Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 14-мартындагы 

№ 2019-П-12/11-1-(НПА) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

  

 Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ачык акционердик коомун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

  

  

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 14-мартындагы  

№ 2019-П-12/11-1-(НПА) 

токтомуна тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым 

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» Нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Банктын финансылык туруктуулугун жана ишинин туруктуулугун сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүн «банк капиталынын кошумча запасын» («капитал буфери» индекси) колдоо жөнүндө талап белгиленет. «Капитал буфери» индекси суммардык капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештиги) коэффициентин эсептөө сыяктуу эле аныкталат. «Капитал буферинин» индексинин мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 13.1-1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.