Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 23-июнундагы 

№ 2017-П-15/26-3-(НПА) 

токтому 

 

 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банктын төмөнкү ченемдикукуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10\9  «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучумамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна.  

2. Юридикалык башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым А.С.Тезекбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 23-июнундагы 

№ 2017-П-15/26-3-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

1. 2013-жылдын 28-мартындагы № 10\9  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобонун: 

- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 1, 2, 3-тиркемелердеги «КРУБ» деген сөздөр «Улуттук банк» деген сөздөргө ылайыктуу жөндөмөдө алмаштырылсын. 

2. 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучумамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучумамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелеринин: 

- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;  

- бардык текст боюнча ар кандай сан жана жөндөмө формасындагы «финансы-кредиттик мекемелер» деген сөздөр «финансы-кредиттик уюмдар» деген сөздөргө ылайыктуу санда жана жөндөмөдө алмаштырылсын; 

- 8-пунктундагы «КРУБ» деген сөздөр «Улуттук банк» деген сөздөргө ылайыктуу жөндөмөдө алмаштырылсын.