Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-3-(ПС)  

токтому  

 

 

 

 

Төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү жана андагы тобокелдиктерди тескөө боюнча Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38\4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатынын бекитүү тууралуу" токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/8 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жана коммерциялык банктар өз ишин белгиленген ушул токтомдун талаптарына ылайык 2019-жылдын 1-декабрына чейин келтирсин.  

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу 

Н.Жениш 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 2-сентябрындагы 

№ 2019-П-14/46-3-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү жана андагы тобокелдиктерди тескөө боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

15-июлундагы № 38/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатынын: 

1) "Терминдер жана аныктамалар" деген 2-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

 

Ушул Саясаттын максаттарында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдары жана "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобо менен белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Саясатта ошондой эле төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Жаңы төлөм системалары бул Кыргыз Республикасынын аймагында жаңыдан эле түзүлүп жана/же иштей баштаган, Улуттук банктын лицензиясын ала элек/анда каттоодон өтө элек системалар.  

Маанилүү төлөм системасы бул нак жана нак эмес төлөм жана эсептешүү каражаты катары улуттук валютага карата калктын ишенимин колдоого өбөлгө түзгөн жана Улуттук банк тарабынан маанилүү төлөм системаларына карата белгиленген критерийлерге туура келген система.  

Башка төлөм системалары системалуу мааниге ээ, маанилүү же улуттук төлөм системалары категориясына кирбеген төлөм системалары. 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү бул төлөмдөрдү кабыл алуу, акча каражаттарын которуу, эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү

Төлөм инфраструктурасы төлөм инструменттерин пайдалануу жана алар менен операцияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле системанын иштөө негизин түзгөн жана камсыз кылган төлөмдөрдү иштеп чыгуу, алар боюнча клиринг жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган жабдуулардын, технологиялардын жана жол-жоболордун жыйындысы.  

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери бул ишинде келип чыккан үзгүлтүктөр системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштешине терс таасирин тийгизиши, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары жана банктар үчүн "домино эффектисин" жаратышы мүмкүн болгон маалымат- телекоммуникациялык технологиялар, билдирүүлөр менен алмашууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси.  

Системалуу мааниге ээ төлөм системасы бул:  

1) операциялык жана техникалык себептер боюнча иши үзгүлтүккө учураган учурларда банк системасына же бүтүндөй финансы системасына олуттуу кесепеттерди жаратышы мүмкүн болгон төлөм системасы;  

2) катышуучулардын биринин төлөөгө жөндөмсүздүгү башка катышуучуларда жана төлөм системасында ликвиддүүлүк тобокелдигинин, ошондой эле бүтүндөй финансы системасында системалуу тобокелдиктин ("домино эффектисин") келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон төлөм системасы.  

Корреспонденттик мамилелер системасы бул чек ара аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүгө жана ар кайсы өлкөлөрдүн финансы-кредит уюмдарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди жүргүзүү жөнүндө түзүлгөн келишимдердин (агенттик келишимдердин) негизинде кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларга башка кызматтарды сунуштоого мүмкүндүк берген система.  

Натыйжалуу иштеген төлөм системасы бул кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын) ишкердик жигерин арттырууга өбөлгө түзгөн жана операторлордун чыгымдарынын өлчөмүн азайтууга мүмкүндүк берип, ошол аркылуу пайдалануучулардын төлөмдөрүн өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн инвестицияларды тартуу деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзгөн система, эрежелер жана техникалык инфраструктура.  

2) 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

"5. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүүнүн негизги максаты болуп, өлкөнүн финансы системасынын ишинин туруктуулугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасында системалуу тобокелдиктин ("домино эффектиси") орун алуу ыктымалдуулугун төмөндөтүү, төлөм системаларынын натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүз иштешин арттыруу, төлөм инструменттеринин ыңгайлуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргоо жана нак жана нак эмес эсептешүүлөр каражаты катары улуттук валютага болгон ишенимин колдоо саналат". 

3) 6-пунктундагы:  

- биринчи абзацындагы "улуттук" деген сөз алынып салынсын; 

- " пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"б) төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү төлөмдөрдүн мыйзамдарда аныкталган мөөнөттө жана шарттарда төлөмдөрдүн төлөөчүдөн алуучуга чейин өткөрүлүшүнүн жана төлөм системасында эсептешүүлөр мыйзамдарда аныкталган өлчөмдөгү суммада аткарылбаган учурда акча каражаттарынын кайтарылып берилишинин кепилдиги;"; 

- "в" пунктчасынын "андан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо" деген сөзгө чейин "пайдалануучуларга" деген сөз менен толукталсын; 

4) 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"7. Төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктүн (оверсайттын) максатына жетүү үчүн Улуттук банк төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш

а) Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иштөө тартибин аныктайт жана мониторингди жүзөгө ашырат, ошону менен бирге эле: 

- төлөм системаларынын операторлорунан, төлөмдөрдү өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдардан, электрондук акчаны чыгарган банктардан, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринен жана төлөм системаларынын катышуучуларынан маалыматтарды алуу

- айрым төлөм системаларынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштешине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

б) төлөм системасынын операторлоруна, төлөм системасынын катышуучуларына, электрондук акча чыгарган банктарга алардын төлөм системасынын ишин өркүндөтүү жана системалуу тобокелдиктин келип чыгышына же алгылыксыз ишке жол бербөө максатында, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу таасир этүү

- төлөм системасынын ишин жана аны уюштуруу шарттарын жана тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;  

- төлөм системасынын операторунун жетекчи органынын чечим кабыл алуусуна катышуу."; 

5) 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"9. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) объектилери болуп саналат."; 

6) 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"10. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүүнүн негизинде системалуу мааниге, маанилүү, улуттук төлөм системаларынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин тизмегин аныктайт. Жарыялоо үчүн системалар тизмегин Улуттук банктын Төлөм системалары боюнча комитети аныктайт."; 

7) 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"11. Улуттук банк төмөнкүлөрдү контролдойт:  

- төлөм инструменттерин пайдаланылышына; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын техникалык инфраструктурасынын иштешине (СВИФТ жамааттык пайдалануу түйүнү жана банктар аралык коммуникациялык түйүн)."; 

8) 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"12. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) төмөнкү негизги үч багыт боюнча цикл түрүндө кайталануучу процесс формасында үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашырат:  

а) төлөм системаларынын иши жөнүндө сапаттык жана сандык маалыматтарды топтоонун жана аларга талдап-иликтөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын жана төлөм инфраструктурасынын ишине мониторинг жүргүзүү;  

б) системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын ишинин белгиленген стандарттарга, ошондой эле Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге ылайык келишине баа берүү жана айрым төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун талдоо. Улуттук банк, рынокто жаңы төлөм системалары/тейлөө кызматтары/кызмат көрсөтүүлөр пайда болгон учурда, алардын түзүлүү баскычына ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

в) төлөм системаларын өркүндөтүүгө багытталган чараларды көрүү."; 

9) 13-пунктунун:  

- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- "система төлөмдөр өткөрүлгөн айрым бир участоктордо финансылык жана/же финансылык эмес тобокелдиктер, операциялык же техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, системалуу тобокелдикти шарттоого жана системалуу бузулууларды финансылык системанын башка катышуучуларына жайылтууга жөндөмдүү болсо ("домино эффектиси")"; 

алтынчы абзацында "финансылык" деген сөз "төлөм" дегенге алмаштырылсын; 

10) 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"14. Төлөм системасы, эгерде ал эң аз дегенде төмөнкү критерийлердин бирине туура келе турган болсо, маанилүү төлөм системасы катары таанылат:  

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде төлөм системаларынын түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 35%ын иштеп чыккан болсо;  

- системага Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде  

50% жана/же Улуттук банктын критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ деп таанылган 3 банк (мындан ары банк тутумунун маанилүү катышуучулары);  

- система төлөм системаларынын түрлөрү боюнча рыноктун ј үлүшү ээлеген төлөм системасы менен интеграцияланган болсо; 

- жана/же төмөнкү критерийлердин экөөнө тең туура келсе: 

- системанын аралыкта орнотулган жана агенттик түйүндөрүнүн камтуу деңгээли отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде Кыргыз Республикасындагы аралыкта орнотулган бардык жабдуулардын жана агенттердин кеминде 35% түзсө

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде Кыргыз Республикасындагы бардык бюджеттик төлөмдөрдүн көлөмүнүн жана/же санынын кеминде 10% иштеп чыкса;"; 

11) 15-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"15-1. Эгерде төмөндө келтирилген критерийлердин эң аз дегенде үчөөсү тиешелүү болсо, ал юридикалык жак статусу боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылат

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде валютада боюнча төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% иштеп чыкса/маршрутун түзсө

- Кыргыз Республикасында бардык аралыкта орнотулган жабдуулардын жана/же агенттердин 25% ашыгы туташтырылган болсо; 

- төлөм системаларынын түрүнө жараша нак эмес төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% өткөн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 35% тейлеген болсо; 

- Кыргыз Республикасынын банк тутумунун катышуучулары менен өз ара байланышы - банк тутумунун кеминде 2 маанилүү катышуучусу менен интеграцияга ээ/аларды тейлесе; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системалары менен өз ара байланышы - төлөм системаларынын түрүнө жараша төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% өткөн төлөм системалары менен интеграцияга ээ болсо; 

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен өткөрүлгөн транзакциялардын кеминде 25% иштеп чыкса; 

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде электрондук акчаларды пайдалануу менен өткөрүлгөн транзакциялардын санынын кеминде 25% иштеп чыкса жана/же электрондук капчык ээлеринин кеминде 25% тейлеген болсо; 

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде акча которуулардын жалпы санынын кеминде 25% иштеп чыкса."; 

12) 16-пунктунун:  

- биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

өлөм системаларынын ишине жүргүзүлгөн мониторинг төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) органы тарабынан төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камтыйт."; 

- "а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"а) төлөм системасынын операторлору же катышуучулары (эгерде оператор Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаса), ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишинин сандык мүнөздөмөлөрү боюнча маалыматтарды алууга өбөлгө түзгөн, электрондук акча чыгаруучу банктар тарабынан даярдалган утурумдук статистикалык отчетторду топтоо жана аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде:  

- ай ичинде күндөлүк төлөмдөрдүн көлөмү жана саны;  

- төлөм системасынын ири беш катышуучусуна туура келген төлөмдөрдүн саны жана суммасы (концентрациялануу коэффициенти);  

- колдонулган төлөм инструменттери, валюталарынын түрлөрү, төлөм системаларынын түрлөрү боюнча төлөмдөр

- катышуучулар/агенттер боюнча төлөмдөр

- окуялар, штаттан тышкаркы жагдайлар жана санкцияланбаган операциялар боюнча

- төлөмдөрдүн багыты боюнча төлөмдөрдүн көлөмү жана саны

- система тарабынан себебин көрсөтүү менен иштетүү үчүн кабыл алынбаган төлөмдөр

- башка маалыматтар;  

- "в" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"в) төлөм системасынын учурдагы абалын талкуулоо үчүн төлөм системасынын операторунун, катышуучуларынын, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин жетекчи кызматкерлер менен жолугушууларды жана талкууларды өткөрүү"; 

- "д", "е" пунктчаларында "мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу" деген сөздөр "таанышуу мүмкүнчүлүгү" дегенге алмаштырылсын; 

- "ж" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"ж) төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары сыяктуу эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери, электрондук акча чыгарган банктар сыяктуу көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгын алуу мүмкүнчүлүгү"; 

- "з" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"з) төлөм системаларынын операторлорунун/катышуучуларынын, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайделеринин, электрондук акча чыгарган банктардын ишин текшерүүгө алган тышкы жана ички аудиторлордун корутундуларын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген алуу мүмкүнчүлүгү"; 

- "к" пунктчасындагы "маалымат булактарына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү" деген сөздөр "маалыматтарга мониторинг жүргүзүү" дегенге алмаштырылсын; 

13) 17-пунктунун 5-абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

14) Саясат төмөнкү мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын:  

"17-1. Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин иши ушул Саясатка карата 3-тиркемеде көрсөтүлгөн стандарттарга шайкеш келиши жагында бааланат. Баа берүү анын натыйжасын Улуттук банкка анын натыйжаларын андан ары жөнөтүү менен орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери тарабынан, же болбосо орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери менен түздөн-түз байланышта болуу аркылуу Улуттук банк тарабынан өз алдынча жүргүзүлүшү мүмкүн."; 

15) 22-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- Системаларда катышуу. Төлөм системалары системалуу мааниге ээ же улуттук система катары таанылган учурда, Улуттук банк системанын операторунун акцияларына башка менчик ээлери үчүн каралган шарттарда ээлик кылуу аркылуу системаны тескөөгө катышуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу."; 

16) 23-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

17) 24-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:  

өлөм системасынын оператору баа берүүнүн натыйжасын алгандан кийин ал боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча планды белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана Улуттук банкка макулдашууга жана бекитүүгө, ошондой эле ал пландын аткарылышы боюнча отчетту белгиленген мезгилдүүлүгүнө ылайык Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш."; 

18) 26-пункту "төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары" деген сөздөн кийин "электрондук акча чыгаруучу банктар" деген сөздөр менен толуктасын; 

19) 3-тиркеменин: 

- 1-сунуш-көрсөтмөнүн экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери) - кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери көрсөтүп жаткан кызмат көрсөтүүлөргө мүнөздүү болгон олуттуу операциялык жана финансылык тобокелдиктерди аныктоо жана аларды тескөө, ошондой эле ошол тобокелдиктерди процесстеринин натыйжалуулугун камсыз кылуу сунушталат.". 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

15-июнундагы 25/8 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатынын: 

1) 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

2) 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

"3. Бул саясат, тобокелдиктерди идентификациялоо, баа берүү жана талдап-иликтөө, мониторинг жүргүзүү, алдын алуу жана төмөндөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун колдоо үчүн республиканын төлөм системасынын катышуучуларынын ишинде келип чыккан тобокелдиктерди тескөө процессин уюштурууга багытталган"; 

3) 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4. Саясатта Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын негизги максаттары, милдеттери жана тобокелдиктерди тескөө принциптери, аны уюштуруу жана төлөм системасынын иши үзгүлтүккө учураган шартта терс натыйжалардын келип чыгуу ыктымалдыгын төмөндөтүү ыкмалары аныкталат."; 

4) 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

"5. Саясаттын талаптарын жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банктын лицензиясына ээ төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан тобокелдиктерди азайтууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча нускоолор жана жол-жоболор иштелип чыгат."; 

5) "Терминдер жана аныктамалар" деген 2-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

 

Төлөм системасынын үзгүлтүксүз иши мыйзам талаптарын, төлөм системасынын, түзүлгөн келишимдердин жана макулдашуулардын, маалымат-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жана төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара иш алып баруусунда төлөм системасын техникалык тейлөө эрежелерин бузууга жол берүүнү алдын алуу, ошондой эле бузууга жол берилген шартта төлөм системасынын талапка ылайык иш алып баруусун калыбына келтирүү боюнча ишти уюштуруу жана камсыз кылуу

Төлөм системасындагы тобокелдиктер ушул Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн алгылыксыз жагдайлардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын максаттарына, милдеттерине жана функцияларына терс таасирин тийгизиши же талапка ылайык аткарылбашы мүмкүн болгон башка тобокелдиктердин орун алуу ыктымалдыгы

Төлөм системасынын компоненттери банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган төлөм системасы (ири төлөмдөр системасы, чекене төлөмдөр системасы) жана төлөм системасынын эрежелеринин алкагында төлөмдөр жана эсептешүүлөр жүзөгө ашырылуучу төлөм системасына өз ара байланыштуу технологиялар.  

Чекене төлөмдөр системасы алар боюнча дароо жыйынтыктап эсептешүү талап кылынбаган катышуучулардын чекене жана утурумдук төлөмдөрүн иштеп чыгуу үчүн каралган система. Чекене төлөмдөр системасы банктар аралык чекене төлөмдөр системасына жана башка чекене төлөмдөр системаларына бөлүнөт.  

FIFO (first in first out) бул, төлөмдөрдү иштеп чыгууда кезектүүлүк принциби, мында төлөмдөр келип түшүүсүнө жараша ырааттуу жана белгиленген артыкчылыктарга ылайык иштелип чыгат.  

Төлөмгө каршы берүү (Delivery Versus Payment DVP) эсептешүү принциби, ал бир активди жыйынтыктап которуу дароо ишке ашырыларын жана башка активди жыйынтыктап которуу ишке ашырылган учурда гана жүргүзүлөрүн гарантиялайт. Активдер валюта, баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер түрүндө болушу мүмкүн.  

Төлөмгө каршы төлөм (Payment Versus Payment PVP) эсептешүү принциби, анда бир чет өлкө валютасын жыйынтыктап которуу, эгерде башка чет өлкө валютасы же валюталар жыйынтыктап которулган шартта гана жүргүзүлөрү каралган

Төлөмдөрдү түздөн-түз өтмө иштеп чыгуу (Straight Through Processing STP) маалыматтарды жана төлөмдөрдү үзгүлтүксүз, толугу менен автоматташтырылган түрдө иштеп чыгуу процесси. Маалыматтарды иштеп чыгуунун бардык баскычында кол менен иштетүүгө жол берилбейт, буга автоматташтырылган системалар ортосунда маалымат алмашуу стандарттарын колдонуу жана алардын толук өз ара иштеши менен жетишилет. Төлөмдүн баштапкы маалыматтары автоматтык системалар сыяктуу эле кол менен киргизилиши мүмкүн, бирок мында кол менен тууралоого мүмкүн болгон туура эмес / четке кагылган төлөмдөрдү эске албаганда, маалыматтарды андан ары берүү жана иштеп чыгуу толугу менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт."; 

6) 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"7. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө максаттарына жетүү төмөнкү милдеттерди аткарууну аныктайт:  

- аларды жүзөгө ашырууда төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон алгылыксыз жагдайлардын келип чыгышын болжолдоо;  

- төлөм системасынын туруктуу ишине көмөк көрсөтүү;  

- орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди алдын алуу жана четтетүү;  

- тобокелдиктерди идентификациялоо, аныктоо жана алардын келип чыгуу себептерин аныктоо;  

- тобокелдиктин олуттууларын аныктоо;  

- тобокелдиктерди ооздуктоо; 

- тобокелдик деңгээлине жана таасирине баа берүү

- тобокелдикке туруктуу негизде мониторинг жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

- келип чыккан тобокелдиктердин кесепеттерин өз учурунда четтетүү процессин уюштуруу жана бузууга жол берилген шартта, төлөм системасынын ишин калыбына келтирүү механизмдерин түзүү;  

- төлөм системасында орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди алгылыктуу деңгээлде чектеп туруу ыкмаларын аныктоо жана колдоо;  

- аныкталган тобокелдиктерди кыскартууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында, төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара маалымат алмашуусун камсыз кылуу;  

- тобокелдик факторлоруна жол бербөөгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алуу;  

- төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өзгөрүлмөлүү шарттарына карата тобокелдиктерди тескөө процесси аркылуу ыкчам чара көрүү.  

7) 8.1.1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

"Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында өткөрүлгөн төлөмдөр жана эсептешүүлөр Улуттук банкта ачылган банк-төлөөчүнүн эсебин дебеттөө учурунда банк-төлөөчү үчүн кайтарылып алынгыс жана банк-алуучунун эсебин кредиттөө учурунда акыркы болуп саналат."; 

8) 8.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банктар аралык чекене төлөмдөр системасы аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөр жана эсептешүүлөр Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында таза позицияларды акыркы эсептөө учурунда банк-төлөөчү үчүн кайтарылып алынгыс болуп саналат."; 

9) 8.1.3-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

"Банк-төлөөчүдөн төлөм документи жана тапшырма аткарууга кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү алынган учурда жана кардар-төлөөчүнүн эсебин дебеттөөдө кардар-төлөөчү үчүн төлөм кайтарылып алынгыс жана акыркы болуп саналат."; 

10) Саясат төмөнкү мазмундагы 8.1.4-пункт менен толукталсын: 

"8.1.4. Башка чекене төлөмдөр системалары аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөр жана эсептешүүлөр төлөм системасынын операторунан төлөм аткарууга кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү алган жана/же төлөм өткөрүлгөндүгүн тастыктаган чек (карт-чек, SMS-тастыктоо) берилген учурда төлөөчү үчүн кайтарымсыз болуп саналат жана каражаттар төлөөчүнүн банктык эсебинен же электрондук капчыгынан алынган жана бир эле учурда алуучунун эсебине чегерилген учурда акыркы болуп саналат. Бул жоболор төлөм системасынын оператору/төлөм уюму жана анын кардары ортосунда түзүлгөн келишимде ачык офертада камтылууга тийиш. Чекене төлөмдөр системасы акыркы эсептешүүлөрдүн гарантияланып өткөрүлүшү үчүн шарттар менен камсыз болууга тийиш. 

