Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 17-октябрындагы  

№ 2018-П-12/43-2-(НПА)  

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтому; 

- 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтому; 

- 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда Аудит боюнча комитетти түзүүгө карата негизги талаптар тууралуу» токтому;  

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 «Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу» нускоону бекитүү жөнүндө» токтому; 

- 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү тууралуу» токтому; 

- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтому.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКсын, микрофинансы уюмдарын, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорун, кредиттик бюролорду, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 17-октябрындагы 

№ 2018-П-12/43-2-(НПА) 

токтомуна тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

-  13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Банктык эсептер төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар менен ишке ашыруу үчүн дайындалган жана төмөнкүлөргө бөлүнөт:   

- корреспонденттик эсептер;  

- эсептешүүүндөлүк) эсептери;  

- атайын эсептер;  

- банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер.»; 

- 18-пунктундагы: 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мөөнөттүү банктык аманаттын (депозиттин) суммасы мөөнөтү аяктагандан кийин кардар тарабынан талап кылынбаса, эгерде келишим менен башкасы каралбаса, келишимдин мөөнөтү талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) шарттарында узартылган катары эсептелет.»; 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк аманатчынын эсеби боюнча көчүрмөнү анын талабы боюнча суроо-талапты алган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.»; 

- 18-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18-1. Банк менен кардар аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишимин түзүшү мүмкүн. Аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишими деп, түзүлгөн келишимде аныкталган жагдай (окуя) жаралган (жаралбаган) учурда банк аманатты кайтарууга жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишимди түшүнүү зарыл. 

Эгерде аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишиминде аманаттарды сактоо мөөнөтү аныкталса, анда мындай аманаттар (депозиттер) мөөнөттүү банктык аманат (депозит) катары эске алынат. Аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишиминде аманаттарды сактоо мөөнөтү аныкталбаган учурда, ал талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) катары эске алынат. 

Кардар, башка шарттарда кайтарууга мурда салган аманатынын суммасын келишимде каралган жагдай түзүлгөн учурда кайтарууну талап кылбаса, эгерде келишимде башкасы каралбаса, аманаттын мөөнөтү аяктаган күнгө карата күчүндө болгон келишимдин мөөнөтү талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) шарттарында узартылган катары эсептелет. 

Аманаттарды (депозиттерди) башка шарттарда кайтаруу келишиминде аныкталган жагдайлар жаралганга чейин салынган аманат (депозит) кайтарылышы мүмкүн болгон шарттар (мисалы, ооруу, өлүмгө учуроо, форс-мажор ж.б.) аталган келишимде аныкталышы мүмкүн.»; 

-  24-пунктундагы: 

биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык эсеп келишими кол коюлган учурдан тартып, ал эми банктык аманат (депозит) келишими банктык аманат (депозит) суммасынын банкка аманат (депозит) эсебине келип түшкөн күндөн тартып түзүлгөн катары эсептелет.»; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык эсеп келишиминде электрондук байланыш каражаттары, Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына ылайык, өзү кол койгон, электрондук кол тамгасы коюлган, факсимиле кол тамгасы коюлган аналогдор колдонулган башка документтер, код, пароль (сыр сөздөрү), ошондой эле тескөөгө ыйгарым укук берилген адам тарабынан берилгендигин тастыктоочу башка каражаттар менен эсепте турган акча каражаттарын тескөө укуктарын күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн.»; 

- 31-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «банктык» жана «юридикалык жактар» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 43-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4) уюмдун уюштуруу-укуктук формасына жараша бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу коюлуп күбөлөндүрүлүгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;»; 

- 52-пунктунун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк акча каражаттарынын калдыгын алуу зарылдыгы жөнүндө кардарга акыркы белгилүү болгон дарек боюнча жана/же кардардын уюлдук номерине / электрондук почтасына электрондук маалымат/телефон аркылуу билдирүү жөнөтүү аркылуу маалымдайт, кардар жок болгон жана/же электрондук маалымат/телефон аркылуу билдирүү алгандыгын тастыктаган маалымат жок болгон учурда, акча каражаттарынын калдыгы банктын эсепке алуу системасында (балансында) сакталат.»; 

- «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоого карата 1-тиркеменин: 

4-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«Кардардын эсебинен акча каражаттарын которуу/алуу менен байланышкан банктын операциялары кардардын өзүнүн (аманатчынын, эгерде аманатчы жеке адам болсо) же эсепти тескөө боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарын тастыктоочу жана талаптагыдай таризделген документке ээ адамдын катышуусунда (эгерде аманатчы жеке адам же юридикалык жак болсо) ишке ашырылууга тийиш. Мындай талап, түздөн-түз катышуусуз аралыктан ишке ашырылган операцияларга таркатылбайт.  

Кардар акча каражаттарын которуунун белгилүү күнүн көрсөтүү менен банкка төлөм тапшырмасын алдын ала берген жана кайрылган күнү ал белгиленген тартипте катталган учурда, ошол которуу күнүндө кардардын милдеттүү катышуусу талап кылынбайт. 

Мында, банк операциялык тобокелдиктерди, анын ичинде алдамчылык менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында зарыл чараларды көрүүгө тийиш.»; 

5-пунктунун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «18» сандары «16» сандарына алмаштырылсын; 

- «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоого карата 3-тиркеменин 6-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6-1. 5-пунктунун талаптары микрофинансы компанияларын банкка кайра каттоодон өткөрүүнүн жыйынтыгында жана негизги ишти ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн, банк-резиденттер үчүн ачылган чет өлкө валютасындагы эсептерге таркатылбайт. Мындай эсептер микрофинансы компанияларын банкка кайра каттоодон өткөрүүнүн жыйынтыгында түзүлгөн банк-резидент тарабынан банк-резидент эместе корреспонденттик эсепти ачканга чейин, бирок банк лицензиясын алган учурдан кийинки алты айдан ашпаган мөөнөттө колдонулушу мүмкүн.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

-  3.1.7-1-пунктунун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун финансылык отчетунан, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун финансылык абалы аутсорсинг келишими боюнча алар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышына таасир бериши мүмкүн болгон учурларда, аутсорсинг объектисине тиешеси бар жана башка маалыматтардан банктын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 5.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1. Банк ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча белгиленген ачык позиция лимиттерин бузган шартта, Улуттук банк бузууга жол берүү суммасынын 5% өлчөмүндө, бирок банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү ченеминен 10% ашпаган өлчөмдө айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонот.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудит боюнча Комитетке карата негизги Талаптардын: - 3.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.1. Комитет Директорлор кеңеши тарабынан түзүлөт жана Директорлор кеңешинин эң аз дегенде үч мүчөсүнөн турууга тийиш. Директорлор кеңешинин үч мүчөсүнүн эки мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге туура келген Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнөн болууга тийиш. Мында Тобокелдиктер боюнча комитетти жетектебеген, Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн бири милдеттүү түрдө Аудит боюнча комитеттин төрагасы болууга тийиш.».  

5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«19. Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасы жана мүчөлөрү Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет, мында банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин жыйыны менен шайланат.». 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 «Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу» нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу нускоонун: 

- 1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу нускоо (мындан ары Нускоо) Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеминин статистикасын түзүү максатында, төлөмдөрдүн багыты боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) маалыматтарды топтоосу жана эсепке алуусу боюнча талаптарды белгилейт.».  

7. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын: 

- 9-класс. Баланстан тышкаркы эсептердин: 

«92600-топ. Белгилүү бир бүтүмдөргө байланыштуу милдеттенмелер контр-эсептер» тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«92600-топ. Белгилүү бир бүтүмдөргө байланыштуу милдеттенмелер контр-эсептер 

92601-топ. Сунуштар кепилдиги контр-эсептер  

92609-топ. Аткаруу кепилдиги контр-эсептер 

92611-топ. Аванстык кепилдиктер контр-эсептер 

92619-топ. Соода импорт аккредитивдери контр-эсептер 

92621-топ. Соода экспорт аккредитивдери контр-эсептер 

92631-топ. Кредиттерди берүү боюнча өзүнөн-өзү жоюлуучу милдеттенмелер контр-эсептер  

92641-топ. Опцион колл контр-эсептер 

92642-топ. Опцион пут контр-эсептер»; 

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата 1-тиркеменин: 

9-класс. Баланстан тышкаркы эсептердин: 

«92600-топ. Белгилүү бир бүтүмдөргө байланыштуу милдеттенмелер контр-эсептер» тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«92600-топ. Белгилүү бир бүтүмдөргө байланыштуу милдеттенмелер контр-эсептер 

92601-топ. Сунуштар кепилдиги контр-эсептер  

92609-топ. Аткаруу кепилдиги контр-эсептер 

92611-топ. Аванстык кепилдиктер контр-эсептер 

92619-топ. Соода импорт аккредитивдери контр-эсептер 

92621-топ. Соода экспорт аккредитивдери контр-эсептер 

92631-топ. Кредиттерди берүү боюнча өзүнөн-өзү жоюлуучу милдеттенмелер контр-эсептер  

92641-топ. Опцион колл контр-эсептер 

Бул эсепте опцион контракты (опцион колл) боюнча бүтүмдөр эсепке алынат. Эсеп валютанын номиналында жүргүзүлөт. Эсептин дебети боюнча ошол эсептин жабылышы чагылдырылат. Эсептин кредитти боюнча сатылып алынып жаткан опцион контрактынын суммасы чагылдырылат.  

92642 Опцион контрактыга карата контр эсеп (пут) 

Бул эсепте опцион - контракты (опцион пут) боюнча бүтүмдөр эсепке алынат. Эсеп валютанын номиналында жүргүзүлөт. Эсептин дебети боюнча сатылып алынып жаткан опцион-контрактынын суммасы чагылдырылат. Эсептин кредитти боюнча боюнча ошол эсептин жабылышы чагылдырылат.». 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунун:  

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банк» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан көзөмөлгө алынган коммерциялык банк же башка финансы-кредит уюму.»; 

жетинчи абзацтагы «болгон» сөзү «болушу мүмкүн болгон» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Териштирүү» Улуттук банктын чечимине карата даттанууну (мындан ары апелляциялык арыз) ушул Жобого ылайык кароо процесси.»; 

- 2-главанын бардык тексти боюнча «кабыл алынган» сөздөрү «кабыл алынган» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 8-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «келип чыккан» сөздөрү «келип чыккан» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

бешинчи абзацындагы «кабыл алынат» сөздөрү «кабыл алынат» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 16-пунктундагы «15» саны «25» деген санга алмаштырылсын; 

- 17-пунктунун:  

биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жооптуу түзүмдүк бөлүм, Улуттук банк апелляциялык арызды алган учурдан тартып 10 (он) календардык күн ичинде, бирок Улуттук банктын төрагасы же төраганын орун басары / Башкарманын мүчөсү апелляциялык арызды ушул жобонун 12-пунктуна ылайык кароо тууралуу отурумду өткөрүү боюнча белгилеген күндөн кечиктирбестен, апелляциялык арызды алган учурда анын ушул жобонун 11-пунктунун талаптарына ылайык келерин текшерүүгө тийиш.»; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк көрсөткөн кемчиликтер четтетилбеген шартта апелляциялык арызды кароо мүмкүн эмес деп табылат жана кароосуз калтырылат.»;  

- 22-пунктунун «3» саны «7» деген санга алмаштырылсын.