Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 2-сентябрындагы 

№2019-П-14/46-4-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 

«Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (кошо тиркелет).  

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалар башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалар башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н.Жениш  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттун банк Башкармасынын  

2019-жылдын 2-сентябрындагы сентябрындагы  

№2019-П-14/46-4-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме  

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун  

жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

  

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

- 3-пунктунун «ошол» деген сөзү «белгиленген» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Улуттук банк инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине тиешелүү отчетторду, агенттердин, субагенттердин, туунду уюмдардын ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматты талап кылууга жана алууга, ошондой эле алынган маалымат боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга жана зарыл болгон учурда көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн алууга укуктуу. 

Туунду уюмдары боюнча көзөмөлгө алынган уюмдар төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет: 

- уюштуруу документтери; 

- финансылык отчеттор; 

- жетекчи тууралуу маалымат. 

Талап кылынган маалымат Улуттук банктын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык берилүүсү керек.»; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду кароодо өз ара иш алып баруусу жана маалымат алмашуусу расмий сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө жана кат жүзүндө башка документтерди сунуштоо аркылуу ишке ашырылат.». 

- 7- пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү, көзөмөлгө алынган уюмдардын абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурларда - эскертүү чараларын жана/же таасир этүү чараларын иштеп чыгуу; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун мурдагы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө берилген сунуш-көрсөтмөлөрдүн жана жазма буйруктардын аткаруусуна баа берүү.»; 

- 3-глава төмөнкү мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын: 

«8-1. Көзөмөлгө алынган уюмдарга инспектордук текшерүү жүргүзүү планы ар бир жылга түзүлөт жана төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын функцияларын жөнгө салган, көзөмөлдөгөн жана контролдогон түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/ Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же анын милдетин аткарган башка кызмат адамы тарабынан бекитилет. 

Инспектордук текшерүүнү пландаштыруу төмөнкү негизи критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт (бирок ал менен эле чектелбейт): 

- төлөм системасынын маанилүүлүгү, ал Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатына ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан бекитилет;   

- уставдык капиталдын көлөмү;  

- бюджеттик төлөмдөрдү кабыл алуу;   

- мурдагы жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөр;  

- жазма буйруктарды жана башка таасир этүү чараларын аткаруу.  

Инспектордук текшерүүлөр планына зарыл болгон учурда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.»;  

- 10-пунктунун «текшерүүгө алынат» деген сөздөрүнөн кийин «(мисалы, процессинг, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу, электрондук акча ж.б.у.с.)» сөздөрү алынып салынсын; 

- 14-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:  

«- пайдалануучулар алдында милдеттенмелерди аткарбоого алып келе турган же/ жана төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин бузууга алып келиши мүмкүн болгон төлөм системасынын операторунун/ төлөм уюмунун уюштуруучуларынын/ катышуучуларынын/акционерлеринин, кызмат адамдарынын ортосунда пикир келишпестик (чыр-чатак) тууралуу жарандардын маалыматы/ билдирүүсү/ кайрылуусу (көзөмөлгө алынган уюмдарга байланышкан) болсо; 

- пайдалануучулар алдында милдеттенмелерди аткарбоого алып келе турган же/ жана төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин бузууга алып келиши мүмкүн болгон маалыматтар/ билдирүүлөр/ окуялар болсо; 

- көзөмөлгө алынган уюмдардын мыйзамсыз иши жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан маалымат болсо.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Эгерде инспектордук текшерүү план боюнча жүргүзүлсө, текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмга зарыл документтердин тизмесин кошо тиркөө менен (2-тиркеме) текшерүү башталганга чейинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен билдирүү катын жөнөтүүгө тийиш, ал эми жолдомо уюмга келген учурда көрсөтүлөт.»; 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм ушул нускоонун  

21-пунктуна ылайык жөнөтүлгөн билдирүү катында белгиленген бардык документтерди сунуштоого милдеттүү. Документтер жок болсо ал өзүнчө акт менен таризделип, ага текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү кол тамгасын коёт. 

Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм жумуш орундары менен өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүү. Өзүнчө бөлүнүп берилген жайда аудио/ видео жаздыруучу түзүлүштөр болбоого тийиш. Эгерде көзөмөл тобуна өзүнчө бөлүнүп берилген жайда аудио/ видео жаздыруучу түзүлүштөр болсо, анда көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүү учурунда бөлүнүп берилген жайда аудио/ видео жаздыруу жүргүзүлбөй тургандыгы тууралуу милдеттеме берилет.»; 

- 26-пунктунун «киргенге чейинки бир жумуш күнү мурда» деген сөздөрү «кирген күнү» дегенге алмаштырылсын; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Көзөмөлгө алынган уюм инспектордук текшерүү учурунда документтердин түп нускасын сунуштайт. Өзгөчө учурларда гана, объективдүү себептер боюнча документтердин түп нускасын сунуштоо мүмкүн болбогон учурларда, жазуу түрүндө документти берүү мүмкүн болбой жаткан себебин көрсөтүү менен көзөмөлгө алынган уюм анын кызмат адамынын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү (оттиск) коюлган документтердин көчүрмөлөрүн сунуштайт. 

Текшерүүчү тобунун суроо-талабы боюнча көзөмөлгө алынган уюм талап кылынган документтердин электрондук версиясын (бар болгон учурда) сунуштайт.»; 

- 29-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-суроо-талап боюнча көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган/маалымат системаларына бардык жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды (окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу) алуу мүмкүнчүлүгү менен кирүү укугуна ээ болуу;» 

- жетинчи абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- көзөмөлгө алынган уюмдан жана төлөм системасынын катышуучуларынан төлөм системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча бардык маалыматтарды жана документтерди талап кылууга жана алууга». 

Текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган системасынан отчетторду түзүү жана чыгаруу көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдугу менен ишке ашырылат.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 29-1-пункту менен толукталсын: 

«29-1. Атайын режим киргизилген учурда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитеттин атайын режимди киргизүү жөнүндө чечими жана «Төлөм системасынын операторлоруна/ төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо менен белгиленген иш-чараларды аткарышат.»

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди талап кылынган малыматтарды сунуштаган жана даярдаган көзөмөлгө алынган уюмдун түздөн-түз кызматкерлери менен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине же болбосо ыйгарым укуктуу адамына макулдашуу боюнча талкууларды жүргүзүшү мүмкүн.»; 

- 32-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Көзөмөлгө алынган уюмду текшерүү учурунда кандайдыр бир фактыларды жана/ же окуяны (жетекчилик, кызмат адамы жок учур, кассанын калдыгын чечүү ж.б.) белгилөө зарылдыгы жаралган учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул нускоонун 3-1-тиркемесине ылайык, Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден эки нускада инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыны жана/же окуяны ырастоо жөнүндө актыны түзөт.»; 

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысына/ инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыны жана/ же окуяны ырастоо жөнүндө актысына Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү/ кызмат адамдары/ кызматкерлери кол тамга коёт.  

Ал эми бул актыга көзөмөлгө алынган уюм тарабынан кол коюудан баш тартылган учурда же көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү/ кызмат адамдары/ кызматкерлери жок болгон учурда, актыда баш тартуу/ кызмат адамдарынын жоктугу тууралуу актыда көрсөтүлөт, ал Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (текшерүү тобунун жетекчисинин жана анын мүчөлөрүнүн) кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт.»; 

- 35-пунктунун «Текшерүүнүн акыркы жумасында» деген сөздөрү « Инспектордук текшерүүнүн акыркы жумасында» дегенге алмаштырылсын:  

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Алдын ала жолугушун жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан текшерилген иш чөйрөсү боюнча берилген маселелер боюнча өздөрүнүн комментарийлерин жана түшүндүрмөлөрүн берүүгө, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун иши жөнгө салуу боюнча бар суроолоруна түшүндүрмө алууга, бар болгон проблемалар боюнча тактоого жана түшүндүрмө алууга, текшерүү тобунун мүчөлөрүнө суроолорду берүүгө укуктуу.  

Көзөмөлгө алынган уюм алдын ала жолугушунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынган уюм 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка протоколго кол коюудан баш тартууну негиздеген кат жөнөтөт.»; 

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Жыйынтыктоо жолугушуусунан кийин беш жумуш күнү ичинде протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат.  

Жыйынтыктоо жолугушуусунун протоколуна текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү, ал жок учурда - анын милдетин аткарган адам кол тамга коёт. 

Эгерде көзөмөлгө алынган уюм жыйынтыктоо жолугушуусунун протоколуна кол коюудан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынган уюм 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка протоколго кол коюудан баш тартууну негиздеген кат жөнөтөт.»; 

- 52-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин ушул нускоонун 4-тиркемесине ылайык отчет менен таанышуу барагына кол коюу зарыл. Ошол эле учурда отчётто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул болбоо отчет менен таанышуу барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт.»; 

- 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Көзөмөлгө алынган уюмдун аткаруу органынын мүчөлөрү/ Директорлор кеңеши (бар болгон учурда)/ акционерлери (уюштуруучулары)/ катышуучулары инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышып чыгууга жана таанышуу барагына кол тамга коюуга тийиш. Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышуу барагы Улуттук банкка Улуттук банктан коштомо катты алган күндөн тартып он (10) жумуш күнү ичинде кайтарылып берилет. 

Таанышуу барагына кол тамга коюуга милдеттүү болгон адамдар резиденттер эмес болуп саналган учурда, таанышуу барагын Улуттук банка кайтарып берүү мөөнөтү 30 (отуз) календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.»;  

- 54-пунктунун «тарабынан» деген сөздөрү «отчет менен таанышуу баракчасына» деген сөздөр менен толукталсын;   

- Нускама төмөнкү мазмундагы 3-1-тиркеме менен толукталсын:  

«3-1-тиркеме  

  

Инспектордук текшерүүдө белгиленген фактыларды жана/же окуяларды  

ырастоо жөнүндө акт 

  

_____________________________________________________________________________ өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

____________________________________________________________________________ (жайгашкан орду, дареги, телефону) 

__________________________________________________ «___» ____________ 20__ -ж.  

үзүлгөн жери жана күнү

   

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери  

_____________________________________________________________________________  

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү) жана 

_____________________________________________________________________________  

өзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн/кызмат адамдарын/ кызматкерлеринин аты-жөнү

  

төмөнкүлөр боюнча ушул актыны түздүк: 

_______________________________________________________________________  

                     (белгиленген фактылар жана/же окуялар көрсөтүлөт)  

   

Акт түзүлдү:  

_______________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү

__________________ 

(кызмат орду) 

________________ 

(кол тамгасы) 

Таанышып чыкты:  

_______________________ 

өзөмөлгө алынган уюмдун кызматкеринин аты-жөнү

_________________ 

(кызмат орду) 

 

(кол тамгасы) 

Актынын экинчи  нускасын алды:  

______________________ 

өзөмөлгө алынган уюмдун кызматкеринин аты-жөнү

______________ 

(кызмат орду) 

__________ 

(кол тамгасы) 

  

- 4-тиркеменин «Аткаруу органынын кол тамгалары» деген сөз «Отчет менен таанышуу барагы» дегенге алмаштырылсын.