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган атайын камдарды жана материалдык эмес активдерди минуска чыгаруу менен банктын суммардык активдери; 

ЗО 

– 

банк алдын ала эскертүүсүз, каалаган убакытта шексиз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ болгон милдеттенмелерди эске албаганда, баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын мааниси ушул Нускоонун 3.10-пунктунун жоболорун эске алуу менен эсептелет.»;  

- 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Банктын финансылык туруктуулугун жана ишинин туруктуулугун сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүн «банк капиталынын кошумча запасын» («капитал буфери» индекси) колдоо жөнүндө талап белгиленет. «Капитал буфери» индекси таза Суммардык капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдерден аныкталат. «Капитал буферинин» индексинин мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.»; 

- 3.9-пунктунун жыйырма алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) инвестор/кредитор банкроттук жана жоюлган учурларды эске албаганда, келечекте пландаштырылган төлөмдөрдү (инструменттин пайыздык кирешесин же негизги суммасын) мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга кандайдыр-бир укукка ээ эмес;»; 

- 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1. Ушул Нускоонун алкагында капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү кредиттик тобокелдикке, башкача айтканда, активдин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү жана кардардын активди толук же жарым-жартылай камсыз кылууга мүмкүн эместиги боюнча тобокелдикке, ошондой эле ушул Нускоонун 2.2-пунктунун  

«а» пунктчасына ылайык суммардык капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөө жагында операциялык тобокелдикке карата жүргүзүлөт.»; 

- 6.1- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.1. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылышы жана аларды эсептөө тууралуу маалымат, банктар тарабынан Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын берилет.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык отчет жөнүндө жобонун: 

- 4.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.9. Жарыяланган финансылык отчеттун көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусу менен нускасы акционерлер жыйыны тарабынан бекитилгенден кийин эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилет.»;  

- 1-тиркеменин: 

22-пункту төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: 

«  

 

И. Банктын тобокелдик-жагдайлары тууралуу маалымат 

Ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

»;  

 

 

- 2-тиркеменин: 

14, 14 Г жана 14 Д бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

14 БӨЛҮК 

ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕРДИН ЖАНА БАНК КАПИТАЛЫНЫН КОШУМЧА ЗАПАСЫН КОЛДОО («КАПИТАЛ БУФЕРИ» ИНДЕКСИ) ТАЛАБЫНЫН САКТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

Экономикалык ченемдердин жана банк капиталынын 

кошумча запасын колдоо («капитал буфери» индекси) талабынын аталышы 

Белгилениши 

Ченемди эсептөөлөр 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген мааниден четтөө 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

К1.1 

СЗ 

----- 

ЧСК 

----- 

  

20% жогору эмес   

  

К1.2 

СЗ 

----- 

ЧСК 

----- 

  

15% жогору эмес   

  

К1.3 

СЗ 

----- 

ЧСК 

----- 

  

30% жогору эмес   

  

К1.4 

СЗ 

----- 

ЧСК 

----- 

  

15% жогору эмес   

  

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми   

К2.1 

ЧСК 

---------------- 

ЧРА+П*Кор 

----- 

  

12% кем эмес   

  

К2.2 

КПУ 

---------- 

ЧРА 

----- 

  

6% кем эмес   

  

К2.3 

БКПУ 

----------  

ЧРА 

----- 

 

4,5% кем эмес   

 

К2.4 

КПУ 

---------- 

СА+ЗО 

----- 

  

6% кем эмес   

 

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)  

К3.1 

ЛА 

----- 

ОБ 

----- 

  

45% кем эмес   

  

Банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери индекси»)   

  

ЧСК 

---------- 

ЧРА 

----- 

  

__% кем эмес   (маанисин көрсөткүлө

 

Чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчү 

ПЛ 

ЛАВ 

------- 

ОБВ 

------ 

 

 

----- 

 

----- 

Эскертүү

П белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештик коэффициентине кайтарым сан - 8,33 (100%:12%) 

Кор операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталдын өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. 

КПУ Биринчи деңгээлдеги капитал  

БКПУ Биринчи деңгээлдеги базалык капитал  

 

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани   

1-жума   

2-жума   

3-жума   

4-жума   

5-жума   

6-жума 

ЛА Ликвиддүү активдер 

  

  

  

  

  

 

  

ОБ Банктын милдеттенмелери 

  

  

  

  

  

 

  

К3 ченеми = ЛА/ОБ 

  

  

  

  

  

 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани 

1-жума 

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

6-жума 

ЛАВ Чет өлкө валютасындагы ликвиддүү активдер  

 

 

 

 

 

 

 

ОБВ Банктын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелери 

 

 

 

 

 

 

 

Көрсөткүч (ПЛ)=(ЛАВ/ОБВ)*100 

 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

 

Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлуучу капиталды эсептөө  

 

1 жыл ичиндеги таза киреше  

… 

2 жыл ичиндеги таза киреше 

… 

3 жыл ичиндеги таза киреше 

… 

б 

15 % 

Кор 

 

 

 

 

  20___жылдын «__» ____ карата абал 

боюнча Мезгил-мезгили менен  

берилүүчү регулятивдик банктык отчет 

 

 

  

 

  

  

  

  

 

 

 

14. Г. КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ЛИКВИДДҮҮЛҮК ЧЕНЕМИНИН (К3.2) САКТАЛЫШЫ ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ЛИКВИДДҮҮЛҮК КӨРСӨТКҮЧҮ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

 

 

 

  

  

  

  

 

 (валюта) 

Күнү  

К3.2 

ПКЛ 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

Жума ичинде орточо 

0,0 

0,0 

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

Жума ичинде орточо 

0,0 

0,0 

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

Жума ичинде орточо 

0,0 

0,0 

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

Жума ичинде орточо 

0,0 

0,0 

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

Жума ичинде орточо 

0,0 

0,0 

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

дд.мм.гггг 

  

  

  

Жума ичинде орточо 

0,0 

0,0 

  

  

  

  

  

 

 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аткаруучу : ___________________________ Кол тамгасы: _________________ 

Аты-жөнү 

  

 

 

14. Д. ДАРОО ЛИКВИДДҮҮЛҮК ЧЕНЕМИНИН (К3.3) САКТАЛЫШЫ ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫНДАГЫ ДАРОО ЛИКВИДДҮҮЛҮК КӨРСӨТКҮЧҮ ЖӨНҮНДӨ КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ  

 

(валюта) 

КҮНҮ  

К 3.3 

ПМЛ 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

01.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

02.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

03.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

04.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

05.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

06.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

07.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

08.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

09.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

10.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

11.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

12.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

13.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

14.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

15.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

16.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

17.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

18.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

19.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

20.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

21.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

22.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

23.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

24.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

25.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

26.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

27.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

28.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

29.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

30.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

31.01. 20___ж. 

  

  

 

 

  

 

 

 

 

Аткаруучу : ___________________________ Кол тамгасы: _________________ 

Аты-жөнү 

»; 

 

 

«Жана башка маалыматтар» деген 18-бөлүк төмөнкү мазмундагы «И» 18-бөлүкчө менен толукталсын: 

«18.И. Банктын тобокелдик-жагдайлары жөнүндө маалымат 

 

№ п/п 

Тобокелдик жагдай катталган/ишке ашырылган/келип чыккан күн 

Тобокелдик-жагдай аныкталган күн 

Тобокелдик-жагдай четтетилген күн 

БО/филиал/ТБ аталышы / №АТМ / тейлөө түйүндөрүнүн/ соода-тейлөө ишканаларынын аталышы 

Кооптуу жагдайлар келип чыккан бизнес-процесс /иштин түрү 

Тобокелдик-жагдайды чагылдыруу 

Тобокелдиктин келип чыгуу себептери 

Орун алган тобокелдик-жагдайдын кесепеттерин четтетүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар 

Операциялык тобокелдикти тескөө ыкмасы жөнүндө чечим кабыл алуу (камсыздандыруу, негиздүү кабыл алуу, төмөндөтүү, баш тартуу) 

Контролдук чаралар/иш-чаралар 

Тобокелдиктер деңгээли (таасири/жоготуулар) 

Эскертүү 

Банк ишине 

аброюна 

финансыга 

Тобокелдик деңгээлинин шкаласы 

Суммасы 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

1. Ички алдамчылык, б.а банк кызматкеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышы же укукка жатпаган аракеттер.  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

2. Тышкы алдамчылык, б.а. банкка бейтарап адамдардын укукка жатпаган аракеттери.  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

3. Ишке кабыл алуу тажрыйбасы, банк, эмгек жана башка мыйзам талаптарын, кызматкерлердин эмгек коопсуздугун жана саламаттыгын коргоо шарттарын бузууга жол берүүлөр.  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

4. Банктын кардарлары жана үчүнчү жактар алдында келишим боюнча милдеттенмелерин бузуусу, банк кардарлары тууралуу маалыматты кыянаттык менен пайдалануусу, операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сапатсыз ишке ашыруу, ишкер жүгүртүү адаттарын сактабашы, монополияга каршы мыйзам талаптарын бузууга жол бериши, кардарларды иликтөө талаптарын сактабашы. 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

5. Банктын материалдык активдерине зыян келтирүү (мисалы, өрттүн, табигый кырсыктардан, терроризм актылары, вандализм ж.б улам).  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

6. Банктын маалымат жана башка системаларынын, жабдууларынын, коммуникацияларынын ишиндеги үзгүлтүктөр же иштен чыгышы.  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

7. Ички процесстердин жана маалымат агымдарынын талапка ылайык уюштурулбашы.  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

8. Башка тобокелдик-жагдайлар. 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

 

 

Аткаруучу: ___________________________ Кол тамгасы: _______________________________________ 

Аты-жөнү». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктар Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) токтому менен бекитилген, «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо белгиленген операциялык тобокелдиктерди тескөө стандарттарын сактоо максатында, ушул Жобого таянуу менен иш алып барышат.»; 

- 3.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.3. Операциялык тобокелдиктин натыйжалуу аныкталышын камсыз кылуу үчүн банк операциялык тобокелдиктин келип чыгышына байланыштуу бардык жагдайлардын эсебин жүргүзүүгө тийиш. Банктын тобокелдик-жагдайлары тууралуу маалымат банк тарабынан Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында Улуттук банкка ай сайын берилет.»; 

- Жобого карата 1-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-главасы төмөнкү мазмундагы 5-1-параграф менен толукталсын: 

 

«§ 5 -1. Чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчүн эсептөө тартиби 

50-1. Тобокелдиктерди тескөө максатында банк чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчүн эсептейт. 

Чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчү Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 14-пунктуна ылайык (мындан ары - «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо) позициясы олуттуу болуп саналган ар бир чет өлкө валютасы боюнча өзүнчө эсептелет.  

Чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчү төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

ПЛ = (ЛАВ / ОБВ) * 100%, мында: 

 

ЛАВ чет өлкө валютасындагы ликвиддүү активдер; 

ОБВ банктын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелери. 

50-2. Банк чет өлкө валютасындагы кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк көрсөткүчүн «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 21-пунктуна ылайык позициясы олуттуу болуп саналган ар бир чет өлкө валютасы боюнча өзүнчө эсептелет.  

Чет өлкө валютасында кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк көрсөткүчү төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

ПКЛ = (ВЛАВ / КОБВ) * 100, мында: 

ВЛАВ чет өлкө валютасындагы жогорку ликвиддүү активдер; 

КОБВ чет өлкө валютасындагы кыска мөөнөттүү милдеттенмелер. 

Эскертүү: эгер ушул валютада туюндурулган милдеттенмелерге чогуу алгандагы милдеттенмелердин кеминде 5% туура келсе, валютанын позициясы банк үчүн «олуттуу» болуп саналат. 

50-3. Банк чет өлкө валютасындагы дароо ликвиддүүлүк көрсөткүчүн «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, позициясы олуттуу болуп саналган ар бир чет өлкө валютасы боюнча өзүнчө эсептейт. 

Чет өлкө валютасындагы дароо ликвиддүүлүк көрсөткүчү төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

ПМЛ = (ВЛАВ / КОБВ) * 100, мында: 

ВЛАВ чет өлкө валютасындагы жогорку ликвиддүү активдер; 

КОБВ - чет өлкө валютасындагы кыска мөөнөттүү милдеттенмелер. 

Эскертүү: эгер ушул валютада туюндурулган милдеттенмелерге чогуу алгандагы милдеттенмелердин кеминде 5% туура келсе, валютанын позициясы банк үчүн «олуттуу» болуп саналат. 

Чет өлкө валютасындагы дароо ликвиддүүлүк көрсөткүчүн эсептөөгө тийиш болгон банктардын тизмеси, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет. Мында Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобонун нормалары эске алынат.   

50-4. Ликвиддүүлүк көрсөткүчүн эсептөө тууралуу маалымат банктар тарабынан Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын берилип турат.»