Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-октябрындагы  

№ 2019-П-12\54-3-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2006-жылдын 28-июнундагы №19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-октябрындагы  

№ 2019-П-12\54-3-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- 13.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13.3. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул жобого карата 2-тиркемедеги форма боюнча кеминде банктын расмий сайтында жана зарылчылыкка жараша республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыяланууга тийиш. 

Бул талап «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды чечмелөөгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын банктарына таркатылбайт.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы №19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 63-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«63. Банк корпоративдик башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жободо аныкталган корпоративдик башкарууга тиешелүү маалыматтарды расмий сайтында чечмелеп бериши же жылдык жана мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетторунда жарыялашы мүмкүн.  

«Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобого таянуу менен иш алып барган Кыргыз Республикасынын банктары корпоративдик башкаруу жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө чечмелөөгө тийиш. 

Банк рынок катышуучуларына маалымдоо максатка ылайыктуу деп эсептеген корпоративдик башкарууга тиешелүү кандай болбосун кошумча маалыматтарды чечмелеп бериши мүмкүн.»; 

- 64-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 2-главасы төмөнкү мазмундагы 2.5, 2.6, 2.7, 2.8-пункттары менен толукталсын:  

«2.5. Соода портфелинде соода жүргүзүү же болбосо соода портфелинин башка элементтерин хеджирлөө үчүн каралган бардык финансылык инструменттер камтылат. Бул финансылык инструменттер портфелде кыска мөөнөт аралыгында аларды сатуудан киреше алуу жана/же рынокто орун алган же кыска мөөнөт аралыгында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн натыйжасында киреше алуу максатында сакталат. Финансылык инструменттерди классификациялоодо белгисиз учурлар келип чыкса, банк Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына таянуусу зарыл. 

2.6. Банк портфелинде анын соода портфелинде камтылбаган бардык баланстык жана баланстан тышкаркы статьялар камтылат. Бул статьялар активдүү соода жүргүзүү үчүн каралган эмес жана алар төлөөгө чейин кармалып туруучу катары классификацияланат. Банк портфелинин статьялары адатта рыноктук наркы боюнча кайра бааланбайт, алар амортизацияланган наркы боюнча эсепке алынат. 

2.7. Финансылык инструменттин же инструменттер портфелинин экономикалык наркы инструменттен же портфелден күтүлүп жаткан акча агымынын рыноктук пайыздык чен боюнча дисконттолгон учурдагы (шайкеш келтирилген) наркын билдирет. Ушул Жобонун алкагында дисконттоо чени катары тобокелдикти камтыбаган чен колдонулууга тийиш.  

Көпчүлүк учурда тобокелдикти камтыбаган чен катары мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк кабыл алынып келет. Валютага жана финансылык инструментти белгилүү бир убакыт аралыгына бөлүштүрүүгө жараша чет өлкө мамлекеттик баалуу кагаздары, ошондой эле төлөө мөөнөттөрү ар башка баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк чени алынышы мүмкүн. Мисалы, сом түрүндө туюндурулган финансылык инструменттер үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл, 3 жыл, 5 жыл, 7 жыл жана 10 жыл төлөө мөөнөтүнө ээ жүгүртүүдөгү мамлекеттик казына облигациялары боюнча орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк колдонулушу мүмкүн. АКШ долларында туюндурулган финансылык инструменттер үчүн АКШнын казына векселдери, казына ноталары жана казына облигациялары пайдаланылышы ыктымал. 

2.8. Ушул Жобонун алкагында маанилүү валюта катары анын суммардык баланстык жана баланстан тышкаркы активдердеги же суммардык баланстык жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердеги үлүшү 5% төмөн болбогон валюта саналат.»; 

- 4-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Пайыздык чен тобокелдигин тескөөгө карата талаптар 

4.1. Пайыздык чен тобокелдигин тескөөдө банк соода жүргүзүү сыяктуу эле, банктык портфель менен операцияларды жүргүзүүдөн улам келип чыккан тобокелдиктерди эске алууга тийиш.  

Пайыздык чен тобокелдигин тескөөгө алууда кайра баалоодо келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдик, базистик тобокелдик, опцион тобокелдиги жана кыйыр кирешелүүлүк тобокелдиги да камтылууга тийиш. 

Банк рыноктук тобокелдикти тескөө саясатынын курамдык элементинен болгон пайыздык чен тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгышы зарыл. Рыноктук тобокелдикти тескөө саясатында кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- пайыздык чен тобокелдигине баа берүү процессин сүрөттөп жазуу, анда банктык жана соода операцияларын жүргүзүүдө пайыздык чен тобокелдиги боюнча лимиттерди аныктоо да каралат. Мындай лимиттер банктын активдерин жана милдеттенмелерин тескөөдө эсепке алынып, ошондой эле банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жана капиталына дал келүүгө тийиш;  

- банк Башкармасынын жана/же банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган тиешелүү органдын тиешелүү лимиттерди жактырууну кошо алганда, пайыздык чендерди тескөө боюнча чечимдерди кабыл алууга тиешелүү ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так аныктоо; 

- банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн/кызматкерлеринин пайыздык чендерди тескөө боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин чектөө. Тобокелдикке мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн жооптуу адамдар өзүндө пайыздык чен тобокелдигин камтыган операцияларды аткарган адамдардан көз каранды болбоого тийиш;  

- банктын бардык иш багыттары боюнча пайыздык чен тобокелдиги жөнүндө маалыматтарды топтогон башкаруучу маалымат системасына карата талаптар. Аталган башкармалык банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине пайыздык чен тобокелдигинин деңгээли жөнүндө маалыматын өз убагында берилишин камсыз кылууга тийиш;  

- банктын отчет тапшыруусуна карата талаптар, анда Директорлор кеңеши башкаруу чечимдерин өз убагында кабыл алуусу жана контролдоосу үчүн жетиштүү болгон маалымат камтылууга тийиш;  

- жаңы продукттарга байланыштуу процесстерди жана принциптерди аныктоо.  

4.2. Пайыздык чен тобокелдигин өлчөө ыкмасы банк ишинде тобокелдиктин келип чыгуу жагдайына жана татаалдыгына жараша айрымаланышы мүмкүн. Банктар ар кандай ыкманы колдонушу ыктымал, бирок эң оболу, алар гэп-иликтөөнү жана стресс-тестирлөөнү жүргүзүп, ошондой эле банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоого тийиш (1-тиркеме). 

4.2.1. Гэп-иликтөөдө пайыздык чендин өзгөрүшү аларга таасирин тийгизиши ыктымал болгон активдер менен милдеттенмелер ортосундагы ажырымды аныктоо болжолдонот. 

4.2.2. Стресс-тестирлөөнүн негизги милдетинен болуп банктын балансынын банк тобокелдигинин таасирине ийкемдүүлүгүнө баа берүү, ошондой эле банктын капиталынын андан аркы жагдайларга жараша ар кандай сценарийлердин орун алышынан ири чыгымдарды компенсациялоо жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саналат.   

4.2.3. Банк портфелинин пайыздык чен тобокелдигине дуушарланышы ыктымалдыгы пайыздык ченди болжолдонгон өзгөртүүнү колдонуу аркылуу гэп-иликтөөнүн негизинде аныкталат (стандарттык пайыздык чен таасири). 

4.2.4. Банк буларга кошумча төмөнкүлөрдү да аткарууга тийиш:  

- таза пайыздык маржаны эсептеп, ага мониторинг жүргүзүү

- кредиттердин/депозиттердин мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү жана алынышына байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерге баа берүү

өзгөрүлмөлүү пайыздык чен боюнча каражаттарды тартууга/жайгаштырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү

4.3. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда кеминде бир жолу стресс-тестирлөөнүн натыйжаларын, анын ичинде алардын өзөгүн түзгөн негизги болжолдоолорго талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп турууга тийиш. Мындай иш натыйжалары рыноктук тобокелдикти тескөө саясатын иштеп чыгууда жана аны кайра кароодо эске алынышы зарыл. Стресс-тесттерден улам болжолдонгон потенциалдуу жоготуулар жана алардын келип чыгуу ыктымалдыгын эске алуу менен Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы тобокелдиктерди тескөө ишин күчөтүү жагында кошумча чараларды кабыл алышы мүмкүн. 

Айкын гэп же гэптин киреше алып келген активдерге (же капиталга) катышынын абсолюттук өлчөмүнө лимиттерди белгилөө пайыздык чен тобокелдигине дуушарланууга бөгөт коюу же аны чектөө боюнча жалпы кабыл алынган чара болуп саналат.  

Банк таза пайыздык кирешенин пайыздык чендердин өзгөрүп турушуна көз карандылыгын чектөөгө багытталган лимиттерди да караштыра алат. Банк Башкармасы Директорлор кеңешине макулдашуу менен банктын ички иш максаттарында банк кабыл алууга даяр болгон тобокелдик лимиттерин белгилеши мүмкүн (мисалы, капитал өлчөмүнөн 15% же таза пайыздык киреше өлчөмүнөн 10%-30% чегинде). 

Банк ошондой эле, ушул Жобонун 1-тиркемесинин 3-бөлүгүнө ылайык, банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу коэффициенти боюнча ички лимиттерди да белгилөөгө тийиш.»; 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан  

лицензия алышкан коммерциялык 

банктарда жана башка финансы- 

кредит уюмдарында рыноктук 

тобокелдикти тескөө боюнча  

минималдуу талаптар жөнүндө» 

жобого карата 

1-тиркеме 

 

1. Гэп-иликтөө 

Гэп-иликтөө пайыздык чен тобокелдигине баа берүүдө эң эле кеңири тараган инструмент болуп саналат. Бул отчетто активдерди жана милдеттенмелерди (баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы) белгилүү бир мезгил ичинде кайра баалоону жүргүзүүгө чейинки калган убакытка жараша классификациялоолор камтылган. Мезгил аралыгы банктын иш тажрыйбасына жараша өзгөрүп турат.  

Ушул Жобонун алкагында банк, банк портфелинин бөлүгү болуп саналган, аларга пайыздык чендердин өзгөрүүсү таасирин тийгизген активдерди, милдеттенмелерди жана баланстан тышкары статьяларды ушул тиркеменин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 14 (он төрт) убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүүгө тийиш. 

Гэп-иликтөө жүргүзүүдө бардык банктык активдер, милдеттенмелер жана баланстан тышкары инструменттер кийинки кайра баалоо же инструменттерди төлөө күнүнө негизденүү менен убакыт аралыгы боюнча жайгаштырылат. Андан кийин ар бир убакыт аралыгы боюнча таза гэп-иликтөөнү аныктоо үчүн убакыт аралыгы боюнча жайгаштырылгандан кийинки калдыктар суммасынын жыйынтыгы чыгарылат (активдер боюнча суммалар плюс (кошуу) белгисинде, ал эми милдеттенмелер боюнча суммалар минус (кемитүү) белгисинде).  

Тобокелдикке баа берүү гэп өлчөмү (убакыт аралыгы ичиндеги таза айрыманын суммасы) жана ал ичинде гэп-позиция ачык турган убакыт аралыгынын узактыгы боюнча жүргүзүлөт. Банк гэп-отчетторго таянуу менен кайра баалоодон улам келип чыккан кыска мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк айрымаларды аныктап, аларга баа бере алат. Колдо болгон мындай маалыматтарга негизденүү менен банк өз кирешелүүлүгүнө жана белгиленген чектөөлөр алкагында экономикалык тобокелдиктерге баа бере алат. Гэп-иликтөө, жаңы ишкердик түрү же төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин сумманы натыйжалуу инвестициялоо жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин банктын балансынын ошол учурдагы түзүмүн кайра баалоо тобокелдигин аныктоо үчүн колдонулат. 

Ушул Жободо белгиленген максаттарда банк пайыздык ченге көз каранды болгон активдер жана милдеттенмелер боюнча позицияларда, ошондой эле улуттук валютадагы баланстан тышкаркы инструменттерди, анын ичинде ар бир маанилүү валюталар боюнча өз алдынча, ал эми улуттук валюта эквивалентинде туюндурулган башка валюталар үчүн чогуу алгандагы негизде топтоштуруп, ар бир убакыт аралыгы үчүн таза позицияны эсептөөгө тийиш. 

Белгиленген пайыздык ченге ээ позициялар төлөөгө чейинки мөөнөттөгү калдыктарды эске алуу менен тиешелүү убакыт аралыгына бөлүштүрүлөт. Кандай болбосун пайыздарды төлөөлөр жана ошол убакытка чейин төлөнбөгөн жана кайра бааланбаган негизги карыз траншы боюнча пайыздык төлөмдөр спрединин компоненттери келишим талабына ылайык алардын төлөө мөөнөтү бүткөнгө чейинки убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүлүшү зарыл.  

Мисалы, эгерде банктын колунда төлөө мөөнөтү 2 жылдык, 1000 сом номиналдык наркындагы жана жылдык 10% купондук ченди түзгөн (купон боюнча төлөм ар бир 6 ай сайын) мамлекеттик облигациялар болгон болсо, анда банк 6 ай, 12 ай жана 18 ай убакыт аралыгы боюнча 50 сомдон бөлүштүрүүгө тийиш. Ошентип, 2 жылдык убакыт аралыгы боюнча 1050 сом чегерилип, ал номиналдык наркта жана пайыздар суммасында камтылат. 

Өзгөрүлмөлүү пайыздык чен боюнча позициялар кийинки баа түзүү күнүнө чейинки мезгил аралыгын эске алуу менен тиешелүү убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүлөт. Өзгөрүлмөлүү пайыздык чендеги инструменттер алгачкы өзгөрүү күнүнө карата толугу менен кайра бааланууга тийиш деп эсептелет. Демек, бардык негизги сумма кыйла кечирээк убакыт боюнча шарттуу түрдө кайра баалануучу акча агымын кошумча бөлүштүрүүсүз, ошол өзгөрүү күнү туура келген убакыт аралыктары боюнча бөлүштүрүлөт. 

Мисалы, эгерде банк пайыздарын жарым жылда төлөө жана 6 айда кайра баалоо шартында 2 жылдык мөөнөткө 100 000 сом суммасында кредит берген болсо, анда кредиттин негизги суммасы жана пайыздык төлөмдөр суммасы “6 айлык” убакыт аралыгы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 

Пайыздык чен банктын тиешелүү органынын чечиминин негизинде өзгөртүлүшү мүмкүн жана төлөө мөөнөтү белгиленбеген же болбосо алар боюнча төлөө мөөнөтү же кайра баалоо күнү так аныкталбаган позициялар (мисалы, күндөлүк эсептер, талап боюнча төлөнүүчү депозиттер, мөөнөтүнөн мурда ордун жабуу же алуу мүмкүнчүлүгү каралган позициялар ж.б.у.с) тиешелүү убакыт аралыктары боюнча кеминде төмөнкү элементтердин негизинде ошол позициялар боюнча пайыздык ченди өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн же тездигин аныктоо аркылуу бөлүштүрүлөт: 

- пайыздык чендердин буга чейинки өзгөртүү тажрыйбасы; 

- рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн ушул позициялар боюнча пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө тийгизген таасири; 

- ушул позициялар боюнча мүнөздүү болгон орточо төлөө мөөнөтү (талап боюнча төлөнүүчү депозиттер, ипотекалык кредиттер жана мөөнөтүнөн мурда жабылышы мүмкүн болгон башка талаптар); 

- кыймылдар жана пайыздык ченге жана төлөө мөөнөтүнө таасирин тийгизген башка ички (мисалы, таза пайыздык маржа, банктын стратегиясы) жана тышкы факторлор (мисалы, абройго шек келтирген тобокелдик, атаандашууга жөндөмдүүлүк). 

