Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 28-июнундагы 

№ 2017-П-14/28-3-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7  

«Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет)бекитилсин. 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Коммерциялык банктар2017-жылдын 1-октябрынан тартып, отчеттук мезгилден кийинки чейректин биринчи айынын 10на чейин, чейрек сайын«Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада чекене агенттер менен түзүлгөн келишим боюнча маалыматтарды Төлөм системалары башкармалыгына сунуштап турсун. 

 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 28-июнундагы  

№ 2017-П-14/28-3-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «төлөм карттары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «банктык төлөм карттары» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Калкка банктын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган чекене агенттерди ишке тартуу жана офистен тышкаркы банкинг (branchless banking) инфраструктурасы аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө коммерциялык банктарга (мындан ары банк) карата негизги талаптарды аныктоо «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) максатынан болуп саналат.»; 

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Ушул жобонун талаптары банктын атынан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө», «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарына (мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары), ушул жобого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык калкка банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзгөн банктарга жана чекене агенттерге таркатылат.»; 

- 5-пункттагы: 

а) «акча которууларды жүзөгө ашыруу” деген сөздөрдөн кийин кездешкен “сыяктуу эле” деген сөз алынып салынсын; 

б)“төлөм карттары боюнча операцияларды ишке ашыруу” деген сөздөр “банктык төлөм карттар боюнча операцияларды ишке ашыруу” дегенге алмаштырылсын; 

- 6-1-пункттагы «2015-жылдын 12-майындагы № 27/8» деген сөздөр «2016-жылдын 30-мартындагы №15/6» дегенге алмаштырылсын; 

- 33-пунктунун экинчи сүйлөмдөгү «алдамчылык, калпыстыктар,» деген сөздөр «алдамчылык жана/же калпыстыктар» дегенге алмаштырылсын; 

- пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк, отчеттук мезгилден кийинки чейректин биринчи айынын 10на чейин, чейрек сайын «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада чекене агенттер менен түзүлгөн келишим боюнча маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш.”; 

- 59-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«59. Банктык агенттик түйүн төлөмдөрдү өткөрүүнүн, анын ичинде банктык төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылган операциялар коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.»; 

- 61-пункттун 1-пунктчасындагы «төлөм картын пайдалануу жагында» деген сөздөр « банктын төлөм карттарын колдонуу жагында «дегенге алмаштырылсын. 

63-пункттун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) терминал магниттик тилеси же микропроцессору бар банктык төлөм карттарынан маалыматтарды чечмелөөгө жөндөмдүү ошондой эле, маалыматтарды жазып алуучу жабдуулар, агенттик келишимде же кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде атайы көрсөтүлгөн операциялар үчүн гана офлайн режиминде төлөм карттары колдонулган шартта, тиешелүү маалыматты банктык төлөм картына чагылдырууга жөндөмдүү жабдуулар менен жабдылууга тийиш;»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 1-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

 

«Банктык чекене кызмат  

көрсөтүүлөрдү сунуштообоюнча агенттик  

келишимдерди түзүүдө коммерциялыкбанктардын  

ишине карата негизги талаптар жөнүндө»  

жобого карата 1-тиркеме 

 

Коммерциялык банктын аталышы 

_____________________  

20____-жылдын ________ чейреги үчүн 

 

 

Банктын атынан калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган чекене агенттерди ишке тартуу боюнча отчет 

1. Жеке ишкерлер боюнча 

А. Кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

 

 

 

 

 

 

Б. Кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир чөйрөсүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

 

 

 

 

 

 

2. Юридикалык жактар боюнча 

А. Кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

 

 

 

 

 

Б. Кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир чөйрөсүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

 

 

 

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________  

(кол тамгасы) (аты-жөнү)».