Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 19-декабрындагы 

№ 2018-П-36/55-10-(НПА) токтому 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

СВИФТ сервис бюросу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын СВИФТ сервис бюросу жөнүндө жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы № 7/4 «SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун жетинчи абзацы жана аталган токтомдун тиркемесинин 6-пункту. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Респубикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.  

5. СВИФТ сервис бюросу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо СВИФТ сервис бюросу бөлүмүн тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 19-декабрындагы 

№ 2018-П-36/55-10-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

СВИФТ сервис бюросу жөнүндө  

жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) СВИФТ сервис бюросунун (мындан ары сервис бюро) ишинде колдонулган негизги түшүнүктөр жана принциптер аныкталган, ошондой эле коммерциялык банктардын (мындан ары - Катышуучулар) сервис бюро аркылуу SWIFTNet түйүнүнө кошулуусуна, аны пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жана Катышуучулардын колдоосуна карата негизги талаптар аныкталган. 

2. Сервис бюро дегенден улам, SWIFTNet түйүнүнөн бул инфраструктураны колдоого алуучу жана Катышуучулардын SWIFTNet менен өз ара иш алып баруусун камсыз кылуучу тиешелүү персонал менен (мындан ары сервис бюро персоналы) жамааттык пайдалануу инфраструктурасынын жыйындысын түшүнүүгө болот.  

3. SWIFT (Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunication) дүйнөлүк банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коомчулугу. SWIFTNet телекоммуникациялык түйүнү SWIFT системасын пайдалануучулар арасында чек ара аркылуу өтүүчү жана ички төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн ишеничтүү жана коопсуз өткөрүлүшүн камсыз кылат.  

4. Улуттук банк, SWIFT системасынан жамааттык пайдалануу инфраструктурасын колдоого алуучу жана анын иштешин камсыз кылуучу сервис бюронун оператору болуп саналат. Сервис бюро операторунун функциялары ушул Жободо белгиленген талаптарды аткарууда, ошондой эле SWIFT эрежелери жана талаптарына ылайык, башка уюмга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.  

5. Сервис бюронун персоналы бул Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү. Сервис бюронун персоналынын кызматкерлери SWIFT талаптарына ылайык тиешелүү сертификациядан өтүшөт. 

6. Сервис бюронун техникалык инфраструктурасын SWIFTNet түйүнүн пайдалануу үчүн колдонуучу банктар-SWIFT коомчулугунун мүчөлөрү сервис бюронун катышуучулары болуп саналат. 

7. Сервис бюронун иштөө процессинде жана инфраструктурасын өндүрүшкө колдонууда Катышуучулардын SWIFTNet түйүнүнөн жамааттык пайдалануу боюнча өз ара мамилелери, тобокелдиктерди бөлүштүрүү, жоопкерчилик, укуктары жана милдеттери Катышуучулар менен сервис бюронун операторлорунун ортосунда түзүлгөн көп тараптуу макулдашууда жана эки тараптуу келишимдерде белгиленет (мындан ары - келишим).  

2. Сервис бюронун негизги иштөө принциптери  

8. SWIFTNet түйүнүнөн жамааттык пайдаланууда инфраструктуранын иштөөсү жана колдоого алынышы байланыш провайдерлери - SWIFT компаниясынын тармактык өнөктөштөрү менен бирдикте сервис бюро тарабынан камсыз кылынат. Мында: 

1) сервис бюро программалык камсыздоонун, SWIFT интерфейс/серверинин жабдуусунун жана келишимдерге ылайык, сервис бюронун жоопкерчилигинде болгон түйүндүк жабдуунун колдоого алынышын жана иштешин камсыз кылат; 

2) байланыш провайдерлери, сервис бюронун операторлору жана байланыш провайдерлеринин ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген шарттарга ылайык, сервис бюронун байланыш каналдарынын колдоого алынышын жана иштешин камсыз кылат. 

9. Сервис бюронун техникалык инфраструктурасы төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) сервердик жабдуу (негизги жана резервдик); 

2) түйүндүк жабдуу; 

3) сервис бюродон SWIFT байланыш провайдерлерине чейинки байланыш каналдары (негизги жана резервдик). 

10. Сервис бюронун техникалык инфраструктурасы анын персоналы тарабынан тейленет жана колдоого алынат. 

11. Сервис бюронун ишин төмөнкүлөр камсыз кылат: 

1) SWIFTNet түйүнүнөн жамааттык пайдалануунун техникалык инфраструктурасы; 

2) сервис бюронун персоналы; 

3) SWIFT системасы тарабынан иштелип чыккан SWIFTNet түйүнүнүн ишин жөнгө салуучу эрежелер жана сунуш-көрсөтмөлөр (мындан ары - SWIFT документтери); 

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары; 

5) келишимдер. 

12. Сервис бюро SWIFT жана Улуттук банк тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде Катышуучуларга кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт.  

13. Катышуучуларды сервис бюрого туташтыруунун эки ыкмасы бар: 

1) SWIFTNet түйүнүндө иштөө үчүн сервис бюронун инфраструктурасын пайдалануу - Access connection; 

2) өздүк серверлерин колдонуу менен сервис бюросунун инфраструктурасын пайдалануу - Gateway connection. 

14. Сервис бюронун инфраструктурасын (Access connection) SWIFT системасында иштөө үчүн пайдаланган учурда, Катышуучунун интерфейстен пайдалануу мүмкүнчүлүгү браузерди колдонуу менен жумушчу станциялар аркылуу (мындан ары - SWIFT терминалдары) жүзөгө ашырылат. Катышуучу тарабындагы SWIFT системасынын тиешелүү терминалы ар бир Катышуучуну өз алдынча коштоп жүрүү боюнча адистер тарабынан колдоого алынат жана иштетилет. 

15. SWIFT системасында иштөө үчүн өздүк серверлер (Gateway connection) пайдаланылган учурда, Катышуучунун SWIFTNet түйүнүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү SWIFT системасынын өздүк серверлерине туташкан SWIFT терминалдары аркылуу жүзөгө ашырылат. SWIFT системасынын тиешелүү серверлеринин жана терминалдарынын колдоого алынышы жана иштеши ар бир Катышуучуну өз алдынча коштоп жүрүү боюнча персонал тарабынан камсыз кылынат. 

16. Катышуучулар SWIFT системасына тиешелүү бардык маселелер боюнча сервис бюронун персоналына кайрылууга тийиш. Эгерде, маселе сервис бюронун персоналынын компетенциясына кирбесе, анда ал Катышуучунун атынан SWIFT системасын колдоо кызматына өткөрүлүп берилет.  

17. Сервис бюро, SWIFT Катышуучусунун терминалдарынан/серверлеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес жана Катышуучунун SWIFT билдирүүлөрүн түзүүгө жана жөнөтүүгө жооптуу болуп саналбайт.  

18. Сервис бюронун персоналы SWIFT документтерине, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, ички жол-жоболорго жана келишимдерге таянуу менен иш алып барат. 

19. Ар бир Катышуучу SWIFT системасынын талаптарына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, SWIFTNet түйүнүндө билдирүүлөрдү түзүү жана жөнөтүү функцияларын аткаруучу адистердин негизги жана кайталоочу курамына ээ болууга тийиш. SWIFT системасында адистердин курамы жана SWIFT системасында билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча алардын функцияларынын (ролдорунун) бөлүштүрүлүшү Катышуучунун ички документтери менен бекитилет. 

20. Катышуучу өз адистеринин SWIFT билдирүүлөрүн түзүүдөгү жана жөнөтүүдөгү операциялык ишине байланыштуу бардык тобокелдиктерге (адистердин кетирген каталары, уруксатсыз пайдалануу, алдамчылык, ж.б.) жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

21. Сервис бюронун персоналы менен Катышуучунун регламенти, иш жүргүзүү жана өз ара иш алып баруу тартиби, туташуу шарттары, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү боюнча талаптар, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө жана төлөө, тараптардын жоопкерчилигин бөлүштүрүү тартиби ушул Жобону эске алуу менен сервис бюро оператору менен Катышуучунун келишимдеринде белгиленет. 

22. Сервис бюронун иши башка катышуучулардын жамааттык пайдалануунун жалпы инфраструктурасы аркылуу SWIFTNet түйүнүнө туташуу кызматын көрсөтүүчү уюмдар үчүн SWIFT компаниясы тарабынан иштелип чыгып жана бекитилген Shared Infrastructure Program программасы боюнча милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.  

3. Сервис бюронун инфраструктурасынын коопсуз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу боюнча негизги талаптар  

23. Сервис бюронун коопсуз жана ишенимдүү иштеши төмөнкү принциптерге ылайык камсыз кылынууга тийиш: 

1) Операциялык тобокелдиктерден жана иштөө чөйрөсүнүн тобокелдиктеринен коргоо; 

2) SWIFTNet түйүнүнө сервис бюронун инфраструктурасы аркылуу Access connection схемасы боюнча туташкан Катышуучулардын маалыматтарынын купуя жана бекем сакталышы; 

3) Катышуучулардын SWIFTNet түйүнүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгү;  

4) SWIFT компаниясынын талаптарына ылайык келүүсү боюнча жыл сайын аудит өткөрүү/баа берүү

24. Операциялык тобокелдиктерден жана иштөө чөйрөсүнүн тобокелдиктеринен коргоо төмөнкүлөр менен камсыз болууга тийиш: 

1) Сервис бюронун инфраструктурасынын колдоого алынышын жана иштешин камсыз кылуу үчүн жетиштүү квалификациясы менен негизги жана кайталоочу курамдын болушу; 

2) SWIFT Катышуучуларынын терминалдары/серверлери үчүн локалдык түйүндүн өзүнчө сегментинин болушу; 

3) Бири-биринен обочо аралыкта жайгашкан негизги жана резервдик сервердик, ошондой эле түйүндүк жабдуу; 

4) SWIFT байланыш провайдерине чейин негизги жана резервдик байланыш каналдарынын болушу; 

5) Чектелген пайдалануу мүмкүнчүлүгү, видеобайкоо жана күзөтүү-өрткө каршы сигнализация менен атайын сервердик жайдын болушу; 

6) Электр тогу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тиешелүү жабдуу; 

7) Катышуучулардын жана сервис бюронун персоналынын SWIFT интерфейс/серверинен уруксатсыз пайдалануусунан коргонуу каражаттары. 

25. Катышуучулардын маалыматтарынын купуя жана бекем сакталышы (кирген/чыккан билдирүүлөрдүн, шифр белгиленүүчү жана идентификациялоочу ачкычтардын ж.б.у.с. маалыматы) төмөнкүлөр менен камсыз болууга тийиш: 

1) SWIFT документтерине ылайык, SWIFT Катышуучусунун ар бир пайдалануучусунун SWIFT терминалынан/серверинен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө

2) сервис бюронун ички жол-жоболоруна ылайык, сервис бюронун персоналынын Катышуучулардын маалыматтарынын купуя жана бекем сакталышын камсыз кылуу боюнча жоопкерчилигин бөлүштүрүү

3) сервис бюро тарабынан инфраструктуранын ишине күн сайын мониторинг жүргүзүү жана аныкталган каталар менен үзгүлтүктөр боюнча ыкчам чараларды көрүү (маалыматтардын купуя сакталышы, алардан уруксатсыз (санкциясыз) пайдалануу);  

4) сервис бюронун инфраструктурасынын чабал жактарын дайыма тестирлөө (чейрек ичинде бир жолудан кем эмес), ошондой эле, зарылчылыгына жараша, тестирлөө жана чабал жактарын аныктоо иштери үчүн көз карандысыз уюмду ишке тартуу (жылына бир жолудан кем эмес); 

26. Катышуучулардын SWIFTNet сервисинен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгү, регламенттик иштерди аткаруу убактысын жана калыбына келтирүү мезгилин кошпогондо (системанын максималдуу токтоп туруу убактысы 4 (төрт) саат), сервис бюронун инфраструктурасынын күнүүнү иштеши менен камсыз болууга тийиш.  

27. Сервис бюро инфраструктурасынын ишинде штаттан тышкары жагдай орун алган учурда, келишим шарттарына ылайык, сервис бюронун персоналы бул тууралуу Катышуучуларга билдирет. 

28. Штаттан тышкары жагдайдын келип чыгуу себеби четтетилгенге чейин мөөнөттүү төлөмдөрдү кабыл алуу/өткөрүп берүү зарылчылыгы пайда болгон шартта, Катышуучулар келишим шарттарына ылайык, маалыматтарды берүүнүн альтернативдүү каналдарын пайдаланууга тийиш. 

29. Сервис бюронун персоналы Катышуучуларга 8/5 режиминде техникалык колдоо көрсөтөт (күнүнө сегиз саат, жумасына беш жумуш күнү).  

4. Катышуучуларды сервис бюро аркылуу SWIFTNet түйүнүнө туташтыруу боюнча негизги талаптар  

30. Сервис бюронун персоналы Катышуучуларды сервис бюро аркылуу SWIFTNet түйүнүнө туташтырат. 

31. Катышуучуну сервис бюрого туташтыруу үчүн негизги талаптар төмөнкүлөр:  

1) SWIFT коомчулугуна мүчөлүккө кирүү

2) Сервис бюро оператору менен сервис бюрого туташуу боюнча келишим түзүү

3) SWIFT (Access connection) терминалын/SWIFT (Gateway connection) серверин орнотуу жана туташтыруу, ал төмөнкү иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камтыйт: 

-SWIFT документтерине жана SWIFT сервис бюросуна туташуу боюнча келишим шарттарына ылайык, SWIFT (Access connection) терминалын/SWIFT (Gateway connection) серверин SWIFTNet сервисине туташтыруу үчүн даярдоо; 

-SWIFT (Access connection) терминалынын/SWIFT (Gateway connection) серверинин ишин Катышуучунун жалпы локалдык түйүнүнө көз каранды эмес сервис бюродо өзүнчө чакан түйүндө жайгашкан SWIFT интерфейси/сервери менен уюштуруу; 

-SWIFT (Access connection) терминалынын/SWIFT (Gateway connection) серверинин коопсуз иш чөйрөсүн камсыз кылуу (чектелген пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган жана күзөтүү-өрткө каршы сигнализация менен жабдылган атайын жай, ж.б.); 

-сервис бюро инфраструктурасынын ишинде штаттан тышкары жагдай келип чыккан шартта, билдирүүлөрдүн жөнөтүлүшүн/алынышын камсыз кылуу үчүн маалыматтарды берүүнүн резерв катары, альтернативдүү каналдын болушу, же ал болбогон шартта, мындай каражатты сөзсүз орнотуу; 

-маалыматтарды берүүнү камсыз кылуучу SWIFT (Access connection) терминалынан/SWIFT (Gateway connection) серверинен сервис бюронун негизги жана резервдик сайттарына чейин шифр белгилөө менен негизги жана резервдик байланыш каналдарынын болушу; 

үздөн-түз SWIFT системасында иштеген кызматкерлерди окутуу; 

-Катышуучунун инфраструктурасынын жана персоналынын даяр болуусуна жараша, автоматташтырылган SWIFT системасы кабыл алуу актынын негизинде тажрыйбалык иштетүүгө киргизилет;  

-SWIFT (Access connection) терминалынын/SWIFT (Gateway connection) серверинин иштөө режиминин тест-тренингин жүргүзүү

-Катышуучунун автоматташтырылган SWIFT системасын өндүрүштүк иштетүүгө киргизүү

32. Катышуучу сервис бюронун инфраструктурасына туташуудагы негизги талаптарды сактабаган учурда, сервис бюронун оператору Катышуучуга алдын ала билдирүү менен сервис бюрого туташтыруу аракеттерин токтотууга укуктуу жана келип чыгышы мүмкүн болгон натыйжалар үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналбайт.  

