Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2019-жылдын 27-февралындагы  

№ 2019-П-10/9-5-(НПА) токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

4. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019 -жылдын «27» февраляндагы 

№ 2019-П-10/9-5-(НПА) токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»  

токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна сунуш кылынган төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет» жөнүндө жобонун:  

- 1-тиркемесинин: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«  

1-бөлүк 

Баланстык отчет  

А. Активдер  

Б. Милдеттенмелер  

В. Капитал  

Г. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер  

Д. Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө  

Е. Улуттук банк алдында милдеттенмелер  

Ж. Банктын активдерин жайгаштыруу  

З. Банк тарабынан «ислам терезесинин» алкагында ишке ашырылган операциялар тууралуу отчет  

И. Өлкөлүк белгиси боюнча банктын милдеттенмелерин тартуу  

К. Өлкөлүк белгиси боюнча банктын милдеттенмелерин (чет өлкө валютасында) тартуу  

Л. Өлкөлүк белгиси боюнча капиталды тартуу  

М. Кыргыз Республикасынын областтарына тармактар боюнча берилген кредиттердин көлөмү  

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 (беш) жумуш күн ичинде  

  

Чейрек сайын  

  

  

Н. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча кредиттерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

Чейрек сайын  

  

  

О. Кыргыз Республикасынын областтарына тартуу булактары боюнча депозиттердин көлөмү  

Чейрек сайын  

  

  

П. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча коммерциялык банктардын башка маалыматтары  

Чейрек сайын  

  

  

 

 

Р. Депозиттер жөнүндө маалымат  

Ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде  

 

»;  

- 2-тиркеменин: 

- «Баланстык отчет» деген 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы «Р» деген бөлүкчө менен толукталсын:  

« 

Р. Депозиттер жөнүндө маалымат (миң сом) 

Статьянын аталышы  

Суммасы 

Саны  

1. Жеке адамдардын депозиттери, анын ичинде: 

 

 

а) талап боюнча төлөнүүчү депозиттер; 

  

 

б) мөөнөттүү депозиттер; 

  

 

в) талап боюнча жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери;  

 

 

г) мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери. 

 

 

2. Юридикалык жактардын депозиттери (ислам принциптеринен тышкары), анын ичинде: 

 

 

а) талап боюнча төлөнүүчү депозиттер; 

  

 

б) мөөнөттүү депозиттер;  

  

 

в) талап боюнча жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери;  

 

 

г) мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери. 

 

 

3. Жеке ишкерлердин депозиттери, анын ичинде: 

 

 

а) талап боюнча төлөнүүчү депозиттер;  

  

 

б) мөөнөттүү депозиттер; 

  

 

в) талап боюнча жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери;  

 

 

г) мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери. 

 

 

4. Акча которуу системалары боюнча камсыздандыруу депозиттери 

  

  

 

 

 

Маалымат үчүн: 

 

 

а) жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча киреше 

 

 

б) жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча чыгаша  

 

 

»; 

 

«Активдер, милдеттенмелер жана капитал жөнүндө күндөлүк отчет» деген  

36-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«