Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү» жобо тууралуу»; 

- 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 23-октябрындагы 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы 21/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(НПА) «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, «Мамлекеттик ипотека компаниясы» ачык акционердик коомун, Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин тааныштырсын.  

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын «1» ноябрындагы 

№ 2019-П-33\55-3-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пунктундагы «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары ТСКК),» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-пунктунун: 

«д» жана «е» пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөр «ТСККнын» деген аббревиатура менен толукталсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы «м» пунктча менен толукталсын: 

«м) Турак жай-сактык кредиттик компаниялар айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияга ээ банк эмес финансы-кредит уюму болуп саналат жана анын иши аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарга (депозиттерге) топтоого жана анын аманатчыларына мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулушка, турак жайларды же квартираларды сатып алууга же турак жай шартын жакшыртууга кредиттерди сунуштоого багытталган.»; 

- 4-пунктундагы «адистештирилген финансы мекемелеринин», «адистештирилген финансы мекемелерине» деген сөздөр «ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын; 

- 6-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «а», «б», «в» «г», «д» жана «ж» пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемесинин», «адистештирилген финансы мекемелеринин», «адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөр «ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

«е» пунктчасындагы «микрофинансылык кызматтардын» деген сөздөр «аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарга (депозиттерге) топтоого жана катышуучуларга мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулушка, турак жайларды же квартираларды сатып алууга же турак жай шартын жакшыртууга кредиттерди сунуштоого багытталган иштин» деген сөздөр менен толукталсын жана «МФУлардын» деген аббревиатура «, ТСККнын» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 7, 8, 9, 10 жана 11-пунктуларындагы «адистештирилген финансы мекемесине», «адистештирилген финансы мекемесинде», «адистештирилген финансы мекемесин», «адистештирилген финансы мекемелерин», «адистештирилген финансы мекемелерине» деген сөздөр «ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы, «г» жана «д» пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 13-пунктундагы «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 14-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы «адистештирилген финансы мекемеси», «адистештирилген финансы мекемелери», «адистештирилген финансы мекемелеринин» деген сөздөр «ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 15-пунктундагы «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 16-пунктундагы «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 17-пунктундагы «адистештирилген финансы мекемесинен» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 5-главанын аталышындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөр «, ТСККнын» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 18-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы «адистештирилген финансы мекемесинин», «адистештирилген финансы мекемеси», «адистештирилген финансы мекемесине» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 19-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «адистештирилген финансы мекемесинин», «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр  

«, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

экинчи абзацындагы жана «е» пунктчасындагы «МФУнун» деген аббревиатура  

«, ТСККнын» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 20, 22 жана 23-пунктуларындагы «адистештирилген финансы мекемесинин», «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 25-пунктунун «а», «г», «д», «е» пунктчаларындагы «МФУ», «МФУнун», «МФУлардын» деген аббревиатуралар «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 26, 27, 28 жана 29-пунктуларындагы «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 30-пунктунун «а» жана «в» пунктчалардагы «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 31, 32, 33, 34, 35, 36, 37, 38 жана 39-пунктуларындагы «адистештирилген финансы мекемеси», «адистештирилген финансы мекемесине» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- Нускоого карата 1-тиркемедеги «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- Нускоого карата 2-тиркемедеги «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

I, II, III бөлүктөрүндөгү, аталышындагы «МФУ», «МФУлардын», «МФУларды», «МФУнун» деген аббревиатуралар  

«, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- Нускоого карата 4-тиркемедеги «адистештирилген финансы мекемеси», «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- Нускоого карата 5-тиркемедеги «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөр «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 »Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- 1.1-пунктундагы «кредиттик союздардын» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү» жобонун: 

- аталышындагы «Кредиттик союздарда» деген сөздөр «жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.2-пунктундагы «кредиттик союздар» деген сөздөр «жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.1-пунктундагы «кредиттик союз» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-главанын аталышындагы «Кредиттик союздардын» деген сөздөр «жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.2-пунктунун жетинчи абзацынын: 

экинчи сүйлөмүндөгү «кредиттик союз» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

алтынчы сүйлөмүндөгү «Кредиттик союз» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.6-пунктунун в) пунктчасындагы «кредиттик союздун» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.8-пунктундагы «кредиттик союз» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.9-пунктундагы «Кредиттик союздардын» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.9.1-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «кредиттик союз» жана «кредиттик союздун» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «/турак жай-сактык кредиттик компания» жана «/турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

үчүнчү абзацтагы «кредиттик союздун» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- төртүнчү абзацтагы «кредиттик союз» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.9.2-пунктундагы «ушул кредиттик союздан» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компаниядан» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.10-пунктундагы «ошол кредиттик союздан» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компаниядан» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.11-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «Кредиттик союздарда» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компанияларда» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) пунктчадагы «кредиттик союздардын» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

2) пунктчадагы «кредиттик союз» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.1-пункт «Кредиттик союздар» жана «кредиттик союздун» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «/турак жай-сактык кредиттик компаниялар» жана «/турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.2-пунктундагы «кредиттик союздун» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.3-пунктундагы «кредиттик союз» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.5-пунктундагы «кредиттик союз» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.6-пунктундагы «Кредиттик союз» деген сөздөр «/турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- преамбуласындагы «Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.1-пунктундагы «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсынын» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- аталышындагы «микрофинансылык уюмдарга» деген сөздөр «жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) лицензиясынын жана/же каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн (мындан ары лицензия) негизинде иш алып барган микрофинансылык уюмдарга (мындан ары МФУ), ошондой эле Кыргыз Республикасынын турак жай-сактык кредиттик компанияларынын ишин жөнгө салган мыйзамдарына ылайык, айрым банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиянын негизинде иш алып барган турак жай-сактык кредиттик компанияларга, микрофинансылык уюмдардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин белгилөө ушул жобонун максаты болуп саналат.»; 

- 3-пунктундагы «микрофинансылык уюмдарга» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компанияларга» деген сөздөр менен жана «микрофинансылык уюмдардын» деген сөздөр «турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4-пунктундагы «микрофинансылык уюмдар» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен жана «микрофинансылык уюмдардын» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдары Улуттук банктын микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына карата минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндө ченемдик укуктук актысына ылайык аныкталат. 

Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары ТСКК) кызмат адамдары Улуттук банктын ТСККнын кызмат адамына карата минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндө ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.»; 

- 2-главанын аталышындагы «МФУларга» деген аббревиатура «, турак жай-сактык кредиттик компанияларга» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 8-пунктундагы: 

биринчи абзацындагы «микрофинансылык компанияларга» деген сөздөр «ТСККга» деген аббревиатура менен толукталсын; 

үчүнчү абзацындагы «МФКга» деген аббревиатура «ТСККга» деген аббревиатура менен толукталсын; 

тогузунчу абзацындагы «депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКларга» деген сөздөр «жана ТСККга» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 9-пунктундагы «МФУ», «МФУга», «МФУда», «МФУнун» деген аббревиатуралар «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 10-пунктундагы «МФУнун» деген аббревиатура «, ТСККнын» деген аббревиатура менен толукталсын жана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында» деген сөздөр «, Кыргыз Республикасынын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салган мыйзамдарына ылайык» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 12-пунктундагы «МФУнун» деген аббревиатура «, ТСККнын» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 13-пунктундагы: 

«МФК/МКА/МКК», «МФК/МКА/МККга» жана «МКА/МКК/МФК» деген аббревиатуралар «МКА/МКК/МФК/ТСКК» деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

- «МФУ», «МФУга», «МФУнун», «МФК», жана «МФКнын» деген аббревиатуралар «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 4-главанын аталышындагы «МФКга» деген аббревиатура «, ТСККга» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 22, 23, 24 жана 25-пунктуларындагы «МФКга», «МФКнын» деген аббревиатурлар «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 26-пунктундагы:  

биринчи абзацтагы «депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКнын» деген сөздөр «, ТСКК» деген сөздөр менен толукталсын; 

б), г) жана д) пунктчалардагы «МФКга», «МФКнын» деген аббревиатуралар «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 27, 28, 29, 30, 31 жана 32-пунктуларындагы «МФК», МФКга», «МФКнын», «МФКда» деген аббревиатуралар «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 33-пункт: 

экинчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«ТСККнын лицензиясы турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча кайтарылып алынат.»; 

үчүнчү жана бешинчи абзацтагы «МФКнын» деген аббревиатура «, ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 5-главанын аталышындагы «МКА/МКК/МФКнын» деген аббревиатура «МКА/МКК/МФК/ТСККнын» деген аббревиатурага алмаштырылсын

-  34-пунктундагы «МКА/МКК/МФКга» деген аббревиатура «МКА/МКК/МФК/ТСККга» деген аббревиатурага алмаштырылсын

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- преамбуласынын биринчи абзацындагы «алмашуу бюросу» деген сөздөрдүн алдына «турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына» деген сөздөр «жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун: 

- преамбуласынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, кредиттик союздардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары банктар) жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары кардарлар) банктык эсептери, банктык аманаттары (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин талабына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат. Нускоонун талаптары турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен турак жай-сактык кредиттик компанияларга дагы таркатылат.». 

 

10. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-6-(НПА) «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

аталышындагы «микрофинансылык компаниялардын» деген сөздөр «, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-пунктундагы «ислам терезеси ээ микрофинансылык компаниялардын» деген сөздөр «жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары ТСКК) ишине карата,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2-пунктунун: 

биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«МФК, ТСКК аффилирленген жана тиешелүүлүгүнө жараша МФК, ТСКК менен байланыштуу жактардын реестрин жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) кызматкерлеринин андан тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.»; 

«МФК», «МФКда» аббревиатуралар «ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын; 

- 3, 4, 5, 7-пунктуларындагы «МФК», «МФКнын» аббревиатуралар «ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын; 

- 8-пунктундагы: 

«МФКнын» деген аббревиатура «, ТСККнын» деген аббревиатура менен толукталсын; 

«жана байланыштуу жактар менен» деген сөздөрдүн алдына «тиешелүүлүгүнө жараша» деген сөздөр менен толукталсын. 

- 9-пунктундагы «микрофинансылык компаниянын» деген сөздөр «ТСККнын» деген аббревиатура менен толукталсын; 

- 10-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«МФК, ТСКК төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган учурда, аффилирленген жактарга же МФК, ТСКК менен байланыштуу жактарга кредит сунуштоого (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоого (МФК үчүн)) укугу жок:»; 

«МФК», «МФКнын» деген аббревиатуралар «ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын; 

- 11, 12, 13, 14, 15 жана 16-пунктуларындагы «МФК», «МФКга», «МФКлардын», «МФКнын» деген аббревиатуралар «ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын; 

- 17-пунктундагы: 

«МФК», «МФКнын» деген аббревиатуралар «ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын; 

төртүнчү абзацтагы «мударабаны эске албаганда» деген сөздөр «(МФК үчүн)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 28, 29, 30, 31, 32, 33, 34, 35, 36, 37, 38, 39, 40, 41, 42, 43, 44, 45-пунктуларындагы «МФК», «МФКга», «МФКнын», «МФКда» деген аббревиатуралар «ТСКК» деген аббревиатура менен толукталсын. 

 

11. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктундагы «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына,» деген сөздөр «турак жай-сактык кредиттик компанияларына» деген сөздөр менен толукталсын.