5. Катышуучуларга SWIFT (Access connection) терминалынан/SWIFT (Gateway connection) серверинен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча негизги талаптар  

33. Катышуучу SWIFT системасынан пайдалануу үчүн төмөнкү талаптарды сактоого тийиш: 

1) Катышуучунун SWIFT системасын өндүрүштүк иштетүүгө түздөн-түз катышууга тийиш болгон адистеринин курамын дайындоо; 

2) SWIFT документтеринин негизинде гана, SWIFT системасынан пайдалануу укугун жана ар бир адистин жоопкерчилигин бөлүштүрүү

3) SWIFT (Access connection) терминалынын/SWIFT (Gateway connection) серверинин маалыматынын уруксатсыз пайдалануудан тиешелүү деңгээлде сакталышын камсыз кылуу; 

4) SWIFT (Access connection) терминалынын/SWIFT (Gateway connection) серверинин колдоого алынышын жана иштешин камсыз кылуу жана жабдуунун, программалык камсыздоонун, байланыш каналдарынын, адистердин операциялык ишиндеги үзгүлтүктөргө (кызматкерлердин кетирген каталары, уруксатсыз пайдалануу, алдамчылык) байланыштуу тобокелдиктерге жоопкерчилик тартуу; 

5) SWIFT документтерине, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана келишимдерге ылайык, билдирүүлөрдү түзүү жана жөнөтүү, маалыматтарды сактоо, анын купуя сакталышын камсыз кылуу жана алардан уруксатсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча ички жол-жоболорду, ошондой эле SWIFT (Access connection) терминалын/SWIFT (Gateway connection) серверин өндүрүштүк иштетүү процессинде штаттан тышкары жагдайлар келип чыккан учурда персоналдын иштөө тартибин иштеп чыгуу; 

6) Катышуучу тарапта штаттан тышкаркы жагдай (чатак маселе, жаңжал окуя) орун алган учурда, Катышуучунун персоналы келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык, бул тууралуу сервис бюрого билдирет; 

7) Сервис бюронун инфраструктурасынын ишинде штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан учурда, билдирүүлөрдүн жөнөтүлүшүн/алынышын камсыз кылуу үчүн, маалыматтарды берүүнүн альтернативдүү каналдарын иш абалында кармап туруу; 

34. Маалыматтын тиешелүү деңгээлде корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:  

1) Коопсуздук принциптерине ылайык, SWIFT (Access connection) терминалынан/SWIFT (Gateway connection) серверинен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон персоналдын милдеттерин бөлүштүрүү: SWIFT талаптарына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, кызматтык иш зарылдыгы боюнча гана маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү, минималдуу ыйгарым укуктар жана милдеттерди чектөө

2) Катышуучунун ички жол-жоболоруна ылайык, сервис бюро жана Катышуучу тарабынан персоналга SWIFT системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү талаптарынын аткарылышын системалуу түрдө контролдоо;  

3) SWIFT (Access connection) терминалынан/SWIFT (Gateway connection) серверинен сервис бюрого чейин трафикке шифр белгилөө.  

35. Аталган талаптар бузулган шартта, сервис бюро Катышуучуга алдын ала билдирүү менен анын сервис бюро аркылуу SWIFTNet түйүнүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн токтото алат жана келип чыгышы мүмкүн болгон натыйжалар үчүн жоопкерчилик тартпайт.