Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 28-июну  

№2019-П-09/34-2-НПА  

токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө   

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

3-сентябрындагы № 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) «Акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 28-июну  

№ 2019-П-09/34-2-НПА  

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына толуктоолор 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

3-сентябрындагы № 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобонун: 

- 10-пункту төмөнкү мазмундагы 4-1 пунктчасы менен толукталсын: 

«4-1) орун алган ликвиддүүлүк көйгөйлөрүн жөнгө салуу жана суралып жаткан кредитти төлөө боюнча чараларды чагылдырган, Директорлор кеңеши жана Башкармасы тарабынан бекитилген банктын иш-чаралар планы;»;  

- жобо төмөнкү мазмундагы 14-1-пункту менен толукталсын: 

«14-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) «Акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобонун:  

- жобо төмөнкү мазмундагы 19-1-пункту менен толукталсын: 

«19-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.».