Банк жогоруда чагылдырылган элементтерге жараша талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге баа берип, аларды тиешелүү убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрөт, мында максималдуу убакыт аралыгы үч жылдык чектен ашпоого тийиш. Калган талап боюнча төлөнүүчү депозиттер биринчи убакыт аралыгы боюнча жайгаштырылышы зарыл. Банк Улуттук банктын талабы боюнча депозиттерге баа берүү шарттарын анын кароосуна сунуштоого тийиш.  

Эгерде банк талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди кайра баалоо жана бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо, бардык талап боюнча төлөнүүчү депозиттер биринчи убакыт аралыгына чегерилүүгө тийиш.  

Классификацияланган кредиттердин таза суммасы кайтарып берүү мөөнөтүнө карата банктын күтүүлөрүнө жараша бөлүштүрүлүшү зарыл, ал эми алардын баштапкы белгиленген кайтарып берүү мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш. 

Гэп-иликтөө пайыздык чен тобокелдигин алдын алууга карата базалык чара болуп саналат. Гэп-иликтөө бир катар артыкчылыктарга ээ, атап айтканда: 

- татаал технологияны талап кылбайт; 

- иштеп чыгуу жана колдонуу үчүн салыштырмалуу жөнөкөй болушу мүмкүн; 

- так, оңой чечмеленген натыйжаларды сунушташы мүмкүн. 

Ушуну менен бирге эле, бул ыкмага айрым бир кемчиликтер да мүнөздүү, атап айтканда: 

- жалпы алганда кайра баалоо тобокелдигин гана чагылдырышы мүмкүн; 

- базистик тобокелдикти чагылдырбайт; 

- күндөлүк баланс белгиленген мезгил аралыгында туруктуу сакталаарын болжолдойт. 

 

2. Стресс-тестирлөө 

Стресс-тестирлөө тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы солгундоолор, пайыздык чендердин, валюта курстарынын өзгөрүүлөрү, мыйзамдарга өзгөртүүлөр ж.б.), банктын кардарлары менен контрагенттеринин иш аракетинде дагы (мисалы, банктын ири кардарларынын банкрот болушу, депозиттердин агылып чыгышы, алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн кардардын кредитке жөндөмдүүлүгүнө, пайыздык чендерге карата таасири ж.б.) терс өзгөрүүлөрдүн келип чыгышы учурунда банктын потенциалдуу жоготууларына баа берүүнүн аналитикалык каражаты (инструменти) болуп саналат.  

Стресс-тестирлөө  жагдайдын андан аркы өнүгүү сценарийинин моделин түзүү аркылуу жүргүзүлөт, алар экономикалык, саясый жана/же башка жагдайлардын орун алышына негизделет (мисалы, банктын аброюнун начарлашына байланыштуу жагдайлар, жетекчиликтин алмашуусу ж.б.) жана банктын капиталынын өлчөмүнө таасир этүү менен банкты чыгымдарга дуушар кылат.  

Стресс-тестирлөөнүн баштапкы баскычында маалыматтардын тактыгын жана актуалдуулугун текшерүү зарыл, анткени анын негизинде сценарийдин модели түзүлөт. Мында пайдаланылып жаткан отчеттуулук ырааттуулук (отчеттук маалыматтардын үзгүлтүксүздүгү) жана салыштырмалуулук (көрсөткүчтөрдү эсептөө ыкмасынын өзгөрүлбөшү) критерийлерине ылайык келе тургандыгын, ошондой эле башка пайдаланылуучу маалымат булактарынын аныктыгына, объективдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна ынануу зарыл (мисалы, ЖМКнан маалымат).  

Алгылыксыз жагдайлардын өнүгүү сценарийи жетиштүү деңгээлде айкын, жөндүү жана негиздүү болууга тийиш. Сценарийдин айкындыгы, мындай жагдайлардын чындыгында келип чыгуу ыктымалдыгына жакын болууга тийиш.  

Сценарийдин моделин түзүү ички сыяктуу эле, тышкы факторлордун өзгөрүүсүн камтыйт жана эки версияда жүргүзүлөт:  

- калыптанган сценарий стресс-тест сценарийи буга чейин орун алган жагдайлардын кесепетине жүргүзүлүүчү байкоолорго негизделет;  

- гипотетикалык сценарий стресс-тест сценарийи орун алышы ыктымал болгон жагдайларга негизделет.  

Тарыхый сценарийдин моделин түзүүдө иликтөө өткөн мезгилде орун алган жана банктын финансылык абалындагы терс мүнөздөгү жагдайлардын орун алышын шарттаган жагдайларды эсепке алуу менен жүргүзүлөт.  

Калыптанган сценарий ыкмасы боюнча стресс-тестирлөөдө  буга чейин орун алган кризистердин шарттарын жана жагдайларын так аныктоого өзгөчө көңүл буруу зарыл, алар банктын теңдемин тестирлөөдө пайдаланылат.  

Гипотетикалык сценарийдин моделин түзүүдө, учурда орун ала элек, бирок келип чыгуу ыктымалдуулугу жогору болгон жагдайды иликтөө болжолдонот. Гипотеза белгилүү бир жагдайдын банктын капиталына тийгизүүчү таасири сыяктуу эле (мисалга, учурдагы алмашуу курсунун жогорулоосунда жана төмөндөөсүндө), капиталдын маанисинин кыйла өзгөрүүсүн шартташы мүмкүн болгон көрсөткүчтөрдүн максималдуу өзгөрүүлөрүнө баа берүүнү (банктын капиталы минималдуу жол берилген деңгээлге чейин төмөндөшү үчүн алмашуу курсу кандай өзгөрүшү керек) камтыйт.  

Стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө  сыноо иретинде бир нече эсептерди жүргүзүү зарыл. Стресс-тест сценарийи, ар кандай тобокелдиктердин таасиринин комбинациясынын жардамы менен жүргүзүлгөн иликтөөдө банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн алгачкы белгилери билингенде гана акыркы болуп эсептелет. 

 

3. Банктык портфелдин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо 

1. Гэп-иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ар бир убакыт чеги (диапазону) боюнча таза позиция улуттук валютада, ошондой эле ар бир маанилүү валюта боюнча өз-өзүнчө жана чогуусу менен улуттук валюта эквивалентинде туюндурулган калган бардык башка валюталарда төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн салмактуу коэффициенттерге көбөйтүлөт: 

 

Убакыт чеги (диапазон) (жогорку лимитти кошо алганда) 

Убакыт чегинин орточо мааниси 

Өзгөртүлгөн узакка созулган прокси (жыл) 

Пайыздык чендин болжолдонгон өзгөрүүсү (пайыздык чендин стандартташтырылган таасири) 

Салмак коэффициенти (%) 

Кийинки күн же ага чейинки күндөр 

1 күн 

0,0028 

200 бп 

0,0056 

2 күндөн 7 күнгө чейин 

4,5 күн 

0,0125 

200 бп 

0,0250 

8 күндөн бир айга чейин 

19 күн 

0,0528 

200 бп 

0,1056 

1 айдан 3 айга чейин 

2 ай 

0,1667 

200 бп 

0,3334 

3 айдан 6 айга чейин 

4,5 ай 

0,375 

200 бп 

0,75 

6 айдан 9 айга чейин 

7,5 ай 

0,625 

200 бп 

1,25 

9 айдан 12 айга чейин 

10,5 ай 

0,875 

200 бп 

1,75 

1 жылдан 2 жылга чейин 

1,5 жыл 

1,38 

200 бп 

2,77 

2 жылдан үч жылга чейин 

2,5 жыл 

2,25 

200 бп 

5,5 

3 жылдан 4 жылга чейин 

3,5 жыл 

3,07 

200 бп 

6,14 

4 жылдан 5 жылга чейин 

4,5 жыл 

3,85  

200 бп 

7,71 

5 жылдан 7 жылга чейин 

6 жыл 

5,08  

200 бп 

10,15 

7 жылдан 10 жылга чейин 

8,5 жыл 

6,63  

200 бп 

13,26 

10 жылдан жогору 

12,5 жыл 

8,92 

200 бп 

17,84 

 

2. Салмактанган позициялар андан ары ар бир маанилүү валютанын кирешелүүлүгүнүн тобокелдиксиз чени боюнча дисконттолот. АКШ доллары боюнча тобокелдиксиз пайыздык чен чогуу алынган башка бардык калган валюталар үчүн да колдонулууга тийиш. Ар бир убакыт аралыгында таза позицияларды дисконттоо мезгили катары жогоруда чагылдырылган таблицада көрсөтүлгөн убакыт аралыгынын орточо мааниси алынат. 

3. Ар бир убакыт интервалынын салмактанган жана дисконттолгон бардык таза позициялардын суммасы чыгарылып, банк портфелинин сом эквивалентиндеги чогуу алынган таза позициясы, анын ичинде ар бир маанилүү валюта боюнча өз-өзүнчө, улуттук валюта эквивалентинде туюндурулган калган бардык валюталар боюнча чогуу эсептелинип чыгат.  

Банк портфелинин жогоруда көрсөтүлгөн ыкма боюнча эсептелинген салмактанып алынган чогуу алгандагы таза позициясы абсолюттук мааниде туюндурулат жана пайыздык чендин стандартташтырылган таасирин колдонуунун натыйжасында банк портфелинин экономикалык наркы тобокелдикке дуушарлануусун чагылдырат.  

Банк портфелинин чогуу алгандагы салмактанып алынган (таразаланган) таза позициясынын көрсөткүчүнүн негизинде банктар банк портфелинин экономикалык наркы пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу коэффициентин (мындан ары тобокелдикке дуушарлануу коэффициенти) төмөнкү формула боюнча аныктай алышат: 

 

Тобокелдикке дуушарлануу коэффициенти = 

Банк портфелинин салмактанып алынган чогуу алгандагы таза позициясы 

 

 

*100%»; 

1-деңгээлдеги капитал 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан 

лицензия алышкан коммерциялык 

банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө” 

жобого карата 2-тиркеме 

 

Банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чендин өзгөрүүсүнө дуушарлануу коэффициентин эсептөө мисалы 

Убакыт чеги  

Кийинки күн же ага чейинки күн 

2 күндөн 7 күнгө чейин 

8 күндөн 1 айга чейин 

1 айдан 3 айга чейин 

3 айдан 6 айга чейин 

6 айдан 9 айга чейин 

9 айдан 12 айга чейин 

1 жылдан 2 жылга чейин 

2 жылдан 3 жылга чейин 

3 жылдан 4 жылга чейин 

4 жылдан 5 жылга чейин 

5 жылдан 7 жылга чейин 

7 жылдан 10 жылга чейин 

10 жылдан жогору  

Бардыгы болуп 

Таза позиция*  

Бардыгы болуп, анын ичинде 

125,00  

-150,00  

250,00  

170,00  

-230,00  

370,00  

330,00  

-310,00  

-310,00  

370,00  

490,00  

250,00  

135,00  

125,00  

1 615,00  

сом** 

100,00  

-200,00  

200,00  

200,00  

-300,00  

300,00  

300,00  

-400,00  

-400,00  

400,00  

400,00  

200,00  

100,00  

100,00  

1 000,00  

доллар 

30,00  

40,00  

40,00  

-40,00  

50,00  

50,00  

50,00  

60,00  

60,00  

-60,00  

60,00  

40,00  

30,00  

30,00  

440,00  

башка валюта  

-5,00  

10,00  

10,00  

10,00  

20,00  

20,00  

-20,00  

30,00  

30,00  

30,00  

30,00  

10,00  

5,00  

-5,00  

175,00  

Салмак коэффициенти  

 

0,0056  

0,0250  

0,1056  

0,3334  

0,75  

1,25  

1,75  

2,77  

4,50  

6,14  

7,71  

10,15  

13,26  

17,84  

Салмактанган позиция  

Бардыгы болуп, анын ичинде 

0,70  

-3,75  

26,40  

56,68  

-172,50  

462,50  

577,50  

-858,70  

-1 395,00  

2 271,80  

3 777,90  

2 537,50  

1 790,10  

2 230,00  

11 301,13  

сом 

0,56  

-5,00  

21,12  

66,68  

-225,00  

375,00  

525,00  

-1 108,00  

-1 800,00  

2 456,00  

3 084,00  

2 030,00  

1 326,00  

1 784,00  

8 530,36  

доллар 

0,17  

1,00  

4,22  

-13,34  

37,50  

62,50  

87,50  

166,20  

270,00  

-368,40  

462,60  

406,00  

397,80  

535,20  

2 048,96  

башка валюта  

-0,03  

0,25  

1,06  

3,33  

15,00  

25,00  

-35,00  

83,10  

135,00  

184,20  

231,30  

101,50  

66,30  

-89,20  

721,81  

Келтирилген наркы боюнча салмактанган позиция *** 

сом 

0,56  

-5,00  

21,08  

66,22  

-221,32  

364,82  

503,94  

-1 020,89  

-1 593,31  

2 070,46  

2 476,07  

1 431,07  

746,07  

681,71  

5 521,49  

доллар 

0,17  

1,00  

4,22  

-13,28  

37,18  

61,59  

85,72  

159,66  

256,08  

-342,09  

420,56  

358,82  

333,94  

403,77  

1 767,33  

башка валюта 

-0,03  

0,25  

1,05  

3,32  

14,87  

24,64  

-34,29  

79,83  

128,04  

171,04  

210,28  

89,71  

55,66  

-67,29  

677,08  

Жыйынтыгында 

0,70  

-3,75  

26,36  

56,26  

-169,27  

451,05  

555,37  

-781,40  

-1 209,19  

1 899,41  

3 106,90  

1 879,60  

1 135,67  

1 018,18  

7 965,89  

 

 

Тобокелдикке 

дуушарлануу = коэффициенти 

7 965,89 

 

*100% = 2,66% 

300 000 

* Позициялардын жана 1-деңгээлдеги капиталдын маанилери шарттуу болуп саналат. 

** Маанилүү валюталардын алкагында банк портфелинин сом, доллар жана калган валюталар чогуу алганда статьялар боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт. 

*** Салмактанып алынган позициялардын наркын эсептөөдө, алардын убакыт аралыгы боюнча бөлүштүрүлүшүнө жараша акыркы күнгө карата абал боюнча кирешелүүлүктүн төмөнкү чендери колдонулган (2019-жылдын 28-майына карата эсептөө): 

- сом түрүндө: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары (7-күндүк, 14-күндүк, 28-күндүк, 91-күндүк , 182-күндүк ), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин МКВлары (12 айлык), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин МКОлору (2 жылдык, 3 жылдык, 5 жылдык, 7 жылдык, 10 жылдык ) (булагы Улуттук банктын расмий сайты); 

- доллар түрүндө: АКШнын төлөө мөөнөтү 3 ай, 6 ай, 12 ай, 2 жыл, 5 жыл, 10 жыл, 30 жыл болгон мамлекеттик баалуу кагаздары (булагы - https://www.bloomberg.com).».