Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 26-февралындагы  

№ 2018-П-14/6-3-(ПС) 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

16-августундагы № 2017-П-14\34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук /эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68 беренелерине, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзам жоболоруна таянуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14\34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук /эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук /эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобонун: 

- 4-главасынын 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) «Элкарт» улуттук системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо айлык маанисинен азды түзбөөгө тийиш болгон (өткөн айдын ар бир күнү ичиндеги жүгүртүүлөр суммасы/өткөн айдагы төлөмдөр ишке ашырылган күндөрдүн саны), төлөө мөөнөтү кеминде 3 айды түзгөн (күрөөгө коюлгандарды эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелине ээ болушу зарыл;»; 

- 5-глава төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: 

«3. Бир ай ичиндеги жүгүртүүлөрдүн орточо мааниси «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынан айына 1 (бир) жолу, өткөн айдагы маалыматтын негизинде эсептелинип, коммерциялык банк-эсептешүү агенти тарабынан отчеттук ай ичинде ушул убактылуу жобонун 4-главасынын 1-пунктунун 3-пунктчасынын талабы аткарылышы максатында тиешелүү маалымат отчеттук айдан кийинки айдын 5не чейин андан ары колдонуу үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банкка жөнөтүлөт.»; 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы:  

 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалар башкармалыгы ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү, коммерциялык банктарды жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш