Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 19-июнундагы  

№ 2019-П-12/32-3-(НПА)   

токтому   

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

  

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана төлөм системалары операторлорун тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн.  

  

  

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 19-июнундагы 

№2019-П-12/32-3-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме  

 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик   

укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 4-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Обочо туруп/аралыктан тейлөө бул, кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу маалымат системасынын (интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б) жардамы аркылуу аралыктан туруп жөнөткөн буйруунун негизинде сунуштоочу тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөр.». 

- 5-пункттун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар менен өз ара иш алып барууда, ошондой эле адаттагыдан башкача жагдайлар келип чыккан шартта кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын жоопкерчилигин аныктаган маалымат коопсуздугу боюнча ички саясатты иштеп чыгууга, мында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптары эске алынууга тийиш;»; 

алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө;»; 

- төмөнкү мазмундагы сегизинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: 

«- юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда (макулдугун билдирүү, билдирмелерди берүү, келишимдерди түзүү жана башка бүтүмдөргө келишүү) электрондук кол тамганы таануу жана аны колдонуу тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;  

- электрондук кол тамга коюлган документтердин электрондук реестрин жүргүзүү

- пайдалануучуларды обочо туруп/аралыктан тейлөө системасына туташтыруу ишине мониторингди жана журнал жүргүзүүнү камсыз кылууну.»; 

- Жобо төмөнкү редакциядагы 6.1-пункт менен толукталсын: 

«6.1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө ишинде электрондук кол тамга ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык колдонулууга тийиш.»; 

- 10-пункттун: 

жетинчи абзацындагы «мезгилдүүлүгүң аз дегенде айына бир жолу) жана» деген сөздөр алып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы 16 абзац менен толукталсын: 

«- электрондук кол тамга анын атынан колдонулган пайдалануучуну аныктоо механизми жана электрондук кол тамга ачкычынын купуялуулугун сактоо милдети.»; 

- 11-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Интернет-банкинг аркылуу тейлөө учурундагы талаптар. 

1) Кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуну интернет-банкинг аркылуу тейлөөдө сунуштоочу биринчи кезекте төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер жана алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгы тууралуу кардарларга маалымдоого; 

- интернет-банкинг аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүдө коопсуздук эрежелеринин жана тартиптин так сакталууга (паролдун, коддордун, ачкычтардын үчүнчү тарапка берилишине жол бербөө) тийиш экендигин кардарларга маалымдоого; 

- финансылык маалыматтарды жөнөтүүдө жана төлөмдөрдү өткөрүүдө купуялуулуктун сакталышын камсыз кылууга; 

- коргоого алынган түйүндүк протоколдорго таянууга (колдонууга); 

- интернет-банкинг серверинин веб-баракчасын алмаштырып коюу алдамчылыгына бөгөт коюу механизмдерин колдонууга; 

- көп фактордук аутентификациялоо ыкмасын колдонууга (мисалы, пароль/код/бир жолку код жана жеке идентификациялык номер ж.б.); 

- татаал паролду жана аны мезгил-мезгили менен өзгөртүп турууну караган саясатты колдонууга;  

- паролдун автоматтык түрдө терилишине бөгөт койгон механизмдерди колдонууга; 

- белгиленген убакыт аралыгынан тышкары пайдалануучунун аракетсиздигинен улам, интернет банкингдин сервери менен туташтыруу сеансын блокировкалоо механизмин колдонууга.» 

- 18- пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу келишимге кол койгонго же обочо туруп/аралыктан тейлөөнү баштоого чейин пайдалануучуларды сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу эрежелери жана белгиленген тарифтер тааныштырууга/маалымдоого милдеттүү.»; 

- 21-пункттун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- тобокелдиктерди басаңдатуу чараларын аныктоо, анын ичинде кардарды идентификациялоонун тиешелүү технологияларын жана ички контролдук ченемдерин колдонуу (идентификациялоо каражаттарынын аныктыгын жана актуалдуулугун текшерүү);»; 

төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«- интернет-банкингди пайдалануучунун иш-аракетине мониторинг жүргүзүү.»; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Банктык эсепти же электрондук капчыкты аралыктан тескөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо сунуштоочу кардарларга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде пайдалануучунун жеке катышуусун талап кылган талаптарды аткарууга тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөөнү сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме» 

Обочо туруп/аралыктан тейлөөдө электрондук кол тамганы колдонууга карата талаптар 

Обочо туруп/аралыктан тейлөөдө электрондук документтердин юридикалык маанилүүлүгүн таануу максатында электрондук кол тамганы колдонуунун төмөнкүдөй шарттары белгиленет: 

1. Электрондук кол тамганы колдонуу аны менен ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр юридикалык мааниге ээ экендигин чагылдырган билдирүү менен коштолууга жана пайдалануучудан аны алгандыгын тастыктоону талап кылууга тийиш.  

2. Электрондук кол тамга маалыматтык билдирүү түрүндөгү бардык документке же тараптар ортосунда маалымат алмашуу боюнча келишимге ылайык сунушталган документке карата колдонулууга тийиш. 

3. Электрондук кол тамга Кыргыз Республикасынын кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык колдонулушу зарыл.  

4. Электрондук кол тамга төмөнкү учурларда колдонулат: 

- типтүү операциялар (жеке маалыматтарды иштеп чыгуу, кредит алууга карттарды чыгарууга билдирме берүү, ж.б.) боюнча макулдукту алууда  

- кошумча эсептерди (аманаттарды) ачуу келишимдери кол коюу; 

- белгиленген лимиттерге ылайык кредит алуу келишимдерине кол коюу;  

- кардардын аты-жөнүн, жеке идентификациялык номерин эске албаганда, тастыктоочу маалыматтарды жаңыртуу. Верификациялоого мүмкүнчүлүк болгон шартта гана маалыматтарды жаңыртууга болот. 

5. Жөнөкөй электрондук кол тамга банктын ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык тобокелдик деңгээли төмөн операциялар үчүн колдонулууга тийиш. 

6. Банктын ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык орточо же андан жогору тобокелдикти камтыган операциялар күчөтүлгөн кол тамга коюу менен ишке ашырылышы зарыл.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун: 

- 8-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эсеп ачууда сунушталган документтер ушул Нускоонун талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча түзүлгөн атайы көктөмөдө, келишимдин түп нускасы менен бирге банкта сакталууга тийиш же документтердин кагазга чыгарылган варианттары сакталган мөөнөт аралыгында маалымат базасында электрондук түрдө сакталууга тийиш. Мында, электрондук документтер базасына колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кирүүгө мүмкүнчүлүк камсыз кылынышы зарыл.»; 

- 17-пункттун экинчи абзацынын: 

экинчи сүйлөмүдөгү «акча которуулар» сөздөр «(анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган)» деген сөздөр менен толукталсын

үчүнчү сүйлөмүндөгү «кредит боюнча ордун жабуулар» деген сөздөр «(анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган)» деген сөздөр менен толукталсын

- 37-пункттун он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Келишим, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлүп, тараптардын ар бири үчүн бирден, кеминде эки нускада жазуу жүзүндө же келишим тараптар тарабынан түзүлгөндүгүнө толук ынанууга өбөлгө түзгөн электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында түзүлүүгө тийиш. Банктык аманат (депозит) келишиминин жазуу жүзүндө толтурулбагандыгы же электрондук кол тамганын таанылышы талабы келишимдин анык эмес деп таанылышына алып келет. Келишим жазуу жүзүндө толтурулган шартта анын бир нускасы банкта сакталып, экинчиси кардарга берилет. Электрондук формадагы келишим банктын электрондук маалымат базасында сакталуу менен кардарга андан пайдаланууга, көчүрүп алууга жана салыштырып тактоого мүмкүнчүлүк камсыз кылынат. Банк, келишимди банктык аманат (депозит) кабыл алынганга чейин эле кардарга берүүгө милдеттүү.»; 

- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«39. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсептерди ачуу, өтүнүч менен алгач кайрылган учурда аманатчынын өзүнүн (эгерде аманатчы жеке адам болсо) же эсеп ачууга ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, талаптагыдай тариздетилген документи болгон башка жактын (эгерде аманатчы жеке адам же юридикалык жак болсо) же болбосо үчүнчү жактын атына эсеп ачып жаткан адамдын (мисалы, жашы жете элек өспүрүмдүн ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактар) түздөн-түз катышуусунда, индентификациялоону жүргүзүү менен ишке ашырылат.»; 

- 40-пункттун 1-пунктчасындагы биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) эсеп ачууга кардар кол койгон өтүнүч кат кагаз түрүндө, же электрондук кол тамга коюлган документтин электрондук формасында, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:»; 

- 48-пункттун: 

жетинчи абзацындагы «банктык эсеп (депозит) келишими боюнча» деген сөздөр «алгач кайрылган учурда» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 34-3-пункт менен толукталсын:  

«34-3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар так сакталган шартта банк обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу, ички саясаттарга жана жол-жоболорго ылайык кредиттерди сунуштоого укуктуу. 

Жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишимдер боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредит көлөмү 15 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен), ал эми күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) ашпоого тийиш.»; 

- 36-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы (досье) кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында, электрондук документтер базасына кирүү мүмкүнчүлүгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынышы зарыл.»; 

- 39-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу сунушталган кредиттер боюнча келишимдер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада, алардын келишим тараптарына таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюлуп тастыкталышы мүмкүн.»; 

- 46-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«46. Кардар бардык тиркемелери менен кошо кагазга чыгарылган кредиттик келишимдин ар бир барагына кол коюуга же бирдиктүү электрондук документ формасындагы келишимге анын тараптарга таандык экендигин күбөлөндүргөн электрондук кол тамга басуу менен тастыктоого тийиш. 

Банк кардардын кредиттик келишим шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишим шарттары ага түшүнүктүү жана аларды аткарууга кардар макул экендигин билдирип кредиттик келишимге кол койгондугун же болбосо анын бирдиктүү электрондук документ түрүндөгү формасына электрондук кол тамга коюп тастыктагандыгын далилдеген тил катты алууга тийиш. Тил кат (алынган болсо) кардардын кредиттик таржымалына кошо көктөлөт.»; 

- 47-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Түзүлүп жаткан келишим нускасы аны бекиткен тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишим түзүп жаткан ар бир тарап бардыгы кол койгон кредиттик келишимдин түп нускасын, же Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамына ылайык кол коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. Банк кардардан келишимдин түп нускасын же электрондук кол тамга коюлган электрондук документти алгандыгы тууралуу тил катты алууга тийиш. Кардардын акча каражатын алгандыгы фактысы тиешелүү документ менен тастыкталышы зарыл.»; 

- 61-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«150000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган кредиттер же көрсөтүлгөн талаптарга ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт. Мындай кредиттердин суммасы карыз алуучунун жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы).». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 38-3-пункт менен толукталсын:  

«38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, ошондой эле банктын ички саясаттарында жана жол-жоболорунда көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди сунуштай алат. 

Жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишимдер боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер суммасы 15 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) ашпоого тийиш.»; 

- 39-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кардардын/өнөктөштүн таржымалы (досьеси) кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында, электрондук документтер базасына кирүү мүмкүнчүлүгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынышы зарыл .»; 

- 42-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча келишимдер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада, алардын келишим тараптарына таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюлуп тастыкталышы мүмкүн.»; 

- 49-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«49. Кардар/өнөктөш бардык тиркемелери менен кошо кагазга чыгарылган кредиттик келишимдин ар бир барагына кол коюуга же бирдиктүү электрондук документ формасындагы келишимге анын тараптарга таандык экендигин күбөлөндүргөн электрондук кол тамга басуу менен тастыктоого тийиш. 

Банк кардардын/өнөктөштүн кредиттик келишим шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишим шарттары түшүнүктүү жана аларды аткарууга кардар/өнөктөш макул экендигин билдирип кредиттик келишимге кол койгондугун же болбосо анын бирдиктүү электрондук документ түрүндөгү формасына электрондук кол тамга коюп тастыктагандыгын далилдеген тил катты алууга тийиш. Тил кат (алынган болсо) кардардын/өнөктөштүн кредиттик таржымалына кошо көктөлөт.»; 

- 50-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50. Түзүлүп жаткан келишим нускасы аны бекиткен тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишим түзүп жаткан ар бир тарап бардыгы кол койгон кредиттик келишимдин түп нускасын, же Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамына ылайык кол коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. Банк кардардан/өнөктөштөн келишимдин түп нускасын же электрондук кол тамга коюлган электрондук документти алгандыгы тууралуу тил катты алууга тийиш. Кардардын/өнөктөштүн акча каражатын алгандыгы фактысы тиешелүү документ менен тастыкталышы зарыл.»; 

- 63-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«150 000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган активдер же көрсөтүлгөн талаптарга ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген активдер бланктык активдерге кирбейт. Мындай активдер суммасы кардардын/өнөктөштүн жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы). Бланктык активдерди эсептөөдөн алынып салынган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү бланктык активдердин 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш».