Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 24-июнундагы 

№2019-П-13/33-6-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 «Улуттук валютанын шектүү  

банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 «Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн жана областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-июнундагы 

№2019-П-13/33-6-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 «Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоо тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

28-декабрындагы №95/4 «Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- 1 жана 2-пунктуларындагы «финансы-кредиттик мекемелер» жана «кредиттик мекемелер» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө «финансы-кредит уюмдары» деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; 

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Шектүү банкноттор/ монеталар бул, бир катар техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан чыгарылгандыгына шектенүүнү жараткан банкноттор/монеталар.»; 

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Шектүү банкноттор/монеталар экспертизадан өткөрүү үчүн Улуттук банкка, же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары Финансы полициясы)/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары ИИМ)/Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК) жакын жайгашкан бөлүмүнө берилүүгө тийиш.»; 

- 2-главанын аталышындагы «кредиттик мекемелердин» деген сөз «финансы-кредит уюмдарынын» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Финансы-кредит уюмдарынын касса кызматкерлери банкноттордун/монеталардын аныктыгын текшерүү үчүн детекторлор, жабдуулар, ошондой эле маалымдама жана методикалык материалдар менен камсыз болууга тийиш. 

Сунушталган детекторлор жана жабдуулар: 

- чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (кеминде 10 эсе чоңойтуп көрсөтүүгө жөндөмдүү); 

- жарыкка салып караганда банкноттун аныктыгын текшере алган жабдуу; 

- ультракөгүш нурун чыгарган булак; 

- өлчөө сызгычы; 

- инфракызыл нурдун чагылышында байкалган коргоо белгилерин текшерүү үчүн жабдуу; 

- банкноттогу магниттик коргоо белгилерин текшерүүчү жабдуу.»; 

- 8 жана 9-пунктуларындагы «финансы-кредиттик мекемелер» жана «кредиттик мекемелер» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө «финансы-кредит уюмдары» деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; 

- 12-пунктундагы: 

«кредиттик мекемелерде» деген сөз «финансы-кредит уюмдарында» деген сөзгө алмаштырылсын; 

«Финансы полициясынын» деген сөз «/ИИМ/УКМК» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 14-пунктундагы: 

«кредиттик мекемелердин» деген сөз «финансы-кредит уюмдарынын» деген сөзгө алмаштырылсын; 

«Финансы полициясынын» деген сөз «/ИИМ/УКМК» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 17 жана 25-пунктуларындагы «кредиттик мекемелер» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө «финансы-кредит уюмдары» деген сөзгө тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; 

- 26 жана 27-пунктуларындагы «Финансы полициясынын» деген сөз «/ИИМ/УКМК» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-эскертүүдөгү «Кыргыз Республикасынын» деген сөз алынып салынсын; 

- 6-тиркемедеги «Финансы полициясына жөнөтүлгөн күн» графасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансы полициясына/ИИМ/УКМК жөнөтүлгөн күнү»; 

- 7-тиркемедеги «Финансы полициясынын» деген сөз «/ИИМ/УКМК» деген сөздөр менен толукталсын.