Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы №2019-П-14/62-5-(ПС) 

токтому  

 

 

 

Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен  

төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелери (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы», «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелерин, «Банктар аралык процессинг борбоору» ЖАКты жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Төраганын милдетин аткаруучу А. Тезекбаева  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы  

№2019-П-14/62-5-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код)  

колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү  

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүүнүн ушул эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин жана төлөм шилтемелерин (мындан ары QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү жана которууларды (мындан ары-төлөмдөр), ошондой эле алар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин белгилейт. 

2. Ушул Эрежелер төлөөчүлөргө бирдиктүү төлөм системасын сунуштоо үчүн төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн жана ар башка төлөм системаларынын система аралык интеграцияланышы мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн, штрихкоддорду (QR-коддорду) стандартташтыруу максатында иштелип чыккан. 

3. Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн  

QR-коддорду колдонушкан, Улуттук банктын лицензиясына ээ төлөм системаларынын бардык катышуучуларына таркатылат. 

4. Эрежелер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамдарына жана төлөм системалары боюнча башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Эки өлчөмдүү штрих-код белгилеринин КМС 1348:2019 улуттук стандарты (мындан ары улуттук стандарт), ошондой эле төлөм системалары үчүн EMV QR-кодунун (EMV QRCPS Merchant-Presented Mode), 2017-жылдын июль айындагы 1.0 версиясы, NEQ эл аралык стандартына (мындан ары эл аралык стандарт) ылайык иштелип чыккан. 

5. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар 4-пунктта көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларда жана документтерде келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.  

Эрежелерде буга кошумча төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

QR-код төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгиси. 

Төлөм шилтемеси төлөм маалыматтарын берүү үчүн белгилердин текст түрүндө топтому. 

Төлөм маалыматтары төлөм тууралуу толук маалыматтарды чагылдырган, белгилер топтому. 

Өз ара иш алып баруу оператору ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ, төлөм системасынын катышуучулары менен техникалык өз ара иш алып барууну жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн клиринг файлдарынын түзүлүшүн камсыз кылган төлөм системасынын оператору. 

QR-коддорду түзүү системасы төлөмдөрдү өткөрүү жана андан ары эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтарды даярдоодо QR-коддорду түзүү үчүн автоматташтырылган маалымат системасы.  

6. Төлөм системаларынын катышуучулары QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өз алдынча же ушул Эрежелердин талаптарына ылайык өз ара иш алып баруу оператору/операторлору аркылуу өткөрө алышат. 

7. Өз ара иш алып баруу операторлору төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүшүн камсыз кылуу үчүн өз ара интеграцияланууга жана иш алып барууга тийиш. Мында өз ара иш алып баруунун жаңы операторлору алар Улуттук банктын өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрине кирген күндөн тартып үч ай ичинде башка өз ара иш алып баруу операторлору менен интеграцияны камсыз кылууга тийиш 

8. Төлөм системасынын катышуучусу төлөмдөрдү QR-кодду колдонуу менен өз алдынча, өз ара иш алып баруу операторуна туташуусуз өткөргөн учурда, QR-кодду колдонуу төлөм системаларынын катышуучусунун өзүнүн операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат, мында QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн камсыз кылууга жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүүсүнө төлөм системаларынын катышуучусу жооптуу болот

9. Төлөмдөр өз ара иш алып баруу операторунун/операторлорунун катышуусунда QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн учурда, QR-код төлөм системасынын катышуучусу туташкан өз ара иш алып баруу операторунун операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык колдонулат.  

10. Эгерде төлөм төлөөчүдөн алуучунун пайдасына бир өз ара иш алып баруу операторунун алкагында өтсө, анда QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн камсыз кылууга жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүүсүнө келишимге ылайык өз ара иш алып баруу оператору жана төлөм системасынын катышуучусу жооптуу болот.  

11. Эгерде төлөм төлөөчүдөн алуучуга чейин бир нече өз ара иш алып баруу операторлору аркылуу өтсө, анда QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн камсыз кылууга жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүүсүнө келишимге ылайык төлөм системасынын катышуучусу жана төлөөчүнүн төлөм системасынын катышуучусу туташкан, өз ара иш алып баруу оператору жооптуу болот.  

2глава. Өз ара иш алып баруу оператору  

 

12. Өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга

ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтыкабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (процессинг, клиринг) ишин кеминде 2 жылдан бери жүзөгө ашыруусу

- акыркы 12 ай ичинде ага карата Улуттук банк тарабынан эч кандай таасир этүү чаралары (айыптар, төлөмдөрдү кабыл алууга чектөөлөр жана/же лицезиянын аклагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайтарып алуу түрүндө) көрүлбөгөн болууга; 

- QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн жана клиринг файлдарды өз убагында түзүүсүн камсыз кылуу; 

өз ара иш алып баруу операторунун системасы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын операторлор системасына, анын ичинде «Элкарт» төлөм карты аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу/өткөрүү үчүн анын мобилдик төлөм инструменттерине туташууга тийиш. 

13. Төлөм системасынын оператору тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан өз ара иш алып баруу операторунун функцияларын жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул Эреженин 12-пунктунун талаптарына шайкеш келээри жөнүндө чек-баракчаны кошо тиркөө менен милдеттүү түрдө кат жүзүндө Улуттук банкка билдирет. 

14. Улуттук банк төлөм системасынын операторунан кат жүзүндө билдирүү алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде өз ара иш алып баруу операторуна каттоо номерин ыйгарып, маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагындагы өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрине киргизет.  

15. Өз ара иш алып баруу операторунун ушул Эреженин 12-пунктунун талаптарына туура келбегендиги аныкталган учурда, аталган өз ара иш алып баруу оператору Кыргыз Республикасынын аймагындагы өз ара иш алып баруу операторлорунун реестринен чыгарылат жана ага карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

16. Өз ара иш алып баруу оператору QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн өздүк операциялык эрежелерин (мындан ары операциялык эрежелер) жана Улуттук стандарттын, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен техникалык регламентти иштеп чыгат.  

17. Ар башка төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясы ишке ашырылган учурда, төлөм системаларынын катышуучулары өз ара иш алып баруу оператору менен QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү боюнча келишим түзүшөт.  

18. Өз ара иш алып баруу оператору менен төлөм системасынын катышуучусунун ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкү милдеттүү шарттар камтылууга тийиш: 

- QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүүдө коопсуздукту сактоо боюнча негизги талаптар (ПИН-кодду колдонуу, лимиттер); 

- тараптардын ишинин токтоп калышына (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б) байланыштуу жагдайлар, система менен иштөөдө штаттан тышкаркы жагдайлар, ошондой эле форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда тараптардын милдеттенмелерди аткаруу боюнча жоопкерчилиги;  

- системага кирүү укугун жана милдеттерди бөлүштүрүү

- доо иштерин жүргүзүүдө, системада иштөө учурунда тараптардын жоопкерчилиги; 

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү

- коопсуздук жол-жобосу же келишимдин башка шарттары бузулган учурда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү

- Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелердин талаптарын сактоо; 

- төлөм системасынын катышуучусунун өз ара иш алып баруу операторунун эрежелерине кошулуусу; 

- талаш маселелерди кароо тартиби; 

- келишимди бузуу тартиби. 

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. 

19. Өз ара иш алып баруу оператору менен төлөм системасынын катышуучусу өткөрүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматтын купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү

20. Өз ара иш алып баруу оператору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык маалымат агымынын багытына жана сакталышына жооп берет.  

21. Төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда маалымат алмашуу иши өз ара иш алып баруу операторунун операциялык эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. 

 

3-глава. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү  

өткөрүү процессинин негизги этабы 

 

22. Төлөм системасынын катышуучусун өз ара иш алып баруу операторуна туташтыруу, оператордун операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.  

23. Өз ара иш алып баруу операторлорунун бири-бирине туташуусу, алардын өз ара иш алып баруусу жана интеграциялануусу алардын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.  

24. Кандай гана туташтыруу болбосун, QR-коддун жана төлөм шилтемесинин колдонулушу Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата тиркеменин талаптарына толугу менен ылайык келиши зарыл. 

25. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төмөнкүдөй ырааттуу иш-аракеттер аткарылат: 

1) QR-коддорду түзүү системасы аркылуу төлөмдү алуучу тарабында QR-кодду түзүүлөт; 

2) төлөөчү техникалык жабдуулар (смартфон же башкалар) аркылуу түзүлгөн  

QR-кодду сканерден өткөрөт/төлөм шилтемеси боюнча өткөрөт; 

3) төлөөчү төлөм системаларынын катышуучусу тарабынан автоматтык түрдө сунушталган, төлөм реквизиттерин карап чыгат; 

4) төлөөчү зарылчылыкка жараша төлөм суммасын же реквизиттерин көрсөтөт;  

5) төлөөчү төлөмдү аткарууга жиберүү менен аны тастыктайт;  

6) төлөөчү жана төлөмдү алуучу төлөмдүн өткөрүлгөндүгүн тастыктаган онлайн билдирүү алышат; 

7) өз ара иш алып баруу оператору, эгерде ага төлөм системаларынын катышуучусу туташтырылса, QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын күндөлүк негизде өз убагында түзүлүшүн камсыз кылат

26. Төлөм системаларынын катышуучулары төлөөчүнүн жана төлөмдү акыркы алуучунун техникалык жабдууларына (смартфон же башка) төлөм өткөрүлгөндүгүн тастыктаган онлайн билдирүү жөнөтүлүшүн камсыз кылуулары тийиш. Эгерде төлөмдү акыркы алуучуда техникалык жабдуу жок болсо, төлөм системасынын катышуучусу төлөм өткөрүлгөндүгү тууралуу тастыктоону алуу үчүн интерфейс (тиркеме, сайт, чатбот же электрондук почта) сунуштоосу зарыл.  

27. Өз ара иш алып баруу оператору төлөм жөнүндө маалыматтык онлайн-билдирүүнү QR-кодду түзүү системасына багытталышын камсыз кылууга тийиш. Ал эми QR-кодду түзүү системасы өз кезегинде, төлөм жөнүндө маалыматтык онлайн-билдирүүнүн төлөмдүн акыркы алуучусуна багытталышын камсыз кылууга тийиш. 

28. QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү төлөм системасынын катышуучусу же өз ара иш алып баруу оператору тарабынан, эгерде ага төлөм системасынын катышуучусу туташкан болсо, өз операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылынууга тийиш. 

4-глава. Төлөм системаларынын катышуучусунун идентификаторлору 

29. «32» тилкенин ичиндеги «00» идентификатору ар бир QR-коддо төлөмдү өткөрүү үчүн катышууга тийиш. Бул идентификаторлор төлөм системаларынын катышуучусун идентификациялоо жана андан ары QR-кодду түзүүнүн акыркы системасына чейин багыттоо үчүн колдонулат

30. Техникалык өз ара иш алып баруу өз ара иш алып баруу операторлорунун ортосунда бекитилген, тиешелүү протоколго ылайык жүзөгө ашырылат. 

31. Өз ара иш алып баруу оператору өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттүү тилкелерди (төлөм процессинде динамикалык сыяктуу эле, системага катышуучуну киргизген учурда статикалык да), ошондой эле кошумча тилкелерди төмөнкүлөрдү салыштырып текшерүү үчүн берилишин уюштуруусу зарыл: 

- жөнөтүүчүнүн банктык идентификациялык кодун; 

- жөнөтүүчүнүн эсептешүү эсебин; 

- алуучунун банктык идентификациялык кодун; 

- алуучунун эсептешүү эсебин; 

- кошумча тилкелерди. 

 

5-глава. Төлөмдөрдү QR-кодду колдонуу менен өткөрүү процессинин катышуучуларына карата талаптар  

 

32. Төлөм системасынын катышуучусу QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана төлөө үчүн QR-кодду сканерден өткөрүү жана төлөм шилтемеси боюнча өткөрүү, өткөрүлгөн төлөмдөр тууралуу билдирүүлөрдү алуу, ошондой эле QR-кодду түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

33. Төлөм системасынын катышуучусу QR-коддон окулган төлөм маалыматынын иштелип чыгышын жана анын андан ары өз ара иш алып баруу операторуна же төлөмдү алуучуга багытталышын камсыз кылуусу зарыл. Төлөмдөн баш тартылган учурда акча каражаттарын төлөөчүгө келишимдин же ачык оферта шарттарына ылайык кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.  

34. Төлөм системаларынын катышуучулары өз маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштешин жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди же жол-жоболорду иштеп чыгуусу зарыл. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

  

6-глава. Корутунду жоболор 

 

35. Төлөм системаларынын катышуучулары келишим шарттарынын аткарылышын, операциялардын ишке ашырылышынын коопсуздугун жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринин сакталышын контролдоого тийиш.  

36. Төлөм системаларынын катышуучулары тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөргө мониторинг жүргүзүп, ошондой эле ушундай төлөмдөр боюнча жаңыыштык менен ишке ашырылган же укукка жатпаган операцияларды токтотуу жана/же жол бербөө үчүн иш-чараларды жүзөгө ашыруулары зарыл. 

37. Төлөм системасынын катышуучулары ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана жоопкерчиликтер, регламентте жана операциялык эрежелерде сүйлөшүлүүгө жана келишимдердеги системанын катышуучулары ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.  

38. Банктык төлөм карттардын жана/же электрондук акчанын, ошондой эле аралыктан банктык тейлөөнүн алкагында QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн өткөрүлүшү Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелердин талаптарына дал келүүсү зарыл. 

Тиркеме 

Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү өткөрүү  

эрежелерине карата тиркеме  

 

Берилүүчү маалыматтардын  

ТҮЗҮМҮ 

 

Стандарттын иерархиясы эл аралык сыяктуу эле, жергиликтүү төлөм системаларын да стандартташтырууга жана алардын операциялык шайкештигин камсыз кылууга өбөлгө түзөт. 

Ушул спецификациянын алкагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн колдонулган QR-код төлөм шилтемесин камтыйт, ал URI (Uniform Resource Identifier (ресурстун унификацияланган идентификатору)) дегенди түшүндүрөт жана төмөнкүдөй түрлөрү бар:  

схема:// провайдердин _төлөмдөрдүн _ хосту #фрагмент, мында:  

- схеманын мурдагыдай эле аталышы https камтыйт; 

- төлөмдөрдүн провайдеринин хостунун аталышы pay.payqr.kg өлөмдөрдүн  

провайдеринин хостунун аталышы ар кандай болушу мүмкүн) камтыйт, бирок бардык катышуучулар тарабынан бирдиктүү колдоо көрсөтүү үчүн бекитилген бир доменди колдонуу зарыл; 

- фрагмент төлөмдүн толук маалыматын камтыйт.

 

Төлөм QR-кодунун өзгөчөлүгү  

 

Киришүү 

Төлөм QR-кодунун өзгөчөлүгү төлөм кызмат көрсөтүүлөр рынокто QR-код боюнча төлөмдөрдү өткөрүү чечимдеринин операциялык жактан жана өз ара шайкештигин камсыз кылуу максатында төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда өз ара алмашууну стандартташтырууга багытталган.  

Мында негиз катары «EMV QR Code Specification for Payment Systems Merchant-Present Mode Requirements» QR-кодунун стандарты алынган. 

 

Кыскартуулар жана белгилөөлөр 

QR код  

(англ. Quick Response Code  ыкчам чара көрүү коду) ал байланышкан объект тууралуу маалыматты камтыган, машина аркылуу окулуучу оптикалык белги 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жана/же сунуштоочу  

сатып өткөрүлгөн товарлар, аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардардын акча каражаттарын алуучу юридикалык адам же жеке ишкер  

Маалымат системасы же МС 

кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун төлөмдөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу жана эсепке алуу үчүн автоматташтырылган системасы  

Төлөм шлюзу 

акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына төлөмдөрдү өткөрүү үчүн аппараттык-программалык комплекс (түзүлгөн келишимдердин алкагында) 

 

Иштин принцибин чагылдыруу 

Ушул өзгөчөлүктүн алкагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн колдонулган QR-код төлөм шилтемесин камтыйт, ал URI дегенди түшүндүрөт жана төмөнкүдөй түрлөрү бар:  

схема://төлөмдөр провайдеринин _ хосту #фрагмент, мында:  

- схеманын мурдагыдай эле аталышы https камтыйт (схеманын аталышы ар кандай болушу мүмкүн); 

- төлөмдөр провайдеринин хостунун аталышы pay.payqr.kg (төлөмдөр провайдеринин хостунун аталышы ар кандай болушу мүмкүн) камтыйт; 

- фрагмент төлөмдүн толук маалыматын камтыйт. 

 

URI фрагментинин  

маалыматтарынын төлөм боюнча толук маалыматтын түзүмү 

Төлөм боюнча толук маалымат объекттердин ырааттуулугу түрүндө түзүлгөн. Объектте идентификатор (ID), узундук жана маалыматтар камтылган: 

- ID “00”дөн “99”га чейинки диапазондо эки сандан турган код менен белгиленген;  

- узундугу да «01»ден «99»га чейинки диапазондо эки сандан турган код менен белгиленген; 

- маалыматтар символдордун ырааттуулугу менен сунушталган, минималдуу ырааттуулук бир символго, максималдуусу 99 символго барабар.  

Төлөмдүн толук маалыматы тарам сыяктуу түзүмгө ээ. Башынан тартып маалыматтар жөнөкөй объекттерди (элементтерди) же шаблондорду камтышы, ал эми шаблондор өзүнө башка шаблондорду же жөнөкөй объекттерди камтышы мүмкүн. 

Мисалы: 

- баштапкы объект; 

- жөнөкөй объект;  

- шаблон; 

- жөнөкөй объект; 

- шаблон. 

 

Объекттер 

Төлөмдүн толук маалыматында милдеттүү түрдө камтылууга тийиш болгон объекттер «М» символу менен белгиленген, эгерде коддо объекттин бар болушу кээ бир шарттардан көз каранды болсо, мындай объекттер «С» символу менен, ал эми бардык милдеттүү эмес объекттер «O» символу менен белгиленген.  

 

ID идентификатору 

Идентификаторго «00»дөн «99»га чейинки диапазондо эки сан менен код коюлат.  

 

Узундугу 

«01»ден «99»га чейинки диапазондо эки сан менен берилип, маалыматтар тилкесинин узундугуна барабар болууга тийиш.  

 

Маалыматтар 

Маалыматтар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:  

- сан түрүндө (N);  

- символдордун чектелген топтому менен алфавит-сан түрүндө (ans); 

- сап түрүндө (S).  

Сан түрүндө маалыматтар символдордун чектелген топтому менен алфавит-сан түрүндө, ал эми алфавит-сан түрүндө символдор көптөгөн сап түрүндө берилет.  

 

Маалыматтарды уюштуруу 

Төлөмдүн толук маалыматын түзүү үчүн маалыматтар «00» идентификатору менен баштапкы элементтен башталууга жана «63» идентификаторундагы элемент менен бүтүүгө тийиш. 

 

Колдонулган символдор 

Эгерде, фрагментте ASCII кодировкасынын чегинен чыккан символдор колдонулса, атап айтканда:  

«:», «/», «?», «#», «[«, »]», «@», «!», «$», «&», "'", " ", «(«, »)», «*», «+», ",", ";", «=», ALPHA, DIGIT, HEXDIG, «-», «.», «_», «~», мында:  

- ALPHA ASCII кодировкасынын жогорку жана төмөнкү регистрлеринин кайсы болбосун тамгасы (regExp [A-Za-z]); 

- DIGIT кайсы болбосун сан (regExp [0-9]); 

- HEXDIG он алтылык сан (regExp [0-9A-F]) «Пайыздык кодировкалоо» механизми колдонулат. Жогоруда келтирилген символдор пайыздык кодировкалоодо катышпайт. Пайыздык-код белгиленген символ «%» белгисинен жана андан кийинки эки он алты сандардан турган символдук триплеттен турат:  

Мында, %20, мисалы, боштук дегенди түшүндүрөт.  

 

 

 

 

Баштапкы элементтер 

Баштапкы объекттердин тизмеги:  

Аталышы 

ID 

Формат 

Узундугу 

Белгиси  

Комментарий  

Стандарттын версиясы 

00 

«02» 

М 

 

Төлөм шилтемесинин тиби  

01 

«02» 

М 

 

Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу, кызмат көрсөтүү ж.б.у.с. тууралуу маалымат  

02 51 

ans 

«99»га чейин 

 

Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун МСС коду 

52 

«04» 

 

Валютанын коду  

53 

«03» 

ыңгайына жараша 417  

Төлөм суммасы  

54 

«13»кө чейин 

 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы (латын тамгалары менен) 

59 

ans 

«25»ке чейин 

 

Маалыматтардын контролдук суммасы  

63 

ans 

«04» 

 

 

ID «00» Стандарттын версиясы объект милдеттүү болуп саналат 

Бул тилке биринчи болууга жана «01» маанисин камтууга тийиш.  

 

ID «01» Төлөм шилтемесинин тиби объект милдеттүү болуп саналат 

Эгерде бар болсо, төмөнкү маанини камтууга тийиш:  

11 эгерде төлөмдүн толук маалыматтары бирден көп транзакцияны ишке ашыруу үчүн колдонулса, көбүнесе сумманы сатып алуучу өзү киргизе алган төлөө менен, мисалы таксиде, көчө соодасында жана сатып алуучуларды жогорку эмес тездикте тейлөө менен башка түйүндөрдө колдонуу үчүн статикалык коддор;  

12 эгерде ар бир транзакция үчүн интернет-дүкөндөрдө, коомдук тамактануу жайларында колдонулушу мүмкүн болгон төлөмдүн жаңы маалыматтары, төлөмдүн динамикалык маалыматтары зарыл болсо.  

 

IDs «02» до «51» Төлөнүүчү кызмат көрсөтүү, кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тууралуу маалымат объект милдеттүү болуп саналат 

Тилкенин түзүмү төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматтын шаблонунун элементтерин камтыйт.  

Көрсөтүү үчүн милдеттүү болуп саналган «32» идентификатору менен элемент Төлөм шлюзунда кызмат көрсөтүүнүн кодун, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун системасындагы кызмат көрсөтүүнүн чегинде төлөөчүнүн идентификаторун камтыйт (телефон номери, буйрутманын номери, келишимдин номери ж.б.у.с.)  

«35»тен «39»га чейин идентификатору менен элементтер төлөмдүн кошумча тилкелеринин топтомун камтыйт.  

 

 

ID «32» Төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат менен объект, кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык сунуштоочулары үчүн объект милдеттүү болуп саналат 

 

Аталышы 

ID 

Формат 

Узундугу 

Белгиси 

Комментарий 

Уникалдуу идентификатор 

00 

ans 

до «32» 

Объектте pay.payqr.kg камтылган 

Төлөм тармагынын өзгөчөлүгү 

01 

6дан 10го чейин 

M  

Төлөм шлюзундагы кызмат көрсөтүүнүн коду  

Төлөөчүнүн кызмат көрсөтүүлөрдүн чегиндеги уникалдуу идентификатору 

10 

32ге чейин 

O  

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун маалымат системасында кызмат көрсөтүүнүн чегинде төлөөчүнүн уникалдуу идентификатору  

Транзакциянын идентификатору  

11 

32ге чейин 

 

Сунуштоочунун маалымат системасында транзакциянын идентификатору  

Төлөөгө сумманы редакциялоо мүмкүнчүлүгү  

12 

N  

2  

C  

11 төлөөчүгө 54-объектте өткөрүп берилген сумманы өзгөртүүгө уруксат берүү.  

12 төлөөчүгө 54-объектте өткөрүп берилген сумманы өзгөртүүгө уруксат бербөө.  

Төлөөчүгө сумманы редакциялоого уруксат берилген.  

Сумманы редакциялоонун артыкчылыктуу мүмкүнчүлүгү болуп, кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тарабынан көрсөтүлгөн опция саналат.  

Төлөөчүнүн төлөөгө карата идентификаторун редакциялоо мүмкүнчүлүгү (ID - 10)  

13 

N  

2  

C  

11 төлөөчүгө 10-объектте өткөрүп берилген маанини өзгөртүүгө уруксат берүү.  

12 төлөөчүгө 10-объектте өткөрүп берилген маанини өзгөртүүгө уруксат бербөө. Өз ыңгайына жараша төлөөчүгө редакциялоого уруксат берилген.  

 

Эгерде «10» объекти бош жана «13» объекти 12 барабар болсо, анда төлөөчүнүн уникалдуу идентификаторун чагылдыруу тилкесин жашыруу зарыл. 

 

ID «33» Төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат менен объект, кызмат көрсөтүүлөрдү бардык сунуштоочулар үчүн объект милдеттүү (резервдик) болуп саналбайт 

 

IDs «35»-»39» кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун кошумча тилкелери менен объект. Объект милдеттүү болуп саналбайт 

Ырааттуулукту камтыйт, «00» идентификаторунан башталат жана «99» идентификатору менен аяктайт. Эгерде кошумча тилкелердин керектүү саны биринчи объектке батпай жатса, катар боюнча кийинкини («35», «36», … «39») колдонуу зарыл.  

Ар бир кошумча тилкенин мааниси уникалдуу бөлүштүрүүчү менен төмөнкү форматтагы сапты камтыйт «:»: 

Аталышы 

Комментарий 

key 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун маалымат системасындагы тилкенин идентификатору  

label 

Тилкенин аталышы 

value 

Тилкенин мааниси 

title 

Колдонуучуга чыгарылган тилкенин мааниси  

visible_state 

«11» колдонуучуга чагылдырылат;  

«12» колдонуучуга чагылдырылбайт  

 

«visible_state» белгиси колдонуучуга аталган тилкени интерфейсте чагылдыруу керекпи дегенди көрсөтөт. Эрежедегидей эле, кошумча тилкенин маалыматтарын колдонулуп жаткан төлөм шлюзуна анын өз ара аракеттенүү протоколуна ылайык жөнөтүү зарыл. 

Эгерде «visible_state» «11» белгисине ээ, «value» тилкеси толтурулса, анда интерфейсте маанини «title» тилкесинен чыгарып салуу зарыл. 

 

ID «52» MCC кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун коду 

объект милдеттүү болуп саналат 

Банктык карт менен операцияларды ишке ашырууда сатуучунун категориясын аныктаган 4 орундуу кодду камтыйт. MCC боюнча финансылык операциянын категориясы аныкталат. Тилкеде «0»дөн «9»га чейинки сан камтылган. MCC коддор ISO 18245 аныкталган. 

 

ID «53» Валютанын коду объект милдеттүү болуп саналат 

Валютанын коду (ISO 4217) жана ал валютанын 3 орундуу кодун камтууга тийиш. Ыңгайына жараша 417 кыргыз сомун колдонуу зарыл.  

 

ID “54” Төлөм суммасы объект милдеттүү эмес,  

шарттуу болуп саналат. 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу тарабынан төлөмдүн толук маалыматын түзүүдө колдонулат. 

Эгерде болгон болсо, анда нөлдөн айырмаланган маанини камтууга тийиш. Тилке “0”дөн “9”га чейинки сандарды камтыйт жана тыйындарда көрсөтүлөт.  

Эгерде тилке жок болсо, анда сатып алуучу тиркемеде ал кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга төлөй турган сумманы көрсөтүүгө тийиш.  

 

ID “59” Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы  

объект милдеттүү болуп саналат 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу тарабынан төлөмдүн толук маалыматтарын топтоштурууда колдонулат. Тилкеде сатуучунун (кызмат көрсөтүүнү өндүрүүчүнүн) аталышы латын тамгалары менен камтылган. 

 

ID «63» - Контролдук сумма объект милдеттүү болуп саналат 

Маалыматтардын контролдук суммасы төлөмдүн толук маалыматында көрсөтүлгөн маалыматтардын бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулат.  

Түзүү алгоритми:  

1. 63-объектиге чейин төлөмдүн толук маалыматтарынын бардык мааниси (ID “00” “90”, ID 63 кошпогондо) бир сапка өзгөртүп түзүлөт.  

2. Маалыматтар сабы UTF-8 кодировкасы менен байт массивине которулат.  

3. SHA256 алгоритмин колдонуу менен массив хеши эсептеп чыгарылат.  

4. Байт массиви сапка өзгөртүп түзүлөт.  

5. Бардык «-» символдору өчүрүлөт, эгерде алар болгон болсо.  

6. Саптан акыркы 4 символ алынат. 

 

Маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу үчүн төлөм шилтемесинен маалыматтарды пайдалануу 

Динамикалык төлөм шилтемесин түзүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу төлөмдүн толук маалыматтарын туура иштеп чыгуу үчүн төлөм шлюзунда кызмат көрсөтүүнүн кодун колдонуусу зарыл.  

 

Төлөм шилтемесин кошумча пайдалануу 

QR-кодду түзүү үчүн колдонулган төлөм шилтемеси төлөөчүлөргө кошумча төмөнкү ыкмалар менен өткөрүп берилет:  

1. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун сайтында (мобилдик тиркемеде) түзүү (анын ичинде URI-кнопка түрүндө).  

2. Тиркемеде Push-билдирүү.  

3. SMS.  

4. Мессенджерлер (анын ичинде URI-кнопка түрүндө).  

5. E-mail.  

6. Аталган технологияны колдоого алган түзүлүштөрдүн ортосунда маалыматтар менен алмашууну камсыз кылган NFC технологиясы. Мисалы, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун смартфонундагы тиркеме менен төлөөчүнүн смартфонуна өткөрүп берүү же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пассивдик NFC-белгисинде жазылган, төлөөчүнүн смартфону аркылуу URI эсептөө.  

7. Ж.б.у.с.  

 

Эсептик агенттин төлөмдөрүн ишке ашыруу  

пункттары үчүн кошумча маалымат 

1. Мобилдик төлөм тиркемелерде (бардык операциялык системаларда) тиркемени автоматтык түрдө ишке киргизүү үчүн https://pay.payqr.kg домени менен байланышты жөнгө салуу зарыл. 

2. Ушундай эле байланышты мобилдик төлөм тиркемеси менен тиркеме ээсинин жеке сайтынын ортосунда ишке ашыруу сунушталат (колдонуучуга тиркемеде баракчаны ачууну же тиркемени орнотууну сунуш кылуу үчүн).  

3. URI боюнча өтүүгө боло турган мобилдик төлөм тиркемеси жана башка төлөмдөрдү ишке ашыруу пункттары (мисалы, интернет-банкинг) QR-коддун (төлөм шилтемесинин) фрагменттик бөлүгүн иштеп чыгууга даяр болууга тийиш.  

4. Төлөмдү ишке ашыруунун бардык стадияларында төлөмдөрдү ишке ашыруу пункттарында тандап алынган (анын ичинде төлөм шилтемесин автоматтык түрдө колдонуу менен) иш-аракеттердин бардыгы төлөөчүгө көрсөтүлүүгө тийиш:  

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы; 

- протокол кызматтарынын параметрлер жөнөтүлгөн өздүк эсеп; 

- кошумча тилкелер; 

- сумма.