Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 15-ноябрындагы 

№ 2019-П-12/56-3-(НПА) 

токтому 

 

 

 

«Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо  

принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКты, «БТА Банкы» ЖАКты, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «БАКАЙ БАНК» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 15-ноябрындагы 

№ 2019-П-12/56-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө»  

ЖОБО 

 

1-глава. 

Жалпы жоболор  

 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүсүнө карата талаптары белгиленген. 

2. Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулган:  

1) баалуу металлдар  бул:  

- аффинаждалган алтындан жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар;  

- аффинаждалган күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар; 

2) аффинаждалган баалуу металлдан жасалган стандарттык куймалар баалуу металлдардан даярдалып, белги басылган (маркировкаланган) жана Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан кабыл алынган эл аралык сапат стандарттарына жооп берген куймалар (1-тиркеме); 

3) аффинаждалган өлчөнгөн куймалар бул, Улуттук банк же аффинаждык ишкана тарабынан эмитирленген (чыгарылган), Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан сертификацияланган, 1000 жана андан аз грамм салмагындагы, алтын куймалардын лигатурдук салмагында кеминде 99,95-99,99 пайызы химиялык таза металлды, ал эми күмүш куйманын лигатурдук салмагында кеминде 99,90 пайызы таза металлды камтыган, баалуу металлдардан даярдалып, белги басылган (маркировкаланган) куймалар; 

4) лигатурдук (брутто) салмак (масса)  баалуу металлдан турган эритменин жалпы айкын массасы; 

5) бир трой унциясы  бул, 31,1035 граммды түзгөн массанын өлчөмү

6) сапаты (проба)  бул, эритменин салмагынын миң бирдигинде үлүш менен өлчөнгөн белгилүү бир баалуу металлдын камтылышы; 

7) металл эсептери  бул, баалуу металлдар менен операцияларды эсепке алып, аларды жүзөгө ашыруу максатында банк тарабынан кардарлар үчүн ачылган эсептер; 

8) жооптуу сактоодогу металл эсептер алардын жеке белгилерин (баалуулуктардын аталышын, санын, сапат белгисин, жасап чыгарылган жердин аталышын, сериялык номерин жана башкаларды) сактоо менен банкка өткөрүлүп берилген, кардарлардын баалуу металлдарды эсепке алуу үчүн каралган эсептери.  

3. Ушул Жобонун талаптары аффинаждалган баалуу металлдардан даярдалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларга гана таркатылат. 

4. Коммерциялык банктар Улуттук банктан баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат алуусуз төлөм каражаты болуп саналган алтын жана күмүш монеталарын сатып алууну жана сатууну ишке ашырышы мүмкүн.  

5. Түзүлгөн келишимдердин милдеттүү шарты катары баалуу металлдардын жеке белгилеринин сакталышы саналган операциялар жооптуу сактоодогу металл эсептер боюнча жүзөгө ашырылат.  

6. Жобонун 11-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн операциялар металл эсептери боюнча жүргүзүлөт.  

7. Банк тарабынан баалуу металлдарды эсепке алуу, ошондой эле аларды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн ачылган, жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча операцияларды жүргүзүүгө банктарга тыюу салынат.  

8. Банктарга төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

- ушул Жобонун 11-пунктунда белгиленгендерди эске албаганда, асыл таштар жана баалуу металлдардын башка формалары менен операцияларды ишке ашырууга; 

- ушул Жобонун 2-пунктунун 1-пунктчасындагы аныктамага кирбеген баалуу металл түрлөрүн күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алуу операцияларын ишке ашырууга.  

9. Баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү боюнча эл аралык тажрыйбага ылайык алтын менен операциялар металлдын таза массасынын сандык бирдигинде (трой унциясында же граммдарда), күмүш менен операциялар металлдын лигатурдук массасынан сандык бирдигинде ишке ашырылат.  

Баалуу металлдарды грамм боюнча эсепке алууда ондук үлүшкө чейин төмөнкүчө тегеректөөгө жол берилет:   

- эгерде жүзүнчү үлүш 5тен жогору же ага барабар болсо, онунчу үлүш 1ге көбөйтүлөт жана андан кийинки бардык белгилер алынып салынат;   

- эгерде жүзүнчү үлүш 5тен аз болсо, онунчу үлүш өзгөрүүсүз калып, андан кийинки бардык белгилер алынып салынат.  

10. Баалуу металлдарда туюндурулган акчалай активдер жана милдеттенмелер күнүмдүк негизде Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын кайра баалоо жүргүзүлгөнгө чейинки күнү белгиленген кечки фиксинги боюнча кайра бааланууга тийиш.  

Мында, Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган өлчөнгөн куймаларды кайра баалоо банктын эсепке алуу саясатына ылайык жүргүзүлөт.  

  

2-глава. 

Коммерциялык банктардын баалуу металл куймалары менен операциялары 

 

11. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү да каралган болсо, банк баалуу металлдар менен төмөнкү операцияларды жүргүзө алат: 

1) Вади'а йад амана келишим (бүтүм) шарттарында операцияларды:  

- жооптуу сактоодогу металл эсептерин жүргүзүү жана өз атынан башка коммерциялык банктардан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан макулдашылган мөөнөттөргө баалуу металлдарды тартуу.  

Мында, банктын ага ишенип берилген баалуу металлдарды тескөөгө жана аларды жайгаштыруудан пайда алууга укугу жок. 

Төлөм белгиленген сумма же баалуу металлдын наркынын үлүшү болгонуна көз карабастан банкка баалуу металлды сактагандыгы үчүн төлөм алууга уруксат берилет.  

Эгерде сактоого өткөрүлгөн баалуу металл аны сактоого өткөрүп берген тараптын карызынын кайтарылып берилишинин гарантиясынан болсо, анда төлөм суммасы баалуу металлды сактоого кеткен айкын сарптоодон ашпоого тийиш.  

2) Мурабаха келишим (бүтүм) шарттарында операцияларды:  

- баалуу металлдарды кардардын эсебинен өзүнүн атынан спот эсептөө шарттарында сатып алуу жана сатуу, мында бүтүм боюнча төлөө дароо ишке ашырылат;  

- баалуу металлдарды өз эсебинен өзүнүн атынан спот эсептешүү шарттарында сатып алуу жана сатуу, мында бүтүм боюнча төлөө дароо ишке ашырылат.  

3) Нак жана нак эмес формада кард хасан келишим (бүтүм) шарттарында операцияларды: 

- кардардын биринчи эле талабы боюнча кайтарылып берилиши кепилденген шарттарда баалуу металлдарды насыя (займ) катары тартуу;  

- банктын биринчи эле талабы боюнча кайтарылып берилиши кепилденген шартта баалуу металлдарды насыя (займ) катары жайгаштыруу (каржылоо). 

12. Ушул Жобонун алкагында банктар алар менен операцияларды жүзөгө ашырган баалуу металлдар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- London good delivery эл аралык сапат стандартына ылайык келүүгө жана Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясында листингден өткөн аффинаждоо ишканасында даярдалууга;  

- келишим шарттарына ылайык салмакты туюндуруу (жетүү) үчүн белгилүү бир стандарттык куймалар үчүн колдонулган өлчөнгөн куйма түрүндө даярдалууга;  

- Кыргыз Республикасынын улуттук стандартына ылайык (Кыргыз мамлекеттик стандарты (КМС) 1281:2015) өлчөнгөн куйма түрүндө даярдалууга. 

13. Стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен (Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган), аффинаждалган баалуу металлдардан даярдалган өлчөнгөн куймаларды эске албаганда) операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө милдеттүү:  

- баалуу металлдарды салмактап көрүү үчүн салмактан четтөөлөр Жобонун  

2-тиркемесинде көрсөтүлгөн чектен ашпаган, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык күбөлөндүрүлгөн салмак өлчөөчү приборлорго жана таразаларга ээ болууга тийиш;  

- жана/же жогоруда белгиленген жабдуулар колунда жок учурда, салмак өлчөөчү приборлору жана таразалары Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;  

- баалуу металлдардын жана кошулмалардын канча пайызда камтылышын аныктоо максатында баалуу металлдардан өлчөнгөн куймалардын курамына экспресс-талдоо жүргүзүү үчүн Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн атайы жабдууларга ээ болууга;  

- колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген коопсуздук талаптарын так сактоо менен баалуу металлдарды сактоону жана ташып жеткирүүнү камсыз кылууга.  

14. Стандарттык жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырган банктар, геофизикалык жана атмосфералык факторлордун таасиринен жана салмак өлчөөчү приборлордун конструктивдүү өзгөчөлүктөрүнөн улам, баалуу металл куймаларынын салмагын аныктоодо белгиленген көрсөткүчтөр ошол баалуулуктарды буга чейинки салмагын аныктоодо эсепке алуу же коштомо документтерде чагылдырылган көрсөткүчтөрдөн айырмаланышы ыктымалдыгын эске алууга тийиш  

(4-тиркеме).  

15. Баалуу металлдардагы активдердин максималдуу көлөмү жана кардардын тапшыруусу боюнча баалуу металлдар менен операция жүргүзүүгө каражаттар суммасы чогуу алганда банктын төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 100 пайызынан жогору болбоого тийиш. 

