Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-07/51-2-(ДКП) токтому 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2018-жылга каралган графиги жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2018-жылга каралган графиги (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде: 

- токтомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына жөнөтсүн; 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын. 

3. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-07/51-2-(ДКП) токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2018-жылга  

КАРАЛГАН ГРАФИГИ 

 

Отурумдун өткөрүү датасы* 

 

Маселенин аталышы 

26-февраль 

1. 2017-жылдын IV чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

26-март 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

28-май 

1. 2018-жылдын I чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

25-июнь 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

27-август 

1. 2018-жылдын II чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

24-сентябрь 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

26-ноябрь 

1. 2018-жылдын III чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

24-декабрь 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

*Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурум өткөрүлгөн күн Кыргыз Республикасында жумуш күн эмес болсо, отурум кийинки жумуш күнү өткөрүлөт.