Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы
№2019-П-13/62-1-(НПА) 

токтому  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интренет сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу А. Тезекбаева  

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы  

№2019-П-13/62-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоонун: 

- «Жалпы жоболор» преамбуласынын биринчи абзацындагы «финансы-кредит уюмдарынан» сөздөрү «, ошондой эле эл аралык-финансы уюмдарынан» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.3-пунктунун экинчи абзацындагы «мекемелеринин» деген сөзү алынып салынсын; 

- 1.8-пунктунун экинчи абзацындагы «коммерциялык» жана «жана башка кардарларды» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2.6-пунктундагы «коммерциялык» деген сөзү алынып салынсын; 

- 2.8.2-пунктунун бешинчи абзацындагы «коммерциялык» деген сөзү алынып салынсын; 

-3.1-пунктунун экинчи абзацындагы «- коммерциялык банктардын башкы мекемелери» деген сөздөрү алынып салынсын; 

- 3.4-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү «коммерциялык» деген сөзү алынып салынсын; 

- 3.6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктардын материалдык-жооптуу адамдары инкассаторлордон баалуулуктарды тизмекте (опись) көрсөтүлгөн банкноттордун жана монеталардын саны, суммасы жана наркы боюнча кабыл алат»; 

- 3.7-пунктундагы «коммерциялык» деген сөзү алынып салынсын; 

- 3.8-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктар Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгына операциялык кассаларды нак акчалар менен толуктоого билдирмени, акча которуучу күндөн мурунку күнү саат 16.00гө чейин банктын корреспонденттик эсебинен толуктоо суммасын алып салууга төлөм тапшырмасы менен чогуу бир мезгилде беришет».