16. Кардардан сактоого кабыл алынган баалуу металлдар банктын тартылган каражаты болуп саналбайт жана алар өз атынан, өз эсебинен жайгаштырылышы мүмкүн эмес.  

17. Жооптуу сактоодогу металл эсептери боюнча баалуу металлдарды сатуу кызмат көрсөтүүсү сунушталышы мүмкүн. Мында кардардын тапшыруусу боюнча ал салган гана баалуу металл сатылууга тийиш. Жооптуу сактоодогу эсептер боюнча которуулардын эсебин жүргүзүү милдеттүү түрдө физикалык формада гана ишке ашырылышы зарыл. 

18. Күрөөлүк камсыздоону ажыратып алуунун натыйжасында банктын менчигине өткөн баалуу металлдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сатылууга тийиш.  

19. Кыргыз Республикасынын аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып кетүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ишке ашырылат.  

20. Коммерциялык банктар баалуу металлдарды ташып жеткирүүдө өз эсебинен же болбосо кардар эсебинен баалуу металлдардын талаптагыдай ташылып жеткирилишин жана шариат стандарттарына ылайык камсыздандырылышын камсыз кылууга тийиш. Баалуу металлдарды ташып жеткирүүнү шариат стандарттарына ылайык камсыздандыруу мүмкүн эмес болгон учурда, банктын Шариат кеңешинин тиешелүү макулдугу болгон шартта баалуу металлдарды ташып жеткирүү адаттагы ыкмада камсыздандырылышы ыктымал.  

Ташып жеткирүүдө банк менен анын кардарлары, баалуу металлдарды коштоп жүргөн адамдар жана жүк ташуучулар ортосунда жоопкерчиликтердин жана баалуу металлга ээлик кылуу укугунун өтүшү тиешелүү келишимдерде аныкталат.  

21. Баалуу металлдарды ташып жеткирүүдө куймалар кетилип, чийилип же болбосо алардын наркына таасирин тийгизген башка кемчиликтер келип чыкпашы үчүн алардын тышкы абалынын талаптагыдай сакталышын камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар көрүлүүгө тийиш.  

 

3-глава. 

Баалуу металлдар менен операцияларга ички контролду уюштуруу  

 

22. Банктар баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууда ушул операциялардан улам келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алуу боюнча тиешелүү саясатты иштеп чыгып, талапка шайкеш ички контролду жөнгө салууга милдеттүү. Жүргүзүлгөн ар бир операция боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгып, бекитилиши зарыл.  

23. Иштелип чыккан жол-жоболордо эң аз дегенде ички контролдун төмөнкүдөй каражаттары камтылууга тийиш:  

1) банк кызматкерлеринин милдеттери бир кызматкер бүтүм демилгеленгенден тартып бухгалтердик китептерде чагылдырылышына чейин кайсы бир иш процессин толук көлөмдө аткарбаган жана/же контролдобогон негизде так чектелиши; 

2) кош контролдун колдонулушу эң эле жогору тобокелдиктер камтылган айрым бир операцияларды (иш-аракеттерди) аткаруу үчүн кеминде эки кызматкер болууга тийиш; 

3) банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын бардык көлөмүн санкциялоонун так системасын киргизүү

4) бухгалтердик эсепке алуу боюнча маалыматтардын айкын иш жагдайына дал келишин териштирүү көз карашынан баалуу металлдарга мезгил-мезгили менен пландык жана күтүүсүз инвентаризация жүргүзүү

5) ыйгарым укугу жок персоналдын активдерди же маалыматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө. Кулпуланган сейфтер, сактоо жайы, атайы жасалган эшиктер, видео-байкоо жүргүзүү камералары, кош контролдоо, жетекчиликтин маалымат алып туруусу, электрондук коргоо ж.б. сыяктуу күзөтүү жабдуулары санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүнөн же санкциясыз операциялардан коргоону камсыз кылат;  

6) банк тарабынан баалуу металлдардын ар бир түрү жана бүтүндөй баалуу металлдар боюнча ички ачык позиция лимиттеринин белгилениши; 

7) жүргүзүлгөн операциялардын жана контрагент категориясынын мүнөзүнө жана тобокелдик деңгээлине жараша контрагенттердин ишенимдүүлүгүнө тиешелүү маалыматтарга карата минималдуу талаптарды белгилөө

8) баалуу металлдар менен операцияларды текшерүүдө ички аудитке карата талаптарды белгилөө

9) банк жана анын филиалдары үчүн баалуу металлдар менен операцияларды эсепке алуу жана отчет түзүүгө карата талаптарды белгилөө.  

 

4-глава. 

Баалуу металлдар менен операциялар боюнча  

лимиттер жана отчеттор  

 

24. Баалуу металлдар боюнча позициялардын лимиттерин эсептөө чет өлкө валютасы боюнча позициялар лимитин эсептөө сыяктуу эле ишке ашырылат.  

25. Улуттук банк баалуу металлдарды сатып алуу-сатуу операцияларын жөнгө салуу максатында коммерциялык банктар үчүн баалуу металлдар боюнча ачык валюта позицияларынын лимиттерин белгилейт (алтын жана күмүш боюнча өз-өзүнчө). Мында валюта позициясы баалуу металлдардын (алтын жана күмүш) ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет.  

26. Коммерциялык банктар баалуу металлдын ар бир түрү боюнча балансты жана баалуу металлдар позицияларынын лимиттеринин сакталышы боюнча маалыматтарды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык, ачык валюта позициялары лимиттеринин сакталышы боюнча отчеттун курамында күн сайын Улуттук банкка сунуштап турат.  

27. Коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдында отчетунун формасы жана мезгил аралыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана банктар колдонуудагы мыйзам чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын так аткарууга милдеттүү.  

28. Улуттук банк коммерциялык банктар белгиленген лимиттерди бузууга жол берген учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

29. Улуттук банк төмөнкү учурларда банкка уруксат берилген операциялар тизмегинен баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү алып салууга укуктуу:  

- уруксат берилген банк операциялары тизмегинде көрсөтүлбөгөн баалуу металлдар менен операциялар жүргүзүлгөн учурда;  

- баалуу металлдар боюнча позициялар лимитин системалуу түрдө (30 календардык күн ичинде экиден көп жолу) бузууга жол берген шартта; 

- банктын баалуу металлдар менен операциялары акыркы эки жыл ичинде чыгашалуу болсо;  

- коммерциялык банк капитал шайкештиги ченемин бузууга жол берсе.  

 

 

«Коммерциялык банктардын ислам 

банк иши жана каржылоо принциптерине 

ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө 

ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

 

Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан кабыл алынган  

ЭЛ АРАЛЫК САПАТ СТАНДАРТТАРЫ  

(LBMA)  

 

Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан кабыл алынган баалуу металлдардын сапат стандарттары ассоциациянын документтеринде London good delivery стандарты катары белгиленген.  

1. London good delivery стандартына жооп берген алтын куймалар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

Куймадагы таза алтын массасы 350дөн 430 чейин трой унциясын түзүүгө тийиш  

(10886 граммдан 13375 граммга чейин).  

Ар бир куйманын салмагы трой унциясында туюндурулуп, 0,025 унцияда кыска берилүүгө тийиш. 

Металл тазалыгы лигатурдук массанын 1000 үлүшүндө химиялык таза алтын 995 үлүштөн кем болбогондой аныкталууга тийиш. Куйманын бетинде милдеттүү түрдө төмөнкү белгилер көрсөтүлүшү зарыл:  

- сериялык номери;  

- сапат белгиси (проба);  

- жасап чыгаруучунун белгиси (клеймо);  

- куйма даярдалган жыл.  

Куйма кетилбеген, чийилбеген, эч кандай кемчиликсиз жана ташып жеткирүү, кампага жайгаштыруу үчүн ыңгайлуу болгондой формада болууга тийиш.  

2. London good delivery стандартындагы күмүш куймалар төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл: 

Куйма салмагы 750дөн 1100 чейин трой унциясын түзүүгө тийиш  

(23328 граммдан 34214 граммга чейин).  

Ар бир куйманын салмагы трой унциясында туюндурулуп, 0,10 унцияда кыска берилүүгө тийиш. 

Металл тазалыгы лигатурдук массанын 1000 үлүшүндө химиялык таза күмүш  

999 үлүштөн кем болбогондой аныкталууга тийиш. 

Төмөнкү белгилер куйманын бетинде милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл: 

- сериялык номери; 

- сапат белгиси (проба);  

- жасап чыгаруучунун белгиси (клеймо);  

- трой унциясы же килограмм түрүндө салмагы (килограмм түрүндөгү салмагы трой унциясына которулууга жана жогоруда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш). 

Куйма ташып жеткирүү же кампага жайгаштыруу үчүн ыңгайлуу формада болууга тийиш.  

Куйманын бети кетилбеген, чийилбеген болууга жана башка кемчиликтерсиз болууга тийиш.  

London good delivery стандарттарына жооп берген алтын жана күмүш куймаларга белги койгон аффинаждоо фирмасы, атайын LBMA (List of Acceptable Melters and Assayers) тизмесинде камтылууга тийиш.