Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 27-декабрындагы 

№ 2019-П-12/68-3-(НПА) 

токтому 

  

 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө  

аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

2) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин III пункту;  

3) Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин III пункту; 

4) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин I пункту; 

5) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы № 38/14 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;  

6) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы № 3/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому; 

7) Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пункту; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

8) Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомунда:  

- токтомдун 2-пункту; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

9) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пункту; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

10) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 3-пункту; 

11) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 2-пункту; 

12) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

13) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/14 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

14) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

15) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун жетинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 6-пункту; 

16) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-декабрындагы №48/11 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

17) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту; 

18) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-12/34-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун бешинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 4-пункту; 

19) Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-февралындагы № 2018-П-12/7-8-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому; 

20) Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 2019-П-12/11-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунда:  

- токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту; 

21) Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 2019-П-12/20-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунда:  

- токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

22) Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттөө жана таасир этүү чаралары маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун тогузунчу абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 8-пункту; 

23)  Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту; 

24) Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту. 

3. Токтом 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 27-декабрындагы 

№ 2019-П-12/68-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Жобо бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде алар банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонгон атайын терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга, «ислам терезесине» ээ банктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары банктар) таркатылат. 

2. Банктар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө бул жобонун максаты болуп саналат.   

3. Ушул жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан белгиленген максималдуу чектен төмөн жана минималдуу чектен жогору экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунушталат.   

4.  Улуттук банктын алдыга койгон максаттарына жана милдеттеринин аткарылышына жетишүү үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул жободо белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын маанисин өзгөртүшү мүмкүн. 

 

2-глава. Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1) 

5. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү мааниден ашпоого тийиш: 

- банктардан тышкары, карыз алуучулар же байланыштуу карыз алуучулар тобу үчүн (К1.1) 20%; 

- банктар үчүн (К1.3) 30%. 

6. Банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү мааниден ашпоого тийиш: 

- банктардан тышкары, карыз алуучулар же байланыштуу карыз алуучулар тобу үчүн (К1.2) 15%; 

- банктар үчүн (К1.4) 15%. 

7. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 токтому менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоого (мындан ары «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоо) ылайык аныкталат. 

8. Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоонун 6-главасына жана Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 токтому менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар» жөнүндө нускоого ылайык аныкталат. 

 

3-глава. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары (К2) 

9. Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген капиталдын минималдуу өлчөмү:   

1) банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү

2) өздүк (регулятивдик) капиталдын (Биринчи деңгээлдеги капиталдын) минималдуу өлчөмү.  

10. Тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге негизденген капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери: 

- суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.1) 12% кем эмес; 

- Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.2) 6% кем эмес; 

- Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.3) 4,5% кем эмес. 

11. Левераж (К2.4) 6% кем эмес болууга тийиш.   

12. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары жана аларды эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык аныкталат. 

 

4-глава. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3) 

 13. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.1) 45% төмөн болбогон деңгээлде колдоого алынып турууга тийиш.  

14. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К3.1 = (ЛА / ОБ)*100%, мында: 

 

1) ЛА - ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет: 

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валюталарындагы нак акча каражаттар; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсептериндеги жана башка эсептердеги каражаттар, ошондой эле баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;  

- банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар, ошондой эле баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;  

- ордун жабуу мөөнөтү 7 (жети) күндүк банктар аралык депозиттер; 

- мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банк тарабынан чыгарылган башка жогору ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары жогору ликвиддүү баалуу кагаздар). Бул баалуу кагаздар ликвидүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө премияны (дисконтту) жана ишке ашырылбаган пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эске алынат; 

- Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтын өлчөнгөн куймалар; 

- эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер; 

- репо-келишимдер боюнча сатылып алынган, жогору ликвиддүү баалуу кагаздар; 

- Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. 

2) ОБ банктын милдеттенмелери, аларга ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө төмөнкүлөр кирет: 

- келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты эске албаганда (келишим бузулганга чейин колдонууга болбой турган), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары;  

- эгерде келишим шарттарында келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди жокко чыгаруу жана айыптык пайыздык чендерди төлөө зарылчылыгысыз эле, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин кардар тарабынан акча каражаттарын бөлүп толуктоо же бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы; 

- банк тарабынан чыгарылган векселдерди жана башка баалуу кагаздарды кошо алганда, кайсы болбосун башка милдеттенмелер, кайтарым репо-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелер, ошондой эле алар боюнча эсептешүү отчеттук күндөн кийинки 30 (отуз) күн ичинде келип жеткен, баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

Мында, банктын СВОП жана форвард бүтүмдөрү боюнча милдеттенмелери банктын контрагентке карата талаптарын минуска чыгаруу менен милдеттенмелердин таза наркынын негизинде эске алынат. 

- банктын талап боюнча төлөнүүчү металл эсептери жана жакынкы 30 (отуз) күн ичинде аткаруу мөөнөтү менен милдеттенмелери.  

15. Ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө классификацияланган банктар аралык жайгаштыруулар ликвиддүү активдер курамына камтылбайт. 

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобо.  

16. Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган кайсы болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогору ликвиддүү баалуу кагаздар ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат. 

17. Эгерде банк кредитти кайтарып берүү мөөнөтү келип жеткенге чейин күрөө алынбай тургандыгына кепилдик берген зарыл жол-жоболорго жана контролдук системасына ээ болсо, банк тарабынан кабыл алынган жана кардарларга сунуштаган активдер боюнча камсыздоо болуп саналган депозиттер банктын милдеттенмелеринин курамына кирбейт. 

Эгерде банк кредиттин орду күрөө эсебинен толугу менен жабылышы мүмкүн экендигин гарантиялаган зарыл жол-жоболорго жана контролдоо системасына ээ болсо, банктар тарабынан алынган жана банк-контрагентте акча каражаттар жана/же депозит сыяктуу күрөө түрүндө камсыздоого ээ болушкан банктар аралык кредиттер банктын милдеттенмесинин курамына киргизилбейт. 

18. Ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчтү) отчеттук мезгил ичинде (бир айда) орточо жумалык маалыматтардын негизинде сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде банк орточо жумалык ликвиддүү активдердин жана банктын кыска мөөнөттүү милдеттенмелеринин маанисин отчеттук күнгө карата эсептейт (орточо жумалык маанини эсептөөдө жумуш күндөрү гана эсепке алынат). Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелет.  

19. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тоокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш. 

20. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) (К3.2) 35% төмөн болбогон деңгээлде колдоого алуу зарыл. 

21. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К3.2 = (ВЛА / КОБ) * 100, мында: 

 

1) ВЛА жогору ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет: 

а) банктын кассаларындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттар; 

б) Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар, ошондой эле баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;  

в) аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги, ошондой эле баалуу металл түрүндөгү каражаттар; 

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер; 

д) Улуттук банктын ноталары; 

е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 12 ай ичинде келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздар; 

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздардын (ушул пункттун 1-пунктчасынын «е» абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду алдында милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50% ашпаган өлчөмдөгү үлүшү

з) репо-келишимдери боюнча сатылып алынган жогору ликвиддүү баалуу кагаздар; 

и) аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын «в» абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөлдүк киргизилген же жоюу жол-жобосу жүзөгө ашырылып жаткан банктарды кошпогондо, башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттардын 20%; 

к) чет өлкө банкынын филиалы үчүн ушул чет өлкө банкынын башка филиалдарындагы жана ошол мамлекеттин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

л) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. 

2) КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер: 

а) келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты (келишим жокко чыгарылганга чейин алууга мүмкүн болбогон) эске албаганда, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары; 

б) келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишим шарттарында келишимди жокко чыгаруусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин кардардын акча каражаттарын бөлүп толуктоо же бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы; 

в) алар боюнча эсептешүүлөр 7 (жети) күн ичинде келип жетүүчү башка милдеттенмелер, анын ичинде баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

Мында, банктын СВОП жана форвард бүтүмдөрү боюнча милдеттенмелери банктын контрагентке карата талаптарын минуска чыгаруу менен милдеттенмелердин таза наркынын негизинде эске алынат. 

г) ушул пунктчанын «а»  «в» абзацтарында камтылбаган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду алдында милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50%;  

д) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча жана аткаруу мөөнөтү жакынкы 7 (жети) күн ичинде келип жеткен милдеттенмелери. 

22. Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, кандай болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогору ликвиддүү баалуу кагаздар ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат. 

23. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк, иш күндөрүн, эс алуу күндөрүн жана майрам күндөрүн кошо алганда, отчеттук жума (7 (жети) календардык күн) ичинде орточо жумалык маалыматтардын негизинде кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүн) сакталышын камсыз кылууга тийиш. Орточо жумалык маалыматтарды эсептөөдө, операциялык күндүн акырына карата абал боюнча күндөлүк маалыматтар эсепке алынат. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасында эсептелинет.  

24. Дароо ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) (К3.3) алардын депозиттик базасы (юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептери) бүтүндөй банк тутумунун депозиттик базасынын 8% жана андан көбүрөөгүн түзгөн банктар колдоого алып турууга тийиш.  

25. Дароо ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К3.3 = (ВЛА / КОБ)*100%, мында: 

1) ВЛА жогору ликвиддүү активдер:  

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөлдүк чарасы же болбосо жоюу жол-жобосу киргизилген банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20 %;  

- чет өлкө банкынын филиалы үчүн ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан башка филиалдарында жана көрсөтүлгөн мамлекеттердин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган ноталарды эске албаганда, Улуттук банктын ноталары; 

- банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 7 (жети) күндөн кийин келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздар; 

- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда алар кийинки (бир) операциялык күн ичинде төлөнө турган «овернайт» депозиттери.  

2) КОБ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:  

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттары; 

- алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операциялык күн ичинде келип жеткен башка милдеттенмелер, анын ичинде баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

26. Дароо ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк дароо ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) отчеттук операциялык күндүн акырына карата так сактоого тийиш. 

27. Банктын тобокелдикти тескөө саясаты Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3 (НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык кыска мөөнөттүү жана дароо ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө жөнүндө жоболорду камтууга тийиш.  

28. Дароо ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) (К3.3) сактоого тийиш болгон банктардын тизмеси, ошондой эле конкреттүү банк үчүн ченемдин (К3.3) мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет. Мында Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобонун нормалары эске алынат.  

29. (К3.1), (К3.2) жана (К3.3) ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт.  

 

5-глава. Ачык валюта позицияларынын лимити (K4) 

  30. Ачык валюта позияларынын лимити (K4) төмөнкү маанилерден жогору болбоого тийиш: 

- ар бир валюта боюнча узун/кыска ачык валюта баланстык/баланстан тышкаркы позицияларынын лимиттери үчүн (К 4.1) банктын таза суммардык капиталынан 15% жогору эмес;  

- ачык узун валюта позицияларынын суммардык өлчөмү үчүн (К 4.2) - банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес;   

- ачык кыска валюта позицияларынын суммардык өлчөмү үчүн (К 4.3) банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес. 

Баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырган банктар үчүн баалуу металл түрүндөгү ачык позиция лимити (К4) төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш: 

- баалуу металлдын ар бир түрү боюнча узун/кыска ачык валюта баланстык/баланстан тышкаркы позицияларынын лимити үчүн (К4.4) банктын таза суммардык капиталынын 15% жогору эмес; 

- баалуу металлдарда узун ачык позициялардын суммардык өлчөмү үчүн (К4.5) банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес; 

- баалуу металлдарда кыска ачык позициялардын суммардык өлчөмү үчүн (К4.6) - банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес.  

31. Ачык валюта позиция лимиттери Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоого ылайык эсептелинет. 

 

6-глава. Жеке адамдар алдында милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5) 

32. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери жана жеке адамдар алдында башка милдеттенмелер боюнча (К 5.1) тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелинет:   

  

К 5.1 = ЧСК /СДФЛ * 100 %, мында: 

  

ЧСК банктын таза суммардык капиталы;  

СДФЛ векселдерди, сактык (депозит) сертификаттарын, облигацияларды, чектерди ж.б. кошо алганда, жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттеринин жана алар алдында башка милдеттенмелердин суммасы.   

33. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5.2) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

 

К 5.2 = ЧСК / ДВФЛ * 100 %,  мында: 

 

ЧСК банктын таза суммардык капиталы;  

ДВФЛ жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы.   

34. Бул ченемдер, ошондой эле алардын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгилүү бир банк үчүн өзүнчө белгиленет. 

Аталган ченемдер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт. 

35. Банк жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдар алдында башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин (К 5.1) күн сайын, ал эми жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин (К 5.2) отчеттук мезгил (бир ай) ичинде орточо жумалык маалыматтардын негизинде сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде банк жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин орточо жумалык маанисин эсептөөгө тийиш, аларды эсептөөдө иш күндөрү гана эсепке кирет. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелет.  

36. Күн сайын саат 9.00 чейин банктар Улуттук банкка жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы жөнүндө отчетту (К 5.1) 1-тиркемеге ылайык акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча берүүгө тийиш. 

Отчет банк жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталып, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жүзүндө берилет. 

  

7-глава. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

37. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш. 

Эскертүү: Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттөө жана таасир этүү чаралары маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш. 

38. Банк, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун кошо жоопкерчиликтүү топту кредиттөөгө тиешелүү шарттары жана критерийлери сакталган учурда, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги астында берилген кредиттерди бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө ченеминен алып салууга укуктуу.  

39. Эгерде кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү банктын кредит портфелинде 50 жана андан көбүрөөк пайызын түзсө, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган депозиттердин максималдуу көлөмү, банктын кредит портфелинин өлчөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш. 

Мында, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмүнөн кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген, төмөнкү критерийлердин бардыгына жооп берген кредиттер алынып салынат: 

- 150 000 сомдон ашпаган суммага (бир кошо жоопкерчиликтүү топко); 

- 24 айдан ашпаган мөөнөткө

- аннуитеттик төлөө графиги менен; 

- жылдык пайыздык чен 23% ашпаган

 

8-глава. Банк менен байланыштуу болгон жана аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

 40. Аффилирленген жана/же байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин аффилирленген жана байланыштуу жактардын банк алдында чогуу алгандагы карызы катары туюндурулган максималдуу өлчөмү, банктын таза суммардык капиталынын 60% ашпоого тийиш.  

  

9-глава. Ар бир банк эмес уюмга кандай болбосун  

инвестициянын максималдуу өлчөмү 

 41. Кайсы болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, ар бир банк эмес уюмга кайсы болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын өлчөмүнүн 15% төмөн болууга тийиш.   

42. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 60% ашпоого тийиш.  

43. Эгерде банк узак мөөнөттүү инвестициялоо максатында кайсыл болбосун банк эмес уюмдун капиталына анын таза суммардык капиталынын 10 пайызынан ашпаган инвестиция салууну болжолдосо, банк инвестициялоо башталганга чейинки 40 (кырк) календардык күн мурда төмөнкү документтерди/маалыматты кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү

1) инвестициялоо максаттары жана шарттары тууралуу маалымат;  

2) кийинки эки жыл ичиндеги инвестициянын кирешелүүлүгүнүн эсеби;  

3) уюм тууралуу жалпы маалымат (аталышы, жайгашкан жери, уюштуруу-укуктук формасы, ишинин түрү, рынокто кайсы убакыттан бери иштейт, менчик ээлери жана жетекчилер тууралуу маалымат);  

4) банк эмес уюм менен банктын аффилирленген же байланыштуу жактары ортосунда жалпы кызыкчылыктардын болушу жөнүндө маалымат; 

5) банк тарабынан бул уюмга кайсы бир мезгилде берилген кредиттери жана каржылоонун башка түрлөрү жана алардын ордун жабуу жөнүндө маалымат; 

6) уюмдун акыркы эки жыл үчүн финансылык отчету (мүмкүн болсо тышкы аудитор тарабынан тастыкталган). 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн кайсыл болбосун кошумча маалыматты сурап-билүүгө укуктуу. 

44. Улуттук банк, эгерде төмөнкү жагдайлар орун алса, болжолдонуп жаткан инвестициялоо башталганга чейинки 10 (он) күн мурда инвестициялоону убактылуу токтотуу, ошондой эле банк каражаттарды инвестициялагандан кийин кайсы болбосун учурда инвестициялоо ишин токтотуу же аны чектөө тууралуу талабын жөнөтүүгө укуктуу: 

- акыркы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары же болбосо тышкы көзөмөлдүн чегинде алынган маалыматтар боюнча банктын финансылык туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө же болбосо банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына коркунуч бар экендиги аныкталса;   

- инвестициялоо банктык мыйзамдарды, Улуттук банктын жазма буйруктарын же банктын Улуттук банк менен кат жүзүндөгү келишимдерин бузууга жол берүү менен банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылышына байланыштуу жүзөгө ашырылса;  

- банк кайсы бир себептер боюнча бул инвестициялоого мониторинг жүргүзө албаса;  

- Улуттук банкка банк эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын ишкердик аброюнун алгылыксыз экендигин далилдеген фактылар, ошондой эле банк эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын буга чейинки иши кайсы бир юридикалык жактын банкроттукка дуушарланышын же олуттуу финансылык чыгым тартышын шарттаган фактылар белгилүү болсо; 

- банк документтерди/маалыматтарды толук эмес көлөмдө берсе же болбосо такталбаган маалыматтарды берсе.  

45. Банк туунду же караштуу компанияны түзүүдө же сатып алууда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын жана банктын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу тартиби аныкталган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары аткарылууга тийиш. 

 

10-глава. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

46. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш.   

47. Ушул жобонун максаттарында кыймылсыз мүлк дегенден улам, банкка тиешелүү болгон же финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагында турган жана негизги каражат катары пайдаланылып жаткан/пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктү (курулуп жаткандарды/белгиленген кыймылсыз мүлктү кошо алганда) түшүнүүгө болот.  

48. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө бардык кыймылсыз мүлктөр, ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар (операциялык жана/же финансылык ижара келишими боюнча), ошондой эле банктын жайларына ээлик кылышкан ишканалардын акцияларга же облигацияларга кайсы болбосун салымдары же ушул сыяктуу карыздык милдеттенмелери жана ушундай ишканаларга берилген жана/же алардын акциялары менен камсыздалган бардык кредиттер камтылууга тийиш. Көрсөтүлгөн бардык активдер (финансылык ижара келишими боюнча кыймылсыз мүлктү эске албаганда) алардын баланстык наркы боюнча эсептөөгө камтылат. 

Финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагында турган кыймылсыз мүлк финансылык ижара боюнча милдеттенмелердин күндөлүк өлчөмүн алып салуу менен баштапкы нарк боюнча кыймылсыз мүлккө инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө кошулууга тийиш. 

49. Банк кызматкерлердин иштөөсү жана эс алуусу үчүн каралган кыймылсыз мүлккө ээ болушу мүмкүн, мында бул мүлктүн баланстык наркы кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө камтылуусу зарыл.  

50. Кыймылсыз мүлккө кайра баа берүүнүн натыйжасында кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын максималдуу өлчөмү бузууга жол берилген шартта, банк Улуттук банкка кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын өлчөмүн кайра баалоо жүргүзүлгөн учурдан кийинки 12 ай ичинде Улуттук банктын талаптарына ылайык келтире тургандыгы тууралуу милдеттенме-кат жөнөтөт. 

51. Берилген кредиттери боюнча карыздардын ордун жабууга банк тарабынан кабыл алынган мүлк, мыйзам талаптары сакталып жана төмөнкү шарттар аткарылган учурда негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн: 

- мүлктү негизги каражат катары кабыл алуу кыймылсыз мүлккө инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн бузулушуна алып келбесе;  

- бул мүлк банк ишинин максаттары үчүн пайдаланылса; 

- аны пайдалануу мөөнөтү 18 айдан ашпоого тийиш.  

Берилген кредиттер боюнча карыздын ордун жабууга кабыл алынган мүлк анын наркы таза суммардык капиталдын 10% жогору болгон шартта Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде гана негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн.  

 

11-глава. Башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициянын өлчөмү 

52. Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган «А» же «А2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100 % өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

53. Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү анын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.   

  

12-глава. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча талаптар 

54. Банк концентрациялануу тобокелдигин идентификациялоого жана аны тескөөгө тийиш. Концентрациялануу тобокелдиги бул потенциалдуу жоготууларды тартуу мүмкүнчүлүгү, алар банктын финансылык абалын кыйла начарлатып, күндөлүк операциялардын жүргүзүлүшүнө тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн, бул белгилүү бир жактар менен гана иш алып баруудан, инструменттердин, активдердин жана пассивдердин белгилүү бир түрүнө гана артыкчылык берүүдөн, ошондой эле белгилүү бир экономика тармактарында, региондордо жана өлкөлөрдө иш алып баруудан улам келип чыгышы мүмкүн. Концентрациялануу тобокелдиги бул банк тобокелдигинин обочолонбогон түрү эмес, жалпыланган түрү болуп саналат жана ал операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруунун же каржылоонун айрым булактары менен иш алып баруунун натыйжасында өзүндө кредиттик, тармактык, өлкөлүк (регионалдык) банктык тобокелдиктердин элементтерин камтышы мүмкүн.  

55. Банк, концентрациялануу тобокелдигин кошо алганда, тобокелдиктерди тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатында (мындан ары - саясат) төмөнкү маселелер эске алынышы зарыл:  

- жеке кардар (жеке адам же юридикалык жак) менен иш алып барууда, банк өз ара байланыштуу адамдар тобун бир кардар катары кароосу зарыл жана өз ара байланыштуу адамдар тобуна сунушталган банктын активдеринин ар кандай түрлөрүнүн бардык суммасы бириктирилип, бир актив катары каралууга тийиш;   

- акча каражаттарын тартууда банк өз ара байланыштуу адамдар тобун бир кардар катары кароого тийиш (бир гана кардардан каражаттардын тартылышы банк ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн). Банк бул саясатта каржылоо булактарына тиешелүү ишти чагылдырууга, өз ички документтеринде депозиттердин жана милдеттенмелердин (мындан ары депозиттер) башка түрлөрүн кабыл алуу шарттарын белгилөөгө, ири депозиттердин өлчөмүн жана ар түрдүү депозиттер суммаланып, бирдиктүү депозит катары каралууга тийиш болгон критерийлерди аныктоого тийиш;  

- акча каражаттарын экономиканын ар түрдүү тармактарына салууда банк ал тармактардын өз ара байланышын эске алышы зарыл. Банк өз ишин белгилүү бир экономиканын тармактарында, ошондой эле областтарда жана өлкөлөрдө жүргүзүү учурунда тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнө дуушар болот. Экономиканын бул тармактарында, областтарда жана өлкөлөрдө абалдын начарлашы, банктын жайгаштырылган жана тартылган акча каражаттарынын кайтарылбай калышынан жана агылып чыгышынан улам, банкты жоготуу тобокелдигине дуушар кылышы мүмкүн. Мындай чыгымдардын өлчөмү көз каранды болгон негизги критерийлердин бири концентрациялануу тобокелдиги деңгээли саналат;  

- күрөөнүн ар кандай түрлөрүнүн өлчөмү банк тарабынан бааланууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдиги банкта кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун бир түрү топтолгон учурда пайда болот. Мында, кардардын күрөө наркы менен бизнесинин абалы ортосунда эч кандай байланыш болбошу мүмкүн; 

- банк жоготууларга алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктин ар кандай түрлөрүн өзүндө камтыган мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү табуу үчүн ар бир финансылык инструменттерге талдап-иликтөө жүргүзүүгө тийиш; 

- тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнүн өз ара байланышы жана алардын концентрациялануу тобокелдигине таасири банк тарабынан бааланууга тийиш. Тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүндө концентрациялануу тобокелдиги өсүшү ыктымал (мисалы, кардар-импорттоочунун улуттук валютасынын девальвациясы анын кайтарылбай калуу тобокелдигин жана өлкөлүк тобокелдикти, бүтүндөй концентрациялануу тобокелдигин да жогорулатышы мүмкүн); 

- концентрациялануу тобокелдигин тескөөдө, банк өз ишинин диверсификациялоо натыйжалуулугуна баа берүүгө тийиш. 

56. Банктын Директорлор кеңешинде жана Башкармасында банк ишинин бардык түрү боюнча концентрациялануу тобокелдиги тууралуу маалымат болууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин өлчөө системасы, банк ишинин ар кандай түрлөрүнөн келип чыккан концентрациялануу тобокелдигине учуроосун бириктирип туруусу зарыл. Банк кабыл алынган концентрациялануу тобокелдигин аныктоо үчүн кеминде төмөнкү позицияларды өлчөөгө тийиш:  

а) банктын каражаттарынын төмөнкүлөргө салынган өлчөмүн:  

- активдердин белгилүү бир түрлөрүнө;   

- банк менен байланыштуу жана банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга;  

- экономиканын белгилүү бир тармагына;  

- республиканын областына (регионго);  

- өлкөгө.  

б) милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрүнүн өлчөмүн;   

в) күрөөнүн ар кандай түрлөрүнүн өлчөмүн.   

57. Банк концентрациялануу тобокелдигин чектөө системасын белгилөөгө тийиш, мындай система банк үчүн жол берилген концентрациялануу тобокелдигинин чектүү көлөмүн сан түрүндө аныктоого жана ал мезгил-мезгили менен каралып турууга тийиш. Банк тарабынан эң аз дегенде төмөнкү концентрациялануу тобокелдиктерди чектөө белгиленүүсү зарыл: 

- айрым бир финансылык инструменттерде концентрацияланууга байланыштуу чектөөлөр;  

- бардык активдердин суммасынын салыштырма салмагында активдердин белгилүү бир түрлөрү

- бардык пассивдердин суммасынын салыштырма салмагында пассивдердин белгилүү бир түрлөрү

- таза суммардык капиталдын салыштырма салмагында банк менен байланыштуу бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Банк тарабынан белгиленген чектөө маанилери ушул Жободо белгиленген ченемдердин маанилерин бузбоого тийиш; 

- таза суммардык капиталдын салыштырма салмагында банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Банк тарабынан белгиленген чектөө маанилери ушул Жободо белгиленген ченемдердин маанилерин бузбоого тийиш;   

- бардык активдердин салыштырма салмагында бир областка салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер; 

- бардык активдердин салыштырма салмагында бир өлкөгө салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- бардык активдердин салыштырма салмагында бир тармакка салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер; 

- банк тарабынан берилген бардык кредиттердин салыштырма салмагында, банк тарабынан өз кардарларына берилген он эң ири кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер; 

- банк тарабынан берилген бардык кредиттердин салыштырма салмагында, банк тарабынан аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарга берилген он эң ири кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- бардык тартылган депозиттердин салыштырма салмагында жеке адамдардын депозиттери; 

- банктын бардык милдеттенмелеринин суммасынын салыштырма салмагында, банк тарабынан экономиканын бир тармагынан тартылган милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрү

- банктын бардык милдеттенмелеринин суммасынын салыштырма салмагында, банкты каржылоонун он эң ири булактары; 

- бардык күрөөлүк камсыздоолордун суммасынын салыштырма салмагында кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун белгилүү бир түрлөрү

Экономика тармагы, продукциянын бир өңчөй топтомун алууга алып келген (товар же кызмат көрсөтүү) чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишинин түрүнө жараша аныкталат. Банк экономиканын тармактары боюнча концентрациялануу тобокелдигине чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. 

58. Банк, эң аз дегенде ай сайын концентрациялануу тобокелдиги деңгээлинин бардык формаларына өзгөчө көңүл бурууга, учурдагы абалга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана тобокелдикти тескөө боюнча ишти пландаштырууга (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар) милдеттүү жана булар банк жетекчилигинин кароосуна сунушталууга тийиш. Банк жетекчилиги концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен карап чыгуусу зарыл. 

59. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча маалымат, финансылык отчетту, анын ичинде банк тарабынан кабыл алынган концентрациялануу тобокелдиги өлчөмүнүн сандык көрсөткүчтөрүн жарыялоодо жетишээрлик ачык көрсөтүлүүсү зарыл. 

 

13-глава. Экономикалык ченемдердин аткарылышы жана банк капиталынын кошумча запасын колдоо («капитал буфери» индекси) тууралуу отчетту берүү, жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү 

60. Банк бардык экономикалык ченемдерди күндөлүк негизде (ликвиддүүлүк ченемин, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эске албаганда) сактоого тийиш. Ликвиддүүлүктүн жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемдери отчеттук мезгил ичинде (бир ай) сакталат. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми отчеттук мезгил ичинде (бир жума) сакталууга тийиш. 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын банктар тарабынан сакталышы, күндөлүк/жумалык негизде эсептелүүгө тийиш болгон банк капиталынын кошумча запасынын колдоого алынышы («капитал буфери» индекси) кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча бухгалтердик баланстын негизинде текшерилиши мүмкүн.  

61. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул Жобого карата 1-тиркемедеги форма боюнча Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында Улуттук банкка берилет.   

62. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул Жобого карата 2-тиркемедеги форма боюнча кеминде банктын расмий сайтында жана зарылчылыкка жараша республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыяланууга тийиш. 

Бул талап Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды чечмелөөгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын банктарына таркатылбайт. 

63. Отчет ар бир чейрек аяктаган учурдан тартып 30 (отуз) күн ичинде жарыяланууга тийиш.  

64. Банк чейрек сайын жарыялануучу отчеттун пайдалануучуларга кеңири таркатылышын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарын тандайт.  

65. Басылмалардын көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандыгы жөнүндө маалыматтар ал жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

 

14-глава. Корутунду жоболор 

66. Банк тарабынан экономикалык ченемдер жана талаптар сакталбаса, маалыматтар сунушталбаса же болбосо туура эмес жана/же толук эмес маалыматтар сунушталса, ошондой эле экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчетту жарыялоо мөөнөттөрү сакталбаса, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкка карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

1-тиркеме 

  

Экономикалык ченемдердин жана банк капиталынын 

кошумча запасын колдоо («капитал буфери» индекси) талабынын аталышы 

Белгилөө 

Банктын ченемин жана капиталынын кошумча запасын («капитал буфери» индекси) эсептөөлөр 

Банктын ченеминин жана капиталынын кошумча запасынын («капитал буфери» индекси) айкын мааниси 

Банктын ченеминин жана капиталынын кошумча запасынын («капитал буфери» индекси) белгиленген мааниси  

Банктын белгиленген ченеминен жана капиталынын кошумча запасынан («капитал буфери» индекси) четтөө 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

К1.1 

СЗ 

ЧСК 

  

20% жогору эмес 

  

К1.2 

СЗ 

ЧСК 

  

15% жогору эмес  

  

К1.3 

СЗ 

ЧСК 

  

30% жогору эмес 

  

К1.4 

СЗ 

ЧСК 

  

15% жогору эмес 

  

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми  

К2.1 

ЧСК 

ЧРА+П*Кор  

  

12% кем эмес 

  

К2.2 

КПУ 

ЧРА 

  

6% кем эмес 

  

К2.3 

БКПУ 

ЧРА 

 

4,5% кем эмес 

 

К2.4 

КПУ 

СА+ЗО 

  

6% кем эмес  

  

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)  

К3.1 

ЛА 

ОБ  

  

45% кем эмес 

  

Банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери индекси»)  

  

ЧСК 

ЧРА  

  

__% кем эмес (мааниси көрсөтүлсүн) 

 

 

Эскертүү

П белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештик коэффициентине карама-каршы сан 8,33 (100%:12%)  

Кор операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү. Базалык индикативдүү ыкманы колдонуу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык эсептелет. 

КПУ Биринчи деңгээлдеги капитал 

БКПУ - Биринчи деңгээлдеги базалык капитал 

 

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани 

1-жума 

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

6-жума 

ЛА - Ликвиддүү активдер  

  

  

  

  

  

  

 

ОБ Банктын милдеттенмелери  

  

  

  

  

  

  

 

К3.1 ченеми = (ЛА / ОБ)*100% 

  

  

  

  

  

  

 

  

А. Жеке адамдар алдында мөөнөттүү депозиттер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн сакталышы тууралуу күндөлүк отчет (К5.1)   

 

Күнү  

К5.1 

ЧСК 

СДФЛ 

Айкын мааниси 

2007-ж. 1-апрели   

  

  

  

2007-ж. 2-апрели   

  

  

  

2007-ж. 3-апрели   

  

  

  

2007-ж. 4-апрели   

  

  

  

...  

  

  

  

...  

  

  

  

...  

  

  

  

2007-ж. 30-апрели   

  

  

  

  

Б. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы тууралуу отчет (К5.2)   

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума  

2-жума  

3-жума  

4-жума  

5-жума  

ЧСК банктын таза суммардык капиталы  

  

  

  

  

  

  

ДВФЛ жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозити 

  

  

  

  

  

К5.2 = ТСК / ДВФЛ * 100%  

  

  

  

  

  

  

  

В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы тууралуу отчет   

Белгилөө  

Айкын мааниси  

Белгиленген маани  

Айкын мааниси (шарттуу бирдик менен) 

Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

  

ЧСКнын 50% жогору эмес  

 

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялары боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

  

ЧСКнын 60% жогору эмес  

 

Ар бир банк эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

 

Банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 60% жогору эмес  

 

Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

  

Банктын төлөнгөн уставдык капиталынын 100% өлчөмүнөн 

жогору эмес  

 

Башка мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы өлчөмү 

  

ЧСКнын 100% жогору эмес  

 

Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестицияларынын жалпы өлчөмү 

  

ЧСКнын 50% жогору эмес  

 

  

Г. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө отчет (К3.2) 

Күнү 

К3.2 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

күнү, айы, жылы 

  

 

  

күнү, айы, жылы 

  

 

  

күнү, айы, жылы 

  

 

  

... 

  

 

  

Жума ичинде орточо алганда 

 

 

 

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты-жөнү 

___________________ 

___________________ 

 

Д. Дароо ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет (К3.3) 

Күнү 

К3.3 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

20__ ж. 1-октябры 

  

  

  

20__ ж. 2-октябры 

  

  

  

20__ ж. 3-октябры 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

20_ ж. 30-октябры 

  

  

  

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты -жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________ 

 

2-тиркеме  

___________________________ банкы тарабынан 

20___жылдын_____карата абал боюнча  

20__ жылдын ___чейреги үчүн 

экономикалык ченемдердин  

сакталышы тууралуу 

МААЛЫМАТТАР 

 

Экономикалык ченемдердин жана банк капиталынын 

кошумча запасын колдоо («капитал буфери» индекси) талабынын 

аталышы 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Ченемдин айкын мааниси 

Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1) 

20% жогору эмес  

  

Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2)  

15% жогору эмес  

  

Банк менен байланыштуу болбогон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү К1.3)   

30% жогору эмес  

  

Банк менен байланыштуу болгон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4) 

15% жогору эмес  

  

Суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.1) 

12% кем эмес  

  

Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.2) 

6% кем эмес  

  

Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.3) 

4,5% кем эмес 

 

Левераж (К2.4)  

6% кем эмес  

  

Банктын ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.1) 

45% кем эмес  

  

Чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүк көрсөткүчү (ПЛ) 

 

«Узун» ачык валюта позициясынын суммардык өлчөмүн бузууга жол берилген күндөрдүн саны (К4.2)  

20% жогору эмес  

  

«Кыска» ачык валюта позициянын суммардык өлчөмү бузууга жол берилген күндөрдүн саны (К4.3)  

20% жогору эмес  

  

Банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери» индекси) 

__% кем эмес 

(маанисин көрсөткүлө)  

 

Баалуу металлдар түрүндөгү «узун» ачык позициянын суммардык өлчөмү боюнча бузууга жол берилген күндөрдүн саны (К4.5) 

20% жогору эмес 

 

Баалуу металлдар түрүндөгү  

«кыска» ачык позициянын суммардык өлчөмү боюнча бузууга жол берилген күндөрдүн саны (К4.6) 

20% жогору эмес