Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2019-жылдын 10-апрелиндеги  

№ 2019-П-12/19-1-(НПА) токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктар бирлиги» ЮЖБ, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «10» апрелиндеги 

№ 2019-П-12/19-1-(БС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун: 

- 8-пунктунун 8-абзацындагы «аты-жөнүн, дайындала турган кызмат ордун жана документтерге кол коюу укугун көрсөтүү менен»деген сөздөр алынып салынсын; 

- 21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Улуттук банк Башкармасы төмөнкү учурларда башка Убактылуу администраторду дайындоого укуктуу:  

- Убактылуу администратор сыркоолоп калгандыгынан же башка себептерден улам жок болгон учурдаУбактылуу администрацияны жүргүзүү үзгүлтүккө учураса;  

- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин шарттарын Убактылуу администратор бузууга жол берсе;  

- отчеттор, ошондой эле расмий сунушталуучу башка документтер жана маалыматтар Убактылуу администратор тарабынан өз убагында тапшырылбаса, толук берилбесе жана/же анда туура эмес маалымат чагылдырылса, анын ичинде финансылык отчет бурмаланса;  

- Убактылуу администратордун тиешелүү мыйзам жана ушул жобо менен жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу, иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү жок болсо;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берсе;  

- Убактылуу администрация жүргүзүү максаттарына жетүүдө тоскоолдуктарды жараткан Убактылуу администратордун атайын аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимди Убактылуу администратордун жеке арызы/өтүнүчү менен токтотуу.»; 

- 41-пунктунун «айдын 10 (онуна) чейин» деген сөздөрү «айдын 10 жумуш күнү ичинде» дегенге алмаштырылсын; 

- 53-пунктунун «20 календардык күн ичинде» деген сөздөрү «Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде» дегенге алмаштырылсын; 

- 54-пунктунун «баа берүүчүлөрдү жана башка» деген сөздөрү «көз карандысыз» дегенге алмаштырылсын; 

- 71-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«71. Убактылуу администратордун банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу өтүнүчү канааттандырылган учурда, Убактылуу администратор аткарылган/аткарылбаган иш-чараларды жана орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди көрсөтүү менен аткарылган иш-чаралар жөнүндө отчетту Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөт боюнча Улуттук банкка берип турууга милдеттүү.»; 

- 95-пунктунун «экономикалык ченемдерин» деген сөздөрү «милдеттүү кам талаптарын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 107-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«107. Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгек акылары банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Убактылуу администратор дайындалган банкта Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгегин төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда, Убактылуу администратордун өтүнүч катынын жана Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгымдар Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Ал чыгымдар андан ары Убактылуу администратор дайындалган банктын сарптоолоруна киргизилет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт. 

Улуттук банктын эсебинен төлөнгөн Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгек акылары боюнча чыгымдардын орду Убактылуу администрациянын иши токтотулган учурда банк тарабынан, ал эми банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда, Мыйзамда белгиленген тартипте насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгүнө ылайык жабылат.»; 

- 109-пунктунун «5» деген саны «15» дегенге алмаштырылсын; 

- 110-пунктунун «5» деген саны «30» дегенге алмаштырылсын; 

- 113-пунктунун «5» деген саны «20» дегенге алмаштырылсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобонун: 

-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо жоюучуга карата квалификациялык жана башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына (мындан ары Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктарды жоюу чараларын ишке ашыруу өзгөчөлүктөрү белгиленген.»; 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, Улуттук банктын сунушу боюнча сот тарабынан же болбосо Улуттук банктын сунушу боюнча акционерлер жыйынында (өз ыктыярдыгы боюнча жоюлууда) белгиленет, бирок ал Убактылуу администрациялоо киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде эсептелген, жоюлуп жаткан банктын Башкармасынын төрагасынын кызматтык акысынан же болбосо банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган датага чейин банкта ишин аткарып жаткан Убактылуу администратордун сый акысынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.  

Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейин иштеп жаткан банктын тиешелүү кызматкерлеринин кызматтык айлык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт.»; 

- төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын: 

«9-1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун ишке ашырууда административдик чыгымдарды жабуу үчүн банкта ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда, банктын жоюучусунун жүйөлүү кайрылуусу боюнча ал чыгымдар Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Жоюучунун жүйөлүү кайрылуусуна Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылган административдик чыгымдардын түрлөрү кошо тиркелет. 

Улуттук банк кайрылуу түшкөн күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде жоюучунун кайрылуусун карайт. 

Улуттук банк жоюучуга административдик чыгымдар үчүн акча каражаттарын берүүдө Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн болгон административдик чыгымдардын түрлөрүн жана ар бир административдик чыгымдардын түрлөрүнө бөлүнүүчү суммаларды белгилейт. 

Жоюучуга административдик чыгымдар үчүн акча каражаттарын берүү чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

Улуттук банк административдик чыгымдардын ордун жабууга акча каражаттарын банктын жоюучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде берет. 

Улуттук банк, банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө акча каражаттарын Мыйзамдын 182-беренесине ылайык, жоюучу тарабынан ачылган атайын эсепке которот. 

Административдик чыгымдар үчүн Улуттук банк тарабынан банктын жоюучусуна берилген акча каражаттары жоюу массасына кирбейт, ал Мыйзамдын  

188-беренесине ылайык жоюучунун административдик чыгымдарына тиешелүү, ошондой эле жоюучу тарабынан насыя берүүчүлөрдүн ушул Мыйзамда белгиленген талаптарын орундатуу кезегисиз жабылууга тийиш.»; 

- 41-пунктунун: 

12-пунктчасынын алтынчы абзацындагы «топтоо фондусу» деген сөздөр «топтоо фондусунун каражаттары» дегенге алмаштырылсын; 

12-пунктчасынын жетинчи абзацындагы «зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө» деген сөздөр «кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө» дегенге алмаштырылсын. 

төмөнкү мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын: 

«15) Улуттук банктан алган жана колдонгон акча каражаттары боюнча отчет.».