Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 20-февралындагы  

№ 2019-П-15/7-3-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорунун күчүн  

жоготкон катары таануу жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2002-жылдын 26-апрелиндеги № 20/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында күрөө менен иш алып барууну уюштуруу боюнча» убактылуу жобо жөнүндө» токтому; 

- 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында күрөө менен иш алып барууну уюштуруу боюнча убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.   

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялагандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов