Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 19-июлундагы  

№ 2017-П-09/32-2-(НПА) 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, институционалдык инвесторлорду жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 19-июлундагы  

№ 2017-П-09/32-2-(НПА) токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/6  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө»жобону бекитүү тууралуу»токтомуна 

өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө»жобону бекитүү тууралуу»токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө»жобонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Аукцион  Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча операциялардын формасы»  

- 11-пунктунтагы «өзүнө Улуттук банктын ноталарын сатуу аукционун өткөрүү күнүн камтыган,» деген сөздөр “аукционду өткөрүү ыкмасын” деген сөздөр менен толукталсын. 

- 15-пунктун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын ноталары жүгүртүү мөөнөтү 7 күдөн 364 күнгө чейинкини түзгөн дисконттук баалуу кагаздар болуп саналат.»; 

- 17-пунктун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан (мындан ары - Комитет) Улуттук банктын ноталарын чыгаруу чечими кабыл алынат жана аны чыгару ыкмасы, көлөмү, мөөнөтү, аукцион өткөрүлүүчү күн белгиленет, ошондой эле Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу чечими кабыл алынат.»; 

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Комитеттин чечими менен аукциондор төмөнкү ыкмалардын бири боюнча өткөрүлүшү мүмкүн: 

· жогору баалар боюнча аукцион, мында билдирмелерди канааттандыруу эң жогорку  дисконттолгон баадан башталат жана Улуттук банк үчүн алгылыктуу шарттар белгиленген чектүү баадагы билдирмелер менен аяктайт. Ошол эле учурда, эгерде чектүү баада бир нече билдирме сунушталса, Улуттук банктын ноталары билдирмелер ортосунда пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт; 

· белгиленген кирешелүүлүк боюнча аукцион. Белгиленген киреше алуу аукционун өткөрүүдө Комитет тарабынан белгиленген бардык кирешелүүлүк боюнча билдирмелер канааттандырылат. Эгерде, билдирмелердин суммардык көлөмү Улуттук банктын ноталар аукционуна сунушталган көлөмдөн ашса, анда билдирмелер пропорционалдуу негизде  канааттандырылат.» 

- 38-пуктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-  билдирменин саны  3 ашпоого тийиш;»  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 41-1, 41-2, 41-3-пункттар менен толукталсын: 

«41-1. Автоматташтырылган тоорук системасында аукцион өткөрүү мүмкүн эмес болгон учурда (системанын ишинде техникалык мүнөздөгү үзгүлтүктөр келип чыкса жана/же башка себептерден улам) Улуттук банк тике катышуучуларга аукцион өткөрүү мүмкүн эместиги тууралуу маалымдайт. Мындай учурда Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу/кошумча жайгаштыруу боюнча аукцион, тике катышуучунун жетекчисинин кол тамгасы коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү билдирмесинин негизинде EXCEL программалык камсыздоосу аркылуу ишке ашырылат (ушул жобого карата 3-тиркеме). 

41-2. Конвертке салынган кагаз жүзүндөгү билдирме аукцион өткөрүлүүчү күнү саат 12:00гө чейин Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Билдирмелерди Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 1-кабатындагы 117-бөлмөнүн жанында жайгаштырылган «Улуттук банктын ноталар аукционуна билдирмелер үчүн» деп жазылган үкөккө салуу зарыл. Билдирмелер атайы журналда катталууга тийиш.   

41-3. Аукциондун жыйынтыгы (ушул жобого карата 4-тиркеме) тике катышуучуларга Улуттук банктын экспедициясы тарабынан алдын ала факсимиль байланышы аркылуу жөнөтүү менен кагазга чыгарылган түрдө сунушталат.» 

 - жобо төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-тиркемелер менен толукталсын:  

 

 

« 

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 28-мартындагы 

№10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, 

жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого карата 

3-тиркеме 

  

Улуттук банктын ноталар аукционуна катышууга билдирме  

Ушул аркылуу, мындан ары "Катышуучу" деп аталуучу [аукциондо тике катышуучунун аталышы/аты-жөнү], төмөнкү шарттарда өткөрүлүүчү аукциондо [аукцион өткөрүлүүчү күн] __________________ каттоо номериндеги Улуттук банктын ноталарын сатып алуу ниетин билдирет

өз атынан:  

Өз билдирмеси  

Атаандаштык билдирме 

Лоттун №  

Сатып алуу баасы  

Улуттук банкт ноталарынын саны (даанасы)   

Сатып алуу наркы   

4=2*3 

 

 

 

 

 

өз кардарларынын атынан:  

Атаандаштык билдирме 

Лоттун №  

Сатып алуу баасы  

Улуттук банкт ноталарынын саны (даанасы)   

Сатып алуу наркы   

4=2*3 

 

 

 

 

Катышуучу аукционду өткөрүү эрежелери менен таанышып чыкты жана андан улам келип чыккан милдеттенмелерди өзүнө алууга даяр.  

_______________ _____________ __________________ ____________   

(кызмат орду) (кол тамгасы) (аты-жөнү) Күнү  

  

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого  

4-тиркеме 

____________________________ 

(катышуучунун аталышы/аты-жөнү

 

  

БИЛДИРҮҮ  

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20__ж. «____» ___________ өткөрүлгөн Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча Сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдө канааттандырылгандыгын маалымдайт: 

 

ККаттоо   номери   

В Бардыгы болуп  

Улуттук банктын ноталарынын саны (даанасы)  

Суммасы   

 

 

 

  

20___-ж. «____» ___________ өткөрүлгөн Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча АУКЦИОНДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ   

Каттоо  номери  

 

Жарыяланган көлөм   

Суроо-талап көлөмү  

 

Сатуу көлөмү   

Баасы    

Киреше-лүүлүгү  (%)  

Каты-шуучу-лардын саны 

макс.  

орто  

мин.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Кайра каржылоо жана баалуу кагаздарды   

жайгаштыруу бөлүмүнүн начальниги ______________ _____________  

(кол тамгасы) (аты-жөнү)  

».