Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 9-сентябрындагы  

2019-П-33\47-4-(НФКУ) 

токтому  

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор жана өзгөртүү (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна; 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын ______________________  

№_____________________________ токтомунун 2-барагы 

 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорун тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н.Жениш  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 9-сентябрындагы  

№ 2019-П-33\47-4-(НФКУ)  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолор жана  

өзгөртүү 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 1.1-пункту «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына» деген сөздөрдөн кийин «, кепилдик фонддорго» деген сөздөр менен толукталсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- преамбула ««Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы,» деген сөздөрдөн кийин «кепилдик фонддордун, » деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.1-пункту ««Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсынын» сөздөрдөн кийин «, кепилдик фонддордун» деген сөздөр менен толукталсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пункту «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы» деген сөздөрдөн кийин «, кепилдик фонддорго» деген сөздөр менен толукталсын. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын» деген сөздөрдөн кийин «, кепилдик фонддордун» деген сөздөр менен толукталсын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пункту «адистештирилген финансы мекемесинин,» деген сөздөрдөн кийин «кепилдик фонддор (мындан ары КФ)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-пунктунун: 

д) пунктчасы «адистештирилген финансы мекемесинин,» деген сөздөрдөн кийин «КФ,» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

е) пунктчасы бүтүндөй текст боюнча «адистештирилген финансы мекемесинин,» деген сөздөрдөн кийин «КФ,» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы л) пунктчасы менен толукталсын: 

«л) Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) эсептик каттоо жол-жобосунан өткөн, акционердик коом түрүндө түзүлүүчү жана ишкердик субъектилер үчүн кепилдиктерди берүү менен каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ишти жүзөгө ашыруучу, каражаттарды бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды, инновациялык ишти жайылтууга жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган юридикалык жак. Мында каржылоо деп кредиттерди жана аларды алмаштырууларды берүү, ошондой эле каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу бүтүмдөр/операциялар түшүнүлөт.»; 

- 4-пункту «адистештирилген финансы мекемелеринин,» «адистештирилген финансы мекемелерине,» деген сөздөрдөн кийин «КФ,» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 6-пунктунун: 

биринчи абзацы, «а» пунктчасынын бүтүндөй тексти боюнча, «в», «г» жана «ж» пунктчалары «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

«б» пунктчасы «адистештирилген финансы мекемелери,» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

«д» пунктчасы «адистештирилген финансы мекемелеринин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

«е» пунктчасы «микрофинансылык кызматтардын» деген сөздөрдөн кийин «, кепилдик иштин» деген сөздөр менен, ал эми «МФУлардын» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 7-пункту «адистештирилген финансы мекемесине», «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 8-пункту «адистештирилген финансы мекемесине» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 9-пункту «адистештирилген финансы мекемелерин», «адистештирилген финансы мекемелерине» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 10-пункту бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемесин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 11-пункту «адистештирилген финансы мекемесине», «адистештирилген финансы мекемесинде», «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 12-пунктунун биринчи абзацы, «г» жана «д» пунктчалары «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 13-пункту бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 14-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтарынын бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемелери», «адистештирилген финансы мекемелеринин», «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 15 жана 16 пунктулары бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 17-пункту бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемесинен» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 5-главанын аталышы «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 18-пунктунун: 

биринчи абзацы «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

үчүнчү абзацы «адистештирилген финансы мекемеси», «адистештирилген финансы мекемесине» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 19-пунктунун: 

биринчи абзацынын бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси», «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

экинчи абзацы жана е) пунктчасы «МФУнун» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 20-пункту «адистештирилген финансы мекемеси», «адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 22 жана 23-пунктулары бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 25-пунктунун: 

«а» жана «д» пунктчалары «МФУ», «МФУнун» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

«г» пунктчасы «МФУ» деген сөздөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

«е» пунктчасы «МФУлардын» деген сөздөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 26, 28 жана 29-пунктулары бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 27-пункту «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 30-пунктунун «а» жана «в» пунктчалары бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 31, 32, 33, 34, 35 жана 36-пунктарынын бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 37-пункту «адистештирилген финансы мекемесине» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

38 жана 39-пунктулары «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 1-тиркеме бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 2-тиркеме «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

I, II, III бөлүмдөрү бүтүндөй тексти боюнча «МФУ», «МФУлардын», «МФУларды», «МФУнун» деген кыскартылган сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

II бөлүмүнүн 3-пунктчасы «кредиттик портфелдин» деген сөздөрдөн кийин «, кепилдик портфелдин» деген сөздөр менен толукталсын; 

- Нускоого карата 4-тиркеме бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемесинин», «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 5-тиркеме бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- преамбуласынын биринчи абзацы «алмашуу бюросу» сөздөрүнө чейин «кепилдик фонд, » деген сөздөр менен толукталсын. 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын» деген сөздөрдөн кийин «жана кепилдик фонддордун» деген сөздөр менен толукталсын. 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 1-главанын биринчи абзацы «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына» деген сөздөрдөн кийин «, кепилдик фонддорго» деген сөздөр менен толукталсын. 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту «коммерциялык банктар» деген сөздөрдөн кийин «, кепилдик фонддор» деген сөздөр менен толукталсын.