Акча каражаттары автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы аркылуу салынган учурда, төлөмдү аткарууга кабыл алуу жөнүндө билдирүү алган жана чек берилген учурда төлөм кардар-төлөөчү үчүн кайтарылып алынгыс жана акыркы болуп саналат.";  

11) 8.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8.2. Таза позицияларды банктар аралык чекене төлөмдөр системасында кайра эсептөөгө жол бербөө. Банктар аралык чекене төлөмдөр системасында операциялык/эсептөө циклинин натыйжасында алынган бардык таза позициялар боюнча ири төлөмдөр системасында акыркы эсептешүүлөрдү гарантияланган шартта жүргүзүү камсыз кылынууга тийиш. Улуттук банк банктар аралык чекене төлөмдөр системасында айрым төлөмдөрдүн максималдуу көлөмүнө лимит белгилөөгө укуктуу.  

12) 8.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8.3. Төлөм системасында катышуу боюнча талаптар жана жоопкерчилик төлөм системаларынын тике катышуучулары жана атайын катышуучулары үчүн бөлүнөт. Төлөм системаларынын тике катышуучулары, төлөмдөрдүн түздөн-түз өтмө иштелип чыгышын (STP) жана ири төлөмдөр системасында, ошондой эле банктар аралык чекене төлөмдөр системасында өз кардарларынын төлөмдөрүнүн өз убагында жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн филиалдарын, түздөн-түз иш алып барбаган катышуучуларын, субкатышуучуларын жана атайын катышуучуларын башкы мекемедеги төлөмдөрдү иштеп чыгуу борборуна туташтыруу үчүн ички инфраструктурасын түзүүгө тийиш ."; 

13) 8.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8.8. Эсептердеги ликвиддүүлүктү тескөө инструменттеринин болушу. Банктар аралык төлөм системаларында ликвиддүүлүктү тескөө механизмин түзүү максатында, банктар аралык төлөмдөрдү өз убагында гарантияланган акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылган, Улуттук банктын ири төлөмдөр системасынын эсептеринде топтолгон бирдиктүү ликвиддүүлүк пулу же камсыздандыруу фонду пайдаланылат. Банктар аралык чекене төлөмдөр системасынын операторлору тарабынан катышуучулардын каражаттарынын жетиштүүлүгүнө баа берилип жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн механизмдер (камсыздандыруу фонду, депозит ж.б.) ишке ашырылууга тийиш. 

Чекене төлөмдөрдүн башка системаларында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ликвиддүүлүктү тескөө механизмдери каралуусу зарыл."; 

14) 8.8.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8.8.2. Бир күндүк кредит "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык келген төлөм системаларынын катышуучулары үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.";  

15) 8.8.3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

16) 8.8.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8.8.4. "Овернайт" кредити "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө" жободо каралган талаптарга ылайык келген төлөм системаларынын катышуучулары үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.";  

17) 9-пунктунун:  

- биринчи абзацындагы "үзгүлтүксүз" деген сөз "үзгүлтүксүз" дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Ички тобокелдик факторлору төлөм системасынын натыйжалуу иштешине таасирин тийгизет. Ички тобокелдик факторлоруна шейкеш келбеген ички контролдоо системасы кирет: ички документтердин жеткире иштелип чыкпашы, келишимдердин жана макулдашуулардын шарттары, маалымат системасындагы үзгүлтүктөр, байланыш каналынын жана жабдуулардын үзгүлтүккө учурашы, бизнес-процесстердин жана маалыматты коргоо жана коопсуздук системасынын жеткире өркүндөтүлбөшү, төлөм системасынын катышуучуларынын персоналынын квалификациясынын жетишсиздиги жана талапка ылайык иш алып барбашы, резервдик схемалардын жоктугу ж.б. кирет.  

Тышкы тобокелдик факторлору төлөм системасына тыштан таасирин тийгизет жана алар системанын үзгүлтүксүз жана коопсуз ишине коркунуч жаратышы мүмкүн. Тышкы тобокелдик факторлоруна күтүүсүз табигый жагдайлар (жердин силкиниши, суу ташкыны, жаратылыш кырсыктары), техногендик факторлор (өрттүн чыгышы, суунун капташы, жарылуулар, химиялык жана радиациялык заттардын тарап кетиши, энергетикалык жана телекоммуникациялык кырсыктар ж.б.), социалдык факторлор (согуш аракеттери, массалык баш аламандык, теракт ж.б.) жана криминалдык факторлор (хакердик чабуул, төлөм системасынын ишине карата алдамчылык иш-аракеттер же чоочун адамдардын кийлигишүүсү ж.б.), саясий факторлор (улутташтыруу жана экспроприациялоо, контракттардын жана келишим шарттарын токтотуу, валютаны конвертациялоого чектөөлөр, согуш аракеттери жана жарандык баш аламандыктар) кирет.";  

18) 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"10. Төлөм системасында өзгөчө көңүл буруу предметинен болуп, эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн, ага ылайык төлөм системасынын ишин үзгүлтүккө учуратууга жөндөмдүү тобокелдиктер эсептелет.  

Системалуу тобокелдик бул, алгылыксыз жагдайдын келип чыгуу ыктымалдыгы, анда төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөм боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылууга жөндөмсүз болушу башка катышуучулардын да төлөм мөөнөтү келип жеткенде милдеттенмелерин өз убагында аткарбашына алып келет. Мындай жагдай бүтүндөй төлөм системасынын туруктуулугуна кооптуу жагдайды ("домино" эффектисин) жаратат.  

Ликвиддүүлүк тобокелдиги бул, катышуучунун төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу үчүн акча каражаттарынын жетишсиздигине же жоктугуна байланыштуу келип чыккан тобокелдик. Мындай тобокелдиктин орун алышы системанын катышуучусунун финансылык активдеринин жана финансылык милдеттенмелеринин тең салмактуу болбогонуна байланыштуу болот

Кредиттик тобокелдик бул, төлөө мөөнөтү келип жеткенде же болбосо кийинчерээк кайсыл болбосун учурда төлөм системасынын катышуучусунун башка катышуучулар алдында төлөм инфраструктурасынын кызматтары үчүн төлөө боюнча өз финансылык милдеттенмелерин аткаруу жөндөмсүздүгүнөн улам келип чыккан тобокелдик. Кредиттик тобокелдик төлөм системасынын катышуучуларынын финансылык туруктуулугуна кооптуу жагдайды шарттайт, бул төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине таасирин тийгизиши мүмкүн.  

Операциялык тобокелдик бул, аппараттык-программалык комплекстин жана коммуникациялык байланыш каналдарынын бузулушунан, төлөм системасынын катышуучуларынын персоналынын жана кызмат адамдарынын талапка ылайык иш алып барбашынан, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроону шарттаган тышкы факторлордун таасиринен, төлөм системасынын, ошондой эле маалымат коопсуздугу эрежелеринин бузулушунун же болбосо бүтүндөй системанын иштөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам келип чыккан тобокелдик.  

Юридикалык/укуктук тобокелдик бул, төлөм системасынын иштөө нормалары жана эрежелери аныкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, келишимдердин жана макулдашуулардын, төлөм системасынын катышуучуларынын ички документтеринин талаптары аткарылбагандыгынан улам орун алган тобокелдик. Бул тобокелдикке укук системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү, мыйзамга бат-бат өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, ошондой төлөм системасынын катышуучулары ортосунда соттук териштирүүлөргө алып келиши мүмкүн болгон төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда мамилелерде укуктук белгисиздиктин орун алышы кирет.  

Алдамчылык тобокелдиги төлөм системасынын катышуучуларынын жана кызмат адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусунан, маалыматтан санкциясыз колдонуусунан, акча каражаттарын уурдоодон, төлөм системасынын алкагында операциялардын ишке ашырылгандыгын жашыргандыгынан, ошондой эле бейтарап адамдардын төлөм системасына карата, жеке маалыматтарды уурдоо, купуя маалыматтарды алуу, акча каражаттарын уурдоо ж.б. максатында маалымат базасына кирүү сыяктуу укукка жатпаган аракеттеринен улам келип чыгат.  

Хакердик чабуул коюу тобокелдиги акча каражаттарын уурдоо, пайдалануучулардын жеке маалыматтарын алуу (пароль, ПИН-код, банктык карттар номери, жеке кол тамга үлгүсүнүн аналогу, пайдалануучулардын жеке маалыматтары) маалымат базасын жок кылуу жана бүтүндүгүн бузуу, маалыматтык компьютердик системаларды блокировкалоо жана иштен чыгаруу максатында, маалымат системасына санкциясыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды ишке киргизүү, компьютердик вирустарды жана башка зыян келтирүүчү программаларды таркатуу аркылуу төлөм системасынын маалымат ресурстарына жана маалымат-телекоммуникациялык каражаттарга таасир этүүдөн улам келип чыккан тобокелдик. 

Абройду жоготуу тобокелдиги коомдо төлөм системасынын туруктуулугу жөнүндө терс ой-пикир түптөлүшүнөн, төлөм системасында сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына терс баа берилгендиктен, анын ичинде төлөм системасына же анын катышуучуларына карата ишенимден ажыроого алып келген жалган маалыматтарды таркатуудан улам келип чыккан тобокелдик. 

19) 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"11. Улуттук банктын лицензиясына ээ төлөм системасынын катышуучулары тобокелдиктерди тескөө процессин жөнгө салган ички ченемдик укуктук документтерге ээ болууга жана алардын сакталышын камсыз кылууга тийиш."; 

20) 15-пунктундагы "ыктымалдуулугун азайтууга" деген сөз "төмөндөтүүгө" дегенге алмаштырылсын;  

21) "Төлөм системасында тобокелдиктерди төмөндөтүү механизмдери" 6-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

6-глава "Төлөм системасында тобокелдиктерди төмөндөтүү механизмдери" 

 

17. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу үчүн банктар аралык төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган

- төлөмдөрдү өткөрүү боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн катышуучулардын каражаттарынын жетиштүүлүгүнө айкын убакыт ыргагында мониторинг жүргүзүү;  

- катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган эсебиндеги кредиттик калдыктын чегинде гана системада эсептешүү операцияларын жүргүзүү;  

- катышуучулардын Улуттук банктагы эсебиндеги калдыктарын айкын убакыт ыргагында кароо мүмкүнчүлүгү менен камсыздоо;  

- жакын системалардан эсептешүүлөрдүн гарантияланган шартта өткөрүлүшүн камсыз кылуу үчүн каражаттарды резервге коюу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; 

- төлөмдөрдү белгиленген артыкчылыктарга жараша иштеп чыгуу;  

- катышуучулардын өз төлөмдөр кезегин тескөөсүөлөмдөр артыкчылыгын өзгөртүү, кезектеги төлөмдү кайтарып алуу ж.б.);  

- чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын таза дебеттик позициясына лимиттердин белгиленишин камсыз кылуу;  

- системада катышуучулардын өз ликвиддүүлүгүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн жеткиликтүү көлөмгө чейин көбөйтүүсү боюнча механизмдердин болушу; 

- төлөм документтерин колго даярдоодо негизги тилкелердин эки жолу киргизилишин камсыз кылуу

- аппараттык жана программалык камсыздоону негизги түйүнгө кайталап киргизүү

- негизги түйүндүн аппараттык-программалык комплексин резервдик борборго кайталап киргизүү

- аралыкта резервдик борбордун болушу; 

- негизги түйүн менен катышуучулардын автоматташтырылган жумуш орундарынын ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн байланыш каналдарын кайталап киргизүү

- негизги жана резервдик түйүндөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалышын уюштуруу;  

- системанын катышуучуларын жана персоналын авторизациялоо жана аутентификациядан өткөрүү каражаттарын камсыз кылуу, санкциясыз пайдалануудан коргоо үчүн маалыматтарды өткөрүү каналын шифрлөө;  

- өткөрүлүп жаткан маалыматтын аныктыгын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн электрондук санарип кол тамганы колдонуу;  

- аларды жоготуу же кайталанышы тобокелдиги келип чыккан учурда, маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн системада жүргүзүлгөн бардык операциялардын резервдик көчүрүлүшүн камсыз кылуу; 

- системада электрондук документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык жөнөтүлгөн жана келип түшкөн электрондук билдирмелердин архивин жүргүзүү;  

- системанын квалификациялуу персоналынын (негизги жана кайталоочу курамынын) болушу жана алардын окуудан өтүп туруусун камсыз кылуу; 

- коопсуздук (маалыматтык, техникалык жана физикалык) системасынын болушу; 

- катышуучулардын системанын иштөө эрежелерин сактоосун туруктуу негизде контролдоо. 

17.1. Системада юридикалык/укуктук тобокелдиктерди кыскартуу максатында төлөм системасынын катышуучуларына карата укуктук белгисиздик жагдайларын четтетүү боюнча чаралар көрүлүп, төлөм системасынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын, келишимдердин жана макулдашуулардын, ички документтердин шарттарынын, ошондой эле системанын иштөө нормаларынын жана эрежелеринин сакталышы контролго алынат.  

17.2. Системанын катышуучулары ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин пайдалануу менен Улуттук банкта ачылган өз эсептериндеги зарыл ликвиддүүлүктү өз алдынча камсыздашат (активдердин жана пассивдердин түзүмүнө жана сапатына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, акча агымдарын эсептөө ж.б.).  

17.3. Системанын катышуучулары өз ички ченемдик документтеринде системада иштөө учурунда тобокелдиктерди жөнгө салуу ыкмаларын караштырышат.  

17.4. Системанын оператору туруктуу негизде ар бир тобокелдик түрү боюнча мониторингдин жүргүзүлүшүн жана баа берилишин камсыз кылат.  

18. Банктар аралык чекене төлөмдөр системасында төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу үчүн төлөм системасында аларды жөнгө салуунун төмөнкүдөй механизмдери каралган

18.1. Финансылык тобокелдиктерди кыскартуу максатында системада бир төлөмдүн максималдуу суммасына лимиттер жана катышуучулардын таза дебеттик позицияларына резерв белгиленет.  

18.2. Кризистик жагдайларга бөгөт коюу максатында, төлөм системасынын катышуучулары жыйынтыктап эсептешүү аяктаган учурда ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин, анын ичинде эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин пайдалануу менен Улуттук банктагы өз эсептерин зарыл ликвиддүүлүк менен камсыз кылуулары тийиш. Бул үчүн ликвиддүүлүк пулун жана Улуттук банкта түзүлгөн камсыздандыруу фондун да колдонууга болот, анын өлчөмү Улуттук банктын регламентинде белгиленген таза позициялар боюнча жыйынтыктап эсептешүү учурунда Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер боюнча көбүрөөк орточо статистикалык бир күндүк дебеттик сальдо суммасынын ордун жабууга тийиш.  

18.3. Системанын оператору төлөм системасынын катышуучуларынын төлөө жөндөмдүүлүгүнө мезгил-мезгили менен баа берип турууга, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык төлөм системасынын катышуучуларын чыгарып турууга тийиш

18.4. Ушул Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн тобокелдиктерди, ошондой эле системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга байланыштуу башка тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, төлөмдөрдү иштеп чыгуунун негизги борборунун иши резервдик борбордо кайталанууга тийиш.  

18.5. Төлөмдөрдү иштеп чыгуу борбору менен төлөм системасынын катышуучуларынын ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн байланыш каналдары жана аларга шайкеш келген резервдик каналдар аркылуу кошуу каралууга тийиш. 

18.6. Санкциясыз пайдалануудан коргоо үчүн маалыматтарды берүү каналдарын шифрлөө, системанын катышуучуларын жана персоналын авторизациялоо жана аутентификациялоо колдонулат. Берилүүчү маалыматтын аныктыгы жана бүтүндүгү электрондук санарип кол тамганы колдонуу менен камсыз кылынат.  

18.7. Маалыматтардын жоголуп кетиши коопсуздугу орун алган учурда системада аларды сактоо жана калыбына келтирүү же кайталоо үчүн резервдик көчүрүү колдонулат жана катышуучулардын системага жөнөтүлгөн жана система аркылуу алынган билдирүүлөрүнүн архиви жүргүзүлөт.  

19. Чекене төлөмдөрдүн башка системаларында төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн төлөм системасында тобокелдикти тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган:  

19.1. Системада финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында бир төлөмдүн максималдуу суммасына лимиттер жана камсыздандыруу депозиттери белгиленет. 

19.2. Ушул Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн тобокелдиктерди, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдайларга жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу башка тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу үчүн талаптар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.  

19.3. Системада юридикалык/укуктук тобокелдиктерди кыскартуу максатында төлөм системасынын катышуучуларына карата укуктук белгисиздик жагдайларын четтетүү боюнча чаралар көрүлүп, төлөм системасынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын, төлөм системасы жагынан, келишимдердин жана макулдашуулардын, ички документтердин шарттарынын, ошондой эле системанын иштөө нормаларынын жана эрежелеринин сакталышы контролго алынат. 

19.4. Системанын оператору өзүнүн ички ченемдик документтеринде системада иштөө учурунда тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын караштырат.  

19.5. Системанын оператору системадагы тобокелдиктердин ар бир түрү боюнча туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү камсыз кылат.  

20. Операциялык жаңылыштыктарда жана үзгүлтүккө учуроодо төлөм системасында тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында системада аларды тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган:  

20.1. Төлөм системасында санкцияланбаган операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында төлөмдөрдү жүргүзгөн, иштеп чыккан жана алган адамдардын инсандыгын жана укуктуулугун текшерүү механизми колдонулууга, маалыматтын купуялыгы сакталууга, ошондой эле төлөмдөрдү иштеп чыгуу борборлорунан жана төлөмдөр боюнча маалыматтарды берүү үчүн колдонулган байланыш каналдарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелүүгө тийиш. Мында жайлардын жана жабдуулардын бүтүн сакталышы коопсуздугуна, ошондой эле маалыматтарды сактоо учурунда сыяктуу эле, аларды берүү процессинде да коргоого өзгөчө көңүл бурулуусу зарыл. Башка учурларда тобокелдиктерди тескөөнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка моделдери колдонулат.  

20.2. Автоматташтырылган системалар маалыматтарды туура эмес киргизүү тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берген маалыматтардын киргизилишин контролдоону камсыз кылууга тийиш. Автоматташтырылган системалардын бардык жабдуулары жана программалык камсыздоолору тесттен, тажрыйбалык сыноодон өткөрүлүп, белгиленген стандарттарга ылайык документтерге ээ болууга тийиш.  

20.3. Ушул Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн тобокелдиктерди, ошондой эле башка тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, системанын ишин кайсы убакта болбосун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген, инструменттер, эрежелер жана резервдик көчүрүү тартиби колдонулууга тийиш. Резервдик механизмдер операциялык персонал менен изилденүүгө жана төлөм системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн бузбоого тийиш. 

20.4. Саясаттын 4-главасында көрсөтүлгөн тобокелдиктер, ошондой эле төлөм системасынын башка катышуучуларына кесепетин тийгизе турган жана "домино эффектисин" шарттай турган башка тобокелдиктер аныкталган учурда, төлөм системасынын катышуучусу Улуттук банкка жана системанын башка катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык маалымдоого тийиш."; 

22) "Корутунду жоболор" 7-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"7-глава. Корутунду жоболор 

 

21. Төлөм системасынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы өздөрү жүргүзгөн иштеринин түрүнө мүнөздүү болгон тобокелдиктерди өз алдынча тескейт жана тобокелдиктердин пайда болуу кесепеттерине жоопкерчиликтүү болушат.  

22. Улуттук банк орун алышы мүмкүн болгон "домино эффектисинен" төлөм системасын коргоого, ошондой эле төлөм системасынын натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга, төлөм инструменттеринин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашырат. 

23. Саясат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигине жараша жана төлөм системасында эл аралык банктык тажрыйбаларга ылайык тобокелдиктерди тескөөнүн жаңы натыйжалуу ыкмасынын пайда болушуна жараша кайра каралып турат.".