Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 24-сентябрындагы  

№ 2018-П-07/39-1-(ДКП) 

токтому  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 24, 28 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 4,75 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Токтом 2018-жылдын 25-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 

3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында, токтом кабыл алынгандан кийинки жумуш күнү жарыяланышын камсыз кылсын. 

4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов