Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 28-февралындагы  

№ 2018-П-12/7-8-(НПА) 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1  

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20, 68 жана 136-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин; 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 28-февралындагы 

№ 2018-П-12/7-8-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1  

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 4.2 -пунктунун: 

1-пунктчасынын жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтын куймалар; 

- эгерде келишим шарттарында депозитти 7 күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;»; 

2-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты (келишимди бузууга чейин алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо) эске албаганда, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары;  

- эгерде келишим шарттарында келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди жокко чыгаруу жана айыптык пайыздык чендерди төлөө зарылчылыгысыз эле, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин кардар тарабынан акча каражаттарын бөлүп толуктоо же бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы;»; 

- 4.9 -пунктунун: 

1-пунктчасынын «е» абзацындагы «7 күнгө чейин төлөө мөөнөтүндөгү» деген сөздөр «төлөө мөөнөтү 12 айдан кийин келип жеткен» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

1-пунктчасынын «м» абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

2-пунктчанын «а» жана «б» абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты (келишим жокко чыгарылганга чейин алууга мүмкүн болбогон) эске албаганда, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары; 

б) эгерде келишим шарттарында келишимде белгиленген, азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди жокко чыгаруу жана айыптык пайыздык чендерди төлөө зарылчылыгысыз эле, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин кардар тарабынан акча каражаттарын бөлүп толуктоо же бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы;»; 

- 4.13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.13. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеми (көрсөткүчү) (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К3.3 = (ВЛА / КОБ)*100%, мында: 

1) ВЛА жогорку ликвиддүү активдер:  

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөлдүк чарасы киргизилген же болбосо жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20 пайызы;  

- чет өлкө банкынын филиалы үчүн ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан башка филиалдарында ошол мамлекеттердин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган ноталарды эске албаганда, Улуттук банктын ноталары; 

- Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 7 күндөн кийин келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздар; 

- аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы, кийинки (бир) операциялык күн ичинде төлөнө турган «овернайт» депозиттери.  

2) КММ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:  

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттары; 

- башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операциялык күн ичинде ишке ашырылган баланстан тышкаркы милдеттенмелер.»; 

 

- 7.3 -пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

7.3. Эгерде чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү банктын кредит портфелинде 50 жана андан көбүрөөк пайызын түзсө, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган депозиттердин максималдуу көлөмү, банктын кредиттик портфелинин өлчөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш. 

Мында, чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмүнөн төмөнкү критерийлердин бардыгына жооп берген кредиттер алынып салынат: 

- 150 000 сомдон ашпаган суммага (бир чогуу жоопкерчиликтүү топко); 

- 24 айдан ашпаган мөөнөткө

- аннуитеттик төлөө графиги менен; 

- жылдык пайыздык чен 23% ашпаган.».