Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 27-декабрындагы 

№ 2019-П-12/68-1-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартиби (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 27-декабрындагы 

№ 2019-П-12/68-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Банктардын операциялык тобокелдиктеринин  

ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо  

ТАРТИБИ 

 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Тартип, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарды кошо алганда, коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталды эсептөө ыкмасын аныктайт.  

2. Операциялык тобокелдик банктын же анын туундуу компанияларынын операцияларында тышкы жагдайлардан, персоналдын катасынан, алдамчылыктан улам келип чыккан үзгүлтүктөрдүн, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун жана контролго алуу системасынын бузулушунун натыйжасында банк дуушар болгон тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги.  

 

2-глава. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн каралган капиталды базалык индикативдик ыкма боюнча эсептөө 

 

3. Банктар операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн базалык индикативдик ыкма боюнча эсептөөсү зарыл. 

4. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмү банктын суммардык капиталынын шайкештик эсебине кошулат. 

5. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун маалыматтарынын негизинде эсептелинет. 

6. Базалык индикативдик ыкма операциялык тобокелдик деңгээлинин банк ишинин масштабдарына түздөн-түз көз карандылыгын болжолдойт жана банк үчүн тобокелдиктин бирдиктүү индикатору болуп саналган, банктын таза кирешесин колдонууну түшүндүрөт. Мында ички контролдоо жол жоболору да, иштин ар кандай багыты боюнча тобокелдикке дуушарлануусу да эске алынбайт.  

7. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмү акыркы үч жыл ичиндеги орточо жылдык таза кирешени альфа (б) деп белгиленген коэффициентке көбөйтүү жолу менен эсептелинет. 

8. Таза киреше таза пайыздык кирешенин жана таза пайыздык эмес кирешенин суммасы катары аныкталат жана ссудалар боюнча жоготуулардын ордун жабууга каралган камды кармап калууга чейин эсептелинет. Ушул көрсөткүчтү эсептөөдө төмөнкүлөр алынып салынат: 

- банктын баалуу кагаздары менен жүргүзүлгөн кайсыл болбосун операциялардан чыгымдар; 

- бир жолку, кайталанбаган операциялардан киреше; 

- камсыздандыруудан алынган киреше. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн таза пайыздык киреше дегенден улам, жайгаштыруу (каржылоо) операциялары боюнча алынган кирешелерден тартуу операциялары боюнча дуушар болгон чыгашаларды алып салуу менен эсептелген кирешени түшүнүүгө болот. 

9. Таза пайыздык эмес киреше бардык пайыздык эмес кирешелерден бардык пайыздык эмес чыгашаларды алып салуу жолу менен эсептелинет. Пайыздык эмес таза кирешени эсептөөдө операциялык жана/же административдик чыгашалар кошулбайт.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын пайыздык эмес кирешелери/чыгашалары дегенден улам, жайгаштыруу/тартуу операцияларынан айырмаланган операциялар боюнча алынган/дуушар болгон кирешелерди/чыгашаларды түшүнүүгө болот. Пайыздык эмес таза кирешени эсептөөдө операциялык жана/же административдик чыгашалар, ошондой эле ижара/ижара мунтахия биттамлик келишимдери боюнча амортизациялык чыгашалар кошулбайт. 

10. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

 

КОР = [(ЧД1…n x б)]/n, 

мында: 

КОР базалык индикативдик ыкма алкагында операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү

ЧД өткөн үч жыл үчүн алынган ар жылдык алгылыктуу таза киреше; 

n өткөн үч жылдын ичинен таза киреше алгылыктуу болгон жылдардын саны; 

б = 15%, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети тарабынан белгиленген камга коюу коэффициенти. 

Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө мисалдары ушул тартиптин 1-тиркемесинде келтирилген.  

11. Ар жылдык таза киреше терс же нөл болгон кайсыл болбосун жыл үчүн көрсөткүчтөр орто маанини эсептөөдө алымдан алынып салынат, ал эми бөлүүчүдөн банк чыгым тарткан жылдардын саны алынат.  

12. Банктар операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн жылдын жыйынтыгы боюнча жылына кеминде бир жолу кайра карап чыгууга жана операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн алдын ала эсептөөнү жана кайра каралган капитал өлчөмүн эске алуу менен суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициентин (К2.1) отчеттук жылдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, банктын Директорлор кеңешине жана Улуттук банкка берип туруулары тийиш. 

Жылдын жыйынтыгы боюнча кайра каралган, операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн эсептөө банктар тарабынан отчеттук жылдан кийинки жылдын апрель айынан тартып Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында берилүүгө тийиш.  

13. Директорлор кеңеши банктын операциялык тобокелдиктерин үзгүлтүксүз, талаптагыдай жана натыйжалуу тескөө максатында, банктын операциялык тобокелдиктерин тескөө боюнча саясатын ишке ашыруу процессине түздөн-түз контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү

 

3-глава. Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөө 

 

14. Банктардын капиталынын шайкештик коэффициентин эсептөө Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген Коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого жана Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык жүргүзүлөт.  

Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эске алуу менен коммерциялык банктардын капиталынын шайкештик коэффициентин эсептөө мисалы ушул тартиптин 2-тиркемесинде келтирилген.  

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктардын операциялык тобокелдиктеринин 

ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал 

деңгээлин аныктоо тартибине карата 

1-тиркеме 

 

 

Базалык индикативдик ыкманы колдонуу менен операциялык  

тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды  

ЭСЕПТӨӨ 

 

 

1-мисал. 

Банктын 2016, 2017 жана 2018-жылдар үчүн таза кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 3 664 миң сомду, 3 574 миң сомду жана 8 616 миң сомду түзгөн. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн эсептөө төмөнкүчө келтирилген: 

 

К ОР = ((3 664 + 3 574 + 8 616) * 15%) / 3 = 792,7 миң сом 

 

Ошентип, банк тарабынан банктын операциялык тобокелдигинин ордун жабуусу үчүн 792,7 миң сом суммасында капитал каралуусу зарыл.  

 

2-мисал. 

Банктын таза кирешеси 2016-жылы 8 297 миң сомду, 2017-жылы 3 451 миң сомду түзсө, ал эми 2018-жылы банк чыгымдары 0,2 миң сом чегинде катталган. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал өлчөмүн эсептөө төмөнкүчө келтирилген: 

 

К ОР = ((8 297 + 3 451) * 15%) / 2 = 881,1 миң сом 

 

Мисалдан көрүнүп тургандай, капиталды эсептөөгө Тартиптин 11-пунктуна ылайык 2018-жыл үчүн көрсөткүч кошулган эмес. 

 

 

Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон 

капитал деңгээлин аныктоо 

тартибине карата 2-тиркеме  

 

 

Коммерциялык банктын капиталынын шайкештик коэффициентин  

ЭСЕПТӨӨ 

 

 

 

 

Мисал: 

Банктын таза суммардык капиталы 2500 миң сомду түзгөн. Тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган бардык активдердин суммасы 10 000 миң сом чегинде катталган. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү 792,7 миң сомду түзгөн (базалык индикативдик ыкма боюнча эсептелген). Шайкештик коэффициентин эсептөө төмөнкүчө келтирилет:  

 

2 500 

К2.1 =  ____________________ *100 =15,1 

10 000 + 8.33 * 792,7 

 

Ошентип, операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эске алуу менен эсептелген капиталдын шайкештик коэффициенти 15,1% түзгөн.