Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 13-сентябрындагы  

№ 2018-П-14/37-3-(ПС) 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Коммерциялык банктар жана акча каражаттарын которуу системаларынын операторлору Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин 3.7-пунктунун талаптарын 2018-жылдын 1-декабрына чейин аткарсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана акча каражаттарын которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Улуттук банктын төрагасынын орун басары, айым М.А. Момункуловага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы 

№ 2018-П-14\37-3-(ПС) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин: 

- 1.2-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтары менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системалары боюнча акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү көрсөткөн жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдон айырмаланган которуу/төлөө валютасында сунушталат. 

Акча которуу системасы боюнча келип түшкөн которулган акчаларды которуу/төлөө валютасынан башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.». 

- 1.5-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Өзүнүн акча которуу системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары акча которууларды ишке ашыруу боюнча акча которуулар системасынын оператору Кыргыз Республикасынын резидентинин иши мындай ишти жүзөгө ашырган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.». 

- 2.3-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу башка жеке адамга (алуучуга) андан ары которуу үчүн жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен төлөмдөр аталган операция жана төлөм өздүк, коммерциялык эмес мүнөзгө ээ болгон шартта ишке ашырылышы мүмкүн». 

- 2.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жөнөтүүчү бул, акча которууну банктык эсеп ачуусуз, нак акча каражаттарын банкка өткөрүп берүү же жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен акча каражаттарын жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучунун пайдасына жөнөтүүнү демилгелеген жеке адам». 

- 2-глава төмөнкү мазмундагы 2.10-пункт менен толукталсын: 

«2.10. ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык которуулар топтому бир катар жеке акча которуулардан турган, бир финансылык мекеменин (банктын) дарегине жөнөтүлүүчү жана бир же ар башка адамдарга жөнөтүлүшү мүмкүн болгон которуу.». 

- 3.1-пунктунда: 

ар кандай жөндөмөдөгү «төлөм системасынын оператору» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «акча которуулар системасынын оператору» дегенге алмаштырылсын; 

онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу укугуна берилген акча которуулар системасынын операторунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү, лицензиясы/сертификаты же болбосо түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органынын ошол өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык акча которуулар системасынын операторунун мындай документтерге ээ болуусу милдеттүү эмес экендигинин тастыктамасы;»; 

он үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде акча которуу системасы банкка таандык болсо, Улуттук банкка буларга кошумча төмөнкү документтердин тиешелүү негизде таризделинген көчүрмөлөрү сунушталууга тийиш тиешелүү өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга берилген лицензия»; 

- он төртүнчү, он бешинчи жана он алтынчы абзацтарды күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- 3.5-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) өз ара эсептешүүлөрдү күндөлүк негизде жүргүзүү.». 

- 3.7-пунку төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.7. Ички локалдык акча которуу системасынын операторунан башка оператор, төлөм системасынын катышуучусу алдында акча милдеттенмелерин гарантиялоо максатында, төмөнкү шарттардын биринин аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

1) банк-катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн корреспонденттик эсепке бардык туунду операциялар боюнча (макулдашуунун негизинде ай/чейрек/жыл ичинде) орточо күндүк жүгүртүүнүн ордун жапкан көлөмдө милдеттүү камсыздандыруу депозитин жайгаштырууга. Күндөлүк жүгүртүү көлөмүнө, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрүнө туура келген акча которуулар суммасы да кирет. Камсыздандыруу депозитинин өлчөмү ай сайын белгиленет. 

Эгерде оператор милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткара албай калган болсо, катышуучу камсыздандыруу депозитиндеги каражаттарды ошол милдеттенмелер боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн пайдалана алат.  

Оператордун же катышуучунун демилгеси менен эсеп ачуусуз эле акча каражаттарын которуу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо келишиминин аракети токтотулса, камсыздандыруу депозитиндеги каражаттар келишимдик мамилелерде каралган тартипте жана мөөнөттө операторго кайтарылып берилет; 

2) кийинки операциялык күнгө чейинки күнү катышуучу тарабынан алуучуга төлөнүп берилген акча которуулардын орточо күндүк көлөмүнүн өлчөмүндө алдын ала төлөмдү (аванстык/камсыз кылуучу төлөмдү) катышуучуга сунуштоого. Алдын ала төлөм суммасы (аванстык/камсыз кылуучу төлөм) тараптардын макулдашуусу боюнча ай/чейрек/жыл ичиндеги маалыматтардын негизинде аныкталат жана алар ай сайын кеминде бир жолу белгиленет. Дем алыш жана майрам күндөрүнө чейинки операциялык күнү алдын ала төлөм суммасы (аванстык/камсыз кылуучу төлөм) дем алыш жана майрам күндөрүнө туура келген орточо күндүк көлөм суммасына көбөйөт.». 

- 4.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.4. Катышуучу банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы аркылуу акча которуу боюнча кызматтарды сунуштоо менен Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого тийиш.». 

- 4.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.9. Катышуучу ар бир акча которуу, ошондой эле бир нече которуу бир файлдар топтомуна бириктирилген учурда, файлдар топтому боюнча тиешелүү эсеп жүргүзүүгө жана ошол которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалыматтарды (аты-жөнү, туулган жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды), которуунун максаты, сан жана жазуу жүзүндө суммасы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык башка тиешелүү маалыматтарды сактоого тийиш. 

Эгерде катышуучу акча каражаттарын которуу процессинде которууларды ишке ашырууда жөнөтүүчү жана алуучу болуп саналбаса (башкача айтканда, финансылык мекеменин (банктын) транзиттик функцияларын аткарса), ал ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык, төмөнкү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

1) чек ара аркылуу өтүүчү электрондук которууга карата жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу бардык маалыматтын (аты-жөнү, туулган жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, нак эмес ыкмада акча каражаттарын жөнөтүүдө/алууда банктык эсеп номери) өзүндө сакталышын камсыз кылууга; 

2) жөнөтүүчү финансылык мекемеден (банк/акча которуу системасынын оператору) алынган чек ара аркылуу өтүүчү которууга тиешелүү бардык маалыматты кеминде беш жыл сактоого; 

3) жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу талап кылынган маалыматты камтыбаган чек ара аркылуу өтүүчү которууларды аныктоо үчүн чараларды көрүүгө, ошондой эле мындай которууларды аткаруу/четке кагуу/токтотуп туруу үчүн тобокелдикти аныктоого багытталган жол-жоболорго ээ болууга; 

4) акча которууну коштогон жөнөтүүчү тууралуу зарыл маалыматты камтыбаган чек ара аркылуу өтүүчү которууларды аныктоо максатында мониторинг жүргүзүүгө.». 

- 4.11-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- 5.2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Катышуучу тобокелдиктерди, анын ичинде оператордун учурдагы акчалай милдеттенмелер суммасынын артышы ыктымалдыгына байланыштуу тобокелдиктерди тескөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу боюнча чаралар топтомун иштеп чыгуу менен аны операторго макулдашуу жана акча которуу системасына катышуу боюнча келишимде тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнү караштыруусу зарыл.». 

6.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.2. Катышуучу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарында аныкталган төлөм документтерин сактоо мөөнөттөрүнө ылайык акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматты жана документтерди сактоого милдеттүү.». 

6.6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.6. Оператор Улуттук банктын талабы боюнча тиешелүү акча которуу боюнча операция жөнүндө, акча которууну жөнөтүүчү жана/же алуучу тууралуу маалыматтарды (аты-жөнү, туулган жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, нак эмес ыкмада акча каражаттарын жөнөтүүдө/алууда банктык эсеп номерин), которуу максаты, бардык тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен которуу суммасы жөнүндө маалыматтарды сунуштоого тийиш.». 

2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасында 

акча которуу системалары боюнча 

которууларды ишке ашыруу 

эрежелерине» карата 2-тиркеме 

 

».