Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 25-сентябрындагы  

№ 2019-П-33\49-13-(НФКУ) 

токтому  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты ай мөөнөт ичинде өз иштерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.». 

2.Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты ай мөөнөт ичинде өз иштерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.». 

3.Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-4-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты ай мөөнөт ичинде өз иштерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.». 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

6. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорун тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов