Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын «21» августундагы 

№2019-П-12/43-2-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын «21» августу 

№2019-П-12/43-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 22-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Банктар, жеке адамдар жана юридикалык жактар, ушул Жободо каралган документтер менен бирге Жобонун 33-тиркемесине ылайык, жеке маалыматтары Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдардын ошол жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун кошо сунуштоого тийиш. Жогорудагы макулдук берилбеген учурда, ал документтерди, анын ичинде банктардын обочо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин, банктын акционерлерин кошо алганда, банктын кызмат адамдарын макулдашуу маселелерине тиешелүү документтерди кароодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.»; 

- 89-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«89. Улуттук банк Башкармасы тарабынан баалуу металлдар менен банк операцияларын жүргүзүү укугуна уруксат берүү чечими оң кабыл алынган учурда, банк уруксат берилген банк операцияларынын мурдагы тизмесин Улуттук банкка тапшырган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Улуттук банк банктын лицензиясына карата уруксат берилген банк операцияларынын тизмесин алмаштырат (кайрадан тариздейт). Уруксат берилген банк операцияларынын тизмесин алмаштырууда (кайрадан тариздөөдө) уруксат берилген банк операцияларынын мурдагы тизмеси Улуттук банк Башкармасы тарабынан баалуу металлдар менен банк операцияларын жүргүзүү укугуна уруксат берүү чечими оң кабыл алынгандыгы жөнүндө катты Улуттук банктан алган күндөн тартып бир күндүн ичинде Улуттук банкка тапшырылууга тийиш.»; 

- 95-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«95. Лицензияга карата уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси банк уруксат берилген банк операцияларынын мурдагы тизмесин Улуттук банкка тапшырган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде алмаштырылат.  

Уруксат берилген банк операцияларынын тизмесин алмаштырууда (кайрадан тариздөөдө) уруксат берилген банк операцияларынын мурдагы тизмеси Улуттук банк Башкармасы тарабынан айрым банк операцияларын жүргүзүүгө уруксат берүү/ лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу чечими оң кабыл алынгандыгы жөнүндө катты Улуттук банктан алган күндөн тартып бир күндүн ичинде Улуттук банкка тапшырылууга тийиш»; 

- 103-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк банктын акцияларын сатып алган учурда бул бөлүктө каралган талаптар Улуттук банкка таркатылбайт жана Улуттук банк Башкармасынын акцияларды сатып алуу боюнча чечими банк капиталына чектүү катышууга ээ болууга берилген уруксат болуп саналат.»; 

- 120-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

«Акцияга менчик укугу өткөндөн кийин өтүнүч менен кайрылган жак 5 (беш) жумуш күнү ичинде акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин же болбосо менчикке укук анын негизинде өткөн башка документтин көчүрмөсүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш.»; 

- 138-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакциясында берилсин: 

«1) ошол банктын кызматкери болбогон же банк менен байланыштуу кайсы болбосун юридикалык жактын акыркы беш жыл ичинде кызматкери болуп иштебеген. Эгерде банк менен байланыштуу юридикалык жактар мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылган, мамлекеттик мүлктүн ээси катары мамлекеттин таламында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары мамлекеттин 100 (жүз) пайыз катышуу үлүшү менен юридикалык жактар болсо жана банк менен байланышы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылган, мамлекеттик мүлктүн ээси катары мамлекеттин таламында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары мамлекеттин банктын жана юридикалык жактардын капиталында катышуусунун негизинде гана аныкталса, бул талап Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгы критерийлерине туура келбөөгө негиз катары колдонулбайт.». 

- 149-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде банкта төлөм документтерине кол коюуга укук чегерүү үчүн макулдашуудан өткөн кызмат адамы жок болсо, төлөм документтерине кол коюу укугу Улуттук банкка макулдашуунун негизинде макулдашуу жол-жобосунан өткөн башка адамга тапшырылышы мүмкүн. Төлөм документтерине кол коюуга укукту өткөрүп берүүнү макулдашуу чечимин банкты көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселесин тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кабыл алат.»; 

- 150-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) тарапкерлер ушул Жобонун 17, 18, 19-главаларында алардын кызмат орду үчүн белгиленген талаптарга, Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын  

100-беренесинин 3-бөлүгүндөгү, төрага жана Башкарма мүчөлөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын 104-беренесинин 7-бөлүгүндөгү кошумча талаптарга жооп бербейт.». 

- 170-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «көчмө кассалар» деген сөздөр «мобилдик кеңселер» деген сөздөр менен толукталсын,»; 

- 190-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «кредиттик бюродон маалымат кат» деген сөздөр «ишеним каттын көчүрмөсү (филиалдын жетекчиси үчүн)» деген сөздөр менен толукталсын».  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 27-1-глава менен толукталсын: 

«27-1-глава. Мобилдик кеңселерди ачуу 

286-1. Банк мобилдик кеңсе түрүндө обочо түзүмдүк бөлүмдү ачышы мүмкүн.  

Мобилдик кеңсе бул банктын башкы кеңсесине же филиалына караштуу болгон, техникалык жактан талаптагыдай жабдылган автоунаа каражатынын базасында уюштурулган, банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган обочо түзүмдүк бөлүм. Мобилдик кеңсенин касса кызматкерлеринин, автоунаа каражатынын айдоочусунун, күзөтчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун жана ден-соолугунун сакталышын, мобилдик кеңседеги акча каражаттарынын жана башка баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу жоопкерчилиги коммерциялык банктарга жана мобилдик кеңсенин коопсуздугун камсыз кылуучу адамдарга жүктөлөт. 

286-2. Банк мобилдик кеңсенин ишин өз алдынча уюштурууга укуктуу. Мобилдик кеңсе банктын уставына ылайык ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин негизинде ачылат (жабылат). 

Мобилдик кеңсенин ишине байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу максатында, анын кассасында болушу мүмкүн болгон нак акча каражатынын жалпы суммасы операциялык күн ичинде 5 000 000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш. Бул суммадан ашкан акча каражаты банктын мобилдик кеңсеси караштуу болгон банктын филиалына/башкы офисине же банктын жакын жайгашкан сактык кассасына/филиалына инкассацияланышы жана бул боюнча тиешелүү акты түзүлүшү зарыл. 

Банк башкармасы мобилдик кеңсенин иши үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

286-3. Мобилдик кеңсе банктын тиешелүү лицензиясы бар болгон шартта, аларга берилген ишеним каттын алкагында төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) жеке адамдарды тейлөө

а) бюджетке төлөмдөрдү жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу; 

б) жеке адамдар үчүн акча которууларды жүзөгө ашыруу; 

в) берилген кредиттердин ордун төлөөгө банк кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу; 

г) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү

д) аралыктан тейлөөнү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн тиешелүү жабдуулар (терминал, банкомат, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы, банктык төлөм картын кабыл алуу жана тейлөө инфраструктурасынын башка жабдуулары) орнотулган шартта банктык төлөм карттары аркылуу операцияларды (нак акча алуу) жүргүзүү жана банктык карттарды сунуштоо; 

е) пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө

ж) электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү (электрондук акчаны нак акчага айландыруу, аны толуктоо); 

2) юридикалык жактарды жана юридикалык жакты түзүүсүз жана эсеп ачуусуз эле ишкердикти жүзөгө ашырган жеке ишкерлерди тейлөө

а) Кыргыз Республикасынын бюджетине нак акча каражатында төлөмдөрдү кабыл алуу; 

б) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү

в) электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү (электрондук акчаны нак акчага айландыруу, аны толуктоо); 

3) кеп-кеңештерди берүү, кредит алууга, банк эсебин ачууга, карттарды чыгарууга, электрондук капчыктарды ачууга билдирмелерди кабыл алуу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо. 

286-4. Банк мобилдик кеңседе операцияларды жүзөгө ашырууда келип чыгышы ыктымал болгон операциялык тобокелдикти минималдаштырууга багытталган иш- чараларды так аткарууга, ошондой эле мобилдик кеңседе иштеген банк кызматкерлеринин жолдо кетип жаткан учурда, кардарларды тейлөө учурунда, адаттагыдан тышкары жагдай келип чыккан шартта (анын ичинде программалык-техникалык каражаттардын ишинде үзгүлтүктөрдүн, кырсыктардын келип чыгышы, автотранспорт каражатында касса кызматкери отурган жайга же айдоочу отурган жерге санкциясыз кирүү аракеттери орун алган шартта) иш алып баруу тартибине карата талаптарды так сактоого тийиш. 

286-5. Мобилдик кеңсе Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык кассалык операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү жабдуулар (анын ичинде нак акча каражаттарынын жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн каралган жабдуулар, акча каражатын кайра эсептөө үчүн жабдуулар, акча белгилеринин аныктыгын текшерүү үчүн каралган техникалык жабдуулар) менен камсыздалышы зарыл. Мобилдик кеңсе программалык-техникалык каражаттарды колдонуу менен касса операцияларын жүргүзүүгө укуктуу. 

Мобилдик кеңседе кассалык тейлөөнү жүзөгө ашырган кызматкер, айдоочу жана күзөтчү болушу зарыл.  

Касса кызматкери банктын операциялык ишин жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмүндө иштеген кеминде бир жылдык эмгек стажына ээ болууга тийиш.  

286-6. Банк, банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органы мобилдик кеңсени ачуу тууралуу чечим кабыл алган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мобилдик кеңсе тиешелүү техникалык жабдуулар менен жабдылгандыгы жөнүндө актысын алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, мобилдик кеңсе ачылгандыгы тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

Улуттук банкка жөнөтүлгөн билдирүүдө бекитилген жана талаптагыдай негизде таризделген төмөнкү документтер кошо тиркелип берилиши зарыл: 

1) мобилдик кеңсенин ачылгандыгы тууралуу билдирме; 

2) банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын мобилдик кеңсенин кимге караштуу экендигин көрсөтүү менен аны ачуу тууралуу чечими (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 

3) автоунаа каражатына укукту тастыктаган документтер жана ыйгарым укуктуу органдын унаа каражаты техникалык жактан пайдаланууга боло турган оң абалда экендиги тууралуу маалым катын кошо тиркөө менен банктын аны пайдаланууга укуктуу экенин аныктаган башка документтер; 

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мобилдик кеңсенин техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгы тууралуу мамлекеттик органдын мөөрү жана анын жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн актысы; 

5) мобилдик кеңсе иштеп жаткан мезгил аралыгында аны Кыргыз Республикасынын ыйгарым укукту органынын, күзөтүү агенттигинин же болбосо инкассация уюмунун кызматкерлери тарабынан коштоп жүрүүнү камсыз кылуу кызматын көрсөтүү келишими. 

Мобилдик кеңсени ачуу күнү тиешелүү билдирмени жөнөтүү күнү болуп саналат. 

286-7. Мобилдик кеңсенин иши бир айдан ашык убактылуу жана/же өзгөчө кырдаалдын жаралышынан улам токтотулган болсо, бул тууралуу эки күндүк мөөнөт ичинде Улуттук банкка маалымдоо зарыл. 

286-8. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү кароого сунушталган документтер жана автоунаа белгиленген тараптарга жооп бербеген шартта банкка тиешелүү билдирме жөнөтүүгө укуктуу. 

286-9. Улуттук банк мобилдик кеңсенин ишин текшерүүгө укуктуу.  

Банк белгиленген талаптарды так сактабаган шартта ага карата Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

286-10. Мобилдик кеңсенин операцияларды жүргүзүү тартиби жана шарттары Банк башкармасы тарабынан бекитилген банктын мобилдик кеңселери жөнүндө жободо бекитилүүгө тийиш. Мобилдик кеңсенин иштөө тартиби, кызматкерлеринин саны жана аткаруучу милдеттер чөйрөсү банктын жетекчилиги тарабынан бекитилген ички иш тартибинин эрежелерине ылайык аныкталат. Мобилдик кеңсенин ишин жүргүзүү үчүн касса кызматкерине уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси көрсөтүлгөн ишеним кат берилүүгө тийиш. 

Банктын мобилдик кеңселер жөнүндө жобосунда төмөнкүлөр чагылдырылышы зарыл:  

а) мобилдик кеңсенин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана банктын ички документтерине ылайык жүзөгө ашырыла тургандыгы; 

б) аткаруу укугу мобилдик кеңсеге ыйгарылышы мүмкүн болгон операциялар тизмеси; 

в) мобилдик кеңсенин ишин уюштуруу тартиби; 

г) мобилдик кеңсе ишке ашырган операцияларды контролдоо тартиби;  

д) мобилдик кеңседе ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды жана документтерди банкка берүү тартиби; 

е) мобилдик кеңсенин ишин жетектөө жана аны контролдоо милдети жүктөлгөн банктын кызмат адамдарына тиешелүү маалыматтар; 

ж) мобилдик кеңседе операцияларды жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон операциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга, мобилдик офистин кызматкерлеринин алдамчылыкка барышына бөгөт коюу максатында анда ишке ашырылган операцияларга контролдукту камсыз кылууга багытталган иш-чаралар тизмеги («төрт жактан көз салуу», онлайн режиминде контролдоо принциптерин ж.б. колдонуу) ошондой эле, банк кызматкерлеринин жолдо бара жаткан учурда, кардарларды тейлөө учурунда, адаттагыдан тышкары иш жагдайы келип чыккан шартта (анын ичинде программалык-техникалык каражаттардын ишинде үзгүлтүктөрдүн, кырсыктардын келип чыгышы, унаа каражатында касса кызматкери отурган жайга же айдоочу отурган жерге санкциясыз кирүү аракеттери көрүлгөн учурларда) иш алып баруу тартибине карата талаптар. Мындан тышкары, мобилдик кеңсенин ишинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар да бекитилиши зарыл; 

з) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзам талаптарын сактоо боюнча иш-чаралардын тизмеги; 

и) мобилдик кеңседе иштеген банк кызматкерлеринин санынын курамына тиешелүү маалыматтар. 

286-11. Мобилдик кеңседе банктын аталышы, банк лицензиясынын номери, белгиленген тарифи менен сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтар чагылдырылган (пайыздар, чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу курсу ж.б.) такта орнотулууга (өлчөмү кеминде 40 x 60 см болгон) тийиш.  

286-12. Банк мобилдик кеңсени жабуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде анын түп нускасын (талаптагыдай негизде тариздетилген көчүрмөсүн) кошо тиркөө менен Улуттук банкка тиешелүү билдирмени жөнөтүүсү зарыл. 

Билдирме жөнөтүлгөн күн мобилдик кеңсе жабылган күн болуп саналат; 

286-13. Мобилдик кеңсе тейлөө ишин жүзөгө ашырган жерге (кардар жайгашкан жерге) баруу алдында анын жүрүү багыты (маршруту) үчүн жооп берген адам банктын коопсуздук кызматынын жетекчисине макулдашылган, баштапкы жерден акыркы баруучу жерге чейинки (филиалга чейинки багыт) аралыкты жана ар бир пунктка барууга кеткен убакыт аралыгы аныкталган кыймыл багытын даярдайт. 

286-14. Банктын (филиалдын, ички түзүмдүк бөлүмдүн) операциялык касса башчысы мобилдик кеңсенин ишке чыгуусу алдында бекитилген кыймыл багытын (маршрутту) касса кызматкерине тапшырат. Мобилдик кеңсенин касса лимити банктын башкы офиси/филиалы тарабынан белгиленет.  

286-15. Банктын ички документтерине ылайык жумуш күнүнүн акырында мобилдик кеңседеги баалуулуктар (акча каражаттары), кардарларды тейлөөдө түзүлгөн документтер техникалык жактан талаптагыдай жабдылган жайга ээ болгон тиешелүү башкы кеңсеге, филиалга, сактык кассасына тапшырылат. Мобилдик кеңседе акча каражаттарын, башка баалуулуктарды жана кардарларды тейлөөдө түзүлгөн документтерди калтырып кетүүгө тыюу салынат. 

286-16. Мобилдик кеңсенин жол жүрүү багыты (акыркы келген жерин эске албаганда) жана келген/кеткен убактысы купуя сакталууга тийиш. Касса кызматкери, айдоочу жана куралданган күзөтчү келип/кетүү багыты тууралуу жолго чыгып жаткан күнү гана тааныштырылат. Мобилдик кеңсенин келип/кетүү багыты коопсуздук кызматы жана аны камсыз кылуу милдети аларга жүктөлгөн жактар тарабынан GPS-навигациясы боюнча ишке ашырылат.»;  

295-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Коммерциялык банктар акционерлердин жылдык жана кезексиз жыйындарын өткөрүү алдында Улуттук банкка банк ишине тиешелүү бардык маселелер боюнча билдирме жөнөтүүгө милдеттүү. Билдирмеде жыйын өткөрүлүүчү күн, убактысы, өткөрүлүүчү жер, жыйындын күн тартиби көрсөтүлүп, жыйында каралуучу маселелер боюнча материалдар кошо тиркелип берилиши зарыл (материалдар бар болсо).»;  

- 342-пункту төмөнкү редакциясында берилсин: 

«342. Банктарды кайра өзгөртүп түзүүнүн бир формасы катары кошулуу дегенден улам, башка банкка (кошулуучу банкка) өткөрүп берүү актысына ылайык алардын укуктары (активдери) жана милдеттери (милдеттенмелери) өтүшү менен бир же бир нече банктардын (кошулуп жаткан банктар) ишинин токтотулушун түшүнүүгө болот. Кайра өзгөртүп түзүү процесси аяктары менен кошулуп жаткан банктар юридикалык жак статусун жоготот. Кошулган учурда кошуучу банк жаңы банк болуп саналбайт жана банк операцияларын жүргүзүү укугуна мурда берилген лицензиянын негизинде иштейт.»; 

- 351-пункту төмөнкү редакциясында берилсин: 

«351. Бөлүнүү формасында кайра түзүлүүдө кайра өзгөртүп түзүүнүн жыйынтыгы боюнча иштеп жаткан банк жаңы банк болуп саналбайт жана банк операцияларын жүргүзүү укугуна мурда берилген лицензиянын негизинде иштейт. Бөлүнүү формасында кайра түзүлгөн банк банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн Улуттук банкка ушул жобонун 39-главасында каралган документтерди сунуштайт.»; 

- 361-пунктунун «е)» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«е) кредиторлордун коомго карата тиешелүү милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда токтотуу же аткаруу, алардын талаптарын канааттандырууга тиешелүү талаптардын аткарылышы мүмкүндүгү боюнча маалыматтарды;»; 

- 361-пунктунун абзацтарындагы «жаңы» деген сөз «кайра өзгөртүлүп түзүлгөн» деген сөзгө алмаштырылсын»; 

- 372-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жаңы банк (банктар) мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде кайра өзгөртүп түзүү процессине катышкан банктар (кошулуу, бөлүнүү) Улуттук банкка банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиясын өткөрүп, анын ордуна жаңы банктарга берилүүчү лицензияны алышат. Бөлүнүү формасында кайра өзгөртүлүп түзүлүүдө лицензия жаңы банкка гана берилет»; 

- 405-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү сүйлөм менен толукталсын: 

«Ушул пунктчанын талаптары мурда банктан МФКга кайрадан каттоодон өткөн МФКларга таркатылбайт.»; 

- 413-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 21-тиркеменин 1.1-пунктунун «(мамлекеттик, расмий тилдерде жана англис тилинде)» деген сөздөр «, болжолдонуп жаткан кызмат орду» деген сөздөр менен толукталсын. 

- 21-тиркеменин 2.5-пунктундагы таблица төмөнкү редакцияда берилсин: « 

Ишке кабыл алынган жана иштен бошотулган күн 

Уюмдун аталышы 

Уюмдун иш чөйрөсү 

Жайгашкан жери 

Телефон номери 

Кызмат орду, негизги милдеттери (негизги милдеттер банк ишине байланыштуу болбогон кызмат орундары үчүн көрсөтүлөт) 

Иштен бошонуу үчүн негиздер 

Эмгек китепчесинде жазуулар жок болсо, белгилөө зарыл 

 

 

 

 

 

 

 

 

» 

- 21-тиркеменин 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6. Кынтыксыз ишкердик абройду тастыктоо: 

1) экономика чөйрөсүндө кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн алынып салынбаган жана тындырылбаган соттолгондугу барбы (бар/жок); 

2) банк, финансы, аудитор, камсыздандыруу жана инвестициялоо чөйрөсүндө иш алып барууга укуксуз деген соттун же Улуттук банктын чечими боюнча банк чөйрөсүндө иштөөгө укугу жок деген сизге карата чечимдер барбы (бар/жок); 

3) башка чөйрөлөрдө иш алып барууга сизге мүмкүндүк бербеген соттун чечими барбы (бар/жок). Эгерде болгон болсо, анкетага кошо тиркөө зарыл; 

4) Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же болбосо чет өлкөнүн банктык көзөмөл боюнча компетенттүү органынын сизди ээлеп турган кызматтан бошотуу үчүн банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу жагында чечими барбы (бар/жок). Эгерде болгон болсо, анкетага кошо тиркөө зарыл; 

5) банктын капиталына чектүү катышууну сатып алуу боюнча талапты бузууга жол берүү фактысы сизде аныкталганбы (ооба/жок); 

6) өз финансылык милдеттенмелерди төлөө боюнча соттун аткарылбай калган чечими барбы (ооба/жок). Эгерде болсо, чечимдин аткарылбай калышынын себептерин баяндап жана чечмелеп көрсөтүү зарыл. 

7) Сизге же сиз олуттуу катышуучу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же башка бир кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата кайсы бир учурда, кайсыл бир өлкөдө

- акыркы 3 (үч) жыл аралыгында, анын ичинде айыптоолор токтотулган же алынып салынган учурда да, административдик укук бузууларга, кемчиликтерге, алгылыксыз жосундарга, кылмыштарга жол берилгендиги үчүн айыптоолор коюлганбы (ооба/жок) ______________. Эгерде болсо, алар боюнча түшүндүрмө берүү зарыл; 

- акыркы 3 (үч) жыл ичинде тартип жаза чарасы, кылмыш жоопкерчилиги чарасы колдонулганбы (ооба/жок) __________________. Колдонулган болсо, алар боюнча түшүндүрмө берүү зарыл; 

8) Сиз же директор (менеджер), жетекчи, уюштуруучу, акционер катары сиз байланыштуу болгон компания кайсы бир өлкөдө иш алып баруу максатында лицензия же башка уруксат алуу документтерин алуу үчүн кайрылдыңыз беле? Кайрылган болсоңуз, кайсы өлкөдө ишкердиктин кайсы түрүн жүзөгө ашырууга ниеттенгениңизди көрсөтүү зарыл. ________________________________________________________________________ 

9) 

а) Сизге же директор (менеджер), жетекчи, уюштуруучу, акционер катары сиз байланыштуу болгон компанияга лицензия (уруксат) берүүдөн баш тартылган же болбосо лицензия (уруксат) берген орган тарабынан лицензия кайтарылып алынды беле? Эгерде мындай учурлар орун алган болсо, лицензия берүүдөн эмне үчүн баш тартылган, берилбей калган же лицензия кандай себептен улам кайтарылып алынгандыгы боюнча түшүндүрмө бергиле (анын ичинде сиз иштен бошонуп кеткен 3 (үч) жылды кошуу менен). 

_____________________________________________________________________________ 

б) Сизге же жетекчи (менеджер), кызмат адамы ( Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.у.с) же олуттуу катышуучу катары (анын ичинде сиз иштен бошонуп кеткен 3 (үч) жылды кошуу менен) сиз байланыштуу болгон мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессине дуушар болгон ар бир компанияны көрсөтүңүз.  

_____________________________________________________________________________ 

Директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары сиз байланыштуу болгон, ошондой эле мажбурлап банкроттоого, жоюлууга байланыштуу шарттар коюлган компанияда аткарган ролуңузду жана жоопкерчилигиңизди толук негиздеп берүү зарыл 

____________________________________________________________________________ 

10)  Сизге же кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/ финансылык менеджер ж.б.у.с.) же олуттуу катышуучу катары сиз байланыштуу болгон компанияга карата мамлекеттик же жөнгө салуучу орган, анын ичинде укук коргоо органдары тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берилишине байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлдү беле. Жүргүзүлгөн болсо, кандай себептер боюнча экендигин чечмелеп көрсөтүү зарыл». 

- 32-тиркеменин 2) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 20-главасында каралган талапкерди макулдашуудан баш тартууга негиздер» _____________ (аныкталды/аныкталган жок)».  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 33-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» 

жобого карата 3-тиркеме» 

 

 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субьектинин макулдугу 

 

Калктуу пункт, күнү 

 

Мен, ___________________________________________________________________ 

(фамилиясы, аты, атасынын аты) 

_____________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документ: ____________________________________________ 

(документтин түрү

сериясы _________________________ № __________________________________________ 

 

берилди ______________________________________________________________________ 

(берилген күнү) (ким тарабынан берилген) 

 

____________________________________________________________________негизинде (ишеним каттын, мыйзамдын жана башка укуктук актынын) 

_____________________________________________________________________________ 

(ишеним кат берилген адамдар үчүн) атынан иш алып барган (фамилиясы, аты, атасынын аты) 

_____________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

нсандыгын күбөлөндүргөн документ: _____________________________________________ 

(документтин түрү

___________________сериясы ____________________ № ____________________________ 

берилди ______________________________________________________________________ 

(берилген күнү) (ким тарабынан берилген) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча билип туруп төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштетүүгө (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык); 

- жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине) менин жеке өзүмө гана тиешелүү болгон бардык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам талабына жана «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык берилишине. 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: фамилияма, атыма жана атамдын атына (өзгөртүлгөн болсо) (мурдагы аты-жөнүм өзгөрткөн күн жана ага түрткү берген себептер); төрөлгөн жерим жана төрөлгөн күнүмө; жарандыгым тууралуу маалыматтардын (анын ичинде мурдагы жарандыгым, башка жарандыкты алгандыгым); алган билим тууралуу маалыматтардын (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жыл, билимге, квалификацияга ээ болгон, кайра даярдыктан өткөн багыт же документ боюнча алган билимим); илимий даражага ээ экендигим тууралуу маалыматтардын, чет тилдерди кандай деңгээлде билүүгө тиешелүү маалыматтардын, жашаган жеримдин дарегине (келген жеримдин дареги); байланыш телефон номерлериме жана башка байланыш каналдары боюнча маалыматтардын; инсандыгымды тастыктаган документтин түрүнө, сериясына, номерине, ошол документти берген органдын аталышына, документ берилген күнгө; салык төлөөчүнүн идентификациялык номерине; үй-бүлөлүк абалыма, үй-бүлө курамына, жакын туугандарыма тиешелүү маалыматтардын; эмгек жолума тиешелүү маалыматтардын (аскердик кызмат өтөө, эки ишти айкалышта аткаруу, ишкердик иш, кызмат көрсөтүүнү сунуштоо келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктарга, башка сыйлыктарга, артыкчылык белгилерине (ким тарабынан жана качан берилген) ээ болгондугума тиешелүү маалыматтардын; соттолгондугум же болбосо соттолбогондугум тууралуу маалыматтардын, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендигим үчүн мага карата колдонулган тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтардын; кирешелер, чыгашалар, мүлкүм жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле мүлк мүнөздөгү милдеттенмелериме тиешелүү маалыматтардын, сүрөтүмдүн берилишине да тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам талабына жана «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык, Улуттук банк тарабынан лицензиялоо жол-жобосун ишке ашыруу (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, акцияларды сатып алуу, банктардын иш чөйрөсүн кеңейтүү) максатында сунушталат.  

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759-токтому менен бекитилген жеке маалыматтарды топтоо жана аларды иштеп чыгууга субъектинин макулдугун алуу, жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берилиши жөнүндө ага маалымдоо тартибинин жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм.  

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт.  

 

 

20__-ж. «___» __________________  

_____________________________________ 

Кол тамгасы Аты-жөнү